Просмотр содержимого документа
«Иондук байланыш. Суутектик байланыш. Металлдык байланыш»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Иондук байланыш. Суутектик байланыш. Металлдык байланыш
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: аӊгемелешүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Иондук байланыш, суутектик байланыш, металлдык байланышты окуп үйрөнүшөт | Иондук байланыш; суутектик байланыш; металлдык байланышты пайда болушун айтып, жазып түшүндүрүп бере алышса |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Ион, атом, молекула, металлдар жана металл эместер, валенттүүлүк, терс электрдүүлүк, химиялык байланыштар: коваленттик уюлдуу жана уюлсуз, донор-акцептордук байланыштар, химиялык формула боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат. | Ион Атом Молекула металлдар жана металл эместер; валенттүүлүк терс электрдүүлүк химиялык байланыш химиялык формула боюнча алган билимдерине таянуу менен химиялык байланыштарды: коваленттик, иондук, суутектик, металлдык байланыштарды бири-бирине салыштырып окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтып бере алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Иондук байланыш;
суутектик байланыш;
металлдык байланышты пайда болушун айтып, жазып түшүндүрүп бере алышат
Ион
Атом
Молекула
металлдар жана металл эместер;
валенттүүлүк
терс электрдүүлүк
химиялык байланыш
химиялык формула боюнча алган билимдерине таянуу менен химиялык байланыштарды: коваленттик, иондук, суутектик, металлдык байланыштарды бири-бирине салыштырып окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтып бере алышат
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Иондук байланыш, суутектик байланыш, металлдык байланыш боюнча жалпы маалымат алышат
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Ион, атом, молекула, металлдар жана металл эместер, валенттүүлүк, терс электрдүүлүк, химиялык байланыштар: коваленттик уюлдуу жана уюлсуз, донор-акцептордук байланыштар, химиялык формула боюнча билими бар
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Жандуу жана жансыз оюну
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Төмөндөгү заттардын кайсыларынын молекулалары уюлсуз коваленттик байланышта?
а) HCl, Cl2, H2O;
б) H2, O2, CH4;
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):
Иондук байланыш
Жогоруда сөз кылгандай химиялык байланыш азыркы көз караш боюнча электрдик жаратылышка ээ. Терс электрдүүлүгү боюнча бири- биринен кескин айырмаланган атомдор өз ара аракеттенишкенде, электрон терс электрдүүлүгү кичине болгон атомдон терс электрдүүлүгү чоң болгон атомго өтүп, иондор пайда болот. Мисалы, натрийдин атому
(терс электрдүүлүгү 0,9) хлордун атому(терс электрдүүлүгү 3,5) менен аракеттенишкенде төмөндөгүдөй процесстер жүрөт:
Na – ē→Na+
Cl + ē→Cl -
Na + Cl →Na+ +Cl-
Байланыштын пайда болуу схемасында атомдун сырткы энергетикалык деңгээлиндеги жупташпаган жалгыз электронду бир чекит, ал эми жупташкан электрондорду кош чекит менен белгилөө кабыл алынган. Пайда болгон электрондук жуп, терс электрдүүлүгү чоң болгон атомго биротоло өтүшүнүн натыйжасында, терс электрдүүлүгү чоң болгон атом терс ионго айланат. Ал эми өзүнүн электронунан ажыраган терс электрдүүлүгү кичине болгон атом оң ионго айланат. Пайда болгон заряддалган бөлүкчөлөр иондор деп аталат. Мындай иондор электростатикалык тартылуу жана түртүлүү күчтөрүнүн негизинде бири-биринин жанында кармалып турат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. Металлдык байланыш кайсы затта пайда болот? 2. Молекулалардагы баардык иондордун заряддарынын суммасы канчага барабар? | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Кайсы топтогу заттардын молекулаларына иондуу байланыш мүнөздүү? Далилдүү жооп бергиле.
а) Н2О, NaCl, NH3;
б) NaCl, MgSO4, Cl2;
Баалоо: