СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кайталоо учун маселелер

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кайталоо учун маселелер»

Программаны кайталоо үчүн маселелер



1.Перизат өзүнүн жашына сиӊдисинин жашын кошкондо 52 чыкты. Алардын жаштарынын суммасы бир жылдан кийин канча болот?1



Бул учурда, бир жылдан кийин ар биринин жашына 1 кошуларына көӊүл бөлүү керек, б. а. жалпы 2 кошулат. Бул маселеге байланыштуу, окуучуларга өзүлөрүнүн жашын жана алардын бир туугандарынын жашын колдонуп, маселе түзүүнү сунуштасаӊар болот.



2.Сүрөттөгү белгилер сандарды билдирет (бирдей белги менен бирдей сандар белгиленген). ▼ белгиси кайсы санды билдирет?2





▲ + ► = 5; ► + ► = 6; ► + ◄ = 7; ▲ + ◄ = ▼





Эгерде экинчи барабардыктан баштасак, маселенин чыгарылышын оӊдой алабыз. Эгер эки ► белгилери 6га барабар болсо, анда алар-дын бири 3кө барабар. Андан ары, биринчи жана үчүнчү барабардык-тарга жана алардан кийин акыркысына өтөбүз.



3.Төрт: 0, 1, 2 жана 1 цифралары менен 2011-жыл жазылган. Мындан кийин дагы канча жолу жыл ушул төрт цифра менен жазылат?3



  1. цифрасы биринчи гана орунда турарын түшүнүү маанилүү.

4.Электрондук саат – саат жана мүнөттү көрсөтөт, мисалы, 15:07 (15 саат 7 мүнөт). Кичинекей Данияга 0 цифрасы абдан жагат жана ал саатта качан бул цифра пайда болоорун күтөт. Даня 0 саны-на үзгүлтүксүз суктанып тура алган, эӊ чоӊ убакыт аралыгы канчага барабар?4



Бул убакыт аралыгы 0.00дөн 1.10,10.00дөн 11.10, 20.00дөн 21.10гө чейин.



5.Стол үстүндө көп карточкалар жатат. Алардын ар биринде: 3, 13 же 31 сандарынын бири жазылган. Алардагы сандардын бардыгынын суммасы 135 болгудай кылып, кандай эӊ аз сандагы карточкаларды алыш керек?5



Эӊ аз сандагы карточкаларды алыш үчүн 31 саны менен болгон карточкалардан көбүрөөк алыш керек. Мындай болушу мүмкүн болгон карточкалардын саны төрт, себеби 31 · 5 = 155; 31 · 4 = 124. Бирок 31 сандуу төрт карточкалар варианты жарабайт, себеби ага 13 сандуу





  • Жооптор: 1) ) 51; 2) 52; 3) 53; 4) 54; 5) 56.

2 Жооптор:1) 8; 2) 15; 3) 7; 4) 45; 5) 6.

3 Жооптор: 1; 2) 2; 3) 3; 4) 4; 5) 6.

4 Жооптор: 1) 100 мүн; 2) 90 мүн; 3) 80 мүн; 4) 70 мүн; 5) 60 мүн.

5 Жооптор: 1) 8; 2) 15; 3) 7; 4) 45; 5) 6.