Тема: Кайгылуу тагдырлар,төгүлгөн көз жаш-Ооган согушу.
Сабактын максаты | Күтүлүүчү натыйжалар |
Окуучуларды Ата-Мекенин сүйүүгө жана анын баалуулуктарын сактоого,Мекендин өсүп-өнүгүүсүнө өз салымын кошууга жоопкерчиликтүү экенин билдирүү.Ошондой эле Ооган согушу ж-дө маалымат алышат. | Ата-Мекен жөнүндө өз ойлорун эркин айтып бере алышса. Ооган согушу жөнүндө пикирлерин бөлүшсө |
Мекенди сүйүп, ал үчүн канын-жанын берүүгө.о.э.”Коңушуң тынч, өзүң тынч”-деген сөздүн чындыгын түшүнүп жетишет. Мекенибиздин ар бир ташы,суусу баалуу экендигин билишет | Ар кандай улуттун улуттуулугун,өз эли жери ыйык экендигин таанып билсе. Кыйынчылыктарда жардам колун созуу,ар бир жарандын милдети экендигин билсе. |
Башка улуттар менен бирдикте “Кыргызстандыкпыз”деген сезимин ойгото алышат.Ар бир сөз,ой маанилүү экендигин билишет. | Эч убакта бирин-бири таарынтууга,ой-пикирин угууга тарбияланышса. |
Сабакта колдонулуучу каражаттар: Сүрөттөр,проектор же интерактивдүү доска,таркатмалар,сүрөт тартуу үчүн ватмандар,стикерлер,гүлдөр,слайд(Ооган согушу жөнүндө)
Сабактын усулу: Интерактивдүү,кече.
Сабактын формасы: Топтордо иштөө,чыгармачылык ишмердүүлүк.
Сабактын жүрүшү: Сабакка Ооган согушунун катышуучулары чакырылат,ата-энелер,мугалимдер,окуучулар катышат.
1) Окуучулар менен саламдашып.
2) Жагымдуу маанай тартуулоо.Ар бир окуучу жанындагы окуучуга жакшы каалоо айтуу менен бирге бүгүнкү сабакка ийгилик каалашат.
3) Классты топторго бөлүп алуу (Ынтымак,Достук,Тынчтык)ар бир топ өз топтору менен отурушат.
4) Топтордун иштерин баалоо үчүн калыстарды шайлайбыз.
5) Сабактын жүрүшү.
Мугалим: Тема боюнча түшүнүк берет.
Ооган согушунун тарыхы.
Афганистан 19-кылымдын орто ченинен тартып эле Россия империясы үчүн маанилүү өлкө болгон. Анткени ал Россия менен Улуу Британияны Орто Азия менен бириктирип туруучу аймак эле.
1917-жылкы төңкөрүштөн соң жаңы түзүлгөн Россиянын тышкы саясаты үчүн Афганистан чоң мааниге ээ болгон. 1919-жылы Москва менен Кабулдун ортосунда бирин бири тааныгандык боюнча келишим түзүлгөн. Афганистандын өз алдынча королдук бойдон калгандыгына карабастан, Советтер союзу Мухаммед Захир шахтын өкмөтүнө активдүү жардам берген. Ошентип Орто Азия өлкөсүндө Советтер союзунун алдында түзүлгөн Афганистандын элдик-демократиялык партиясы деген уюм пайда болгон. 1960 –жылдары бул партиянын мүчөлөрүнүн саны абдан көбөйгөн.
1973-жылы Афганистанда мамлекеттик төңкөрүш болуп, Мохаммед Дауд башчылыкка келет. Анын позициясынан улам коммунисттер өз ара бөлүнүшүп, акыбетинде жаңы эки партия пайда болот. 1978-жылдын апрелинде НДПАнын (АЭДП) гезитинин редакторун өлтүрүп кетишет. Бул окуя «Апрель революциясы» деп аталган куралдуу төңкөрүшкө алып келген. Парчамисттер партиясы бийликке келип, Афганистан демократиялык республикасынын жактоочуларынын бири Нурмухаммед Тараки башчылыкка шайланат. Бирок анын тушунда да өлкөдө абал жакшырбай курч бойдон кала берет.
1979-жылы өлкөдө абал өтө курчуйт. Бул абалга премьер-министр Нажибулла Амин президент Таракинин күнөөлөп, өлтүрүүгө буйрук берет. 9-октябрь күнү Тараки жаздыкка тумчуктурулуп өлтүрүлөт.Бул окуя Советтер Союзуна 2 себеп менен жакпай калат. Биринчиден, Афганистан СССРдин түштүк чек арасына (Өзбекстан, Тажикстан) жакын болгон. Экинчиден, Тараки советтик жетекчилердин «адамы» болгондуктан, анын өлүмү Москванын жетекчилерине, өзгөчө Леонид Брежневге катуу таасир эткен. Л.Брежневдин Таракинин өлүмүнө өтө кайгырганы тууралуу СССРдин ошол кездеги тышкы иштер министри Андрей Громыко өз мемуарында кенен жазган.Ошентип 1979-жылдын 25-декабрында «Афган өкмөтүнүн ар тараптан жардам суроосуна жооп кылып Легендарлуу 40-армия 25-декабрда Советтик армиянын Чектелген контингенти (ограниченный контингент- ОК, 40-армия) Афганистандын аймагына кирип, эки күндөн соң Кабулдагы президенттик сарайды алышат. Бул операцияда 20 га жакын советтик жоокер курман болот. Сарай колго алынып, Аминди үй-бүлөсү менен өлтүрүшөт. Бул тууралуу оогандар таң эртелеп Аминдин ордуна Москва ылайыктуу тапкан Бабрак Кармалдан угушкан. Б.Кармал Кабул радиосунан сүйлөгөн сөзүндө Нажибулла Аминди америкалык “империалисттердин” тыңчысы деп атайт жана оорудан соң көз жумгандыгын билдирет.Ушул эле күнү советтик аскерлер Ооганстандын Кабулдан башка дагы чоң шаарларындагы өкмөттүк кеңселерди ээлешет жана айдын аягына чейин өлкөгө 80 миңден ашык жоокер киргизилет. Афган согушу тууралуу маалыматтар Советтер союзунун өзүндө такыр айтылбаган. Маалымат каражаттарында башка «маанилүү окуялар» чагылдырылып турган.
Ооган согушу жөнүндө сөз кылсак өзүбүздүн айылдаш агалар да четте калбай интернационалдык милдеттин аткарып бул алааматка катышып келген.Бул инсандарды эскербей койсок эл алдында уят болобузго.
Алар кимдер?
-Эшанкулов Жакып,Шералиев
Шералиев агабыз учурда Бишкек шаарында жашап, иштеп жатат.
Ал эми Эшанкулов Жакып агабыз бул аалам менен коштошуп кете берди. Агайдын жаркын элесин эскерип гүл чамбарлар койолу.( Агабыз жөнүндө слайд)
Мугалим ооган согушунун тарыхы менен тааныштырып бүткөн соң слайд көрсөтүлөт.
Слайдда Ооган согушунун катышуучулары жана алардын сөзү,алаамат жөнүндө сүрөттөр, Роза Аманованын аткаруусундагы “Ооган ыйы”ыры ырдалат.
Окуучуларга берилүүчү тапшырмалар.
1)Ооганчыларга арналган ырлардан көркөм окуу.
Ынтымак тобу.”(Эсине жетпеген каттар”)
…Талаа почтасы дале эсимде, № 93 992 болчу. Жоокерлер Ооган жеринде экенин ата-энелеринен жашырышчу. Биз офицерлер билип эле, өз каалообуз менен кеткендиктен, үй-бүлөбүз билчү. Ошол кезде 26 жашта экем. Согуш жүрүп жаткан жерде үйгө кат жазуу кайдан. Кем жазчумун. Эвакуациялоо взводунун командири болуп дайындалдым. Взводдо 26 жоокер бар эле. Кечке жарадарларды, өлүктөрдү ташыйбыз. Жүк-200, 300 дегенди уксаңар керек, №200 өлгөндөр салынчу, №300 дегени жарадарлар. Жалпысы 2714 өлүктү үйүнө жөнөтүп, 12 миңдей жарадар болгонду, 15миңдей оорулууну кооптуу жерден ташыганбыз. 2 жыл, 3 ай дегенде кайтып келдим. Ооган жери субтропиктик аймак, 70 градуска чейин ысык болот. Мен оорубаган жугуштуу оору калган эмес, малярия, брюшной тиф да болгом…
Көп деле кат жазууга чолобуз жок болчу.Жазылган каттар деле кээси жетип кээси жетчү эмес тура.
Бактар өлдү согушта мөмө түйгөн,
Адам өлдү,ал минген аттар өлдү.
Жыртылууга аз калган кыргактары,
Кабарлашты баарысын,каттар:”өлдү”....
Кыйла күндөр катылып чөнтөктөрдө,
Ээсине түз ал каттар тийбей жатты.
Ишенбестен кабарга жаш колукту,
Кара көйнөк үстүнө кийбей жатты.
Жеңиш келди акыры күтүп жүргөн.
Бирок дагы кетпөөчүдөй болуп көпкө.
Тагы калды согуштун денелерде.
Тагы калды согуштун жүрөктөрдө.
Достук тобу.(“Баспай калып соолугам”)
Кыргызстандан Ооган согушуна 7400 жоокер барган. Алардын ичинен 300дөн ашууну курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. 2 кыргызстандык жоокерге «Советтер союзунун баатыры» наамы берилген. Мунун ичинен Ош аскер комиссариатынан (Ош, Баткен, Жалал-Абад) 4200 жоокер жана офицер барып, 18и кайткан эмес. 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бир жоокерге Советтер союзунун баатыры деген наам берилген. Кайтып келгендери Ооган согушунда алган психологиялык стресстен («афган синдрому») улам эч жерде иштей албай, көпчүлүгү оорукчан болуп калган. Айына 6000 сом өлчөмүндө мамлекет тарабынан жөлөк пул алышат. 15-февраль ооганчылар күнүн утурлап, айрымдары менен байланыштык.Майып болуп калган Ооган жоокерине арналат.
Мээрим төгүп мени тагдыр өппөдү,
Ок жаралап өзөгүмдү өртөду.
Дарт бар үчүн түгөйү жок өмүргө.
Өзүм көндүм,жүрөк бирок көнбөдү.
Маанай чөгүп көздөрүмдөн жаш агып.
Айланамды курчап алды капалык.
Басмын деп ишендиргем өзүмдү.
Балким бул ой жөн эле бир каталык.
Көп жерлерде гүлдү көрсөм соолуган.
Окшотомун тагдырыма ооруган.
Ал байкуш гүл,суу жетишпей соолуса.
Мен бечара ок учкундан соолуган.
Көп нерсеге мүмкүнчүлүк чектелген.
Байкуш болдум максатына
жетпеген.
Бүт өмүрдү ээлеп алып бул оору.
Кандай балээ бир жабышса кетпеген.
Тынчтык тобу.(”Уулуң барбы”.Ж.Мамытов)
Мекен- бул ар бир адамдын туулуп-өскөн жери жана жашаган турагы.Ата-бабаларыбыз дуйнөнүн эң кооз жана берекелүү жерлерин мекен катары тандап бизге аманат кылып таштап кеткен.Бул аманатты коргоо,сүйүү,ага кызмат кылуу ар бир жарандын мойнундагы ыйык милдети.
Ата-бабаларыбыз кыргыз жерин мекендеп,жашап келишкен.Сырттан келген душмандар элибизди катуу чаап,талап-тоноп,чилдей кылып ар кайсы жакка таратканда Манас сыяктуу аталарыбыз бөлөк элге,душмандарга тебелетпестен,чачылган элин жыйып,Ала-Тоого көчүрүп,эли-жерин ички жана сыртткы душмандардан сактап келген.
Азыр да ушундай элди жерди коргогон,патриот уулдар чыгабы? Деп суроо коюп төмөнкү ырды даярдадык.
Эшеги эртеңкинин кагылганда.
Элибиз эркиндикти сагынганда .
Мансаптын кулу болуп төбөлдөрүң ,
Маңкуртуң маскелерин тагынганда .
Конунуа кирип алып кожосунун ,
Калкына камчы болуп чабылганда .
“Мыйзам “мыйыгынан жылмайышып ,
Мык болуп таманына кагылганда .
Ата журт , Ак калпактуу кыргыз элим ,
Айланчу уулуң барбы чагылганга ?
Берилген убадага тура албай ,
Бектеир бир эмес беш кулаганда .
Жогортон акыйкаттын үнү эмес ,
Жоошутуп алдаган ун угулгунда .
Самаган азатыңа жете албай ,
Сабырың сары суудай сыгылганда .
Чыркырап чыга албай керегинде ,
Чындык да бир бурчка тыгылганда .
Колунан жөлөп таяп акыйкатты ,
Колдоочу уулун барбы жыгылганда ?
Коомчулук кыйын күнгө кабылганда ,
Жөнөкөй бир кагазга кол койалбай ,
Жөөлүшүп далай эшик кагылганда .
Изилдеп иш ачалбай кое берип ,
Издеген кылмышкери таб
2) Слайд боюнча өз түшүнүктөрүнүн негизинде сүрөт тартуу жана аны сүйлөп берүү.
3)”Эгер мен жоокер болсом,Мекениме кошкон салымым”-деген темада кыскача ойлорун сүйлөп берем.
1-окуучу. Ата-Мекенди коргоо эр жигиттин ыйык парзы.Биз ата-бабалардын кашыктап чогултканын чөмүчтөп чачпашыбыз керек.Мекенди коргоо ыйык милдет.Жарандык парз деп ойлойм.Жогорку билимдүү болсом айылымдын,Ата-Журтумдун эң биринчи тазалыгына көңүл коймокмун.Анткени айлананы карасам кытайдын пакеттери,бутулкаларга толтура.
2-окуучу. Жигит болгондон кийин мекенди коргош керек.Мекендин баркы,баасы эч нерсе менен ченелбестигин ушул жактан билесиң.
3-окуучу. Мекенди сүйүү кичинекей мамлекет болгон үй-бүлөдөн башталат.Үй-бүлөбүздөн жакшы тарбия алып,ыймандуу болсок,анда биз ар бир баскан кадамыбыздын туура жолдо шилтегенге аракет кылабыз.Чек араны коргоп душмандардан Мекенди коргоого ар дайым бекем турам.
4-окуучу. Мекенди сүйгөн адам: жер айдайт,жол салат,токой-жандыктарды коргойт,эл журтту сүйгөн жигит,улутка кызмат кылат.
4) Ар бир топ өздөрүнүн тобунун аты боюнча макал-лакап айтышат.( бирден окуучу чыгып бириден кийин бирин улап айтат таппай калганы оюндан чыгат)
Ырыс алды ынтымак.
Дос күйүнтүп айтат,Душман сүйүнтүп айтат.
Тынчтык бар жерде,ырыскы бар
Ынтымактуу үй бүлөнүн,ырыскысы түгөнбөйт.
Дос деген ыйык нерсе,эгер аны баалай билсе.
Ынтымак бар жерде,ырыскы бар.
Дос таарынса,бергенин алат.
Дос айрылат,сөөк кайрылат. Ж.б.улантса болот.
Сабакты жыйынтыктоо: Калыстар окуучулардын эмгектерин баалашат.
Бир уйдун мүйүзү кокус сынса,
Миң уйдун мүйүзү бүт зыркырайт.
Бул чындык туулган жерге тикен сайса,
Доо кетпейби эр Манастын урпагына.
Жараткан бейиш төрүн бизге берген,
Жер түгүл күкүм ташын сатпагыла,
Чочутуп Жер-Энени атпагыла-сактагыла!!!
Деп акындарыбыз ырдап жаткандай Кыргыз жерин,элин,укум-тукумдарыбызды бөтөн элдин басмырлоосунан,жерлерди тартып алуусунан сактайлы!- деген ураан менен сабакты жыйынтыктайлы.