СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдуу усулдар менен иштоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдуу усулдар менен иштоо»

Тема: Интерактивдүү методдор менен иштөө.

Салттуу метод менен интерактивдүү методдун айырмасы. Методика илиминде жана окутуу процессинде “инновациялык окутуу”, “иновациялык технология” “инновациялык методдор” деген термин түшүнүктөр кеңири колдонулат.

“Инновация”-латын тилинен –ин “ичинен ” “өзүнөн”деген маанини, ал эми экинчи бөлүгү –новация “жанылануу” “өзгөрүү” түшүнүгүн туюндурат.

Инновация окутуунун өзөгү берилүүчү билимдердин жыйындысы эмес , окуучунун жеке ой жүгүртүүсүнө,конкреттүү кырдаал ,маселе боюнча өз алдынча тыянак чыгаруусуна багытталган ,коомдун суроо-талаптарына негизделген билим берүү процессин уюштуруунун багыты,негизи катары кабыл алынат.

Интерактивдүү-(англис тилинен :inter –аралык; act ,active- аракеттенүү) бул окуучунун инсандык жөндом шыгына ,суроо-талаптарына негизделип,билим беруу майнаптуулугун арттырууга , өркүндөтүүгө жана жанылоого (иннивацияга) багытталган окутууга болгон мамиле ,дидактикалык иш-аракеттердин системасы. Интерактивдүү –билим беруу процессинде окуучулардын өз ара жана мугалим менен үзгүлтүксүз пикир алышуусу,биргелешкен иш-аракеттери ,белгилүү бир тыянакка келиши.Мындан улам интерактивдүүлүк –бул процесс, Кыймыл –аракет деген тыянак келип чыгат.

Интерактивдүү окутуу эки функцияны аткарат.

1.Салттуу окутуу процессиндегидей эле сабакка койулган максат-милдетти ишке ашыруу (чечүү)

2.Коюлган максатка биргелешкен аракетте ,бирин-бирин колдоо, жардамдашуу аркылуу жетишүү.

Окутуунун методу.

Метод –үйрөтүүнүн ,натыйжа алуунун жолу ,ыгы. “Методика” окутуп –үйрөтүүнүн ык-жолдорун иликтөөчү илим тармагы. Булар термин катары кеңири колдонулуп,маанилери кыйла такталган.Ал эми тарых предметинин “...методикасы тарыхты окутуу процессинин көп тармактуу компененттеринин байланыштарын изилдейт: окутуунун максаты (кутулбогон натыйжалары) –окутуунун мазмуну материалдарды тандоо –сабак-берүү (мугалимдин ишмердүүлүгү жана окуу методикалык колдонмолор) окуучулардын сабактагы ишмердүүлүгү ” .Метод коюлган максатты акыркы жыйынтык менен байланыштыруучу жип болуп саналат. Билим берүү системасында анын орду аныктоочу болуп, төмөнкүдөй тузулушто кетет .максат-мазмун-метод-форма-окутуу каражаттары.