9-класс Алгебра
Иррационалдык тендемелер
№ 42 Самат Ашимов атындагы орто мектебинин
математика мугалими Муратова Жыпаргүл
№
1
Сабактын максаттары
2
Көрсөткүчтөрү
Билим берүүчүлүк:Иррационал-дык теңдемелер боюнча кеңири түшүнүк алса
3
Өнүктүрүүчүлүк:Иррационалдык теңдемелердин касиеттерин колдонуп мисалдарды чыгарууга үйрөнсө
Иррационалдык теңдемелер боюнча кеңири түшүнүк алат
Иррационалдык теңдемелердин касиеттерин колдонуп мисалдарды чыгарууга үйрөнөт
Тарбиялык:Окуучуларды дептерге тура так жазууга көнүктүрүү менен алардын өз алдынча, эстетикалык табитин жакшыртуу жана топтор менен ынтымакта иштөөгө тарбияланса
Тарбиялык:Окуучуларды дептерге тура так жазууга көнүктүрүү менен алардын өз алдынча, эстетикалык табитин жакшырат жана топтор менен ынтымакта иштөөгө тарбияланат.
Сабактын тиби: жаңы тема
Сабактын усулу: стандарттык эмес (оюн сабагы)
Сабактын уюштуруунун формасы: жекече, топтук, фронталдык
Сабактын методу : сүйлөө методу, көрсөтмөлүүлүк методу,
Сабактын жабдылышы:
Тапшырмалары, мисалдары бар карточкалар
Плакаттар
Слайд
Сабактын жүрүшү:
1) Уюштуруу (саламдашуу,жоктоо,класстын тазалыгына көңүл буруу)
2) Үй тапшырманы текшерүү
№ 381. Барабардыктардын тууралыгын текшергиле
а) б)
№ 384.
а)
б)
3) Кайталоо:
Мурунку сабагыбызда биз n- даражадагы тамыр жана анын касиеттери деген теманы өткөнбүз. Аныктамасын, жазылышын, касиеттерин жана эсептерди чыгарганды билебиз.
Контролдук суроолор:
1.а санынын n-даражадагы арифметикалык тамыры деп эмнени айтабыз?
2.∛8=?
3.Тамырлардын негизги касиеттерин жазгыла?
∛ (√(5&7)) =?
Жооптор:
1. n-даражасы а га барабар болгон терс эмес санды айтабыз.
2. 2 3 =8
(b
в) (k
(k
д) (k
4)
4) Жаңы теманы түшүндүрүү:
Сабактын темасы: Иррационалдык теңдемелер
Сабактын максаты: Иррационалдык теңдемелерди өтүүдө анын аныктамасын, жазылышын, касиеттерин колдонуп мисалдарды чыгаруу.
Аныктама: Өзгөрмөсү тамыр астында камтылган теңдемелер иррационалдык теңдеме деп аталат. Мисалы, теңдемеси ушундай теңдемеге кирет.
Мисалдар:
1-мисал. Төмөнкү теңдемени чыгаралы :
Бул теңдеменин эки жагын тең квадратка көтөрөбүз:
Мындан төмөнкү келип чыгат: x 2 =9, б.а. x=3 же x=-3 .
Алынган сандар теңдеменин чыгарылыштары экенин текшеребиз.Чындыгында, аларды бул теңдемеге койгондо
же
2-мисал. теңдемесин чыгаралы.
Теңдеменин эки жагын тең квадратка көтөрүп,
тү алабыз.
Жөнөкөйлөткөндөн кийин тамырлары x=1 жана x=4 болгон
квадраттык теңдемесин алабыз.Алынган сандар берилген теңдеменин чыгарылыштары болорун текшергиле.4 санын бул теңдемеге койгондо туура барабардыгын алабыз, б.а. 4- берилген теңдеменин чыгарылышы.1 санын койгондо оң жагында -1ди ал эми сол жагында 1ди алабыз .Демек, 1 саны теңдеменин чыгарылышы боло албайт- муну (берилген теңдемени чыгаруу үчүн кабыл алынган ыкмага байланыштуу келип чыккан) бөлөк тамыр деп айтабыз.
Жообу: x=4
Мындан биз иррационалдык теңдемелерди чыгарууда алынган чыгарылыштарды текшерүү талап кылынарын көрөбүз , себеби, мисалы, туура эмес барабардыкты квадратка көтөргөндө туура барабардыкты бериши мүмкүн. Чындыгында 1=-1 туура эмес барабардыгын квадратка көтөрүүдө 1 2 =(-1) 2 туура барабардыгын берет.
3-мисал.
чыгаралы. деп алып,
Системасын алабыз.
Экинчи теңдеменин сол жагын көбөйтүүчүлөргө ажыратабыз:
Биринчи теңдеме боюнча . Ошондуктан система
системасына тең күчтө. Экинчи теңдемедеги нын маанисин биринчиден табылганды коюп,
теңдемесин алабыз.
Алынган квадраттык теңдеме эки тамырга ээ: Аларга туура келүүчү нын маанилери: x жана y өзгөрмөлөрүнө өтүп, төмөнкүлөрдү алабыз: . Жообу: (1;27), (27;1)
Көнүгүүлөр иштөө
Мында группа менен иштеп, окуучуларды 5 топко бөлөбүз, ар бир группада бештен окуучу болот. Темага карата мисалдарды чыгарабыз. Эсеп жазылган карточкалар болот. Ар бир карточкада группага бөлүнгөн окуучулардын санына жараша болот. Мисалы үчүн бир карточкада беш эсеп болот.
1-карточка
2-карточка
=2
3-карточка
4-карточка
5-карточка
Баалоо :
Баалоо фигуралардын жардамы менен түзүлгөн. «5» деген баага беш бурчтук, «4» болсо төрт бурчтук, ал эми «3» үч бурчтук болсун.
Жыйынтыктоо:
Окуучулардын команда менен, өз алдынча иштөөсү боюнча жалпылоо.Окуучулардын берген суроолоруна жооп берүү, алардын тобуна жана ар бирине коюлган баалардын жыйынтыгын чыгаруу.Үйгө тапшырма берип,тапшырма боюнча маалымат берүү.
Үй тапшырма
№ 418
№ 419
№ 423
№ 424
№ 426