Просмотр содержимого документа
«Кайтарым байланыш»
Ноокат району
Тоолос айыл окмоту
Саид Баюми атындагы
«Каракечит» орто мектеби.
Кыргыз тили
9-класс
Тема : Багынынкы байланыштагы татаал суйломдун турлору боюнча маалымат
КАЙТАРЫМ БАЙЛАНЫШ.
Мугалими :Торожанова Бактыгул.
Окуучу: Бексарыев Даниель
Грамматика
Синтаксис
- Сөз айкашы менен сүйлөмдүн түзүлүшү, алардын маанисин үйрөтүлөт.
Сөз айкашы
- Сөз айкашы маани берүүчү эки же андан ашык көп сөздөн жасалат да, анда негизги жана багыныңкы сөздөр болот.
Сөз айкашынын бөлүнүшү
Сөз айкашындагы сөздөрдүн байланышуу жолдору
- Башкаруу
- Таандык
- Ээрчишүү
Сүйлөм
Түзүлүшүнө карай экиге
Жонокой татаал
Жөнөкөй сүйлөм айтылыш максатына карай:
- Суроолуу
- Буйрук
- Жай
- Илептүү
Жөнөкөй сүйлөм түзүлүшүнө карай:
- Эки тутумдуу ( ээ жана баяндооч)
- Бир тутумдуу (ээ же баяндооч)
Эки тутумдуу сүйлөмдөрдүн бөлүнүшү
Жалаң Жайылма
Бир тутумдуу сүйлөмдөр
- Атама (Ээ)
- Жактуу (Баяндооч)
- Жаксыз (Баяндооч)
Атама сүйлөм
- Затты, окуяны, мезгилди атап көрсөтөт. Мындай сүйлөм атооч жөндөмөдөгү сөздөн жана сөз айкашынан жасалат . Мисалы: Күз. Алыстан ак карлуу тоолор көрунөт.
Жактуу сүйлөм
- Бир тутумдуу сүйлөмдүн бир түрү. Бул сүйлөмдө ээ катышпайт да, сүйлөм этиштик баяндоочтон түзүлөт. Баяндоочко I, II жактын жак мүчөсү уланат же ал этиштин буйрук, шарттуу , каалоо-ниет ыңгайларынан болот.
Жаксыз сүйлөм
- Бир тутумдуу сүйлөмдүн бир түрү. Жактуу сүйлөм сыяктуу бул суйлөмдө ээ катышпайт, баяндооч гана бар.
- Баяндооч III жактагы этиштен же башка сөз түркүмүнөн болот.
Татаал сүйлөм
- Тең байланыштагы татаал сүйлөм
- Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
Тең байланыштагы татаал сүйлөм
- Бири-бирине багынбаган, тең укуктагы жөнөкөй сүйлөмдөрдөн түзүлөт.
Мисалы:
- Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
- Күн бүркөлдү да, бийик тоолорду ак булут каптады.
Тең байланыштагы татаал сүйлөм
Байламталуу Байламтасыз
Байламтасыз тең байланыштагы сүйлөмдүн түрлөрү
- Мезгилдеш
- Себептеш
- Каршылаш маанилүү
- Божомол маанилүү
- Салыштырма
- Түшүндүрмөлүү
- Шартташ
- Автобуста кетип баратам, жанымда бир абышка отурат.
- Эртең мен бара албайм: жумуштарым бар.
- Жакшы сыйлайт, жаман сынайт.
- Окуучу теманы унутуп калганбы, айтор, сынакты абдан начар тапшырды.
- Мага акча керек, сага товар керек.
- Адам проблеманы өзү жаратат: ишин убагында аткарбайт, көп уктайт.
- Сабагыңды абдан жакшы оку - келечектеги жашооң жагымдуу болот.
Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн түрлөрү
- Байланыштыргыч байламталуу (жана, да, ары ж.б.)
- Каршылагыч байламталуу ( а, ал эми, бирок, антсе да ж.б.)
- Божомолдогуч байламталуу (же, же болбосо ж.б.)
- Себеп-натыйжалагыч байламталуу (анткени, себеби, ошондуктан ж.б.)
- Биз кечке катуу иштейбиз жана кечинде баспай калабыз
- Биз кечке иштейбиз, бирок кечинде такыр чарчабайбыз.
- Менин оюмча, ал бүгүн кечигет, же такыр эле келбейт.
- Бул жерде жашоо оңой эмес, ошондуктан ар бир мүнөтүңдү туура пайдаланууң керек.
Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
- Баш жана багыныңкы сүйлөмдөн түзүлөт.
- Баш сүйлөм ойдун негизин билдирет.
- Багыныңкы суйлөм анын ар түрдүү белгисин билдирет.
Мисалы:
- Мээнет кайсы жерде болсо, ошол жерде береке болот.
- Ашуу бек болгондуктан, Жолой менен Алтын көкул Раушан Кашкарды көздөй бет алышты.
- Багыныңкы сүйлөмдун турлөрү:
- Мезгил
- Орун
- Салыштырма
- Максат
- Карама-каршы
- Сан-өлчөм
- Себеп
- Сын-сыпат
- Шарттуу
Багынынкы байланыштагы татаал суйломдун тутумунда туруп баш суйломдо айтылып жаткан ойдун мезгилдуу кырдаалын билдирип
Качанга дейре?
Качан?
Качанга чейин?
Качантан бери?
Кайсы убакытка?
Баш суйломдо айтылуучу ойдун ордун билдирип
Кайдан?
Кайда?
Кайерде?
Кайсы жакта?
- Билим кайда болсо ,онор да ошол жерде.
- Соз коп жерде , чындык аз.
- Адилеттик окум сургон жерде, чыр-чатак болбойт.
Салыштырма багынынкы суйлом.
Баш суйломдогу ойго карата багынынкы суйломдогу
Кыймыл-аракет, окуя же кубулуш салыштырылып айтылса , салыштырма багынынкы суйлом деп аталат.
Мисалы:Чойро кандай болсо, акыл ошондой болот.
- Акылдуулардын арасында акылга акыл кошулса,акмактардын арасында акыл акырындап жошулат.
Сыпат багынынкы суйлом.
- Баш суйломдогу кыймыл –аракеттин, окуянын кантип же кандайча болуш абалын , мунозун билдирип
Кантип?
Кандай?
Кандайча?
- Малчынын бу дуйнодогу туйшугу анчалык деле кыямат эмес дегенсип , кыш отуп, олбогон кулга жаз келди
2.Кыска , жоон шыйрактары чарыштап койгондой , биринен -бири ажырашчу эмес
3.Кун аздап эригенсип , кызыл булутка жайылды
Өлчөм багыныңкы сүйлөм.
- Баш сүйлөмдө айтылуучу ойдун даража-өлчөмдорун, көлөмүн билдирип
- Баш сүйлөмдө айтылуучу ойдун даража-өлчөмдорун, көлөмүн билдирип
Ошончолук
Канча
Ошончо
Канчалык
Максат багыныңкы суйлөм.
- Баш сүйлөмдөгү айтылуучу ойдун максатын билдирген багыныңкы сүйлөм Максат багыныңкы сүлөм деп аталат.
Мисалы:Айылыма жетсем деп эңсеп кетип барамын
СЕБЕП багыныңкы суйлом
- Баш суйломдогу окуянын , Кыймыл- аракеттин натыйжасынын себебин билдирип, эмнеликтен? Эмне үчун? Эмне себептен? Деген суроолорго жооп берген суйломдор Себеп багынынкы суйлом деп аталат.
Карама –каршы багынынкы суйлом.
- Багынынкы суйлом озунун мааниси боюнча баш суйломго карата кайчы мааниде келсе , Карама-каршы багынынкы суйлом деп аталат.
Шарттуу багынынкы суйлом.
- Баш суйломдо ойдун орундалуу же орундалбай калуу жана анын орундалышынын кумондуу,божомол шартын билдирсе Шарттуу багынынкы суйлом деп аталат.
- Шарттуу багынынкы суйлом озунун мааниси боюнча баш суйломго карата кантсе? Эмне кылса? Эмне болгондо? Кандай болгондо ? Деген суроолорго жооп берет.