СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Канада кыргызча презентация

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Интернеттен алынган

Просмотр содержимого документа
«Канада кыргызча презентация»

 сабактын темасы: Канада

сабактын темасы: Канада

Географиялык абалы: Түндүк-Америка континентинин (40%), аянты боюнча, Канада Россиядан кийинки экинчи өлкө болуп саналат.  Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды –  Ванкувер , Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км).

Географиялык абалы:

  • Түндүк-Америка континентинин (40%), аянты боюнча, Канада Россиядан кийинки экинчи өлкө болуп саналат.
  • Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды –  Ванкувер , Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км).
Климаты:   Аянты 9984,7 миң км 2  (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км 2 ); Январдын орточо температурасы Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө –35 о Сден Атлантиканын жээктеринде –7... –12 о Сге, Тынч океандын жээктеринде 0–4 о Сге чейин; июлдун орточо температурасы жогорку тартипте 4 о С, 18–21 о С, 13–16 о С. Аскалуу тоонун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы температура ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6 о Сге жогору.. Жаан-чачын мол жааган жерлери – Тынч океандын жээги (2500 мм) жана Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500 мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см жана андан ашат

Климаты:

 

  • Аянты 9984,7 миң км 2  (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км 2 );
  • Январдын орточо температурасы Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө –35 о Сден Атлантиканын жээктеринде –7... –12 о Сге, Тынч океандын жээктеринде 0–4 о Сге чейин; июлдун орточо температурасы жогорку тартипте 4 о С, 18–21 о С, 13–16 о С. Аскалуу тоонун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы температура ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6 о Сге жогору.. Жаан-чачын мол жааган жерлери – Тынч океандын жээги (2500 мм) жана Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500 мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см жана андан ашат
Мамлекеттик түзүлүшү: Канада – федеративдик мамлекет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет. Канадада негизинен көп пapтиялуу система opун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы. Консерваторлор партиясы. Квебек партиясы. Жаңы демократиялык партия.

Мамлекеттик түзүлүшү:

  • Канада – федеративдик мамлекет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет. Канадада негизинен көп пapтиялуу система opун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы. Консерваторлор партиясы. Квебек партиясы. Жаңы демократиялык партия.
Калкы:   Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. 1 км 2  жерге 3 адам туура келет

Калкы:

  •   Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары.
  • 1 км 2  жерге 3 адам туура келет
1901–2001-жылы Канаданын калкы дээрлик 6 эсеге (5,4 млндон 31,0 млнго чейин) өскөн.Өлүм-житим 1000 тургунга 7,8 адам туура келген. Канаданын калкынын курактык структурасында өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу 14 жашка чейинки балдардын саны кыйла көбөйгөндүгү (17,3%) жана 65 жаштан өткөндөрдүн саны азайгандыгы (13,4%) байкалат; эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%. Калкынын орточо жашы 39,1 жыл. Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет . Канадага келгендердин ичинен европалыктар басымдуулук кылган (анын 25%тейи Улуу Британиялыктар болгон); 21-кылымдын башында Канадага келгендердин 60%ин азиялыктар (анын 25%тейи кытайлар), 20%тейин европалыктар, 8%тейин африкалыктар, 6%тен ашыгын Борбордук америкалыктар түзгөн.  Иммигранттардын басымдуу бөлүгү – атайын адистиги бар, эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми калктын эмиграциясы төмөн (жылына 40–50 миң адам). Калкынын орточо жыштыгы төмөн, 1 км 2  жерге 3 адам туура келет. Алар аймак боюнча өтө ар түрдүү Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын  3 / 4 ү айыл чарба өндүрүшүндө иштебейт.
  • 1901–2001-жылы Канаданын калкы дээрлик 6 эсеге (5,4 млндон 31,0 млнго чейин) өскөн.Өлүм-житим 1000 тургунга 7,8 адам туура келген. Канаданын калкынын курактык структурасында өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу 14 жашка чейинки балдардын саны кыйла көбөйгөндүгү (17,3%) жана 65 жаштан өткөндөрдүн саны азайгандыгы (13,4%) байкалат; эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%.
  • Калкынын орточо жашы 39,1 жыл. Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет . Канадага келгендердин ичинен европалыктар басымдуулук кылган (анын 25%тейи Улуу Британиялыктар болгон); 21-кылымдын башында Канадага келгендердин 60%ин азиялыктар (анын 25%тейи кытайлар), 20%тейин европалыктар, 8%тейин африкалыктар, 6%тен ашыгын Борбордук америкалыктар түзгөн.
  • Иммигранттардын басымдуу бөлүгү – атайын адистиги бар, эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми калктын эмиграциясы төмөн (жылына 40–50 миң адам). Калкынын орточо жыштыгы төмөн, 1 км 2  жерге 3 адам туура келет. Алар аймак боюнча өтө ар түрдүү Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын  3 / 4 ү айыл чарба өндүрүшүндө иштебейт.
Чарбасы: транспорт Өнөр жайы Айыл-чарба

Чарбасы:

транспорт

Өнөр жайы

Айыл-чарба

Өнөр жайы    Өнөр-жайынын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), химиялык жана нефть-химиялык, токой, жыгач иштетүү жана кебез-кездеме өнөр-жайы. Казып алуу өнөр-жай – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60 ка жакын түрүн чыгарат.

Өнөр жайы

  • Өнөр-жайынын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), химиялык жана нефть-химиялык, токой, жыгач иштетүү жана кебез-кездеме өнөр-жайы. Казып алуу өнөр-жай – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60 ка жакын түрүн чыгарат.

Энергетика, нефть, газ

  • Канада энергия ресурстарына болгон ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Энергия пайдалануу структурасында нефтинин үлүшү 30,6%, табигый газдыкы 27,0%, гидроэнергияныкы 24,6%, таш көмүрдүкү 10,8%, атом энергиясыныкы 7,0% (2006). 2006-жылы 151,3 млн т нефть (дүйнөдө 8-орунда), 190 млрд м 3  газ казылып алынган (дүйнөдө Россия, АКШдан кийинки 3-орунда). Нефть менен газ казып алынуучу негизги региону – Альберта провинциясы. 2006-жылы 62,9 млн т таш көмүр казылып алынган; казылып алынуучу негизги аймактары: Альберта (50%и), Британия Колумбиясы (30%и), Саскачеван (15%и) провинциялары. Канада уран рудасын казып алуу (12,6 миң т ) жана анын концентратын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Дүйнөлүк урандын 30%ке жакыны Саскачеван провинциясынан казылып алынат; башка ири кендери: Мак-Артур-Ривер, Раббит-Лейк, Мак-Клин-Лейк, Сигар-Лейк (запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин бири). Электр энергиясын өндүрүү боюнча (616 млрд кВт.с; 2006) Канада дүйнөлүк алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Электр энергиясынын 62%и ГЭСтен, 20%и ЖЭСтен, 15,6%и АЭСтен, калган бөлүгү башка энергия булактарынан өндүрүлөт. Канада – электр энергияны ГЭСтен өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 67 млн кВттан ашык). Дүйнөдөгү эң ири гидрокурулуш – 8 ГЭСтен турган каскад (кубаттуулугу 16 миң МВттан ашык) Ла-Гранд дарыясында жана анын куймаларында (Квебек провинциясында) курулган. Ири ЖЭСтер жайгашкан шаарлар: Нантикок (кубаттуулугу 4000 мВттан ашык; Түндүк Америкадагы эң ири ЖЭС, көмүрдө иштейт; Онтарио провинциясында), Ламбтон (2000 МВт чамасында; көмүрдө иштейт; Квебек провинциясында), Леннокс (2140 МВт; газда иштейт; Онтарио провинциясында). Атомдук энергетика өлкөнүн өзүнүн сырьёсунда иштейт. Эң ири АЭСтери Онтарио провинциясында жайгашкан.

Металлургия:

  • Металлургия — иштеп чыгуучу өнөр-жайынын негизги тармактарынын бири; жергиликтүү сырьёлордо иштеп, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Темир кен таштары (17,9 млн т металл) Кэрол-Лейк (Ньюфаундленд, Лабрадор провинцияларында) жана Маунт-Райт (Квебек провинциясында) кендеринен казылып алынат; темир концентраты, окатыш, чоюн, болот, феррокуйма, прокат өндүрүлөт. Түстүү металлдардан кобальттуу жезникель, полиметалл, жез-молибден кен таштары казылып алынат. Түстүү металлдардан цинк (дүйнөдө Кытай, Австралия, Перудан кийинки 4орунда), жез, никель (Россия, Австралиядан кийинки 3-орунда), коргошун, молибден, кобальт, күмүш, селен казылып алынат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2,9 млн т ; Бразилия жана Австралия сырьёлорунда иштейт) маанилүү орунда; негизинен Квебек провинциясынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Китмат шаарында өндүрүлөт. Калий тузун казып алуу (10,6 млн т ) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт; жалпысынан 10 ири кени бар; алардын негизгилери Саскачеван жана Нью-Брансуик провинцияларында. 2005-жылы 243 млн т асбест казылып алынган (Россия, Кытай жана Казакстандан кийинки 4-орунда); кендери негизинен Квебек провинциясынын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Алмаз казып алуу (12,3 млн т ; 2005) боюнча дүйнөдө Ботсвана, Россия жана Австралиядан кийинки 4орунда; негизги кендери: Дайавик, Экати, Жерико, Снап-Лейк.

Машина куруу:

  • Машина куруу өнөр-жай (иштеп чыгаруучу өнөр-жай продукциясынын наркынын  1 / 4  ин түзөт) негизинен транспорт каражаттарын, авиакосмос техникасын, электрондук продукцияларды, телекоммуникация жабдууларын чыгарууга адистешкен. Автомобиль куруу ишканалары (өнөр-жай продукциясынын 12,5%и) негизинен Онтарио провинциясынын Түштүк бөлүгүндө топтолгон. 2005-жылы 2,5 млн жеңил автомобиль чыгарган (продукциясынын наркы 65 млрд доллардан ашык). Жүк ташуучу оор автомобиль, шасси жана автобустар (продукциясынын наркы 3,7 млрд доллардан ашык) 35 ишканада чыгарылат. Канада авиакосмос техникаларын (аэробус, самолёт, самолёт-амфибия), ылдам жүрүүчү поезд жана темир жол кыймылдуу курамын (ылдам жүрүүчү экспресс жана анын локомотивдерин, метрополитен үчүн кыймылдуу курам) чыгарат. Электрондук өнөр-жай да тез өнүгүүдө: телекоммуникация жабдууларын, компьютер жана башка офис техникаларын чыгарат, ошондой эле кеме куруу жана кеме ремонттоо да өнүккөн. Машина куруу ишканалары, ошондой эле электр-энергетика, казып алуучу тармактар, токой өнөр-жай ишканалары үчүн жабдууларды чыгарат 

Химия Өнөр-жайы:

  • Химиялык жана нефть-химия өнөр-жай өзүнүн сырьёсу менен иштейт. Органикалык синтездин (этилен, пропилен, түрдүү полимерлер, синтетикалык була, пластмасса жана башка) жана негизги химиянын түрдүү продукцияларын, минералдык жер семирткич жана башка чыгарат. Канада минералдык жер семирткич чыгарган дүйнөдөгү башкы өлкө болуп саналат; ишканаларынын 80%тен ашыгы Альберта провинциясында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтин жарымынан көбү (86%и АКШга) экспорттолот. Токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай үчүн токой ресурстары арбын. Токой негизинен мамлекеттик менчикте; 21-кылымдын башында 190 миң м3ге жакын жыгач, анын ичинде 150 миң м 3  таарынды жана бекемдөөчү материалдар, 30 миң м З ден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган. Целлюлоза-кагаз өнөр-жай ишканалары (бардыгы 155тен ашык, көбү ири ишканалар) кагаз менен картондун түрлөрүн чыгарат (продукциясынын наркы 25 млрд доллардан ашык). Ишканаларынын  2 / 3  си өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (ири ГЭСтерге жакын), ошондой эле Канаданын Түштүк-батышында (Британия Колумбиясынын аймагында) топтолгон. Тармактын продукциясынын негизги кардары –кийим, булгаары буюмдар жана бут кийим өндүрүштөрү Монреалда (50%тен ашыгы), ошондой эле Торонто, Ванкувер, Виннипег шаарында топтолгон.
Тамак-аш: Тамак-аш өнөр-жай негизинен өзүнүн айыл чарба сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. Ошондой эле пиво, этил спиртин жана спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш жана түштүк-батыш жээк аймактарында жайгашкан. Канада – айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агрардык продукцияны экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (айыл чарба продукциясынын  1 / 2 и экспорттолот). Канаданын агрардык секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли, өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү.

Тамак-аш:

  • Тамак-аш өнөр-жай негизинен өзүнүн айыл чарба сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. Ошондой эле пиво, этил спиртин жана спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш жана түштүк-батыш жээк аймактарында жайгашкан. Канада – айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агрардык продукцияны экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (айыл чарба продукциясынын  1 / 2 и экспорттолот). Канаданын агрардык секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли, өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү.

Айыл-чарба:

  •   Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 68 млн га (Канаданын аймагынын 7,4%и), анын 53%и айдоо, 47%и шалбаа жана жайыт. Фермер чарбалары басымдуу (алардын саны 2006-жылы 229 миңден ашык болгон); фермерлердин 95%тен ашыгынын жеке менчик жерлери бар, калгандары жерди ижарага алып иштетет. Айыл чарба продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар; ферма жеринин орточо өлчөмү 300 га. Азыркы айыл чарба техникалары кеңири пайдаланылат, бирок фермалардын жеринин өтө чоңдугуна байланыштуу 1000 га жерге туура келген трактордун саны боюнча (1000 га жерге 16 трактор) жогорку өнүккөн өлкөлөрдөн өтө артта калган. Башкы тармагы – мал чарбасы (айыл чарба продукциясынын наркынын 60%тен ашыгы); анда эт жана сүт багытындагы мал, чочко, үй кушу жана кой асыралат. 2007-жылы 15,9 млн бодо мал (сааны 1,5 млн), 14,5 млн чочко, 0,6 млн кой, 660 млндон ашык үй кушу болгон. Мал чарбасы өндүргөн продукциялардын негизги түрлөрү: 7,6 млрд л сүт (каймагы менен кошо), 32,6 млн т уй эти, 1,5 млн т торпок эти, 50 млн т чочко эти, 2,2 млн т кой эти, 58 млн т дан ашык куш эти, 6,9 млрд даана жумуртка даярдалган. Териси баалуу айбанат чарбасы (продукциясынын наркы 90,2 млн доллар; 2006) жана тери промысели (31,4 млн доллар) да өнүккөн. Айбанат асыроочу фермалары негизинен суу суусарын өстүрүүгө адистешкен (негизинен суу суусарынын, ошондой эле түлкүнүн терилерин даярдайт). Ошондой эле териси үчүн калтар чычкан, куну, суусар, тыйын чычкан, койотко аңчылык кылынат.

Дыйканчылык:

  • Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Канада буудай жыйноо боюнча (2007-жылы 26,8 млн т ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. Ошондой эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай жана башка да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык продукт – ак чечек ширеси (2006-жылы 30 млн л өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн башкы аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын Түштүк бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын 50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал жана эт-жүн багытындагы кой чарбалары.. Адистешкен айыл чарба бар башка аймактар – Эдуард канзада аралы жана Нью-Брансуик провинциясы (картөшкө), Жаңы Шотландия провинциясы (Аннаполис дарыясынын өрөөнүндө канада алмасынын түшүмүнүн 10%и жыйналат), Британия Колумбиясы провинциясынын түштүгү (Оканоган дарыясынын өрөөнүндө – бакчылык жана жүзүмчүлүк, саан уй), Британия Колумбиясынын Борбордук бөлүгү (негизинен эт багытындагы мал чарбасы)..
Транспорт: Канаданын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын жана калкынын аймак боюнча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун Орточо узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.

Транспорт:

  • Канаданын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын жана калкынын аймак боюнча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун Орточо узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.
Аба транспорту: 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон.

Аба транспорту:

  • 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон.
Темир жол: Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Темир жол тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат: Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери – Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари – Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто менен Монреалда метрополитен иштейт.

Темир жол:

  • Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Темир жол тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат: Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери – Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари – Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто менен Монреалда метрополитен иштейт.
Автомобиль транспорту: Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар жана улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер аралы/ паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд аралына паромдук байланыш) – Чаннел-Порт-о-Баск – Сент-Жонс жана анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада аралына (узундугу 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары.

Автомобиль транспорту:

  • Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар жана улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер аралы/ паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд аралына паромдук байланыш) – Чаннел-Порт-о-Баск – Сент-Жонс жана анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада аралына (узундугу 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары.
Түтүк транспорту: Түтүк транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть жана нефть продукту өткөргүч труба. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий жана Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору менен байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын.

Түтүк транспорту:

  • Түтүк транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть жана нефть продукту өткөргүч труба. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий жана Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору менен байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын.
Суу транспорту: Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.

Суу транспорту:

  • Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.