СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Каарысы бардын, ырысы бар.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Каарысы бардын, ырысы бар.»

Тарбиялык саат

Сабактын темасы: Карысы бардын , ырысы бар

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр:


Билим берүүчүлүк:

Окуучулар карылар күнү тууралуу маалымат алышат.

  1. Карылар күнү тууралуу маалыматтарды алышса.

  2. Сүрөт аркылуу аңгеме түзө алса

  3. Макал – лакаптарды жатка үйрөнө алышса


Өнүктүрүүчүлүк: турмуштагы улууларга карата сый мамиледе болууга, урматтоого, өз алдынча ой жүгүртүүгө багыт алышат

Суроолорго жооп бере алышса

  1. Маалыматтарга карата өз алдынча суроо койгонду билишсе

  2. Улууларга сый мамилени жана урматтоону күнүмдүк турмушта колдоно билишсе.


Тарбия берүүчүлүк: улууларга жана ата- энеге кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланышат

  1. Улууларды жана ата – энелерге кайрымдуу болуп жардам берүүгө,

  2. Аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланышса.




Сабактын тиби: аралаш

Сабактын методу: интерактивдүү

С абактын жүрүшү:

Уюуштуруу: жагымдуу маанай




Жаш муун деп ар бири,

Биз үчүн баарын жасаган.
Карыларды кадырла,
Көзү барда дагы да.



Жаңы тема боюнча түшүнүк алышат

Алгач мындай майрамды белгилөө 1970-жылы жер калкынын картаю маселесин изилдеген адистердин оюна келген. Бирок Эл аралык статусуна 1990-жылы ээ болгон. 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеясы өзүнүн 45/106 резолюциясында "1-октябрь Эл аралык карылар күнү" деп токтом кылган. Токтомдун максаты: карылардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

Ата-эне жана сый урмат


Ата жөлөп турган тирек, эне акыл-насаат булагы демекчи, бизди бул дүйнөгө алып келген, тарбиясын берген ата-энелер. Ар бир адам улгаят, ошондуктан карыларга сый урмат жасоо ар бир адамдын милдети болсо керек. Карылар көптү көргөн, көсөм адамдар десек жаңылышпайбыз. Кыргызда сөз бар го "ата-энеси бар адам, эң бактылуу адам", "ата-энеңди көзү барда сыйлай бил" дегендей. Ата-эне жаш болсо да, барыбир улгаят, ал гана эмес биз дагы улгаябыз, ошондуктан ата-энени сөз менен эмес, иш-аракет, ак эмгегиңер менен сыйлай билгиле. Карынын батасын алган адам эч качан кор болбойт эмеспи, карынын батасын алгыла.

Кары адамдарга ким сый-урмат көрсөтсө, ал сөзсүз кийин кайтат. Карыны сыйласаң абийир табасың деп бекеринен айтылбаса керек. Кыргызда ушул сыяктуу накыл сөздөр, макалдар абдан көп, макалдар не деген жылдар бою келаткан сөздөр. Кары кебин капка сал - деген макалды карасак, бул жакта кары адамдын акылы терең, көптү көргөн көсөм катары түшүндүрүлөт.

Турмушта терс көрүнүштөр дагы аз эмес, көбүн эсе батыштын кинотасмаларында тескери тарбия берген учурлар аз эмес. Аны кээ бир эси жоктор көрүп алып, туурашып, кары адамдарды кандайдыр бир тоскоолдук катары ойлошот. Билесинерби, кары адамдар, чоң эне, чоң ата качандыр бир убакта силердей жап-жаш болушуп, бирок биздей жакшы турмушта жашаган эмес. Ошого карабастан алар кайратын жоготпой, оорчулукка чыдап, балдарына татыктуу тарбия берип, кээ бирлери Мекен үчүн канын төккөн. Ар бир улгайган адам ардактуу адам



Карыларга камкордук


Менин улгайган адамдарга мамилем албетте, эң таза, ак ниеттүү. Карылар көптү көргөн, кээ бирлери согушка да катышкан. Мындай адамдар өтө айкөл болушат, анткени алардын жашоо артында эбегейсиз зор тажрыйба бар. Бизди көптөгөн пайдалуу нерселерге үйрөтүп, кызыктууларды айтып бере алат.

"Улууга урмат" салты эң байыркы түшүнүк, кандай ойлойсунар бекеринен эмес болсо керек? Муну кандайдыр бир милдет катары көрбөшүбүз керек, бул ар бир адам басып өтүүчү жол. Чоң ата, чоң эне, деги эле ата-энени баалай билели, эч нерсеге теңелгис барк

Макал- лакаптар
















Карылар жөнүндө ыр

1-окуучу 4-окуучу
Улуу жашты барктайлы, Жолдор, үйлөр, шаарлар
Агарган чачты сыйлайлы. Бак – дарактар тигилген
Кылым өтөт тез эле, Мисал болот буларга
Биз да жетебиз бат эле. Сый – урматтуу карылар

2-окуучу 5-окуучу

Жашаган доорун сыйлай бил, Азаматсың сен баатыр
Алар баштан өткөргөн. Алкыш айтса карылар
Жакшынын да жамандын, Жакшы адамсың сен баатыр
Алар таткан чын даамын. Бата берсе карылар

3-окуучу 6-окуучу

Сабыр менен чыдамдык, Байлык бийлик аларга
Акыл менен айкөлдүк. Кереги жок нак эле
Эмгек менен ишеним, Жылуу сөзүң аянбай
Алар билет чоң баркын. Бар болгону ошол эле



Жыйынтыктоо: 1) Балдар бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

2) Кандай жаңы маалыматтарды алдыңар?

3) Алган билимиңерди турмушта колдоно билгиле

Үй тапшырма: ырларды, макал – лакаптарды жаттап алгыла.



Баалоо: Оозеки баалоо