Просмотр содержимого документа
«Интернет жөнүндө иштелме жана ачык сабак»
Сабактын темасы:
Интернет жөнүндө түшүнүк.
Интернетте саякат жасоо.
Сабактын максаты:
билим берүүчүлүк: Интернет жөнүндө маалымат берилет. Ошондой эле интернеттин коомдогу ролу окуучуларга тааныштырылат. - өнүктүрүүчүлүк : Ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен керектүү билимди, маалыматтарды алат жана ар түрдүү кырдаалда туура пайдаланууга өнүктүрүлөт. - тарбия берүүчүлүк : бири – биринин иш-аракетин сыйлоого, туура баалоого, өзүнүн көз карашын коргоого тарбияланат .
- Сабактын жабдылышы: окуу куралдары, компьютер, проектор.
- Сабактын жүрүшү: 1) Сабакты уюштуруу
2) Үй тапшырмасын текшерүү
3) Жаңы тема:
Интернет
Интернеттин пайдасы жана зыяны жонундо оюнуз?
- _________________
- Себеби:
(бир чечимге келиниз)
Спортсмендердин иш аракетин да мисалга алабыз
- Тайпа менен иштейбиз
- Жарыш сөзгө чыгабыз
- Оюбузду далил менен айтабыз.
- Бири бирибизди угабыз, сыйлайбыз.
- Бири бирибизди баалайбыз.
- «Интернет бул-бүткүл дүйнөнү курчап турган желе»
Албетте биздин коом жыл, ай, күн сайын эмес саат сайын өзгөрүп келет.
Интернет адамдын ой жүгүртүүсүн өзгөртөт, жакшы жашоого стимул болот. Эгер сен интернетти туура пайдалансаң интернет сага эң жакшы дос, жакын мугалимин да болуп бере алат.
Мисалы бир сабактын темасынан калып калдың же түшүнбөдүң дейли. Мүмкүнчүлүк болсо, убакытты туура пайдалана алсан интертеттен издесен баардык суроолоруна канаатандырган жооп аласын. Ар түрдүү буюмдардын да оңой жасалуусун таап, аракет кылып жасасаң болот.
Интернет алысты жакын кылат, биз кыялданган өлкөлөргө үйүбүздө олтурууп барып келсек, чет жакта жүргөн досторубуз же жакын туугандарыбыз менен кат алышып, ал эле эмес бет маңдай олтуруп баарлашсак болот ж.б.
- Ар бир нерсенин каршысы болот. Дегеним интернетти туура эмес пайдаланып, башка агымга, ар түрдүү үрөй учурган кинолорду көрүп, ошол кино же роликтерден терс таасир алып, ошону жасап жаман жолго барган жаштарыбыз да жок эмес.
- Эксперттер баамында кылмыштуулуктун санын өскөнүн, карыялар үйүнүн көбөйүшүн жана башка терс, жаман нерселердин болуп жатканын да ушул интернеттен деп божомолдойт.
Биз ар түрдүү маалыматтарды дүйнө жүзүндөгү эң белгилүү сайттардан мисалы:
Google, Яндекс, Opera, Eldor_daliev, Zhoodarbek_imarov90 жана башка сайттардан алып, колдонсок болот
Жыйынтыктоо: Демек биздин жашообуздагы эң керектүү болгон интернетти туура пайдаланып, убакытты үнөмдүү колдонуп, өзүбүздүн жашообузду жакшы нукка буруп, максаттарыбызга жетип, келечегибиздин кең болуусу бир гана өзүбүздүн колубузда экенин унутпайлы.
Бактылуу учур
( 3,4 сабакта бир колдонсонуз болот)
Биз ийгиликтүү болуубуз үчүн
АКЫЛ+БИЛИМ+АРАКЕТ+ДЕН СООЛУК (+) (……)=ИЙГИЛИК
Бактылуу учур
( 3,4 сабакта бир колдонсонуз болот)
Биз ийгиликтуу болуубуз учун
АКЫЛ+БИЛИМ+АРАКЕТ+ДЕН СООЛУК (+- Бешене )=ИЙГИЛИК
Бактылуу учур
Шарты: бүктөлгөн кагаздардын бирөөсүндө 1 деген цифра бар калгандары 0.
Эгерде кайсы окуучудан 1 чыкса ошол окуучуга бир баа кошулат. 3 болсо 4 болот, 4 болсо 5 болот а 5 болсо күндөлүгүнө катар 5 коюлат.
Үй тапшырма: дагы кандай сайттарды билесинер? кайсы багытта,кантип колдондуносунар?
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат