СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 28.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдуу сабак

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдуу сабак»

"Жаныбарлар дүйнөсүнө саякат" Математика сабагы боюнча интерактивдүү сабактын планы.

Сабактын максаты: “Теңдеменин жардамы менен маселе иштөө”, “Проценттер”, “Сандын квадраты жана кубу”, “Натуралдык сандар менен болгон амалдар”, темалары боюнча 5 класстын окуучуларынын математика сабагына болгон кызыгуусун арттыруу жана кайталоо.

Сабактын жабдылышы: мультимедиалык проектор, компьютер, карточкалар.

Сабактын предметтер аралык байланышы: биология, зоология, тарых.

Сабактын тиби: билимдерди жана билгичтиктерди калыптандыруу.

Сабактын методу: саякат- сабак, демонстрация.

Сабактын жүрүшү:

I. Киришүү.

II. Математикалык билимдерди актуалдаштыруу.

III.Сабакты жыйынтыктоо.

IV.Үйгө тапшырма.

V.Окуучулардын билимин баалоо.

I. Киришүү. Окуучулардын көңүлүн буруу. Сабакка даярдоо. Демонстрацияны баштоо.

Мугалим. Саламатсыңарбы балдар. Саякаттаганды жакшы көрөсүңөрбү? (ООБА!). Биз бүгүн класстан чыкпай туруп, саякаттайбыз. Саякаттоо жолубуз төмөнкү суроолордон башталат.

  1. Эки чекитти туташтыруучу түз сызыктын бөлүгү.

  2. Алымдан жана бөлүмүнөн турган сан.

  3. Бурчту өлчөй турган курал.

  4. Бардык жактары барабар болгон тик бурчтук.

  5. Аянтты өлчөө бирдиги.

Суроолорго жооп берип, силер зоопаркка кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдуңар. (Мультимедиалык проектордун жардамы менен иштөө (презентация 1)). Саякатыбыз зоопаркта өтөт. Математикалык билимдеридин жардамы менен зоопарктагы жаныбарлар менен таанышабыз.

II. Математикалык билимдерди актуалдаштыруу.

Илбирс(1-слайд).Илбирс (латынча Panthera uncia, башка классификацияда - лат. Uncia uncia) — мышыктар тукумундагы, аскалуу бийик тоолордо жашоочу жырткыч айбан, Кыргызстанда да кезигет. Илбирстин систематикалык орду аягына чейин аныктала элек. Бир эле учурда, илбирс чоң мышыктар (Panthera) жана кичине мышыктар (Felinae) урууларынын морфологиялык жана этологиялык көрсөткүчтөрүнүн комбинацияларына ээ. Тыш келбетинин окшоштугунан улам илбирс узак убакыт кабыландын тууганы деп эсептелген. Бирок акыркы молекулярдык изилдөөлөр илбирстин жолборско жакын тууган экендигин аныктаган.

Илбирс ичке, узун, ийилчээк денеси, бийик тоолуу жерге жашоого ылайыкташкан кенен таноолору менен салыштырмалуу кыска буттары, кичинекей башы жана узун куйругу менен айырмаланат. Куйругу менен кошуп эсептегенде узундугу _____ см. болот, куйругунун узундугу 80-100 см.[ Салмагы _____ кг. Ири эркектеринин салмагы 75 кг. чейин жетет, кээ бир майда ургаачылары 25 кг. чыкпайт. Боюнун бийиктиги ийнинде ____ см. Жүнүнүн түсү көгүлтүр-бозомуктан саргыч-күңүрт чейин болуп тегерек каралжын тактар менен коштолот.

1-тапшырма(2-слайд). Илбирстин салмагын билүү үчүн төмөнкү теңдемени чыгаргыла: 12 * Х + 50 = 530.

2-тапшырма(3-слайд). Илбирс 190 км аралыкты 2 саатта чуркап өтөт. Илбирстин чуркоо ылдамдыгын тапкыла?

3-тапшырма(4-слайд). Илбирстин куйругу менен кошо эсептегенде узундугун тапкыла: 450 : 2 + 5 – 20 =

4-тапшырма(5-слайд). Илбирстин боюнун бийиктигин тапкыла: 10800 : 180 =








Арстан(6-слайд).Арстан (лат. Panthera leo) - мышык сымалдар түрүнө кирүүчү эң ири жырткыч жаныбар. Дене түзүлүшү чың,башы чоң, куйругунун учу кара кылдуу. Денесинин узундугу ____ м ге, бийиктиги 1,2м ге, куйругу ____м ге, салмагы _____кг га жетет. Шамдагай жана күчтүү, жүнү тайкы, оңу күрөң сары. Эркегинин мойну менен көөдөн жагында кара күрөң, узун жалы болот. Арстан жалгыздан же 5-10дон топтошуп жүрөт. Арстан Африка менен Түштүк-Батыш Азиянын саванна жарым чөлдөрүндө кездешет. Ал ири сүт эмүүчүлөрдүн (бөкөн, зебр, жираф) эти менен азыктанат, кээде айбанаттардан тарпын, чычкандарды да жейт. Малга же адамга сейрек кол салат. Арстандардын жыныстык жетилүүсү 3-жылы башталып, үйүгүшөт; ургаачысы 4 айча көтөрүп, 1-6 күчүк тууйт. Арстандар зоопарктардын көбүндө багылып, 25-35 жыл жашайт. Арстан колго бат үйрөнүп, капаста тукумдай берет.

5-тапшырма(7-слайд). Арстандын денесинин узундугун билүү үчүн төмөнкү теңдемени чыгаргыла: 180 : (Х+43) = 4.

6-тапшырма(8-слайд). АВ кесиндисинин узундугу 63 см, ВС кесиндисинин узундугу 37 см. АС кесиндисинин узундугун тапкыла. Арстандын куйругунун узундугун билебиз.

7-тапшырма(9-слайд). Арстандын салмагын тапкыла: 15680 : 56 =

Пил(10-слайд).Пилдер (лат. Elephantidae) – сүт эмүүчүлөрдүн пил тумшуктуулар түркүмүнүн тукуму. Бийиктиги _____ метр, салмагы _____ тоннага чейин жеткен ири айбанат. Денеси жылма, мойну кыска, буттары түркүк сымал, жоон, күчтүү. Алдынкы буту 5, арткысы 5 же 4 манжалуу. Үстүнкү эрди менен мурду биригип өсүп, кыймылдуу, узун пил тумшугун түзөт. Анынучундатаноосу бар. Тумшугужытсезетжананерселердикармайт. Азуутиштери 4 (үстүнкүжаагында 2, астынкыда 2). Тиштериакырындапжешилиптүшөт, аларөмүр бою 6 жолуалмашат. Кылкыйматиштерижок. Үстүнкүжаагындаэкинчимандайтиштери (бивни) дайыма (өмүр бою) өсүптургандыктан, өтөузун. Терисикалын, жүнүжок, катуу, сейреккылмененкапталган. ______жылжашайт. 10–20 жашында 22–24 ай көтөрүп, салмагы______кгдайбир бала тууйт.Өсүмдүкмененазыктанат. Азыкиздепузакжол (суткасына 100 кмгечейин) басат. Ургаачыларыбалдарыменентоптошуп, эркектерижалгыздан же топко чогулуп, бөлөкжашайт. Пилдердин 2 түркүмүнүнбирдентүрү: африкажана индия Пилдери бар. Африка Пилдеринин 2 түрчөсү (саваннажанатокойПилдери) белгилүү. Алардын ареалы жана саны пил сөөгүүчүнкармалып, өтөазайыпкеткен. Акыркы 100 жылдыничинде 2 млнПилдержоккылынган. Негизинен Заир, Танзания, Судан, Кения, Замбиянынулуттукбактарындажанарезерваттардажашайт. Индия ПилдериТүштүкЧыгышАзиянынтокойлуужерлериндекезигет. Колгожакшыүйрөтүлөт. Жумушчужаныбар катары пайдаланылат. ТКЭСтин Кызыл китебине 2 түрүтеңкатталган.

8-тапшырма(11-слайд). Пилдин бийиктигин жана салмагын тапкыла. Теңдемени чыгаргыла: 270 * Х + 71 – 5 = 1416

9-тапшырма(12-слайд). Төмөнкү туюнтманы чыгаруу менен пилдер канча жыл жашарын билебиз: 5 * 17 – 14 * 4 – 66 : 1 =

10-тапшырма(13-слайд). Дүкөнгө биринчи күнү 25 кг алма алып келишти. Экинчи күнү биринчи күнгө караганда 3 эсе көбүрөөк алма алып келишти. Эки күндүн ичинде дүкөнгө канча кг алма алып келишти?Бул маселени чыгарсаңар, пилдин баласынын салмагы билебиз.

Жираф(14-слайд). Жирафтар (лат. Giraffidae) — кепшөөчү сүт эмүүчүлөрдүн ача туяктуулар түркүмүнүн тукуму. 2 уруусунун бирден түрү (кадимки жираф жана окапи) бар. Кадимки жираф зор жаныбар. Тулкукыска, башыанчачоңэмес, моюнужанаалдыңкы буту узун. Салмагы______ кг, жонуначейинбийиктиги 3,7 м, денесикөбүнчөачыкжанасарытүстө, түрдүүформадагы кара-күрөңтактармененкапталган. Африканынсейрекөскөнбадалдуутокойлорунда, ачыкталааларындажашайт. Көпчүлүкжерде эти жанатерисиүчүнкырыпжоккылынган. Жираф түрдүүакациянынбутакжанажалбырактарынжейт, тилинин узундугу _____ см жетет. Жираф ____ км/с ылдамдык менен чуркайт.

11-тапшырма(15-слайд).5 а, 5 б, 5 в класстын окучулары капуста жыйноого барышты. 5 а класстын окуучулары 127 кг. 5 б класстын окуучулары 5 а класстын окуучуларына караганда 2 эсе көп капуста жыйнашты. 5 в класстын окуучулары 5 а класстын окуучуларына караганда 269 кг көбүрөөк капуста жыйнашты. Үч класс биригип канча капуста жыйнашты?Маселени чыгарып, жирафтын салмагын билгиле.

12-тапшырма(16-слайд). Жирафтын тилинин узундугун билүү үчүн, теңдемени чыгарабыз. 14а – 4а = 450.

13-тапшырма(17-слайд). Жираф 165 км алыска чуроо үчүн 3 саат убактысы кетет. Жирафтын чуроо ылдамдыгын тапкыла.

Кенгуру(18-слайд).Кенгуру (Kangaroo) – Сүт эмүүчүлөрдүн тукуму. Дене узундугу 25– ____ см, куйругу 15–_____ см, салмагы 1,4– ___ кг. Секиргенде куйругу тең салмактуулукту сактап, тынч турганда таяныч катары кызмат аткарат. Карыны татаал түзүлүштө, көп камералуу. Өсүмдүк менен азыктанат. Азыгын кулгуп кепшейт. 15–17 уруусу, 55тей түрү Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинея, Бисмарк архипелагында таралган. Жерде секирип жүрөт. Жылына бир жолу бирди (чанда 2) тууп, 6–8 ай баштыгында алып жүрүп жетилтет. Айрым түрүнө эти, териси үчүн мергенчилик кылынат, фермаларда өстүрүлөт. Азайып кеткендиктен, 9 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.



14-тапшырма(19-слайд). Денесинин узундугун билүү үчүн төмөнкү туюнтманы жонөкөйлөткүлө. 29857 : 73 – 83*3 =

15-тапшырма(20-слайд). Теңдеменин тамырын табуу менен биз куйругунун узундугун билип алабыз.2 х + 3 х = 525.

16-тапшырма(21-слайд). Кенгурулардын салмагы, жирафтын салмагынан 8 эсе кичине болот. Кенгурунун салмагы канча кг?

17-тапшырма(22-слайд). Маймылдын чуркоо ылдамдыгы 36 км/саат, бул болсо кенгурунун ылдамдыгынын 90% түзөт. Кенгурунун ылдамдыгын тапкыла.

Балдар АЗАМАТСЫҢАР!

Кийинки тордо отурган жаныбарды билүү үчүн, туюнтмаларды жөнөкөйлөнтүп, торчолорго тиешелүү тамгаларды койгула(23-слайд).

В___(16 + 33) : (25 - 18); Н___(36 + 24) * 2 : 30; И_____330 : (57 – 9 * 3); П____75 : 3 * 5; И___64 : 32 + 9; Н___92 – 18 * 3; Г___15 * 4 + 16.

125

11

4

116

7

11

38














Пингвин(24-слайд).Пингвиндер (лат. Sphenisciformes) — куштардынтүркүмү. Узундугу 40—120 см, салмагы 3—___ кгга жетет.Денеси мамык жүн менен жыш капталган. Боору агыш, жону кара же кара көгүш, айрымдарынын башында сары тагы же үрпөгү болот. Төш сеөгү, андагы булчуңдары жакшы өөрчүгөн. Канаты калакка окшош, сүзгөндө, чумкуганда сууну шилейт, таманы.Каргакчалуу, куйругу кыска. Кээде Пингвиндер сууда дельфин сыяктуу секирип сүзөт. Кургакта начар басат, кар үстүндө кээде боору менен жылат. Алардын 6 уруусунун 17 түрү белгилүү. Субантарктика, АнтарктидадажанaГалапагоссаралында, Австралиянынтүш. жээктерннде ж. б. таралган. Топтошуп (миллионгожакын), айрымдарыанчачоңэмес топ куруп же жалгыздан океан жанынауялашат. Уясынаскага, музга салат, кээбирлериийинказат. Император Пингвиндердинэркегижалгызжумурткасынбутунунжаргакчасындакармап, боорундагытерибүктөөсүмененжашырып 65 күнчө, ал эми Адели Пингвиндерининэркегимененургаачысы 35 күнчөбасат.

18-тапшырма(25-слайд). Пингвиндин салмагы, кенгурунун салмагынын 48% түзөтсө, пингвиндин салмагы канча кг га барабар?.

III.Сабакты жыйынтыктоо.

Бүгункү биздин зоопаркка болгон саякатыбыз аягына жетти. Биз жаныбарлар жөнүндө көп нерселерди билдик. Силер балдар математика жана зоология сабагынан билимиңерди көрсөтө алдыңар. Баарыңар АЗАМАТСЫНАР!

IV.Үйгө тапшырма.

Жакшы көргөн жаныбарыңарга карата математикалык маселе түзүп келгиле.

V.Окуучулардын билимин баалоо.

Бишкек шаарындагы № 55 жалпы билим

берүү мектебинин математика мугалими

Ашыралиева Саадат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!