Просмотр содержимого документа
«Интернеттен кандай маалымат алуу керек?»
Сабактын темасы: Интернеттен кандай маалыматты алуу керек?
Сабактын максаты:
1. Окуучулар интернеттен кандай пайдалануу жөнүндө маалымат алышат.
2. Таанып билүү жөндөмуү, кругозорун өнүктүрүү зарылдыгына ынанат.
3. Өз оюн тартынбай айтууга, башкалардын пикирин уга билүүгө үйрөнөт.
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, слайд, видеролик ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу.
Окуучуларды жоктоо. Сабакка даярдыгына конул буруу.
2. Киришүү үчүн суроолор:
- Интернет дегенде эмнени тушунобуз?
- силер интернетти кандай пайдаланып жатасынар?
3. Жаны теманы түшүндүрүү.
Интернет-буткул дүйнөнү камтыган компютердик тармак. Бүгүнкү күндө интернеттин дүйнөнүн 160 тан ашык өлкөсүндө 30 милиондон ашуу абоненти бар. Ай сайын бул тармак 5-10% ке көбөйүүдө. Интернет дүйнөдөгү ар түрдүү мекемелердин түрдүү маалыматтык тармактарын чагылдыруучу ядро.
Алгач интернет файлдарды жөнөтү, алуу жана электрондук почта менен гана чектелсе, азыр бир топ татаал проблемаларды чечет. Бир аз жыл мурда жаны электрондук архивдерди пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүүчү программалык кабыкчалар пайда болду.
Азыркы мезгилде интернет бардык мүмкүн болгон тармактар аркылуу, телефон линияларынан баштап жогорку тездикте иштөөчү сандык спутниктерге чейин таралган.
Учурда интернет маалымат алмашуунун негизин түзүп калды. Эгер маалымат алмашуу тездесе анда коомдун өнүгүүсү да тездейт.
Интернетте файлдарды жөнөтүү, алуу жана электрондук почталардан башка эмнелер бар? – деген суроолор туулушу мүмкүн. Эгерде биз интернетти ушундай көз караш менен карасак чоң жаңылыштык кетирген болобуз. Интернеттин каалаган бир сайттын ачып карайлы да, анда көрсөтүлгөн ар бир пунктарды, ссылкаларды ачып көрсөк жогорудагы суроону берүүнүн кажаты жоктугун көрөбүз.
Интернетти колдонуунун бир мисалы интернетти массалык маалымат каражаты катары да кароого болот. Анткени күндөлүк жаңылыктардан тышкары көпчүлүк газета-журналдардын, телеканалдардын, радиоканалдардын сайттары ачылып аларга массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруучу маалыматтардын электрондук формалары толук киргизилген. Ал сайттар тынымсыз жаңыланып, айрым учурда массалык маалымыт каражаттары жарыялай элек материалдарды жарыялашат.
Мындан тышкары интернетте рекламалык кызматтардан пайдаланып өзүбүзгө керектүү маалыматтарды топтоого болот. Ал эми компьютердин программалык жабдылышы боюнча каалаган драйверлерди, жаны программаларды да алууга болот.
Атайын тематикарар боюнча уюштурулган форумдардан суроолорду берүү менен ар кандай пайдалуу кеңештерди алууга болот.
Мисалы, http://www.piter.com .жана башка интернет китепканалары аркылуу керектүү адабияттарды таап алууга болот. Бирок ар бир эле табылган адабияттарды көчүрүп алуу мүмкүн эмес. Анткени ал адбияттарды алуу үчүн көпчүлүк китепканаларга алдын ала акча которуу керек. Бул адабияттарды эки формада алууга болот. Натуралдык формада жана электрондук формада. Электрондук формасы натуралдык формага караганда бир топ арзан турат. Бул интернет китепканалардан тышкары жума сайын чыгуучу ар бир предмет боюнча газета-журналдар бар. Мисалы: информатика, биология, физика ж.б. предметтери боюнча газеталарды интернеттен табуу үчүн http://www.1september.ru сайтына кирип, керектуу предметти тандоо жетиштуу. Бул сайттан керектуу предмет боюнча газетанын каалаган номерин алдын ала акы төлөө менен алдырууга болот.
Интернетте билим берүү системаларына керектүү маалыматтарды алуунун дагы бир ыңгайлуу жолу бул рефераттардын файлдык архивдерин пайдалануу. Бул сайттардан рефераттардын, курстук иштердин, окуу усулдук колдонмолордун, предмет боюнча тесттердин, суроолордун, дипломдук иштердин, докладдардын, стаьялардын электрондук формаларын акысыз көчүрүп алууга болот.
4. Жыйынтыктоо.
Билим берүү системасындагы адабияттардын жетишсиздигин билим берүү мекемелерин жаңы маалыматтар технологиялары менен жабдуу жана аларды интернет байланышы менен камсыздоо менен жоң алабыз. Ошону менен бирге ал аркылуу окуучулардын, студенттердин компьютердик, маалыматтык билимдүүлүгүн жогорулатууга болот.