СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ит менен аюу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ит менен аюу»

Предмет: Адабий окуу

2–класс


Тема: Ит менен аюу



Сабактын максаты: Окуучулар ит менен аюу жөнүндөгүжомоктун маанисин түшүнөт, анын мазмунун ачып бере алат.

Индикаторлор:





  • үйжанажапайыжаныбарлардынкышкыжашоотиричилигитуураалуубилишет;

  • достуктунбаалуулугунтүшүнөт (бири–биринсыйлайт, түшүнөт, бири-биринежакшымамилежасайт);

  • окуучулар мугалимдин аңгемесин угат, таблицаны толтурат;

  • ролдоштуруп окуп берет;

  • табышмактарды айтып берет. Мугалим:

–Балдар, бүгүн биз жомок өтөбүз. Жомогубуз эмне жөнүндө экенин билиш үчүн мен азыр силерге табышмак айтам, силер аларды тапсаңар, аны светофордун жардамы менен мага көрсөтүп турасыңар. Эгерде кимде–ким сөздү толук тапса–жашыл түстү, ким таба албаса кызыл түстү, ал эми ким өзүнө ишене албай турса–сары түстү көтөрөт.

Табышмак:

Саксайган түрү бар.

Адам коркор үнү бар. (аюу)



Тааныштары келгенде, Такыр аны тоготпойт. Чоочун бирөө келгенде,

Арсылдап үйгө жолотпойт. (ит)



  1. Мугалим: Балдар,бүгүн өтө турган жомогубуз эмне жөнүндө экен?

  2. Окуучуларга тапшырма: Окуучулар жомокту өз алдынча окуп чыгышат.

  3. Сөздүктөр менен иш алып баруу(чечмелөө).

–чээн–үңкүр

–обу жок тамашаңды–орунсуз тамашаңды

–шимип сооруп

  1. Жуп боюнча иштөө. Текст боюнча бири–бирине суроолорду беришет. Суроолор(болжолдуу)

  1. Ит менен аюу эмне болушуптур?

  2. Аюу досуна эмне деди?

  3. Ит эмне деп таң калды?

  4. Кыштай үңкүрдү жатабыз, жазында чээнден чыгабыз деп ким айтты?

  5. Ит эмне деп жооп берди?

  6. Ким иттин таманын шимиди?

  7. Ит эмне деп ыйламсырады?

  8. Аюу эмне болду?

  9. Ит эмне кылды?

5.Жомокту ролдоштуруп окутуу.



Жыйынтыктоочу суроолор:

Ит менен аюу кандай достордон экен?

Силердин да досторуңар барбы? Азыр досторуңар туураалуу,алардын силерге жасаган мамилеси жөнүндө бири–бириңерге айтып бергиле.



  1. .Дос жөнүндө макалаларды айтуу.

Окуучулар билген макалаларын айтышат.



  1. .Мугалимдин аңгемеси.

Үй жана жапайы жаныбарлардын, ит менен аюунун кышкы жашоосу. Ит–жыртткычтардын жеп кетүүсүнөн үй жаныбарларын коргойт. Үйдү кайтарат. Мергенчилер менен бирге жүрөт. Буйрук менен көп нерселерди үйрөнүп, жардам берет. Бир жергебир нерсени “алып бар” же “алып кел” десең, ал буйрукту аткарат. Кээ бир иштер ууруларды жана тартип бузгандарды кармап, милиционерлерге жардам беришет. Ошондуктан элде “ит адамдын досу” дешет.

Аюу– жапайы жырткыч жаныбар .Башы өтө чоң,кулагы тегерек келип анча чоң эмес. Салмагы 150 кг га чейин жетет. Алдыңкы буттары күчтүү келет. Аюунун жыт билүү сезими күчтүү өөрчүгөн, адамдарды алыстан сезип, билинбей качып кетүүгө үлгүрөт. Аюу көбүнчө өсүмдүктүрдүн тамыры, мөмөсү менен тамактанышат. Кышында чээнге кирип, 2–3 ай уктайт. Семире элек аюулар чээнге кечирээк киришет.

Бышыктоо. Билем, билдим, билгим келет таблицасын толтуруу.





Билем



Билдим



Билгим келет



Жырткыч



Өсүмдүктөрдүн тамырын жейт.



1.Аюу балдарын кантип багат?

Жапайы

Салмагы–150кг болот.

2.Аюунун душмандары:



Балык, бал жейт

Чээнде 2–3 ай уктайт, семире элек аюулар чээнге кеч кирет.

3.Токойдогу аюулар кышында кайда жашашат?

Чээнге кирет

Алдыңкы буттары күчтүү.



2–топ. Сүйлөмдү толукта.

Мен ... өсүмдүктөрдүн ..... жейт экенин билдим. Мен аюу .... , ..... жейт экендигин билем. Мен семире элек аюулар .... ... кирээри кызык болду.

Мен дагы аюу....кантип .... билгим келет.


Мен аюу өсүмдүктөрдүн тамырын жейт экенин билдим. Мен аюу балык, бал жейт экендигин билем. Мен семире элек аюулар чээнге кеч кирээри кызык болду.

Мен дагы аюу балдарын кантип багаарын билгим келет.

  1. Билимдерин баалоо: Өзүн–өзү баалоо, мугалимдин баалоосу.



Мугалимдин баалоо критерийлери:



1.Жомоктун маанисин ачып берүүсү–5 упай; 2.Сөздөрдү чечмелеп бере алуусу–3 упай;

3.Аюу жана ит жөнүндө табышмактарды билүүсү–2 упай. Баардыгы–10 упай.



9.Үйгө тапшырма: 1.Ит менен аюунун сүрөтүн тартуу.

Сүрөткө карата 4саптан турган кыскача аңгеме түзүү.