слайдтын № | Слайдтын мазмуну | |
1 | Үй тапшырманы текшерүү. Окуучулар өз топтору менен өзүлөрүнүн мектеп сайтын презентациялашат. (сунушталган убакыт5 мин.) Мугалим жаңы темага багыттайт: «Силер өзүңөрдүн сайтыңардын үстүндө кагаз жүзүндө эмес, чындыгында эле эмгектендиңер деп элестеткиле. Ал абдан кооз, заманбап көрүнөт. Ал жакка мектеп окуучулары катталышы үчүн силер көп эмгектендиңер. Актуалдуу контент менен толтуруп, кызыктуу кылганга аракет кылып жатасыңар. Кокустан аны кимдир бирөөлөр бузуп кирип, бардык жөндөөлөрүн алмаштырып, ал тургай ага кирүү мүмкүн болбой калды. Силер кандай сезимде болосуар? | |
2 | Окуучулар менен кыскача дискуссия. «Жаңылыктардан силер күнүгө миңдеген сайттар бузулуп, чабуулга дуушар болуп жатканы туурасында көрүп жатасыңар, алардын арасында биржа, банк, ФБР,NASA, ал тургай Пентагон жана АКШнын Ак Үйү да бар. Бул сайттар абдан ишенимдүү электрондук коопсуздук системалары менен корголгон. Ошондуктан социалдык тармактагы жеке маалыматтарды бузуп кирүү абдан оңой. Ким мындай окуяга туш болду эле? Ал эми баракчаларда силердин катталуу убагында киргизген жеке маалыматтарыңар бар да жана алар башка адамдар тарабынан өз максаттары үчүн пайдаланылышы мүмкүн. | |
3 | №1-Көнүгүү. «Менин профилим»(сунушталган убакыт 10 мин.). Бул маселени тереңирээк кароо үчүн, мугалим окуучуларга төмөнкү тапшырманы аткарууну сунуштайт: «Интернетте жаңы популярдуу ресурс пайда болду деп элестеткиле. Ал азыркы ресурстардын мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын бириктирет: социалдык тармактар, видеохостинг, викичөйрө, онлайн-каналдар, жана ошондой эле билим алуу жана эс алуунун жаңы уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү. Силердин досторуңардын көбү бул ресурска катталышкан, ошондуктан силер да ал ресурска тезирээк киргиңер келип жатат. Бул үчүн жөнөкөй регистрациялык форманы гана толтуруу керек» 1-Кадам. Окуучуларга регистрация формасы таратылат жана аларды толтуруу тапшырмасы берилет. Балдарга өзгөчө эскертүү керек, алар социалдык тармактарда пайдаланган өзүлөрүнүн чыныгы паролун жазбай бул көнүгүү үчүн жаңы пароль ойлоп табуулары керек. 2-Кадам. Ар бир окуучу өзүнүн жеке өзүнүн маалыматтарын түзүшү керек Логин* | | жынысы: А,Э | | жашы* | | Электрондук почта* | | Мобилдик телефонунун номери | +996 (______) ________-________- | Пароль* | | Паролду тастыктоо* | | Өлкө / Шаар | | Үй-бүлөлүк абалы | | Жумуш/окуу орду | | Кызыкчылыктары Сүйүктүү музыкасы Сүйүктүү китеби Сүйүктүү кинофильми Сүйүктүү телепрограммалары | | Профилде жайгаштырылган маалымат биз жөнүндө эмнелерди айтып жатат? 3-Кадам. Бул суроого жооп алыш үчүн мугалим толтурулган формаларды чогултуп алып, туш келди кайра окуучуларга таратат. Ал окуучуларга бул кимдин профили экенин аныктоону тапшырат. Бул убакта окуучулар бири-бирине айтпашы керек. Окуучулардын баары тапшырманы аткарып бүткөн соң, мугалим ар бир окуучу кезеги менен профилдин ээсинин паролун айтууну, андан соң анын ээси ким экендигине далилдөөлөрун айтууну суранат. Бардык ой пикирлер, шектенүүлөр, божомолдор айтылган соң, профиль ээлери же ырастап же жооптордун тууралыгын четке кагышы керек. 4-Кадам. Көнүгүүнү талкуулоо. Кайсы профилдин ээсин табуу оңой же кыйын болду? Профилдин ээсин табууга эмне көмөк болду/тоскоол болду? Профилди толтуруп жатканда кандай негиздерге таяндыңар? 5-Кадам. Көнүгүүнү аткарып бүткөн соң, мугалим толтурулган профидерди өздөрүнө таратып берип, жеке маалыматтарга аяр мамиле кылуу керектигин эскертет. | |
4 | Жеке маалыматтарды коргоо туурсында • Ишенимдүү пароль силердин онлайн-ресурстардагы жана тиркемелердеги аккаунттарыңарды коргой алат. • Купуялыкка жөндөө башка адамдардын силердин ар кайсы онлайн-ресуртстардагы жеке маалыматтарыңарга кирүү деңгээлдерин аныктоого жол берет. Интернетке жеке маалыматтарды киргизүүдөн мурда өзүңөр каалаган ресурста экеңиңерге көзүңө жетсин, шылуундар түзгөн башка жасалма баракча болуп калышы мүмкүн. | |
| № 3-Көнүгүү. «Интернет-гигиена» (сунушталган убакыт 15 мин.) Окуучулар менен дискуссия: «Интернет-гигиенанын жөнөкөй эрежелери». Интернет-гигиена деген эмне? Биз билгендей, гигиена – бул айлана-чөйрөдөгү вирус, бактериялардан коргоонуу, ден соолукта болуу. Бизди бала кезибизден баштап гигиенаны сактаганга үйрөтүшкөн(тишти тазалоо, тамак ичээрде колду жуу, жашылча - жемиштерди жууп жеш керек ж.б.). Интернет – так ушул сыяктуу эле вирустар жана башка коркунучтар бар чөйрө, бир гана ден соолукка эмес, капчыгыңа да, руханий дүйнөңө да зыяны тийиши мүмкүн. Биз гигиена эрежелерин бала кезден тартып үйрөнөбүз, ошондуктан интернет колдонуучулары да интернет-гигиена туурасында Тармакка биринчи кадам жасагандан баштап эске алышы керек. 2-Кадам. Окуучулардын 3 топко бөлгүлө 3-Кадам. Ар бир топко мурдатан даярдалган карточкалардагы тапшырманы таратуу. Тапшырманы аткарып бүткөндөн кийин ар бир топ презентация кылат. 1 группа. Кандай интернет коркунучтары бар? 2 группа. Кандай интернет-гигиена эрежелерин билесиңер? 3 группа. Геолокация деген эмне? Анын оң жана терс жактары | |
|
5 | Кандайдыр бир маалыматты алыш үчүн сайтка катталып жатып же соцтармактарда аккаунт ачыш үчүн адатта өзүн жөнүндө кенен маалыматты толтуруу талап кылынат. Айрым учурларда кээ бир пункттары жок болушу мүмкүн. Бирок, тармакка өзүң жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп жатып, аларга болгон козөмолдү жоготуу мумкүн экенин түшүнүү керек. | |
6 | | |
7 | Интернет-гигиена деген эмне? Бизбилгендей, гигиена – булайлана-чөйрөдөгү вирус, бактерияларданкоргоонуу, денсоолуктаболуу. Бизди бала кезибизденбаштапгигиенанысактагангаүйрөтүшкөн (тиштитазалоо, тамакичээрдеколдужуу, жашылча - жемиштердижуупжешкерекж.б.). Интернет – так ушулсыяктуу эле вирустаржана башка коркунучтар бар чөйрө, бирганаденсоолуккаэмес, капчыгыңа да, руханийдүйнөңө да зыянытийишимүмкүн. Биз гигиена эрежелерин бала кездентартыпүйрөнөбүз, ошондуктан интернет колдонуучулары да интернет-гигиена туурасындаТармаккабиринчикадамжасаганданбаштапэскеалышыкерек. | |
|
9 | Негизги интернет-гигиена эрежелери. Интернет-гигиена өтө маанилүү, 99% учурларда колдонуучунун коопсуздугу өзүнөн көз каранды. Эң жогорку технологиялык бузуп кирүүлөрдөн коргонуу мүмкүн эмес. Ошондуктан интернет-сервистер өз колдонуучуларын төмөнкүдөй каражаттардын жардамы менен коргошот: Пароль (интернетте пароль коргогуч функцияны аткарат, ал башка адамдарга силердин жеке маалыматтарыңарга кирип, аларды бузууга жол бербейт. | |
10 | Калыбына келүү каражаты (жашыруун суроолор, кошумча электрондук дарек, мобилдик телефон номери. Эгер паролду унутуп калып, кирүүнү кайра калыбына келтирүүнү кааласаңыз, телефон номериңерди СМС кылып жөнөтүүнү сурашат. Ал номерге кайра жөнөтүлгөн кодду киргизип кайра акккаунтуңузду ачып аласыз. | |
11 | Сак болуу андан кем эмес мааниге ээ. Тармакта бузуп кирбеген деле шылуундар толтура. Алар сиздин почтага кат жазышат, мисалы чоң байлыкты мурастап калдыңыз, жана аны алуу үчүн көрсөтүлгөн шилтемеге кирип, пластикалык картаңыздын номерин киргизүүнү же белгилүү бир сумманы которуунусуранышат.Мындай шылуундукка кабылбаш үчүн ал кат келген даректи текшерип, шилтемени ачпоо керек. | |
12 | Кибер-коркунучтардан коргонуу. Бул үчүн бардык колдонуучуларга вируска каршы программаларды жаңылап туруу жана компьютер, флэшкаларды вирустан текшерип туруу сунушталат. Зыяндуу программалар компьютерде билинбей жылдап жашашы мүмкүн, бир күнү керектүү маалыматты уурдап кетиши ыктымыл. | |
13 | Абайлагыла, жөн жай ишеним артпаган акысыз программаларды көчүрүп же орното бербегиле. Мындай программалар менен бирге вирус же шпиондук программа көчүрүп алышфңар мүмкүн. | |
|
18 | Сабак боюнча бүтүм чыгаруу: (2 мин.) Интернеткежекемаалыматтарыбыздыжайгаштыруумененбизалардын пайдаланылышын көзөмөлдөөнү колдон чыгарабыз. Жеке маалыматтарды коргоонун бир нече жол-жоболору бар. Интернетти колдонууда интернет-гигиена эрежелерин кармануу керек. | |