СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кадимки болчоктор

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кадимки болчоктор»

Кадимки бөлчөктөр



Адам баласынын өнүгүүсү менен, дайыма бүтүн нерсенин бөлүк-төрүн кароо зарылдыгы келип чыгат. Бир убакыттарга чейин жаӊы өлчөм бирдиктерин киргизип, бул кырдаалдан чыгып келишкен. Мисалы, күндөр – сааттар – мүнөттөр – секунддар. Бирок, убакыттын өтүшү менен, убакытты, оордукту, аралыкты ж. б. ченөөдө дайыма эсептөөнүн жыйынтыгын тактоо зарылдыгы келип чыккан.



Ошентип, адам баласы бөлчөк түшүнүгүнө келген. Эмне жөнүн-дө сөз болуп жаткандыгы түшүнүктүү болуш үчүн, бүтүн нерсе кан-ча бөлүккө бөлүнөт – бөлчөктүн бөлүмүн жана ал бөлүктөрдүн канча бөлүгүн алуу керектигин – бөлчөктүн алымын көрсөтүшкөн.

Убакыттын өтүшү менен, түшүнүк татаалдаган, ошондон улам бу-руш бөлчөктөр жана аралаш бөлчөктөр ж. б. пайда болгон.

Аралаш бөлчөктөр түшүнүгүн аныктоо үчүн, төмөнкү типтеги масе-лелерди чыгаралы.





Маселе



Валентина 3 килограмм пиязды килограммын 13 сомдон сатып алып, сатуучуга 50 сом берди. Ага сатуучу канча сом кайрып берүүсү керек?



Чыгарылышы



Сатып алуу наркы 13 · 3 = 39 сом болгондуктан, Валентинага сатуу-чу кайра 50 − 39 = 11 сом бериши керек.



Математика тилинде бул процесс төмөнкүдөй жазылат:



50 = 13 · 3 + 11.



Суроону «Валентина 50 сомго канча пияз сатып алса болот?» де-сек, анда жообу:



1350 = 3 1113 .



Бул туюнтма «үч бүтүн он үчтөн он бир» деп окулат. Бул учурда «үч бүтүн жана дагы он үчтөн он бир» деген сөз синонимдүү болооруна көӊүл буруш керек.



Бирдей бөлүмдүү же бирдей алымдуу бөлчөктөрдү салыштырууда, бүтүн сандарды салыштыруу керек.



.



33



Бул маалыматты бекемдөө үчүн, башка учурлардагыдай эле, мисал келтиргенибиз туура.



Бир китептен биз мындай маселени жолуктурдук. Эки 9 цифра жана математикалык белгилердин жардамы менен 10 санын жазуу.



Көп убакыт коротуп жана эч кандай жыйынтыкка келбестен, биз жообун карап, мындай чыгарылышты көрдүк: 9/.9=10. Албетте, бизге, үтүрдүн алдына нөлдү жазып көнгөндүктөн, мындай чыгарылыш ою-бузга да келген жок.



Ондук сандар менен иштөөдөгү чоӊ ыӊгайлуулук, аларга бүтүн сандар менен иштөөдөгү ыкмаларды толугу менен колдонууга бол-гондугунда. Ошондуктан, ондук бөлчөктөрдү окуп үйрөнүүдө, негизги көӊүлдү, ондук бөлчөктөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн амалдарды, бүтүн сандардын үстүнөн жүргүзүлгөн амалдарга алып келүү ыкмаларын көрсөтүүгө бөлүш керек.



Бүтүн сандардагыдай эле, ондук бөлчөктөрдү салыштырууда сан огун колдонуу ыӊгайлуу.



Ондук бөлчөктөр боюнча эсептөөгө машыгуу үчүн сыйкырдуу таб-лицаны (алар жөнүндө окуу китептин аягында айтылат) колдонуу пай-далуу жана кызыктуу.



Окуучулардын кызыгуусунун жогорулашына, ондук үтүрдүн пайда болуусу менен бирге, сыйкырдуу даталарды сыйкырдуу сандар ката-ры колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.



Бардык окуучулар, сыйкырдуу сан алардын туулган күнү болгон, сыйкырдуу таблицаны түзүү боюнча маселени кызыгуу менен аткарат деген ойдобуз. Ошондой эле ар кандай майрам күндөрдүн даталарын да колдонууга болот.