Мазмуну:
Институттун тарыхы;
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун түзүмдүк бөлүмдөрү;
маалымат, спорт жана студенттик комитет;
административдик жана башкаруучулук ишмердүүлүк;
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун миссиясы;
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун негизги максаттары жана милдеттери;
коррупция менен күрөшүү;
байланыш маалыматы.
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун тарыхы
Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту 1995-жылы Ош технологиялык университетинин Өзгөн филиалы катары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин коллегиясынын 2002-жылдын 25-мартындагы №2/7 чечими жана ОшТУнун ректорунун буйругу менен ОшТУнун Өзгөн филиалы, ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү институту болуп өзгөртүлдү. 2006-жылы ректордун буйругу менен Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту колледж болуп өзгөртүлгөн. 2007-жылы кайрадан институтка айланган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими менен Өзгөн технология жана билим берүү институтуна, анын негиздөөчүсү академик Б.Мурзубраимовдун ысымы ыйгарылган. 2016-жылы ОшТУнун Окумуштуулар кеңешинин чечими менен ОшТУнун Өзгөн билим берүү технологиялык институту ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү колледжи болуп өзгөртүлдү. Ал эми 2019-жылы ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү колледжи, Окумуштуулар кеңешинин чечими жана ОшТУнун ректорунун буйругу менен академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту болуп өзгөртүлгөн.
Юридикалык дареги: 723600, Өзгөн шаары, Манас көчөсү , 186. Факс: (03233) 53147, тел: 53189, 53034
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун структуралык бөлүмдөрү
Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү мекемелери жөнүндө» жобого ылайык Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөрү бар:
Окуу бөлүмдөрү:
кафедралар:
табигый жана техникалык дисциплиналар жана экономика;
педагогика жана тил дисциплиналары;
укук жана коомдук дисциплиналар.
Бөлүмдөр :
окуу бөлүмү;
административдик жана чарбалык;
бухгалтердик эсеп;
кадрлар бөлүмү;
архив;
карьера борбору;
маданий-эстетикалык борбор.
Маалымат, спорт жана студенттик комитет:
китепкана;
электрондук китепкана;
Шумкар ” спорт клубу ;
студенттик жатакана;
студенттер кеңеши.
ОшТУнун Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда 2022/2023 – окуу жылында жалпы кызматкерлердин саны 76 адамды түздү. Профессордук курам – 54, анын 46сы штаттык бирдикте; толук эмес иштегендер – 8; AУП – 21.
ОшТУнун Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунда 54 профессордук-окутуучулар курамы бар: 1 илимдин доктору, профессор; 6 илимдин кандидаты, профессор жана доцент; Кыргыз Республикасынын 2 эмгек сиңирген мугалими . ОшТУнун Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институттун 20дан ашык окутуучулары “ Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланышты .
Шумкар » спорт клубу уюштурулуп, ар кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлөт. Студенттер ар кандай райондук, облустук спорттук иш-чараларга катышышат. Биздин студенттер Өзгөн шаарындагы башка спорт ийримдеринде машыгып , байгелүү орундарды багындырып келишет.
Студенттик кеңеш институттун администрациясы жана башка уюмдар тарабынан түзүлгөн жана бекитилген планга ылайык иштейт. Студенттик кеңеш студенттерге укуктук, социалдык жана каржылык колдоо көрсөтүп, маданий иш-чараларды: сынактарды, диспуттарды, тегерек столдорду, майрамдык кечелерди, спорттук мелдештерди өткөрөт.
Институттун студенттик кеңешинин, башка студенттик кеңештер менен байланышы бар. Алар өз алдынча ишембиликтерди уюштуруп, райондун коомдук пайдалуу иштерине активдуу катышышат.
Административдик жана башкаруу иш чаралары
ОшТУнун Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “ Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын , Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жарлыктарын жана чечимдерин , Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана ОшТУнун Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институттун Уставын башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алат. .
2017, 2019-жылдары Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту адистиктери боюнча көз карандысыз аккредитациядан өткөн Сертификат №VK170000050, 2017-ж. (Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттиктин 2017-жылдын 20-майындагы №3/001 буйругу).
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институттун миссиясы
Орто кесиптик билим берүү программаларынын деңгээлиндеги тиешелүү тармактар үчүн рынок экономикасынын шартына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди тарбиялоо.
Академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институтунун негизги максаттары жана милдеттери
Максаты: коомдун жана мамлекеттин керектөөлөрүнө ылайык квалификациялуу жумушчуларды, кызматчыларды жана орто звенодогу адистерди даярдоону камсыз кылуу. Институтта зарыл шарттарды жана натыйжалуу механизмдерди түзүү, ошондой эле инсанды интеллектуалдык, маданий жана профессионалдык жактан жогорулатуу.
Милдеттери :
калктын билим берүү керектөөлөрүнө жана эмгек рыногундагы келечектүү тенденцияларга ылайык, билим берүүнүн мазмунун жана технологияларын жаңылоо;
сапаттуу билим берүү кызматтарынын аймактык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу билим берүү кызматтарынын инфраструктурасын түзүү;
Өзгөн шаарынын жана Өзгөн районундагы иш берүүчүлөрүнүн квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыктарын канааттандырууга багытталган ийкемдүү кесиптик билим берүү программаларынын комплексин түзүү ;
жаңы билим берүү программаларын киргизүү;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инструменттерин өнүктүрүү;
институттун экономиканын реалдуу сектору менен байланышын камсыз кылуу;
институттун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу;
институтту уюштуруучулук, структуралык жана аймактык оптималдаштыруу;
билим берүүнүн сапатын баалоо инструменттерин киргизүү, анын ичинде . иш берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде бүтүрүүчүлөрдү аттестациялоо;
институттун бюджеттен тышкаркы ишинин көлөмүн көбөйтүү үчүн уюштуруучулук-укуктук, финансылык жана экономикалык шарттарды жакшыртуу;
кесиптик багыт берүү системасын модернизациялоо, кесиптик өз алдынча аныктоо жана кесиптик карьералык колдоо көрсөтүү;
үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасын модернизациялоо (КББ, кесиптик даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, кадрларды кайра даярдоо);
инновациялык ишмердүүлүктү, аймактар аралык жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
окуу процессин маалыматташтыруу жана институттун башкаруу системасын автоматташтыруу;
кесиптик билим берүү программаларынын деңгээлин жогорулатуу, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто кесиптик билим берүү.