СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдүү методдор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдүү методдор»

Интерактивдүү методдор

Ойлон, шеригиң менен иште, пикириң менен бөлүш

Бул эмне?

Ойлон, шеригиң менен иште, пикириң менен бөлүш – бул зор артыкчылыктарга ээ техника. Бул – окуучулардын активдүү катышуусу жана маалыматты мыкты эске тутуусу. Бул процедураны колдонуу менен окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана публикага алып чыгардан алдын өздөрүнүн идеяларын бейпил контексте апробациядан өткөрүшөт. Окуучулардын ишеними бекемдеп, баарына занятиелерге катышуу мүмкүнчүлүгү берилет. Тапшырмага убакыттын көбүрөөк берилиши жана окуучулардын окуу ишине кошкон сапаттык салымы – булар мугалимге берилүүчү артыкчылыктар болуп саналышат. Окуучулар дагы, мугалимдер дагы бирдей деңгээлде алардан эмнени күтүп жатышканын ачык билишет. Бул модель биринчи жолу Мэрилэнд университетинен Фрэнк Лиман (Frank Lyman) тарабынан сунушталган. Бул көнүгүүнү аткаруунун төрт этабы бар. Ар бир этап убакыттык рамка менен чектелет.

Кантип аткарса болот?

Биринчи кадам – Мугалим суроо берет

Бул мугалим жалпы класска берүүчү түз суроо же проблема болушу мүмкүн. Мисалы, «Белоснежка окуясында роза эмнени билдирет?». Бул моделде бир гана жоопту талап кылган төмөн деңгээлдеги суроолорду колдонбош керек. Суроолор проблемаларды же дилеммаларды жаратуулары зарыл, мындай суроолорду окуучулар жан дилдери менен кабыл алышат жана ойлонууга жөндөмдүү болушат.

Экинчи кадам – Окуучулар индивидуалдуу ойлонушат

Мугалимдин белгиси боюнча суроого жоопту ойлонуу үчүн окуучуларга чектелген убакыт берилет. Жоопко берилүүчү убакыт мугалим тарабынан окуучулардын билимдерине, суроонун мүнөзүнө жана программанын талабына жараша аныкталат. Эгерде окуучулар өздөрүнүн индивидуалдуу жоопторун жана чечимдерин жазып отурушса пайдалуу болот. Бирок, окуучулар берилген суроого бир гана туура жооптун болбошун, ошондуктан алардын ар бири өздөрүнүн кайсы бир туура жообун бере аларын түшүнүүлөрү зарыл.

Үчүнчү кадам – Шериктешип талкуулоо

Шериктешип алып окуучулар жалпы жоопту түзүшөт. Кээде окуучулардын төрттөн топтошуусун өтүнүп, бул процессти бир кадам алдыга жылдырууга болот. Бул болсо жалпы жоопту бардык топтун алдына коюудан мурда, аны «полировкалоо» үчүн жасалат. Шериктешип иштөөнүн бул этабы талкууланып жаткан суроодон келип чыккан окуучулар ортосундагы проблемалар жөнүндөгү диалогго да түрткү берет.

Төртүнчү кадам – Окуучулар өз жоопторун бүткүл класс менен бөлүшөт

Бул этапта окуучулар өз чечимдерин индивидуалдуу да, коллективдүү да бүткүл класска алып чыгышат. Кайсы жерде өнөктөш окуучулар таблица же диаграмма түрүндө жооп боюнча көрсөтмө материал даярдашса, анда алардын ар бири өз акылынын жемиши менен мактана алышат. «Ойлон, шеригиң менен иште жана пикириң менен бөлүш» көнүгүүсүнүн соңку этабы бардык окуучуларга бир канча артыкчылыктарды берет. Ар башка адамдар чечимдин ар башка, уникалдуу жолдорун табышкандай эле, окуучулар да проблемаларды чечүүгө карата ар башка мамилелердин бардыгын түшүнүшөт. Андан да концепциялар китептин же мугалимдин тилинде түшүндүрүлбөстөн, окуучулардын өздөрүнүн жандуу тилинде жеткирилет. Буга кошумча окуучулар өз ойлорун кагазга чиймелеп же тартып берген жерлерде ар кандай үйрөтүүчү модалдуулуктар жана артык көрүүлөр болушу мүмкүн.

Жыйынтыктап жатып бир эскертүүнү кайталап коюуну зарыл деп таптык: «Ойлон, шеригиң менен иштеп, пикириң менен бөлүш» көнүгүүсүнүн ийгилиги жана сапаты биринчи этапта берилген суроонун сапатына көзкаранды болот. Эгерде суроо окуучуралдарды чын дилден ой жүгүртүүсүнө түрткү берсе, анда ушундай эле жасалма эмес түшүнүү башка этаптарда да сөзсүз пайда болот.

Биргелешип окутуунун структурасы жана техникасы

Тизмелерди түзүү

Тизмелерди түзүү кайсы бир концепциялар үчүн аныктамалардын же сүрөттөөлөрдүн варианттарын топтоо техникасы же акыл чабуулу техникасы катарында колдонулушу мүмкүн. Тизмени түзүүдө окуучулардан бир нерсеге аныктама же сүрөттөмө берүүчү сөздөрдү атап өтүү жагы талап кылынат. Бул жумушту окуучулар бүтүшөрү менен, сиз бул тизмени топтук же ачык талкууларды фасилитациялоо үчүн колдоносуз.

Мисалы: Окуучулардан мотивдештирилген окуучу эмне кылып жатканын сүрөттөөчү же аныктоочу 5-7 сөздү же фразаны атоону өтүнүңүз. Ушул эле жерде Сиз окуучуларды тизмелерди кичи топтордо талкуулоого же баардыгы макул болгон жооптун бир вариантын тандоо үчүн чогулуусун өтүнө аласыз. Бул техниканы башка методдор менен айкалыштыруу аркылуу, Сиз биргелешип окутуунун эң күчтүү түзүмүн ээ болосуз.

Эки бөлүктүү күндөлүк

Эки бөлүктүү көндөлүк класстагы талкууга даярдык көрүү процессинде окуучулар тарабынан окулган макалаларды жана башка ресурстарды белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Окуучулар окуу үчүн берилген материалдарды окушат жана алар боюнча ой жүгүртүшөт. Окуучулар эки бөлүктүү күндөлүктү даярдашат. Ал кантип жасалат: дептер бети узатасынан так экиге бөлүнөт, сол жагына цитаталар, окулгандан маанилүү учурлар, кызыктуу фразалар ж.б. жазылат, оң жагына окуучу окулган материал боюнча жалпы жонунан же белгилүү бир тематика боюнча өзүнүн түшүндүрмөлөрүн жазат. Окуучулар өздөрүнүн жазып, толтурулган күндөлүктөрүн мектепке алып келишет. Класста окуучулар өз күндөлүктөрүн талкууну баштоо, өнөктөшкөн аннотацияны аткаруу үчүн колдоно алышат ж.б.

Жупташкан аннотациялар

Окуучулар экиден болуп алышып, кайсы бир макалага, китептин бөлүмүнө, мазмунуна сереп салышат же аларды окуп-үйрөнүшөт жана окуу же ой-жүгүртүү максатында эки бөлүктүү күндөлүктөр менен алмашышат. Окуучулар урунттуу учурларын талкуулашат, окшош жана окшош эмес ой-пикирлерди, идеяларды издешет. Окуучулар биргеликте макаланы, главаны же концепцияны коротундулоочу айкаштырылган аннотация даярдашат.

Чыгуу картасы

Ар бир окуучудан төмөнкү суроолорду комментарийлөөнү өтүнүңүз: Бүгүн үйрөнгөндөн кайсынысы Сизге эң маанилүү жана пайдалуу болуп көрүндү? Кайсы эки суроо Сиз үчүн дагы эле ачык эмес жана аларды сурагыңыз келет? Эмне туурасында көбүрөөк билгиңиз келет?

Окуучуларга бир минута берип, убакытты белгилеп алыңыз. Бул иш аларга көңүлдү мазмунга топтоштурууга, ал эми Сизге, мугалим катары кайтарым байланышын берет.

Сиз бул бир минуталык иштерди келерки күндүн талкуусун баштоого, топтогу дискуссияны фасилитациялоого, же окуучулардын берилген материалды өздөштүрүүсүнө жана түшүнүүсүнө байланышкан кайтарым маалыматын алуу үчүн колдонсоңуз болот.





Проблеманы жөнөт

«Проблеманы жөнөт» техникасын топтордо материалды талкуулоодо жана сереп салууда же тематикалык маалыматка тиешеси бар проблеманын мүмкүн болгон чечилишинде колдонууга болот.

  1. Топтун ар бир мүчөсү проблеманы таап, аны карточкага жазат. Андан кийин топтун башка мүчөлөрүнө суроо коёт.

  2. Эгерде берилген суроонун жообу туурасында топтун бардык мүчөлөрү бир пикирде болушса, анда жооп карточканын арткы бетине жазылат. Эгерде жоопко бирдиктүү пикир жок болсо, анда жооп боюнча келишүү үчүн ал кайрадан каралат.

  3. Топтун мүчөлөрү карточканын суроо жазылган тарабын «С» тамгасы менен, ал эми жооп жазылган бөлүгүн «Ж» тамгасы менен белгилешет.

  4. Ар бир топ суроолор жазылган карточканы башка топко жөнөтөт.

  5. Топтун ар бир мүчөсү суроолор үймөкчөсүнөн бир суроону алат да аны топтун алдында окуп берет. Биринчи суроо окулган соң, топтогулар аны талкуулай башташат. Эгерде жооп даяр болсо, жоопторду салыштыруу максатында жана карточкадагы жооп менен макулдугун же макул эместигин билдирүү үчүн карточканы аңтарып коюшат. Эгер алар биринчи топтун жообу менен макул болушпаса, анда алар ошол эле жерге альтернатива катарында өздөрүнүн жообун жазышат.

  6. Жогоруда берилген процедураны кайталоо менен экинчи топ үймөкчөлөрдөгү карточкалардын ар бир суроосун карап чыгып, жооп берет.

  7. Суроолор жазылган карточкалар каалоолору боюнча үчүнчү, төртүнчү же бешинчи топко берилиши ыктымал.

  8. Карточкалар үймөгү андан соң кайрадан биринчи топко берилет. Жөнөтүп жаткан топ кайсы суроону болбосун талкуулап, тактап берет.



Вариациялар: Бул көнүгүүнүн варианты катары так ушундай процессти, топтор үчүн бирдиктүү жообу жок, кайсы-бир реалдуу проблеманы талкуулоодо колдонууга болот.

  1. Топтор кароо үчүн кайсы проблеманы тандоону чечишет. Ар бир топ өз проблемасын чечкени туура.

  2. Бул жерде топтор кайсы бир проблеманын бир чечилишин табууга акыл чабуулун колдоно алышат. Проблема жазылып, конверттин сыртына чапталат. Ал эми чечимдин тизмеси конвертке салынат.

  3. Андан соң конверт кийинки төпкө берилет. Ар бир топ мурунку топтун ишин окубай туруп, проблеманы акыл чабуулу методу аркылуу 3-5 минута талкуулайт, анан жооптор жазылган баракчасын конвертке салышат.

  4. Бул процесс бир же бир канча топтордо улантылышы мүмкүн. Акыркы топ мурунку топтор тарабынан сунуш кылынган бардык чечимдерди карап чыгат жана болжолдуу жоопторду камтыган жооптордун приоритеттүү тизмесин иштеп чыгат. Андан соң бул тизме топко тааныштырылат.



«Тең-теңине» методу боюнча багытталган өз ара суроо салуу

Бул иштин максаты – талкуу өткөрүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

  1. Мугалим кайсы бир суроо боюнча кыска (10-15 минуталык) лекция өткөрөт.

  2. Окуучулар индивидуалдуу түрдө иштешет, берилген материал боюнча өз суроолорун жазышат.

  3. Окуучулар өздөрү тарабынан берилген суроолордун баарына жооп берүүгө милдетүү эмес. Бул тапшырма окуучуларды талкууланып жаткан темага тиешеси бар нерселер жөнүндө ойлонууга милдеттендирүү үчүн түзүлгөн.

  4. Окуучулар колдон келишинче көбүрөөк суроолорду колдонуулары керек.

  5. Үйрөтүлүп жаткан командаларга топтошуп ар бир окуучу талкуу үчүн суроосун сунуштайт.

Суроолордун үлгүлөрү:

Негизги идеясы эмнеде?

Эмне болот эгерде…?

Кантип …. таасир этет?

Жаңы үлгү болуп эмне саналат...?

Эмне үчүн… экендигин түшүндүрүңүз?

Кантип … түшүндүрүңүз?

Мен буга чейин үйрөнгөнгө мунун кандай тиешеси бар?

… жөнүндө мен кандай тыянак чыгара алам?

… менен …. ортосунда кандай айырма бар?

… менен …. окшоштугу кайсы?

… кантип колдоно алам?

… күчтүү жана начар жактары кайсылар?

Кайсынысы эң жакшы … болуп саналат жана эмнеликтен?

Акыл чабуулу

Бул эмне?

Акыл чабуулу – бул идеяларды иштеп чыгуучу жана проблемаларды чечүүчү адамдар тобуна эсептелген, процедуралардын спецификалык жыйнамы. Класста акыл чабуулун жүргүзүү проблемаларды чечүүнүн, идеяларды иштеп чыгуунун, тизмелерди түзүүнүн жана мүмкүн болгон суроо-жоопторду аныктоонун эң мыкты жол-жобосу болуп саналат. Кайсы гана предмет боюнча, кандай суроо болбосун акыл чабуулу методу аркылуу каралышы мүмкүн.

Кантип аткарса болот?

Акыл чабуулун жүргүзүүнүн кадамдары

Мугалим катары Сиз «фасилитатор» сыпатында аракеттенесиз.

  1. Даярдоо

Сабактын башталышына чейин кароого коюлуучу суроону же проблеманы талкуулаңыз. Окуучуларга бул жөнүндө ойлонууга жана бул суроого «тереңдөөгө» бир аз убакыт бериңиз.

  1. Фактыларды табуу

Чечүүнү талап кылган проблеманы, суроону же маселени так белгилеңиз. Суроо түшүнүктүү болушу керек. Талкууга коюлуучу суроону доскага жазыңыз. Окуучулардын кыялдануусун курчутуу максатында темага тиешелүү кандай суроолор болбосун талкуулаңыз.

  1. Машыгуу

Акыл чабуулун жүргүзүү техникасын машыктыруу үчүн жөнөкөй, мүмкүн күлкүлүү суроону алып чыгыңыз. Ал сунуш кылынган темага байланышпаган суроо болушу керек

  1. Идеяларды иштеп чыгуу

Бул этап берилген суроо боюнча акыл чабуулунан башталат. Окуучуларды идея сунуштоого шыктандырыңыз. Кимиси болбосун ар кайсы убакта сүйлөй алат. Доскага мына ушул этаптын төмөнкү эрежелерин жазып коюңуз.

Сындабагыла жана баалабагыла (башка бирөө тарабынан айтылгандарды кылбашы, баа бербеши же сындабашы керек).

Туура эмес жооптор болбойт (оюңузга эмне келсе, баарын айтыңыз. Башыңызда сактабаңыз. Баары өтөт. «Акылсыз» жана колдонуудан алыс идеялар кээде өзүнүн артынан пайдалуу идеяларды алып келет).

Идеялар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы (кыска тизмени узарткандан көрө, узунун кыскарткан жеңил).

Комбинацияны өзгөртүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз (башка адамдардын идеяларын көбөйтүңүз, алмаштырыңыз, жакшыртыңыз)

Өзүңүздү бош коюңуз, ойноңуз жана ырахаттаныңыз (акыл чабуулунун сессиясы оюнкараактык жана релаксация маанайында болууга тийиш). Ал жакшы жүргүзүлө, сөзсүз оюн-зооктой жеңил өтөт. Мында достук жарыш менен өз ара жардам чырмалышкан атмосфера түзүлөт.

Унчукпай коюу туура (адамдар унчукпай турганда, мүмкүн алар ойлонушат. Адатта, унчукпай коюудан кийин жакшы идеялар пайда болот).

Фасилитатор катары окуучуларга ушул эрежелерди эскертип коюңуз.

5. Чечимдерди табуу

Сиз зарыл учурду сезсеңиз (же Сизде аз убакыт калса), идеяларды иштеп чыгуу боюнча ишти токтото туруп, акыркы фазага өтүп жатканыңызды жарыя кылыңыз. Бул учурга доскада жазылган ойлор каралып, алар сынчыл бааланган болот. Кандай чечимдин же идеянын мааниси бар? Кайсыныкы жок? Алардын кээ бирлери өтө эле жөнөкөй, башкалары өтө эле татаал көрүнбөйбү? Алардын кайсынысын турмушта колдонсо болот, кайсынысын колдоно албайбыз? Ар бир чечимдин же идеянын жыйынтыгы же натыйжасы кандай болмокчу? Тизмени керек эмес идеяларды сызуу же өчүрүү менен акырындап азайтыңыз. Бир канча эң мыкты чечимдерди/идеяларды тандоого аракеттениңиз.

6.Ишке киргизүү

Эгерде акыл чабуулунун сессиясы ишке киргизүүгө зарыл болгон (мисалы, экзамен көрсөткүчтөрүн жакшыртуунун жолдору) идеяларды иштеп чыгууга багытталса, анда аны сынап көрүңүз жана иштиктүү экендигине өзүңүз ишенгендей болуңуз. Бир аз убакытты жыйынтыктарды талкуулоого жумшаңыз.

Концепциялык карта

Бул эмне?

Концепциялыкк карта – ойлорду тааныштыруу жана байланыштыруу жолу. СМдин негизги эрежелерин 60- жылдары Карнелл университетинен профессор Джозеф Новак (Joseph D. Novak) иштеп чыккан, ал өз кезегинде жаңы концепцияларды түзүү үчүн мындан мурунку тажрыйбанын маанилүүлүгүн көрсөткөн Дэвид Озубэлдин (David Ausubel) теориясына таянган.

Сунуш кылынган метод жаңы билимдерди жана маалыматтарды конспектилөөнүн стандарттуу схемасына альтернатива катарында колдонгонго кызмат кылат. Карталарды түзүү Сизге мүмкүндүк берет:

- башкы, экинчи, үчүнчү (ж.б.у.с.) бутактарды колдонуу эсебинен иерархиялык катарда идеялардарды курамдаштырууга;

- ачык жана түстүү образдардын жардамы менен идеяларды күчөтүүгө;

- алардын ортосундагы байланышты көрсөтүүгө,

- концепцияларды түс, шрифттин өлчөмү, өзгөчө белгилөөлөр менен бөлүп көрсөтүүгө,

- атайын символдордун жардамы менен идеяларды баалоого жана комментариялоого.

Кантип аткарса болот?

Картография концепциясы өз ичине негизги идеяны жазууну жана негизги ой менен байланышкан жаңы, ассоциацияланган идеяларды ойлонуштурууну камтыйт. Жазып алган урунттуу идеяларга көңүлдү топтоштуруу аркылуу Сиз жаңы маалыматты түшүнүүгө жана эстеп калууга жардам берген ыңгайда билимди баяндайсыз.

1-кадам. Башкы идеяны так ортосуна жайгаштырыңыз

Көпчүлүк окуучуларга аң-сезим картасын ландшафттык стилде чийүү үчүн дептер менен иштөө ыңгайлуураактай сезилет. Бул учурда башкы ой же тема кагаздын так ортосунда жайгашат, бул болсо башкы идеянын тегерегине башка ойлорду жазуу үчүн максимум орунду камсыз кылат.

2-кадам. Актай казазга, паузасыз, ой жүгүртүүсүз же редакциялоосуз тез тартыңыз

Маалыматты кийинчерээк редакциялоо үчүн Сизде жетишээрлик убакыт болот, ошондуктан бул этапта ар бир мүмкүнчүлүктү аң-сезим картасына киргизүү маанилүү. Кээде ал сиздин теманы билүүңүздүн ачкычы боло алган мүмкүнчүлүктөрдүн бириболуп калат.

3-кадам. Байланыштарды издеңиз

Сиздин аң-сезим картаңызда пайда болгон ойлордун байламын көрсөтүү үчүн сызыкчыларды, түстөрдү, жебелерди, бутакчаларды же каалаган башка белгилерди колдонуңуз. Бул байланыштар Сиздин жаңы маалыматты же дил-баяндын курамдаштырылган планын түзүүңүзгө маанилүү болушу мүмкүн. Картаны өздүк символдордун жана сүрөттөрдүн жардамы менен жасалгалап жатып, Сиз, эске түшүрүүгө жана түшүнүүгө жардам берген ойлордун ортосунда визуалдык жана ойлонуштурулган байланыштарды курасыз.

4-кадам. Баш тамгаларды колдонуңуз

Баш тамгаларды колдонуу идеясы Сиздин жалаң гана урунттуу учурларды жазууңузга дем берүүдө турат. Баш тамгалар менен жазылган сөздөрдү диаграммаларда да кыйналбай окууга болот. Ошого карабастан сиздин өзүңүздүн түшүндүрмөлөрүңүздү кичинекей тамгалар менен бергиңиз келиши мүмкүн. Кээ бир окуучулар буга келерки этаптарда аң-сезим картасын түзүүдө кайрылышат, башкалары болсо ушинтип, мисалы, баалоонун критерийлерин жазышат.

5-кадам. Көбүрөөк орун калтырыңыз

Эң пайдалуу аң-сезим карталары – булар убакытка удаа маалымат менен толукталып тургандар. Аң-сезим картасын алгач кагаз бетине түшүргөндөн кийин теманы окуп-үйрөнүүнүн бүткүл баскычтарында, экзамендерди тапшыруу мөөнөтү башталганга чейин, Сиз кээ бир нерселерди белгилеп, маалыматты же суроолорду кошумчалай аласыз. Ошондуктан көбүрөөк орун калтыруу сунушталат.

Үлгү:


Сүрөттө көрүнүп тургандай тааныштыруулар картасы түшүнүктү, пунктту же суроону камтыган ячейкалардан турат. Ячейкалардын ар бир башкасы менен жебелер аркылуу байланышкан. Жебе мамилелер багытын сүрөттөйт жана сүйлөм катары окулат.

Башка варианты: Сиз негизги темадан баштайсыз, өтө маанилүү жалпы идеяларды сунуштайсыз жана аларды бутактар сыяктуу анын тегерегине жайгаштырасыз, андан кийин бул бутактардан өз идеяларыңыз же түйүндүү сөздөр жайгаштырылган бутакчаларды (2,3-бутактар, ушул тартипте) чыгарасыз.

Интеллект – карталарды түзүүнүн негизин көрүү каражаттарын колдонуу болуп саналат. Биринчиден, Сиз узатасынан жазылган бутактарды тартасыз. Бул бутактар идеялардын тартиби, маанилүүлүгү боюнча жайгаштырууга, бирине-бирин байланыштырууга жардам берет.

Экинчиден, Сиз сүрөттөрдү сөз жүзүндө айтылган идеялардын түшүндүрүүлөрү катары колдоносуз, ошондой эле идеяларды чечмелөө, көңүлдү топтоо үчүн атайын символдорду пайдаланыңыз. Бул болсо картаны көзгө толумдуу, эсте каларлык жана түшүнүктүүрөөк кылып көрсөтөт. Бул жерде картаны түзүү боюнча дагы бир эстеткич берилген:




Артыкчылыктары

Эс-тутум карталары

Мыйзамдары

Варианттары

Түзүлүшү





Категориялык образ

Бул эмне?

Бул стратегия окуучуларга акыл чабуулу учурунда пайда болгон идеяларды уюштурууга мүмкүндүк берет жана аларды терең түшүнүүгө негиз жаратат.

Категория – кайсы бир белгилеринин жалпылыгы боюнча бириккен предметтер, кубулуштар, фактылар тобу.

Эмнени өнүктүрөт?

Инсандык түзүмгө максаттуу багыт алуулардын спектри:

  • Маалыматтык – билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр;

  • Операциялык – акыл аракеттеринин жол-жоболору;

Кантип аткарса болот?

1-кадам. Топто «акыл чабуулун» жүргүзүү жана берилген тема боюнча бардык идеяларды жазып чыгуу.

2-кадам. Алынган маалыматты кайсы бир белгилердин негизинде бириктире алган жалпы идеялардын категорияларын табуу.

3-кадам. Актай кагазга же доскага категорияларды жазып чыгыңыз. Акыл чабуулунун натыйжасында алынган идеяларды, маалыматтарды ылайыктуу категорияларга бөлүштүрүңүз.

4-кадам. Бөлүштүрүү учурунда окуучулар кайсы бир категориянын аталышын өзгөртө алышат. Жаңы категориялардын пайда болуусу мүмкүн.

5-кадам. Топтор башка иштер менен алмаша же тааныша алгыдай жол-жобону ойлонуштуруңуз.

Мугалимге/окутуучуга сунуштар

  1. Маалыматты категорияларга бөлүштүрүүнүн бирдиктүү, туура жол-жобосу жок.

  2. Бир топтогу категорияларды бөлүштүрүү экинчисиндеги бөлүштүрүүдөн айырмаланат.

  3. Кандай жумуш болбосун, салыштырбаңыз, өзгөчөлөнтүп көрсөтпөңүз. Биринчиден, бул топтук эгоизмди жаратат. Экинчиден, Сиздин окуучуларыңыз акылсыз эмес, алар өздөрү баа бере алышат.

  4. Алдын-ала даярдалган категорияларыңызды бербеңиз. Эгерде Сиз өз окуучуларыңыздын ой жүгүртүүсүн бааласаңыз, анда аларга эркиндик бериңиз.

  5. Категориялык серептерди түзүү акыркы жыйынтык катары эмес, процесс катары маанилүү.

  6. Мына ушул методду сабактын башталышында да, аяк ченинде да колдонууга болот.



Эдвард де Бононун алты шляпа методу

(же Алты Түс, Алты Шляпа)

Эмне себептен шляпалар?

Ой жүгүртүү менен шляпалар ортосунда салтка айланган байланыш бар.

  • Шляпа оңой кийилет жана алынат.

  • Мындан тышкары, шляпалар белгилүү бир ролду көрсөтүшөт. Англис тилинде шляпа ар качан ишмердиктин түрү менен ассоциацияланат – кондуктордун шляпасы, полисмендин шляпасы ж.б.у.с.

  • «Кимдир-бирөөнүн шляпасын кийүү» деген сөз айкашы конкреттүү ишмердик менен алек болуу дегенди билдирет. Адам, өз оюнда белгилүү түстөгү шляпаны кийип жатып, аны менен ассоциацияланган ой жүгүртүү тибин тандайт.

Ар бир ойчулдун роль алмаштырууну: шляпаларды кийүүнү жана аларды чечүүнү билгени абдан маанилүү.

Алты шляпа – ой жүгүртүүнүн ар башка алты жолу. Мында ушул ар биринин кыскача сүрөттөлүшү берилген:




Ак шляпа. Цифралар жана фактылар. Маалыматтар. Суроолор. Толук бейтараптык жана объективдүүлүк. Биз кандай маалыматка ээбиз? Бизге Дагы кандай маалымат зарыл?



Кызыл шляпа. Эмоциялар бийлиги. Интуиция, сезимдер жана алдын ала сезүүлөр. Сезимдерди негиздөө талап кылынбайт. Бул тууралуу менде кандай сезимдер пайда болот?





Кара шляпа. ”Этияттык». Ойлоо. Баалоо. Чынбы? Иштеше алабы? Кемчиликтери эмнеде? Бул жерде эмнеси туура эмес?



Сары шляпа. Артыкчылыктары. Позитивдүү ой корутундуларын куруу. Негиздөө. Эмне себептен муну жасаш керек? Артыкчылыктары кайсыар? Эмне үчүн муну жасоого мүмкүн? Эмне үчүн бул иштеп кетет?



Жашыл шляпа. Чыгармачылык. Ар түрдүү идеялар. Жаңы идеялар. Сунуштар. Болушу мүмкүн болгон чечимдер менен аракеттердин кээ бирлери кайсыар? Альтернативалары кайсыар?



Көк шляпа. Ой жүгүртүүнү уюштуруу. Ой жүгүртүү жөнүндө ой жүгүртүү. Биз эмнеге жетиштик? Мындан ары эмне кылуу керек?





Шляпаларды колдонуунун төрт тибин карап көрөлү

  1. Шляпаны кийүү. Талкуунун жүрүшүндө биз окуучудан анык түстөгү шляпаны кийүүнү өтүнсөк болот. Же биз бүтүндөй топтон конкреттүү түстөгү шляпаны бир канча минуталар ичинде колдонууну сурана алабыз. «Кара шляпада катылган идея боюнча силердин оюңар кандай? Ал идеяны ишке ашырууга аракет кылсак, эмнеси калып калышы мүмкүн?» «Биз бир орунда туруп калдык. Эмне үчүн бизге жашыл шляпаны кийип, бул проблеманы чечүүнүн жаңы жолдорун издөөгө болбосун?»


  1. Шляпаны чечүү. Биз адамдан белгилүү түстөгү шляпаны чечүүнү өтүнсөк болот. Бул жерде биз азыркы учурда ой жүгүртүү кайсы бир типке таандык деп ойлойбуз. Биз адамды ой жүгүртүүнүн бул тибинен кайтууну суранабыз.



Адам, балким, шляпаны билип туруп кийген эместир, бирок биздин баамыбызда аны колдонот. «Биз кызыл шляпадагы ой жүгүртүүгө көбүрөөк көңүл топтоштуруп жатат окшойбуз. Келгиле, аны бир азга чече туралы».

«Макул, кара шляпадагы бул ойлор жаман эмес. Келгиле, кара шляпаны азырынча коё туралы»

«Сиз көптөгөн жаңы идеяларды жана мүмкүнчүлүктөрдү таптыңыз – азыр бизде алар жетишерлик. Келгиле, эми жашыл шляпабызды чечели».

3. Шляпаны алмаштыруу. Эрежелер киргизилери менен, биз ой жүгүртүүнү заматта башка нукка салууну сурана алабыз. Биз буга окуучуга бир шляпаны чечип, экинчисин кийүүнү сунуштоо менен жетишебиз. Мындай метод адамды таарынтып албастан, андан ойлорунун жүрүшүн башка жолго салууну талап кылууга мүмкүндүк берет. Биз айтылган ойлорду ыксыз айыптабайбыз, жөн гана аларды өзгөртүүнү өтүнөбүз. «Биз оң жактарын угуп көрдүк. Эми келгиле сары шляпадан кара шляпага өтөлү. Эгерде мындай кылсак, кандай жамандыктар болушу мүмкүн?».

«Кара шляпада туруп Сиз идея эмнеликтен иштебеши мүмкүн экинин түшүндүрүңүз. Эми келиңиз, жашыл шляпага өтөлү жана проблеманы чечүүгө болобу, ошону карап көрөлү».

«Бул кызыктуу идея. Азыр келгиле, жашыл шляпаны чечип, агын киели. Бизге фактыларды баяндоо зарыл».

4. Өз ой жүгүртүүсүн белгилөө.

Биз ой жүгүртүүнүн кайсы тибин пайдаланганы жатканыбызды көрсөтүү үчүн шляпаны көрсөтө алабыз. Мисалы, кээде бир нерсени айтууга туура келет, бирок аны бирөөнү таарынтып койбостон аткаруу кыйынга турат. Ал эми жөн гана кара шляпаны кийип жатам деп айтуу менен, Сиз идеяны сунуштаган кишиге асылбастан, идеяны талкуулоо мүмкүнчүлүгүн аласыз. Шляпаларды өзүңүз колдонуңуз жана башкаларды шляпаларга үйрөтүп жатып, аларды пайдаланып жатканыңызды түшүндүрүңүз. «Кара шляпаны кийип жатып, мен, расписаниени өзгөртүүгө мүмкүн эмес, себеби биз аны качан эле таратып салдык деп эсептейм».

«Кызыл шляпаны бир секундага кийип жатып, мен математика боюнча мобул жаңы китептер эскилерине караганда анчейин жакпасын айта алам».

«Жашыл шляпаны кийгенимде, менин башыма грантка сурам берүү керек деген ой келди. Айтыңызчы, Сиз бул сунуш жөнүндө кандай ойдосуз?»

Айтылгандарды жыйынтыктайлы: биз башкалардан шляпаларды кийүүнү, алмаштырууну же белгилөөнү өтүнө алабыз. Биз дагы шляпаны кийип же чечип көрсөк болот. Методдун формалдуулугу жана «оюндук» аспектиси – анын эң бир жакшы жактарынан. Адамдар эрежелер боюнча ойноого үйрөнүшөт.

«Алты шляпа» методикасы универсалдуу – мисалы, аны топтук ишти кураштыруу жана убакытты үнөмдөө үчүн кеңешмелерде колдонушат. Ал ошондой эле индивидуалдуу пайдаланылат, анткени кызуу талаш-тартыштар ар бир адамдын башында да жүрөт. Факты жүзүндө аны каалаган креативдүү процессти кураштыруу үчүн, логиканы эмоциядан ажыратуу жана жаңы оригиналдуу идеяларды ойлоп табуу маанилүү болгон жерде колдонуу мүмкүн.

Ошентип, Эдвард де Бононун алты шляпа методу боюнча натыйжалуу ой жүгүртүү Сизге төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • альтернативаларды көрүү, идеяларды жаратуу;

  • шаблондуу чечимдердин чегинен чыгуу;

  • окуучулардын ишин координациялоо жана жөнгө салуу;

  • адамдар ортосундагы коммуникацияны оптимизациялоо;

  • натыйжалуу жумушчу тобун түзүү;

  • зарыл учурда чыгармачыл болуу.

Инсерт

Бул эмне

Инсерт – текст менен иштөөдөгү активдүүлүктү колдоо инструменти. Барак бетине белги коюунун интерактивдүү системасы. Берилген амал окуучулардын өздөрүнүн маалымат түшүнүүсүнө көз салуусуна багытталат.

Эмнени өнүктүрөт?

  • Текст менен натыйжалуу иштөө көндүмүн

  • Активдүү, терең ойлонулган окууну

  • Мурда белгилүү болгон материал менен жаңысын байланыштыруу жөндөмүн

  • Теманы андан ары үйрөнүүнү стимулдаштырат



Көрүнүшү кандай?

«V» - (ооба), эгер сиз окуп жатканга, билгениңиз туура келген учурда коюлат.

«-» - (алуу), эгер маалымат сиздин билгениңизге карама-каршы келсе коюлат.

«+» - (кошуу), эгер окуп жатканыңыз Сиз үчүн жаңы болсо коюлат.

«?» - (суроо), эгер информация кошумча маалыматтарды талап кылса же түшүнүксүз болсо коюлат.



Кантип аткарат?

1 – кадам. Акыл чабуулун өткөрүңүз.

2 – кадам. «ИНСЕРТ» белгиси менен индивидуалдык окуу

3 – кадам. Акыл чабуулунун жыйынтыктарын жуптардагы же кичинекей топтордогу окуунун натыйжалары менен салыштыруу жана талкуулоо.

4 – кадам. «Инстерт» таблицасынын негизинде алынган маалыматты системалаштыруу.

Иштин бул түрүн жуптарда, кичинекей топтордо же өз алдынча өткөрүү мүмкүн.



«Инсерт» таблицасы

«V»

«-»

«+»

«?»





Мугалим үчүн кеңештер:

«Инсерт» белгисинин жардамы менен окууда, сөзсүз эле ар бир сапка белги коюу же белгилүү бир сандагы белги коюуларды талап кылуу зарыл эмес, абзацтарды да, айрым сөздөрдү да белгилеп алууга болот, башкысы, окурман өзүнүн маалыматты толук түшүнүүсүнө өзү көз салгандай болушу керек.

Окуу китебин бүлдүрбөш үчүн, эгерде жөнөкөй карандаш жок болсо, китептин астына дептер коюуну сунуштоого болот жана бардык белги коюуларды дептер беттерине жүргүзүп, ошол эле учурда беттерин көрсөтүүнү эстен чыгарбоо зарыл, ошондо текстке каалаган учурда кайра кайрылып, кандай белгилер каерге коюлганын эстөө мүмкүн.

Кластер

Кластер түзүү – бул маалыматтар, идеялар жана суроолор картасын түзүү жолу. Кластер түзүү когнитивдүү изилдөөгө негизделет.

Кластер түзүү эмнеси менен пайдалуу?

  • Кластер түзүү Сизге идеяларды издеп табууга жана иштеп чыгууга, аларды кайсыл бир тартипке келгенге чейин курамдаштырууга же курамдаштырылганды кайра бузууга жардам берет.

  • Кластер түзүү бул кайсы бир фактордун тегерегинде пикир топтоо технологиясы.

  • Кластер түзүү – бул кимдер бирөөнүн тажрыйбасын колдонуу жана ага форма ыйгаруу техникасы. Жалпысынан бул изилдөө процесси.

Кластерге бөлүү методу

Кластерге бөлүү – бул үйрөнүүчүлөргө кайсыл бир тема боюнча эркин жана ачык ойлонууга жардам берген, ой-жүгүртүүнүн вариативдүүлүгүн, үйрөнүлүп жаткан түшүнүктүн (кубулуштун, окуянын) байланышын жана мамилелерин орнотуу жөндөмүн өнүктүрүүчү педагогикалык метод. Кластерге бөлүү идеялар ортосундагы байланыштар туурасындагы ой жүгүртүүнү стимулдаштырууга мүмкүнчүлүк берген түзүлүштөрдүн гана бөлүшүн талап кылат.

Бул ой жүгүртүүнүн сызыктык эмес формасы. Ал биздин мээнин кантип иштеши менен бекем байланышкан.

«Кластер» сөзү бир байлам, таңгак дегенди билдирет. Кластерге бөлүү жаңы ассоциацияларды чакырат, колдо болгон билимдерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылат, белгилүү тема боюнча жаңы түшүнүктөрдү ойлонуу процессине киргизет. Кластерди бөлүүнү белгилүү бир тема кылдаттык менен үйрөнүлгөнгө чейин колдонуу максатка көбүрөөк ылайыктуу.

Кластерге бөлүү ой-жүгүртүүнүн стимулу катары колдонулат. Кластерди топтук түзүү топтун идеялары үчүн өзөк катары кызмат кылат. Кластерге бөлүү абдан жеңил жана эсте оңой сакталат.

Кластер түзүүнүн ырааттуулугу:

  1. Класттык досканын же кагаздын чоң барагына негизги сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

  2. Сиздин пикириңизде берилген тема менен байланышкан сөздү же сүйлөмдү жазыңыз;

  3. Түшүнүктөр менен идеялардын ортосунда ылайыктуу байланышты орнотуңуз;

  4. Сиздин бардык идеяларыңыз түгөнгүчө же убакыт бүткүчө идеялардын канча вариантын жаза алсаңыз, ошончону жазыңыз.

Кластер түзүүнүн негизги эрежелери акыл чабуулун өткөрүү эрежелери менен окшош:

Оюңузга эмне келсе, ошонун баарын жазыңыз. Бул ойлордун сапатына катуу карабаңыз, аларды жөн гана жаза бериңиз.

Орфографияга, жазуу ишине тоскоол болчу башка факторлорго көңүл бурбаңыз.

Бөлүнгөн убакыт бүтмөйүнчө жазууну токтотпоңуз.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк байланыштарды түзүүгө аракеттениңиз. Идеялардын санын, алардын агымын жана алардын ортосундагы байланышты чектебеңиз.

Кластерге бөлүүнү биринчи жолу киргизип жатсаңыз, бүтүндөй топко тааныш схеманы тандап алыңыз. Демонстрациялоо максаттарында Ата-Мекен, Багбанчылык өңдүү жана башка темалар колдонулушу мүмкүн.









Синквейн

Бул эмне?

Синквейн, француз тилинен которгондо – 5 сап. Синквейн маалыматты синтездөөгө, резюмелештирүүгө жардам берген, ак (рифмаланбаган) ыр.

Синквейнди жазуу эрежеси:

1 – сап: Темасы бир сөз менен (адатта зат атооч)

2 – сап: Теманы эки сөз менен баяндап жазуу (эки сын атооч)

3 – сап: Бул теманын чегинде аракеттерди баяндап жазуу (үч этиш же чакчыл)

4 – сап: Темага карата мамиле, сезимдер жана эмоциялар (төрт сөздөн турган фразалар)

5 – сап: Теманын маңызын бир сөз менен кайталоо (теманын синоними).

Синкейндин үлгүлөрү:

Окуу

Таанып-билүүчү, ойлонуштурулган Кубанычтуу жана трагедиялуу,

Билим, түшүнүк, жетишкендик тартуулоочу Жандандырып, көңүл көтөрүп, турмуш океанына чөмүлткөн

Рухтун, акылдын жана сезимдин өсүшү Сенин бийлигиңе чек жок,

Жан дүйнөнү байытуучу Не деген кереметсиң!

Лимерик

Бул эмне?

Лимерик – бул дагы беш саптуу, бирок синквейнден айырмаланып, рифмаланган ыр.

Лимерик – уюштурулган жана мыйзамдаштырылган маанисиздиктин англисче варианты.

Лимерик жазуу эрежеси:

Биринчи сап – каарманды же теманы тандоо

Экинчиси – аракеттерде байкалган каармандын мүнөздүү белгилерин көрсөтүү

Үчүнчүсү жана төртүнчүсү – аракеттин өзү

Бешинчиси – образдын мазмунун пародиялаган акыркы эпитетти тандоо.

Лимерик үлгүсү:

Бар экен, жок экен

Урушчаак жана ажылдаак

Саз абышка болуптур.

Отурчу экен ал дөңгөчтө,

Бакага ыр ырдап.

Ошол абышка,

Ыгы жок асылма

«Галерея» методу

«Галерея» методу кичи топтордо бир канча суроолорду заматта талкуулоого мүмкүндүк берет. Мында топтук талкуунун ар бир катышуучусу талкуулоого катышып, бардык каралып жаткан суроолорду талкуулоодо өз салымын кошо алат.

  1. кадам. Проблеманын формулировкасы. Фасилитатор негизги тапшырмаларды бөлүп көрсөтөт.

  2. кадам Топторго бөлүү. Фасилитатор жалпы топту тапшырмалардын санына карап, кичи топторго болот.

  3. кадам. Тапшырманын берилиши. Фасилитатор ар бир кичи топко тапшырма берет.

  4. кадам. Ар бир кичи топтун өз тапшырмасын аткаруусу. Тапшырмаларды аткаруу боюнча жумуш ар бир кичи топтордо жүргүзүлөт (демейде 5-10 минута ичинде).

  5. кадам. Кичи топтордун жанындагылардын тапшырмаларын толуктап иштөөгө өтүшү. Ар бир кичи топ өздөрү идея жазган чоң баракты албастан, коңшу кичи топтун ордуна айланып өтүшөт. Мунун башка варианты: топ орун которбой эле, иштелген идеялар жазылган баракты тегерете берип жиберсе да болот.

  6. кадам. Жанындагылардын тапшырмаларын толуктап иштөө. Ар бир кичи топ чоң барактын бетине кошуна топтун идеяларын окуп үйрөнүшөт; өзү макул болбогондорду суроо белгиси менен белгилейт; коңшунун тапшырмаларын аткарууда өз идеяларын жазып, баракты толуктайт. 5 минутадан кийин топтор тегерене кийинки кичи топтун барагына өтүү менен, кайрадан орундарын өзгөртүшөт.

  7. Орун которуулардын саны кичи топтордун санына (коюлган милдеттерге) дал келет.

  8. кадам. Өз тапшырмасына кайтып келүү. Айдана боюнча тапшырмадан тапшырмага өтүү ар бир кичи топтун өзүнүн баштапкы тапшырмасына кайтып келүүсү менен аяктайт. Топтор бүтүндөй иш учурунда айлана боюнча чоң ак кагаздарда топтолгон идеяларды окуп үйрөнүшөт.

  9. кадам. Иштин жыйынтыктарын презентациялоо жана талкуулоо. Ар бир топ кезеги менен өз кагаз бетинде топтолгон жыйынтыктарга, идеяларга түшүнүк берип, комментариялап, тааныштырып өтөт. Башка топтор презентация жасап жаткан топтун барагына өздөрү жазган идеяларды комментариялайт жана түшүндүрөт. Зарыл учурларда идеялар жалпы топто талкууланышы мүмкүн.

Тегерек үстөл

Бул эмне?

Тегерек үстөл (оозеки же жазуу түрүндө) – бул түзүмү акыл чабуулу аркылуу идея топтоо жана көп сандагы жоопторду бир суроого же суроолор тобуна корутундулоодо колдонулуучу биргелешип окутуу методу.

Эмнени өнүктүрөт?

Социалдык (коммуникативдик) көндүмдөрдү.

Аналитикалык-синтетикалык көндүмдөрдү (эң маанилүү идеяларды, өз ара байлыныштын бардыгын, резюме жасоо жөндөмүн бөлүп көрсөтүү ж.б.). Жогорку деңгээлдеги суроолорду түзүү жөндөмүн.

Бардык билимдерди мобилизациялоо жана аларды ар кандай кырдаалдарда колдонуу билгичтигин калыптандырат

Кантип аткаруу керек?

1-кадам. Мугалим суроо берет.

2-кадам. Ар бир топко бирден кагаз жана бирден калем.

3-кадам. Биринчи окуучу бир жоопту жазат.

4-кадам. Биринчи окуучу кагазды сол жагында отурган топтошуна берет, ал болсо өз жообун жазат, ж.б.

5-кадам. Жумуш айлана боюнча берилген убакыттын аягына чейин жүргүзүлөт.

6-кадам. Убакыт бүткөндө, топ өз жумушун аяктайт.

Окутуучуга биздин кеңештер

Иштин ачкычы болуп кароого коюлган суроо же проблема эсептелет. Бул потенциалдуу түрдө бир канча «туура» жоопторго ээ суроо болушу зарыл. Ар бир окуучу талкууга өз салымын кошуусу үчүн, суроону курстун тематикасы менен жанаштырыңыз. Убакыт бүтөрү менен өзүңүзгө окуучулар алынган жооптор менен эмне кыларын кааларыңызды аныктап алыңыз… алар ар түрдүү жоопторду талкуулоону уланта алышат же өз жооптору менен класстын башка мүчөлөрү менен бөлүшө алышат. Оозеки тегерек үстөлдү өткөрүүдө катышуучуларга жоопторду жазуу үчүн конверттер жана карточкалар зарыл болорун унутпаңыз





1- топ 2- топ







3- топ 4- топ



Үч баскычтуу интервью

Үч баскычтуу интервью – бул окуучулар ортосунда ролдорду бөлүштүрүү аркылуу проблема же тапшырма менен тереңирээк таанышууда же топ мүчөлөрүнүн бири-бири менен таанышуусу үчүн «муз жаргыч» катары сабактын же тренингдин башталышында колдонулуучу биргелешип окутуу методу.

Кантип аткаруу керек?

1-кадам. Окуучулар ортосунда ролдор бөлүштүрүлөт, же окуучулар өздөрү импровизациялай алышат.

2-кадам. А окуучусу Б окуучусун көңүл коюп угуп жана сүрөмөлөөчү суроолорду берип,бир нече минутанын ичинде интервью алат.

3-кадам. Сигнал боюнча окуучулар ролдорун алмашат, жана Б окуучусу А окуучусунан ошончо минута интервью алат.

4-кадам. Дагы бир сигналдан кийин, шериктештер башка шериктештерге бурулуп, төрт окуучудан турган топту түзүшөт.

5-кадам. Топтун ар бир мүчөсү эң кызык учурларды белгилөө менен өз өнөктөшүн жалпы топко тааныштырат.

Окутуучуга биздин кеңештер

«Табууга» зарыл болгон маалыматты же интервьюнун суроолорун алдын ала таратып койсо болот. Бул болсо аудиториянын даяр эместигинде иштин үзгүлтүккө учуроосун алдын алат.

3 кишиден турган топ:



Интервью алуучу

Жооп берүүчү







Жоопторду жазуучу



3 кишиден турган топ

Биринчи кадам



Сурап билүүчү Жооп берүүчү



Экинчи кадам

Жооп берүүчү Сурап билүүчү

Үчүнчү кадам

Баары бири-бири менен өз жоопторун бөлүшөт.



«Зигзаг»

Бул эмне?

Бул окуучуларга көп сандагы окуу материалын аз убакыттын ичинде иштеп чыгууга мүмкүндүк берген биргелешип окутуу методу.

Эмнени өнүктүрөт?

Социалдык (коммуникативдик) көндүмдөрдү.

Аналитикалык-синтетикалык көндүмдөрдү (эң маанилүү идеяларды, өз ара байлыныштын бардыгын, резюме жасоо жөндөмүн бөлүп көрсөтүү ж.б.у.с.

Презентациялоо көндүмдөрүн.

Кантип аткаруу керек?

1-кадам.

Материалды тандап, аны логикалык бөлүктөргө бөлүңүз (4-6 бөлүктөргө).

2-кадам.

Тандалып алынган материалдын бөлүктөрүнүн санына жараша 4-6 адамдан турган топторду түзүңүз. Бул («боордош») топтун ар бир мүчөсүнө өзү үйрөнө турган материалдын бөлүгүнө туура келүүчү номер бериңиз.

3-кадам.

Үйрөнүлүүчү материалды бөлүштүрүңүз.

4-кадам.

«Эксперттик» топторду түзүңүз. Окшош номерлүү студенттер бир топко биригишет. «Эксперттик» топтун милдети материалды үйрөнүү жана «боордош топто» эң мыкты презентациялоо ыкмасын аныктоо.

5-кадам.

Студенттер «боордош» топторуна кайтып келишет жана өз ара маалымат менен алмашат. Эксперттин милдети топтун ар бир мүчөсү материалдын өзү жооп бирген бөлүгүн өздөштүрүүсүн камсыз кылууда турат.

Иштин жыйынтыгында топтун ар бир мүчөсү бүтүндөй материал менен тааныш болот.

6-кадам.

Студенттердин материалды түшүнүүсүн текшерип, жыйынтыктарды чыгарыңыз.

Текшерүүнүн түрлөрү:

  • Эксперттердин презентациялары;

  • Жазуу иштери;

  • Суроолорго жооп берүү;

  • Тесттик тапшырмалар.

«Зигзагтын» вариациялары

Материалды мындан да терең, максаттуу окуп-үйрөнүү үчүн тексттин ар бир бөлүгү боюнча ачык суроолор камтылган «эксперттик барактарды» даярдаңыз.

Окутуучуга биздин кеңештер

  • Коллективдүү таанып – билүү ишмердигиндеги кыжы-кужуга даяр болуңуз.

  • «Эксперттик» жана «боордош» топтордогу иш үчүн жетишерлик өлчөмдөгү убакыт бериңиз (20 минута).

  • Жардам көрсөтүүгө умтулуңуз, зарыл учурда топторго консультация бериңиз.1-кадам: Боордош топтор



2-кадам: Эксперттик топтор





3-кадам: Боордош топтор

4-кадам: (милдеттүү эмес) Эксперттердин презентациялары



1 2 3 4