Лейлек жергем - санжыралуу мекеним
Бүт жергемде майрам күүсү жаңырып, Элим ашты 90 белди аркалап
Тоодо,түздө, ар бир үйдө көчөдө. Жарык маанай,шаңдуу үндөр чар тарап.
Добулбастын кубанычы кагылып, Куттук айтып келгин мейман жергеме,
Толкунданып турат элим өтө эле. Лейлегимде бүгүн улуу салтанат!
Саламатсыздарбы бүгүнкү кеченин катышуучулары! Кутмандуу кушубак күнүңүздөр менен!
Сиздердин назарыныздарда “Ак-Булак” орто мектебинин окуучуларынын аткаруусундагы көрүнүшкө көңүлүңүздөрдү бурабыз
Биздин айыл Кутчунун алкымында жайгашкан Ак-Булак айылы.Айылды көркүнө чыгарып турган төө өркөчтүү зоокалары, адыр сыяктуу жылгалары, таштардын арасынан чыгып жаткан тунук суулары, андан сырткары карагат, шилби, бадам, чие, кийик оту, дары чөптөрү барган адамды суктандырбай койбойт. М Ына ушунун баары мекендеген “Кутчу Тоонун аталышы жөнүндөгү уламыштыбаяндап берсениз чоң ата:
-Макул балдарым угуп тургула : -Илгери өткөн заманда бул тоодо Аркар, кулжа, тоодак, топоз, аюу, жолборс, илбирс ж.б. жан –жаныбарлар жашап, аскаларында бүркүт шаңшып ,кекилик сайрап ушул аймакты мекендеп турган экен. Тоо бийик чокулуу эмес жапыз келип, үстүңкү бөлүгү малга жайлуу жайыт болгон.Эл да отурукташкан. Ак-Булак айылын кесип өткөн дайрадан элдер наркы өйүзүнөн берки өйүзүнө араң өткөн.
Ошентип мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенген элге жут болот. Күн аябай ысып, суу тартылып , мал жанга кыйын күн болгон. Тоодогу жапайы жаныбарлар башка жакка ооп кеткен. Ошондо Рамазан айынын кадыр түн кечеси, таңга жуук биздин тоого конгон Мүйүздөрү жылтыраган кийиктерди көрөт. Себеби карыялар бул ыйык түндө “Аккан арыктан суу агат” бизге кайрадан кут келди деп үмүт менен кадыр түндү тосушкан.
Мына ошол кийиктер эл малы менен бирге оттоп, суу ичип жүрөт.Кийик оттогон жердин чөбү кайра көбөйүп,суу көбөйүп, түнкүсүн шагынан жарык чыгып, бир топ жерге нур чачкан.Элдин жашоо оңолуп,жыл жаанчыл болуп,токчулук,бейпил турмушта элибиз өмүр сүргөн.
Ошол мезгилде эл чогулуп, бир аксакалыбыз :”Баарыңар уккула,көкүрөгүңөргө түйүп алгыла.Кудайдын каалоосу менен биздин жашообуздун жаңыланышына КУТ келди.Бул кийиктерге эч ким кол көтөрбөсүн. Кудайымдын кутуна , жиберген ырыскысына биздин тоонун аты “Кут келди” деп аталсын “-деп алакан жайып бата кылышкан.
Мына, балдарым, мына ошол кылымдан ушул кылымга чейин “Кут келди” бара –бара “Кутчу” азыр болсо “Кутчу Тоо” деп аталып калган.
Кут деген сөз- тынчтык,ыйман-ырашкерлик, акыл, билим , бакыт ,дөөлөт, ырыскы кыскасы баардык жакшылыктар...
-ООба, чоң ата аябай соонун экен . Бул уламышты биз да өзүбүздөн кийинки муунга жеткирели деп сөз беребиз.
А “Ак-Булак ” айылы жөнүндө эмне демекчисиздер,чоң ата:
Тээ илгери Бул айылда 41 булак болгон. Кесек уруусунан ЖУМАГУЛБАЙ аттуу киши малы көп жашоого жайыты жакшы деп ушул жерди мекендеген экен. Алтынчы уруусунан БЕГЛЕР деп коюшкан биздин ата-бабаларыбызды. Алтынчы уруусу бизден тараган 12 уулу болгон жана ошол уруу азыр 12 жерде жашап жатат. Атап кетсем: Ак-Булакта, Чимгенде, Кара-Камарда ,Ак-Теректе, Сүлүктүдө, Достукта,Ноокатта, Араванда,Андижанда,Наманганда ж.б.Ар дайым алтыны (тилласи )болгон Бей бечараларга жакшы жаша деп алдынан чыкса берчү экен. Бардар адам болгондуктан баары сыйлап БЕКТЕР деп сый урмат көрсөтчү экен. Биз ошол БЕГЛЕРдин тукумубуз.Алтынчы уруусубуз
БУЙЛАШ жана КУЙЛАШ атту эки баласынан тарагандар азыркы учурда биз бир атанын балдарыбыз. БУЙЛАШТАН ---ТҮРСҮНБЕК ; ТУРДУБЕК ; РАИМБЕК ҮЧ БАЛАСЫНАН Ак-Булак айылынын эли пайда болгонбуз.
ТУРСУНБЕКТИН БАЛДАРЫ --- Шамурат, Жакып , Жахангир
ТУРДУБЕКТИН БАЛДАРЫ----КАТТАБЕК , ПАЗЫЛ, БОТОБЕК Ж.Б.
РАИМБЕКТИКИ ----------МӨӨЛАНБЕК, БЕРДИМУРАТ.
1. МӨӨЛАНБЕКТЕН ----АЙДАРБЕК(кызы болгон) ТӨРӨБЕК, КАРАБЕК, РУСТАМБЕКТЕН---АМИР...
2. БЕРДИМУРАТ ТОБУ—ПОЛОТ. ЖОЛДОШ, МАКСУТ.
КУЙЛАШТАН ТАРАГАНДАР—САРТМАТ,,Иргаш (Шакир ага), Эргеш(Шамши).
Үлкөр деген ыйык жерибиз бар . Бул жөнүндө көп уламыштар айтылып жүрөт. Ошолордон бирин айтып кетейин. Тээ илгери айылыбыздан ажылык сапарга чыгып 6 киши барган экен. Ошолордун 3өө ошол жакта калып 3өө кайра кайтып келген экен. Аравияда калганы Ак-Булак деп атайы жатакана ачып, азыркы убакта баргандарды бекер күтөт экен.
Турсунбектин баласы Мусабек ажынын мечити болгон. Ал жерден суу чыгып, дарак өсүп чыккан. Кийин дарактын башында ээси жылан болгон.Дайым бул жерди ыйык тутуп, таза сактап,элибиз сыйынган. Кийиктин шагын коюп, таш тизип коруган. Жылына бир-эки айча суу чыгып тартылып кетет.Жаанчыл болгон кезде көбүрөөк агат. Азыр да элибиз ыйык жерди ыйык тутуп келет.
Мына балдарым бул ата-бабабыздан бизге калган ыйык жерлерибизди биз да муундан-муунга өткөрүп ыйык сактап бийик туталы. Оомийин, силерге дагы бак консун, куттуу айылыбыздан кут кетпесин, ынтымагыбыз бекем болсун.Өрүшүбүз малга, кампабыз данга толсун.Дайыма бар бололу бир бололу!!!
Бекитемин:
“Ак-Булак” орто мектебинин
Директору______Напиева М.
12.02.2020.
“Ак-Булак” орто мектебинде 2019-2020-жылында “Ооган согушу- тарыхтагы ёспёс так”деген темада жолугушуу кечесине карата тузулгон
И Ш Ч А Р А
№ | Аткарыла турган иштер | Мооноту | Жооптуулар |
1 | Ооган согушунун катышуучусу Иргашев Мыктыбек ага менен жолугушуу уюштуруу | 14-февраль | Мектеп администрациясы |
2 | “Ооган согушу – тарыхтагы очпос так”деген темада тегерек столду алып баруу | 14-февраль | Мектеп президенти Тарых мугалими Матаев У. |
3 | Дасторкон тузоо | 14-февраль | Профком Саттарова А. |
4 | Белек даярдоо | 14-февраль | Организатор Жабарова С |
ДТИБОБ: Жабарова Сапаргул Абдукаримовна
Бекитемин:
“Ак-Булак” орто мектебинин
Директору________Напиева М.
18.02.2020.
23-февраль Мекен коргоочуларынын кунуно карата
“Ак-Булак”орто мектебин де откорулуучу сынактын
Ж О Б О С У
Аталышы: “Мырза жигит-2020”
Максаты: Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун “Аймактарды онуктуруу,олкону санариптештируу жана балдарды колдоо ”жонундогу Жарлыгын ишке ашыруу;
-Мектептеги онорго шыктуу жаштарынын талантын ачуу.
-Жаштарды ыйман-адептуулукко,оз мекенинин патриоту болууга тарбиялоо;
-Мектептеги жамаатка майрамдык маанай тартуулоо;
Ш А Р Т Т А Р Ы :
1.Саламдашуу 0зун-озу тааныштыруу
2.Спорттук мелдеш (Таяк тартыш, )
3.Корком окуу солдаттын каты
4.Патриоттук ыр
Э С К Е Р Т У У :
-Калыстар катышуучулардын кийимине,соз байлыгына,сахна маданиятына,аткаруучулук чеберчилигине ж.б. конул болот.
-Женуучуго “Мырза жигит-2020” титулу ыйгарылат.Катышуучуларга белектер берилет.
Бекитемин:
“Ак-Булак ”орто мектебинин
Директору________Напиева М.
18.02.2020.
2019-2020-окуу жылында “Ак-Булак” орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил кунуно карата тузулгон
И Ш Ч А Р А
№ | Аткарылуучу иштин мазмуну | мооноту | Жооптуулар |
1 | Эл аралык эне тил кунуно карата иш план иштеп чыгуу жана бекитуу | 18-февраль | ДТИБОБ Жабарова С. |
2 | Эне тил боюнча доклад даярдоо | 21-февраль | Билим министри Худаярова А. |
3 | Ар бир класс Эл аралык эне тилине карата бирден номер даярдоо | 21-февраль | Класс жетекчилер 1-9-класстар |
4 | Кыргыз тили гимнин ар бир класс жатка билуу | 21-февраль | Класс жетекчилер |
5 | Ар бир класс каанасында буклеттер коюлсун | 20-февраль | |
ДТИБОБ: Жабарова Сапаргул Абдукаримовна