СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдуу окутуу биология сабагында

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Интерактивдуу окутуу жана методдорду колдонуу ар кандай болот эмеспи. Кээ бир стратегиялар натыйжасын жакшы берет. Колдонуп жаткан стратегиялар

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдуу окутуу биология сабагында»

Реферат

Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын Мамлекеттик Университетине караштуу Педагогикалык кадырлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору

Тема: «Интерактивдүү ыкманы биология предметинде колдонуу»



Текшерген: __________________

Аткарган: Мамаева Күмүшай



Нарын

2020-жыл







План:

  1. Интерактивдүү ыкма деген эмне?

  2. Интерактивдүү ыкманын пайдасы

  3. Интерактивдүү ыкманы биология предметине колдонуу

  4. Жыйынтыктоо

  5. Колдонулган адабияттар



Бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөр ар тараптуу инсанды тарбиялоо үчүн колунан келген бардык күч аракеттерди жумшап келишет. Анткени өлкөнүн өнүгүүсү сапаттуу адистерге көз каранды эмеспи.

Сапаттуу инсанды даярдоо мугалимдин ийгилигине байланыштуу. Андыктан, мугалимдик кесип-тынымсыз эмгекти, кайрымдуулукту жана жоопкерчиликтүү шарт кылган кызмат.

Мугалим- билимдүү жана компетенттүү болууга тийиш.

Анткени, ал ар дайым инсан тарбиясы менен алектенгендиктен, кызматындагы кыпындай гана ката, жоопкерчиликсиздик, кош көңүлдүк жана туура эмес кадамдар бир үй-бүлөнүн , коомчулуктун жана мамлекеттин келечегине балта чабат. Мына ошондуктан, мугалимдин да, окуучулардын да, ата-эненин да таалим –тарбиясы өтө маанилүү.

Мугалим кызматында ийгиликке жетүүсү үчүн маалымат алуу, аны билүү жана колдонуу ыкмаларын жакшы өздөштүрүүсү зарыл. Андан сырткары, окуучулар, ата-энелер жана башка адамдар менен жакшы мамиле куруунун жолдорун өзүндө калыптандырылышы шарт.

Окуучуларда адамгерчиликтүү калыптандыруу, билимди колдоно билүүну үйрөтүү; анализдөө, бүтүм чыгара билүү, ойлонуу, жоромолдоо, сөз табыша билүү жана аңдоо сыяктуу –ар бир мугалимдин күтүлүүчү натыйжалары.



Мугалимдердин жалпы мааниде беш негизги милдети:

  1. Билимге ээ кылуу

  2. Башкаруу

  3. Адистик

  4. Адамдык сапаттарды калыптандыруу

  5. Жол көрсөтүү

Ушул милдеттердин бири-бирине тыгыз байланышта жүргүзүлүүсү анын жеке ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Ар бир мугалим жөнөкөйдөн татаалга кетсек, ар кандай интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен инсанга багытталган окутууну ишке ашырганда күчтүү инсандар тарбияланып чыга келет деп ойлойм.





















Акыркы жылдары окутуунун интерактивдүү усулдары мугалимдердин кызыгуусун арттырып, алар тарабынан кеңири пайдаланылууда. Ошону менен бирге окуучуларга билим берүүдөгү мугалимдин ролу да өзгөрүүдө. Бул багытта мугалимдер тарабынан ар кандай ой-пикирлер айтылып келүүдө. Бирөөлөрү интерактивдүү усулду пайдаланган учурда мугалимдин ролу азаят деп ойлошсо, экинчилери аны пайдалануунун эң женил жана жөнөкөй экендигин айтып, өз милдетин окуучуларды топторго бөлүп, аларга тапшырма берүүдөн гана көрүшөт. Дагы башкалары болсо,интерактивдүү усулдардын артыкчылыгын көрүп-билип турса дагы аны пайдаланып сабак өтүүгө кош көңүлдүк кылып батынбай келүүдө. Ал эми чындыгына келгенде ар бир жаңы теманы өздөштүрүү, ал ыкманы окуучулар менен иштөөдө пайдалана билүү, анда керек болуучу таркатма, көрсөтмө материалдарды даярдоо булардын бардыгы мугалимдер үчүн көп эмгекти талап кылаары баарыбызга белгилүү.

Белгилүү окумуштуу, профессор Советбек Байгазиев агайыбыз өзүнүн “Окутуунун интерактивдүү медтоду” аттуу китепчесинде инсанга багыттап билим берүүнүн башкы максаты болгон интерактивдүү ыкманын ролуна жана аны менен иштөөдөгү мугалимдин ролуна кеңири токтолуп өзгөчө көңүл бурган. Мисалы, инсанга багыттап окутуунун башкы максаты окуучунун инсандыгын өркүндөтүү, анын кызыкчылыгын, шыгын эсепке алуу менен чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн, талантын өстүрүү, ичте катылып жаткан мүмкүнчүлүктөрүн ачуу,

өз алдынчалыгын жана өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болсо, анда ушул максаттарды жана милдеттерди жүзөгө ашырууга жарамдуу, ылайыктуу, ийкемдүү методикалык технология – бул интерактивдүү метод болуп эсептелет. Бул методдор окуучуну ойлонууга аргасыз кылат, мээсин кыймылдатып, ич жактан күүгө келүүгө, изденүүгө түртөт, аналитикалык жөндөмүн козгойт, ой жүгүртүү активдүүлүгүнүн өсүшүнө шарт түзөт.

“Интерактив”сөзү “Inter”өз ара жана “act” кызматташуу деген англис сөзүнөн алынган жана өз ара кызматташуу дегенди түшүндүрөт. Бул термин педагогикада ХХ кылымдын 80-жылдары пайда болгон. Советтик педагогикада ал “Кызматташтык педагогикасы“ деп аталган.

-советтик мектептин алдыңкы тажрыйбаларын;

-орус психология-педагогикалык илимдин жана практиканын жетишкендиктерин

-чет элдик психология

–педагогикалык илимдин жана практиканын жетишкендиктерин бириктирип, 80-жылдардагы алдыңкы мугалимдер тарабынан берилген.





Интерактивдүү ыкма менен окутуу – бул окуу процессинде өз ара байланышта болуу жана түгөйлөрдүн же чакан топтордун өз ара аракеттениши жана кызматташтыгы болуп эсептелет. Демек, интерактивдүү ыкмалар –бул мугалим менен окуучунун жана алардын окуучулар менен болгон байланыштары болуп эсептелет. Интерактивдүү окутуунун башкы өзгөчөлүгү, балдарды окутуу чакан топтордо биргелешип аракеттенүү аркылуу жүргүзүлгөндүгүндө. Биргелешкен иш-аракеттер бир окуучунун жалпы ишке кызыгуусун жаратат жана тырышып аракеттенүүнү, ойлонууну, чыгармачылык активдүүлүктү талап кылат. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө карап көрсөк, интерактивдүү ыкма менен окутууда окуучулардын билим сапаты да бир кыйла жогорулагандыгын байкайбыз

-дискуссияда-50%

-практикалык иште-70%

-бири-бирин окутууда-90% жогорулайт.

Интерактивдүү усулдарды пайдалануу, окуучулардын туруктуу активдүүлүгүн камсыз кылат. Ошондой эле алдыга коюлган максатка жетүү үчүн окуучулар өз ара кызматташууга өтүшөт. Психологдордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй команданын же топтун ички иш-аракеттери, алардын мүчөлөрүнүн бири-биринен үйрөнүүсүнө шарт түзөт. Топто иштөө жана жалпы ишмердикке өз салымын кошуу билгичтиктери, окуучулардын демократиялык, лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрөт. Аткарып жаткан иштери үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө ала билүүгө үйрөтөт. Окуучулардын предметти өздөштүрүп түшүнүүсүн жакшыртат. Теориялык билимден практикага өтүүсүн жеңилдетет.

Окутуунун интерактивдүү усулдарын пайдаланууда: -окуучулардын таанып-билүү жөндөмүн арттырат;

-окуучулардын активдүүлүгү артат;

-окуучулар өз ара жана мугалим менен тыгыз кызматташтыкта,пикир алмашуу жүрөт;

-ар бир окуучу өз билимин, шыгын, жөндөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлук алат;

-окуучулардын сынчыл ой-жүгүртүүсү калыптанат;

-түгөйлөрү менен же чакан топтордо иштешет;

-мугалим фасилитатор, насаатчы катары окуучуларга багыт берип турат;

-проблеманы көрө билишет жана аны чечүүнүн жолдорун издешет;

-тапшырманы аткаруу учурунда окуучулар өздөрүнө башкалардын иш-тажрыйбаларын пайдаланышат;

-топтордо иштөөдө окуучулар өздөрүн эркин сезишет;

-туура эмес жооп берип алам деген коркунуч болбойт.

-окуучулар маалымат эле албастан,жаңы идеяларды дагы иштеп чыгышат жана аны башка варианттардан жакшы экендигин логикалуу түрдө түшүндүрө алышат.

-өз ара мамиледе толеранттуулукту көрсөтүшөт.

-бири-бирин угуу, сыйлоо сапаттарына ээ болушат.

Салттуу сабактардан айырмаланып интерактивдүү усулдарда мугалим негизги фигура эмес, ал фасилитатор (багыттоочу, уюштуруучу) милдетти аткарат. Америкалык педагог-психолог Карл Роджерс “Фасилитация” түшүнүгүн киргизген. (англисче “facilitate” жеңилдетүү, көмөктөшүү, жардамдашуу, колдоо, жагымдуу шарт түзүү) окутуу процессинде окуучунун изденүүсүн коштоп, ага жардамчы болуу. Фасилитатор даяр жоопту айтып бербестен, окуучунун оюндагысын аныктап, маалымат алмашууга багыттай турган, окуучулардын тажрыйбасын тартууга, алардын дараметин пайдаланууга жол ача турган изилдөөчү суроолорду берет. Фасилитатор мугалим класста чыныгы баалуу мамилеси менен мүнөздөлүүчү жагымдуу маанайды түзөт.



















Биология сабагында интерактивдүү ыкманын колдонуу

Биология сабагында интерактивдүү ыкманын колдонууда билим алуучунун зор активдүүлүгүн, анын алынган маалыматтарды өзүнүн ой элегинен кайра чыгармачыл түрдө өткөрүп чыгуусун эске алынат. Демек окуучунун ишмердүүлүгү артат.

«Жуптарда иштөө»

Эмнеден баштаса болот? Топтордо иштөө көндүмдөрү жок класста окуучулар менен топтук ишти кантип уюштуруу мүмкүн? деген суроолорго: «Жупташып иштөөгө аракет кылып көр » деп жооп берсе болот. Бул парталардын көнүмүш жайгашуусуна өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт, балким баарынан мурун балдарды топтук ишке өтүүгө даярдайт. Балдар жуптарда иштешип, бири-бирин үйрөтө алган, жаңы материалды окуп үйрөнүшкөн, көнүгүшкөн, билгендерин текшеришкен ж.б.у.с. ар кандай методикалар бар. Жарым-жартылай жупташып иштөө белгилүү бир алгоритмдин эсебинен камсыздалат. Ал биринчи иретте натыйжалуу өз ара окутууну, текшерүүнү, талкуулоону, түшүнүүнү туура камсыз кылуу үчүн берилет.

Бирок, бул жерде дагы бардык балдардан дароо жакшы ишти күтүү мүмкүн эмес. Ишти уюштуруу жупташып иштөөнүн оозеки нормаларын жана эрежелерин акырындык менен өздөштүрүүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Сабактардын сапаты балдардын индивидуалдуу ыкмаларына жана түшүнүү, баарлашуу, ой жүгүртүү техникасына түздөн -түз көз каранды. Аларды алгоритмге киргизе албайсың. Алар менен мугалим изилдөөчүнүн, методисттин позициясында туруп, такай алектениши зарыл.

Бул парталардын көнүмүш жайгашуусуна өзгөртүү киргизүүнү талап кылбайт, балким баарынан мурун балдарды топтук ишке өтүүгө даярдайт. Балдар жуптарда иштешип, бири-бирин үйрөтө алган, жаңы материалды окуп үйрөнүшкөн, көнүгүшкөн, билгендерин текшеришкен ж.б.у.с. ар кандай методикалар бар. Жарым-жартылай жупташып иштөө белгилүү бир алгоритмдин эсебинен камсыздалат. Ал биринчи иретте натыйжалуу өз ара окутууну, текшерүүнү, талкуулоону, түшүнүүнү туура камсыз кылуу үчүн берилет.

Бирок, бул жерде дагы бардык балдардан дароо жакшы ишти күтүү мүмкүн эмес. Ишти уюштуруу жупташып иштөөнүн оозеки нормаларын жана эрежелерин акырындык менен өздөштүрүүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Сабактардын сапаты балдардын индивидуалдуу ыкмаларына жана түшүнүү, баарлашуу, ой жүгүртүү техникасына түздөн -түз көз каранды. Аларды алгоритмге киргизе албайсың. Алар менен мугалим изилдөөчүнүн, методисттин позициясында туруп, такай алектениши зарыл.

Мугалимдин жакшы ишинин критерийи болуп бул жерде окуучунун жупташып иштөөдөгү дагы, окуу материалын өздөштүрүүдөгү дагы ийгиликтүүлүгү эсептелет.

Кандай гана тема болосун биология сабагында колдонсок жакшы натыйжасын берет жана берип келе жатат. Себеби, ар бир жуп тапшырманы оз алдынча иштешет, ойлонушат, аткарышат.

Топто иштөө

Жупта иштөөдөн кийин көп колдонулган топтордо иштөө. Мында ар бир топтун лидери болот, тапшырмага жалпы киришип, талкуу жүрөт, талаш тартыш болот, аягында доскага чыгып презентациялоого ар бир топтон чыгып жактоого үйрөнүшөт. Топтордо иштөөдө баарына тең окшош берсе же башка башка тапшырма берсе да натыйжалуу болот.

Кластер

Максаты: бул окуучулардын кандайдыр бир тема боюнча ачык жана эркин ойлонуусуна жардам берет. Кластер түзүү – бул маалыматтар, идеялар жана суроолор картасын түзүү жолу. Кластер түзүү когнитивдүү изилдөөгө негизделет.

Кластер түзүү эмнеси менен пайдалуу?

  • Кластер түзүү идеяларды издеп табууга жана иштеп чыгууга, аларды кайсыл бир тартипке келгенге чейин курамдаштырууга же курамдаштырылганды кайра бузууга жардам берет.

  • Кластер түзүү бул кайсы бир фактордун тегерегинде пикир топтоо технологиясы.

  • биология

    Кластер түзүү – бул кимдер бирөөнүн тажрыйбасын колдонуу жана ага форма ыйгаруу техникасы. Жалпысынан бул изилдөө процесси.

Мисалы:









Венндин диаграммасы

Максаты : белгилүү бир темалардын айырмачылыктарын жана окшош жактарын салыштыруу.

Мында мугалим:

- тапшырманы түшүндүрөт

- билгендерин жазышат

- диаграмманы толукташат

- бири –бирине көргөзүп толукташат - жазгандарын окуп беришет. Доскага же батманга жазышат

- жекече жана түгөйү менен иштегенден кийин түгөйлөрдөн бирден окуучу жазгандарын окуп беришет.

Диаграмманы толтурушуп, текшеришет.

Эки теманын окшош-тугу





2-теманын айырмачылыгы



1-теманын айырмачылыгы





1





Мисалы:



Өсүмүк





Жаныбар





Тамактанат,

Клеткадан турат,

Көбөйөт, өрчүйт,

Кыймылдайт









1











Окуучу изденүү менен аракеттенип таблицаны толтурат.

Мугалим үчүн окуучуларды жекече, жупта, топтордо иштетип алганы болот.



Синквейн

Максаты: окуучулардын ой жүгүртүүсүн жана сынчыл ойлоосун өстүрөт.

  • Синквейн, француз тилинен которгондо – 5 сап. Синквейн маалыматты синтездөөгө, резюмелештирүүгө жардам берген, ак ыр.

  • Синквейнди жазуу эрежеси:

  • 1 – сап: Темасы бир сөз менен (адатта зат атооч)

  • 2 – сап: Теманы эки сөз менен баяндап жазуу (эки сын атооч)

  • 3 – сап: Бул теманын чегинде аракеттерди баяндап жазуу (үч этиш же чакчыл)

  • 4 – сап: Темага карата мамиле, сезимдер жана эмоциялар (төрт сөздөн турган фразалар)

  • 5 – сап: Теманын маңызын бир сөз менен кайталоо (теманын синоними).

Мисалы: клетка

    1. Зат атооч: клетка

    2. Сын атооч: кичинекей, көзгө көрүнбөйт

    3. Этиш: өсөт, көбөй, азыктанат

    4. Сүйлөм: клетка – организмдердин кичине бирдиги

    5. Синоним: организмдин бирдиги

Бул ыкма окуучуларды биология сабагын кыргыз тили менен байланыштырууга алып келет. Окуучу суроо берүү менен берилген сөзгө жооп беришет. Окуучуну ойлонууга алып келет жана изденет, жазат.

«Инсерт»

Максаты: бул эффективдүү окуу жана ойлонууну талап кылат.

Бул учурда окуучу темадан алганга чейинки билими, өтүлгөн сабактан алган билимин жазып, айтып эмнени билгиси келсе жазып мугалимге берген кезде, кайсы окуучу эмнени билгиси келгенин билип, ага жооп берүүнүн үстүндө иштешет. 2-3 минутанын ичинде таблицаны толтурат.

Билем

Билдим

Билгим келет






Эки бөлүктүү көндөлүк

Класстагы талкууга даярдык көрүү процессинде окуучулар тарабынан окулган макалаларды жана башка ресурстарды белгилөө үчүн колдонулушу мүмкүн. Окуучулар окуу үчүн берилген материалдарды окушат жана алар боюнча ой-жүгүртүшөт. Окуучулар эки бөлүктүү күндөлүктү даярдашат. Ал кантип жасалат: дептер бети узатасынан так экиге бөлүнөт, сол жагына цитаталар, окулгандан маанилүү учурлар, кызыктуу фразалар ж.б. жазылат, оң жагына окуучу окулган материал боюнча жалпы жонунан же белгилүү бир тематика боюнча өзүнүн комментарийлерин жазат. Окуучулар өздөрүнүн жазып, толтурулган күндөлүктөрүн мектепке алып келишет. Класста окуучулар өз күндөлүктөрүн талкууну баштоо, өнөктөшкөн аннотацияны аткаруу үчүн колдоно алышат ж.б.



























Жыйынтыктоо

Бул темада реферат жазып жатып көптөгөн нерселерге көңул бөлдүм жана артка кайрылдым. Жаны келген кезде кандай сабакка даярданып келгеним, анын артынан көптөгөн изденүүлөр болгонун эстедим. Жаңылануулардын үстүндө иштеп келе жатам. Дагы да болсо мага жаңы ыкмалар керек.

Интерактивдүү ыкмаларды колдонууда окуучунун билимин, билгичтигин жана көндүмдөрүн баалоо механизмдери болот десем жаңылышпайм. Акыркы жылдары окутуунун интерактивдүү ыкмалары мугалимдердин кызыгуусун арттырып, алар тарабынан кеңири пайдаланылууда. Ошону менен бирге окуучуларга билим берүүдөгү мугалимдердин ролу да өзгөрүүдө. Негизи интерактивдүү ыкманы сабакка пайдалануу менен ал ыкмаларды пайдалана билүүнү, анда керек болуучу таркатмаларды, көрсөтмө материалдарды даярдоо булардын бардыгы мугалимдер үчүн көп эмгекти талап кылаарын жон терим менен сезип турам. Кандай гана сабак болбосун изденүү менен иш жүргүзгөндө натыйжасы жакшы болот.

Бул курска келгенимдин дагы бир себеби азыркы талапка ылайыктуу Билим берүүнүн жаңы предметтик стандарттарын окуу процессине колдонуу боюнча маалыматка ээ болуу үчүн келгем. Менин үмүтүм келечектеги мыкты деп аталган педагогдордун бири болгум келет!



Мугалимдик кесип:

Эч качан эскирбеген кесип

Мамлекетти куруучусу

Инсанды жетиштирүү жана тарбиялоо чеберчилиги

Тактап айтканда «Эң улуу кесип-мугалим»





































Колдонулган адабияттар:



1 Азыркы мугалимдин компетенттүүлүгү 2012

2 «Окутуунун жалпы методдору» Бишкек-2004

3 Педагогиканын негиздери

4 Д. Карагулов «Интерактивдүү окутуу методикасынын технологиялары» Бишкек -2018

5. Абдыкерим Муратов, Кыялбек Акматов «Окутуунун жаңы технологиялары» Бишкек-2019

6. К.Р.Абдиев, К.К.Акматов «Устаттын усулдук сырлары» Бишкек-2019

7. Мугалимдин сырдаш китеби Бишкек-2019