СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Канаттуулардын ички түзүлүшү

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Канаттуулардын ички түзүлүшү боюнча слайддар

Просмотр содержимого документа
«Канаттуулардын ички түзүлүшү»

Биология 7-класс Даярдаган: Нурманова Батма Арзыкуловна

Биология

7-класс

Даярдаган: Нурманова Батма

Арзыкуловна

Канаттуулардын ички түзүлүшү

Канаттуулардын ички

түзүлүшү

Сабактын жүрүшүндө:  Канаттуулардын тамак сиңирүү системасы  Дем алуу системасы  Кан айлануу системасы  Канаттуулардын скелети  Булчуңдары  Нерв системасы жана сезүү органдары  Канаттуулардын көрүү жана угуу органдары  Бөлүп чыгаруу системасы № 9 лабораториялык иш. «Канаттуулардын скелетинин түзүлүшү»  Бышыктоо үчүн суроолор  Жыйынтыктоо

Сабактын жүрүшүндө:

  • Канаттуулардын тамак сиңирүү системасы
  • Дем алуу системасы
  • Кан айлануу системасы
  • Канаттуулардын скелети
  • Булчуңдары
  • Нерв системасы жана сезүү органдары
  • Канаттуулардын көрүү жана угуу органдары
  • Бөлүп чыгаруу системасы

№ 9 лабораториялык иш. «Канаттуулардын скелетинин түзүлүшү»

  • Бышыктоо үчүн суроолор
  • Жыйынтыктоо
Үй тапшырмасы боюнча суроо жооптор Акыл чабуулу Эң бийик учкан куш? Жору Эң ылдам учкан канаттуу? Сапсан Эң оор нерсени көтөргөн куш? Кызыл баш тоңкулдак ( 10кг чейин көтөрө алат) Канаттуулардын эң чоңу? Төө куш Канаттуулардын ичинен эң чоң көздүүсү? Төө куш (көзү 5см. мээсинен да чоң) Сууда 540м. тереңдикке чейин сүзө алчу куш түрү? Пингивин Эң чоң канаты менен айырмаланган куш? Альбатрос Канаттууларды изилдеген илим? Орнитология Кыргызстанда канаттуулардын канча түрү кездешет? 390дон ашык Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине коргоого алынган канаттуулардын канча түрү киргизилген? 57 түр  Куш жүндөрүн аткарган милдеттери менен жуптап жаз. А) контурдук чалгындары; 1) учканда денесин багыттайт; Б) башкаруучу 2) денесинин бетин каптайт; В) жабуучу куш жүнү 3) жылуулукту сактайт; Г) тыбыт куш жүнү 4) көтөрүү бетин пайда кылат Жообу: А - 4, Б – 1, В – 2, Г - 3

Үй тапшырмасы боюнча суроо жооптор

Акыл чабуулу

  • Эң бийик учкан куш? Жору
  • Эң ылдам учкан канаттуу? Сапсан
  • Эң оор нерсени көтөргөн куш? Кызыл баш тоңкулдак ( 10кг чейин көтөрө алат)
  • Канаттуулардын эң чоңу? Төө куш
  • Канаттуулардын ичинен эң чоң көздүүсү? Төө куш (көзү 5см. мээсинен да чоң)
  • Сууда 540м. тереңдикке чейин сүзө алчу куш түрү? Пингивин
  • Эң чоң канаты менен айырмаланган куш? Альбатрос
  • Канаттууларды изилдеген илим? Орнитология
  • Кыргызстанда канаттуулардын канча түрү кездешет? 390дон ашык
  • Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине коргоого алынган канаттуулардын канча түрү киргизилген? 57 түр
  • Куш жүндөрүн аткарган милдеттери менен жуптап жаз.

А) контурдук чалгындары; 1) учканда денесин багыттайт;

Б) башкаруучу 2) денесинин бетин каптайт;

В) жабуучу куш жүнү 3) жылуулукту сактайт;

Г) тыбыт куш жүнү 4) көтөрүү бетин пайда кылат

Жообу: А - 4, Б – 1, В – 2, Г - 3

12. Канаттуулар кайсы белгилери менен сойлоп жүрүүчүлөргө тектеш жагы бар? Куш шыйрагындагы кабырчыктарынын болушу, тер бездеринин жоктугу, экөөнүн тең буттарында тырмактары болот, сарылыкка бай жумуртка тууп көбөйүшөт. 13. Жылуу кандуу жаныбарларды дагы кантип атайбыз? Гомойотермдик 14. Канаттуулардын чалгын канатынын түзүлүшү кандай? Өзөгүнөн, калемчесинен, чалгын догочосунан, ички жана сырткы желпүүрлөрүнөн турат. 15. Тумшуктарынын түрлөрүнө жараша нектар менен азыктануучу канаттуулардын тумшугу кандай түзүлүштө? Пинцет сымал 16. Сүрөттөн куш жүндөрүнүн түрлөрүн, биринчилик, экинчилик чырымталдарын жана илмекчелерин көргөзүп бер?

12. Канаттуулар кайсы белгилери менен сойлоп жүрүүчүлөргө тектеш жагы бар? Куш шыйрагындагы кабырчыктарынын болушу, тер бездеринин жоктугу, экөөнүн тең буттарында тырмактары болот, сарылыкка бай жумуртка тууп көбөйүшөт.

13. Жылуу кандуу жаныбарларды дагы кантип атайбыз? Гомойотермдик

14. Канаттуулардын чалгын канатынын түзүлүшү кандай? Өзөгүнөн, калемчесинен, чалгын догочосунан, ички жана сырткы желпүүрлөрүнөн турат.

15. Тумшуктарынын түрлөрүнө жараша нектар менен азыктануучу канаттуулардын тумшугу кандай түзүлүштө? Пинцет сымал

16. Сүрөттөн куш жүндөрүнүн түрлөрүн, биринчилик, экинчилик чырымталдарын жана илмекчелерин көргөзүп бер?

Канаттуулардын тамак сиңирүү системасы Тамак сиңирүү системасы оозунан жана тумшугунан башталат. Ооз көңдөйү – кулкун - кызыл өңгөч (жемсөө) – бездүү жана булчуңдуу карыны – ичегилери – клоака Канаттуулардын ичегиси кыска болот. Боордун жана уйку бездин зили он эки эли ичегиге келип куят. Түз ичегиси өтө кыска.

Канаттуулардын тамак сиңирүү системасы

Тамак сиңирүү системасы оозунан жана тумшугунан башталат.

Ооз көңдөйү – кулкун - кызыл өңгөч (жемсөө) – бездүү жана булчуңдуу карыны – ичегилери – клоака

Канаттуулардын ичегиси кыска болот. Боордун жана уйку бездин зили он эки эли ичегиге келип куят. Түз ичегиси өтө кыска.

Дем алуу системасы Аба сырткы таноолору аркылуу ооз көңдөйүнө өтөт. Таноолору – ооз көңдөйү – кекиртеги – эки колкосу – өпкөсү – аба баштыкчалары Түргө жараша ар кандай түзүлүштөгү үн байламталары бар. Үн байламталарынын өрчүшүнө жараша куштар бири-бирине окшобогон ар түрдүү үндөрдү чыгарып сайрашат.

Дем алуу системасы

Аба сырткы таноолору аркылуу ооз көңдөйүнө өтөт.

Таноолору – ооз көңдөйү – кекиртеги – эки колкосу – өпкөсү – аба баштыкчалары

Түргө жараша ар кандай түзүлүштөгү үн байламталары бар. Үн байламталарынын өрчүшүнө жараша куштар бири-бирине окшобогон ар түрдүү үндөрдү чыгарып сайрашат.

Канаттуулардын дем алуу системасы дем алуу жолдорунан жана аба баштыкчалары бар өпкөдөн турат. Учканда кычкылтек менен каныккан аба канаттуулардын өпкөсү аркылуу 2 жолу өтөт - дем алууда жана дем чыгарууда (дем чыгарууда аба баштыктарынан өпкөгө өтөт). Канаттуулардын мындай дем алуу механизми кош дем алуу деп аталат. Канаттуулардын кош дем алуусунда аба кыймылынын схемасы: кекиртеги - бронхтор - арткы аба баштыктары - өпкө (газ алмашуу) - алдыңкы аба баштыкчалары - кекиртеги - аба чыгуучу.

Канаттуулардын дем алуу системасы дем алуу жолдорунан жана аба баштыкчалары бар өпкөдөн турат.

Учканда кычкылтек менен каныккан аба канаттуулардын өпкөсү аркылуу

2 жолу өтөт - дем алууда жана дем чыгарууда (дем чыгарууда аба баштыктарынан өпкөгө өтөт). Канаттуулардын мындай дем алуу механизми кош дем алуу деп аталат.

Канаттуулардын кош дем алуусунда аба кыймылынын схемасы:

кекиртеги - бронхтор - арткы аба баштыктары - өпкө (газ алмашуу) - алдыңкы аба баштыкчалары - кекиртеги - аба чыгуучу.

Кан айлануу системасы Канаттуулардын жүрөгү төрт камералуу . Эки дүлөйчө, эки карынчадан турат. Жүрөгү толук эки бөлүктөн – сол тарабында артерия, оң тарабында вена каны жүрүп турат. Артерия, вена кандары аралашпайт. Зат алмашуу ылдамдыгы жогору. Кычкылтекти көп камтыган артериялык кан бардык органдарга келет. Бул ткандарда жетиштүү жылуулук пайда болушун жана дене температурасынын туруктуу сакталышын камсыздайт. Ошондуктан канаттуулар жылуу кандуу жаныбарлар.

Кан айлануу системасы

Канаттуулардын жүрөгү төрт камералуу .

Эки дүлөйчө, эки карынчадан турат.

Жүрөгү толук эки бөлүктөн – сол тарабында артерия, оң тарабында вена каны жүрүп турат. Артерия, вена кандары аралашпайт.

Зат алмашуу ылдамдыгы жогору.

Кычкылтекти көп камтыган артериялык кан бардык органдарга келет. Бул ткандарда жетиштүү жылуулук пайда болушун жана дене температурасынын туруктуу сакталышын камсыздайт. Ошондуктан канаттуулар жылуу кандуу жаныбарлар.

Кан айлануунун чоң жана кичине эки тегереги бар. Кичине кан айлануу тегереги – өпкө менен жүрөктүн ортосунда жүрөт. Чоң кан айлануу тегереги – жүрөктүн сол карынчадан кан оң аорта аркылуу бүтүндөй организмди аралап өтөт.

Кан айлануунун чоң жана кичине эки тегереги бар.

Кичине кан айлануу тегереги – өпкө менен жүрөктүн ортосунда жүрөт.

Чоң кан айлануу тегереги – жүрөктүн сол карынчадан кан оң аорта аркылуу бүтүндөй организмди аралап өтөт.

Канаттуулардын скелети Скелети учуп жүрүүгө ыңгайланган. Жеңил жана бекемдиги менен айырмаланып турат. Канаттуулардын скелети баш кутучасынан, омуртка тутумунан, буттары жана алардын курчоолорунан турат. Омуртка тутуму беш бөлүктөн турат:  моюн  көкүрөк  бел  куймулчак  куйрук

Канаттуулардын скелети

Скелети учуп жүрүүгө ыңгайланган.

Жеңил жана бекемдиги менен айырмаланып турат.

Канаттуулардын скелети баш кутучасынан, омуртка тутумунан, буттары жана алардын курчоолорунан турат.

Омуртка тутуму беш бөлүктөн турат:

  • моюн
  • көкүрөк
  • бел
  • куймулчак
  • куйрук
Учуп жүрүүчүлөрдүн төш сөөгүнүн астынан урчук кыр кетет. Ушуга байланыштуу кыр төш сөөктүүлөр (учуучулар) жана кыр төш сөөксүздөр (чуркоочулар) деп бөлүшөт.

Учуп жүрүүчүлөрдүн төш сөөгүнүн астынан урчук кыр кетет. Ушуга байланыштуу кыр төш сөөктүүлөр (учуучулар) жана кыр төш сөөксүздөр (чуркоочулар) деп бөлүшөт.

Булчуңдары Канаттуулардын төш сөөгүнө, арткы бутуна жана мүрү сөөгүнө бекиген булчуңдары күчтүү келет. Мүрү сөөгүнүн булчуңдары канаттарын өйдө көтөргөнгө багытталса, жуптуу төш булчуңдары аларды кайрадан төмөн түшүрүүгө катышат. Буттарындагы булчуңдары тарамыштарга бай келип, алар манжаларын бүккөнгө катышат.

Булчуңдары

Канаттуулардын төш сөөгүнө, арткы бутуна жана мүрү сөөгүнө бекиген булчуңдары күчтүү келет. Мүрү сөөгүнүн булчуңдары канаттарын өйдө көтөргөнгө багытталса, жуптуу төш булчуңдары аларды кайрадан төмөн түшүрүүгө катышат. Буттарындагы булчуңдары тарамыштарга бай келип, алар манжаларын бүккөнгө катышат.

Нерв системасы жана сезүү органдары Канаттуулардын мээсинин алдыңкы чоң жарты шарлары жана каракуш мээси жогорку деңгээлде өрчүгөн. Ортоңку мээнин көрүү үлүштөрү жакшы өрчүгөн ал көрүү органынын курч болушун камсыз кылат. Каракуш мээнин өлчөмү башка мээ бөлүктөрүнө караганда чоң жана татаал түзүлүштө. Ал канаттуулардын учуп жүрүүсүндө тең салмакты сактоосун камсыз кылат. Каракуш мээге сүйрү мээ уланган. Сүйрү мээден жүлүн кетет.

Нерв системасы жана сезүү органдары

Канаттуулардын мээсинин алдыңкы чоң жарты шарлары жана каракуш мээси жогорку деңгээлде өрчүгөн.

Ортоңку мээнин көрүү үлүштөрү жакшы өрчүгөн ал көрүү органынын курч болушун камсыз кылат.

Каракуш мээнин өлчөмү башка мээ бөлүктөрүнө караганда чоң жана татаал түзүлүштө. Ал канаттуулардын учуп жүрүүсүндө тең салмакты сактоосун камсыз кылат. Каракуш мээге сүйрү мээ уланган. Сүйрү мээден жүлүн кетет.

Канаттуулардын көрүү жана угуу органдары Көпчүлүк куштардын угуу органы үч бөлүктөн турат:  калканчасыз сырткы кулак  ортоңку  ички Жыт сезүү органдары начар өрчүгөн. Көпчүлүк канаттуулардын көрүүсү (бүркүт, кулаалы, кыргоол) – монокулярдык , айрымдарында (үкүлөр) – бинокулярдык. Мисалы: Сапсан 1100м. бийиктиктен кыймылдагы олжосун көрө алат.

Канаттуулардын көрүү жана угуу органдары

Көпчүлүк куштардын угуу органы үч бөлүктөн турат:

  • калканчасыз сырткы кулак
  • ортоңку
  • ички

Жыт сезүү органдары начар өрчүгөн.

Көпчүлүк канаттуулардын көрүүсү (бүркүт, кулаалы, кыргоол) – монокулярдык , айрымдарында (үкүлөр) – бинокулярдык.

Мисалы: Сапсан 1100м. бийиктиктен кыймылдагы олжосун көрө алат.

Бөлүп чыгаруу системасы Бөлүп чыгаруу кызматын бир жуп экинчилик бөйрөктөрү жана заара түтүгү аткарат. Заара түтүкчөлөрү клоакага барып ачылат. Канаттуулардын табарсыгы жок. Зат алмашуунун негизги продуктусу – заара кислотасы. Тер буулануу жок. Ошондуктан алар сууну аз колдонушат. Клоакага бөйрөктөрдөн келген сийдигиндеги суу организмге кайрадан сиңирлет дагы калган коюу бөлүгү экскременттери менен кошо ак зат түрүндө сыртка чыгарылат.

Бөлүп чыгаруу системасы

Бөлүп чыгаруу кызматын бир жуп экинчилик бөйрөктөрү жана заара түтүгү аткарат. Заара түтүкчөлөрү клоакага барып ачылат. Канаттуулардын табарсыгы жок. Зат алмашуунун негизги продуктусу – заара кислотасы. Тер буулануу жок. Ошондуктан алар сууну аз колдонушат. Клоакага бөйрөктөрдөн келген сийдигиндеги суу организмге кайрадан сиңирлет дагы калган коюу бөлүгү экскременттери менен кошо ак зат түрүндө сыртка чыгарылат.

9 Лабораториялык иш.

Канаттууларды ички түзүлүшү

Иштин максаты: канатттуулардын (көгүчкөн же карганын) скелетинин бардык бөлүктөрүн карап чыгуу. Жиликтери жана жалпак сөөктөрүнүн жайланышы жана ашталышы менен таанышуу.

Иштин жабдылышы: көгүчкөндүн же карганын бүтүн скелети. Планшеттерге чапташтырылган канаттуунун скелети, сүрөттөр, слайддар.

Иштин жүрүшү:

  • Канаттуунун баш кутучасына көңүл буруп, жаактары тишсиз экенин көргүлө.
  • Моюн омурткаларын санап чыгып, санын жазгыла. Жалпак жана көңдөйлүү жиликтерди карап чыккыла.
  • Канаттууларга гана таандык татаал куймулчагын жана чычаң сөөгүн тапкыла. Алардын пайда болушуна көңүл бургула.
  • Канаттуунун скелетиндеги бир нече өзгөчөлүктөрдү – далысынын найза сымал түзүлүшүн, кыр сөөктүн болушун, акыректердин учу биригип V сымал сөөктү пайда кылуусун, көкүрөк омурткалардан чыккан кабыргалардын түзүлүшүн талдап карагыла.
  • Канатуунун бел курчоосундагы чаткаяк сөөктөргө көңүл бургула.

Иштин жыйынтыгы. Канаттуунун макеттеги скелетин сүрөттөгү же слайддагы скелеттер менен салыштыргыла. Алынган маалыматтарга таянып, жумушчу дептериңердеги канаттуунун скелетинин сүрөтүндөгү сөөктөрдү белгилегилеп жазып чыккыла.

Бышыктоо үчүн суроолор Канаттуулардын кандай орган системалары жакшы өрчүгөн? Канаттуулардын скелетиндеги кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңар? Канаттуулардын бөтөгөсү кандайча тиштин функциясын аткарып калган? Аба баштыкчалардын түзүлүшү жана аткарган кызматы кандай? Канаттуулардын үн байламталары кандай кызмат аткарат? Эмне үчүн канаттуулардын угуу жана көрүү органдары жакшы өрчүгөн?

Бышыктоо үчүн суроолор

  • Канаттуулардын кандай орган системалары жакшы өрчүгөн?
  • Канаттуулардын скелетиндеги кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңар?
  • Канаттуулардын бөтөгөсү кандайча тиштин функциясын аткарып калган?
  • Аба баштыкчалардын түзүлүшү жана аткарган кызматы кандай?
  • Канаттуулардын үн байламталары кандай кызмат аткарат?
  • Эмне үчүн канаттуулардын угуу жана көрүү органдары жакшы өрчүгөн?
Жыйынтыктоо Демек, канаттуулардын ички түзүлүшүндө учууга байланышкан өзгөчөлүктөрү бар экенин билдик. Скелети аба көңдөйчөлөрүнөн туруп, түтүк сымал көңдөйүнө аба толгондуктан жеңил болот.Учууга ыңгайлануусу сөөктөрүнүн айрым бөлүктөрүнүн кошулуп же азайышы менен түшүндүрүлөт. Ал эми тамак сиңирүү процессинде жемсөө, бездүү жана булчуңдуу бөтөгөлөрү негизги кызматтарды аткарып азыктын калдыктары ичегилеринде чогулбай клоака аркылуу чыгарылат. Түз ичегиси болбойт. Дем алуу процессинде кош дем алуу жүрүп турат. Кан айлануу системасы туюк. Жүрөгү төрт камералуу. Вена, артерия кандары аралашпайт. Ошон үчүн жылуу кандуу жаныбарлар. Баш мээсинин алдыңкы бөлүгүндөгү чоң жарым шарлары, каракуш мээси жана ортоңку мээде көрүү борбору жакшы өрчүгөн. Мээден 12 жуп нерв чыгып, четки нер системасын түзөт.

Жыйынтыктоо

Демек, канаттуулардын ички түзүлүшүндө учууга байланышкан өзгөчөлүктөрү бар экенин билдик. Скелети аба көңдөйчөлөрүнөн туруп, түтүк сымал көңдөйүнө аба толгондуктан жеңил болот.Учууга ыңгайлануусу сөөктөрүнүн айрым бөлүктөрүнүн кошулуп же азайышы менен түшүндүрүлөт. Ал эми тамак сиңирүү процессинде жемсөө, бездүү жана булчуңдуу бөтөгөлөрү негизги кызматтарды аткарып азыктын калдыктары ичегилеринде чогулбай клоака аркылуу чыгарылат. Түз ичегиси болбойт. Дем алуу процессинде кош дем алуу жүрүп турат. Кан айлануу системасы туюк. Жүрөгү төрт камералуу. Вена, артерия кандары аралашпайт. Ошон үчүн жылуу кандуу жаныбарлар. Баш мээсинин алдыңкы бөлүгүндөгү чоң жарым шарлары, каракуш мээси жана ортоңку мээде көрүү борбору жакшы өрчүгөн. Мээден 12 жуп нерв чыгып, четки нер системасын түзөт.

Үй тапшырма § 46 Канаттуулардын ички түзүлүшү 163, 166-сүрөт тартуу Канаттуулардын сырткы, ички түзүлүшү боюнча кроссорд түзүп келүү

Үй тапшырма

  • § 46 Канаттуулардын ички түзүлүшү
  • 163, 166-сүрөт тартуу
  • Канаттуулардын сырткы, ички түзүлүшү боюнча кроссорд түзүп келүү