Тема: Канаттуулар майрамы.
Сабактын максаты:
Канаттуулар классы боюнча окуучулардын алган билимдерин бышыктоо,толуктоо,алардын биология сабагына болгон кызыгуусун арттыруу,жаратылышта болгон суйуусун ,мамилесин,ой жугуртуусун активтештируу жана экологиялык,эстетикалыки тарбия беруу.
Жабдылышы:мультимедиялыкт доска,слайд,плакаттар,суроттор,кызыл китеп,уялар жана канаттуулардын куш жундору.
План:
1.Уюштуруу (видиоролик)
2.Саламдашуу
3.Жеке номер
4.Блицтурнир(суроо-жооп)
5.Канаттуулардын мааниси (айтыш)
Слайд:
6.Акылдуу канаттуулар (макалдар)
А.Газмановдун “Кызыл китеп “ деген ыры угулат
7.Канаттуулардын бийи
8.Канаттуулардын оюндары
9.Окуучулардын кол онорчулугунун коргозмосу
Эн жакшы жасалган уя
Эн жакшы жасалган мозаика
10.Жыйынтык
11.Балдардын колу менен жасалган уяларды орнотуу
1.Уюштуруу: Видеоролик “ Жаныбарлар дуйносу”
Мугалим: Саламатсыздарбы,урматтуу биздин сыйлуу коноктор жана канаттуулар майрамынын катышуучулары.Баарыбыз айланага коз чаптыралычы,кун нуру мееримин тогуп турат.Кун нурунун илебине биринчилерденн болуп байчечекей,нарцисстер ачылууда,канаттуулардын мукам ундору угулууда.Илгери биздин ата-бабаларыбызжаздын келишиканаттуулардын келиши мн тосуп алышкан.Бизда да жаз майрамы нооруздун алдынан чогуу канаттуулар майрамын откорууго чогулдук.Бугунку канаттуулар майрамында биз эки команданын таймашына кубо болобуз.Алдыныздарда “Буркут”жана “Ак куу” командасы.Таймаштын алдында баарыныздарды калыстар тобу менен тааныштырып отоюн.
Таймашты баштап алуу учун эки командага суроо берилет кайсы команда биринчи жана туура жооп берсе ошол команда таймашы баштайт.
//.Саламдашуу
Ак куу командасынын саламдашуусу
Көкөлөп бийик чарк ура
Көк желе сымал жер талаа
Саптарын бузбай учушкан
Саламын айтат каркыра
Жаркынай
Кээси ак,кээси көгуштөн
Жергеме мээримин тогушкон
Тынчтыктын болгон символу
Сиздер менен саламдашат когучкон
Эсмирольдо
Жаздын сулуу жарчысы
Чабалакей мен болом
Эрте келтп баарынан
Элге айтам мен салам
Айжанат
Унумду сагындынбы эл журтум
Сайрайын мен булбулмун аны уккан
Жан дуйно музыканын ыргагында
Ыр тартуулап салам берем угуп турган
Буркут командасы
Мээримай
Саламдашуу сырдашуу адатыбыз
Достук болсун коколоп канатыбыз
Ушул кече бул кече сыноо кече
Ийгиликти каалайбыз биз сиздерге
Идирис
Толубайдай атактуу тулпарынан
Толубайдай сайраган булбулунан
Шаркырап ээ-жаа бербей агып жааткан
Туптунук Ак-Бууранын сууларынан
Эднар
Хор: Жалындуу ысык салам
Жайлоодо жашаган коп жандыктан
Аюу жолборс,коенок,арстандандан
Буркут улар кекилик шумкарынан
Таштан чыккан туптунук булагынан
Жалын
Жалындуу ысык салам
Кандай сонун жаркыраган жаз айы
Которунку баардык элдин майрамы
Талаа туркун гулдоруно жайнады
Ал анткени бугун бизде канаттуулар майрамы
Жан дуйнобуз музыка менен бирге болгондуктан,кечебизди
канаттуулар боюнча обондуу ырлардан баштайбыз
Ак куу
“Уя жасап береличи”
Буркут командасы
“Кукук”
Суроо-жооп 10 суроонун канчасына ,канча минутада жооп бергенге карап бааланышат.
Буркут командасынын суроолору
1.Эн жакшы ырдаган адамды кайсы канаттууга салыштырышат? (булбул)
2.Суйлошуп жатып мушташып кеткен адамдарды кайсы канаттууга салыштырышат?(короздор)
3.Ушак таратып жургон адамды кайсы канаттууга салыштырышат?(сагызган)
4.Жаман энени кайсы канаттууга салыштырашат.(кукук-зейнеп)
5.Жаз бул эн шандуу жыл мзгеили деп аташат? эмне себептен
6.Жыландар менен азыктанган канаттуунун аты эмне?(жыланчы)
7. Эн ылдам учкан канаттуу( кардыгач)
8. Кайсы канаттуунун бутунда эки мнжасы бар?(тоо куш)
9.Археоптерикс деген соз эмнени тушундурот?( байыркы канаттуу0
10. Кайсы сайроочу канаттуу жырткыч?( узун куйрук боор баш)
Ак куу командасынын суроолору
1.Эн жакын, боорукер,жагымдуу адамды кайсы канаттуууга салыштырышат?(чабалекей)
2.Эн кучтуу, чечкиндуу адамды кайсы каанаттууга салыштыршат? ( буркут)
3.Чабалекейлер жерге жакын учса,бул эмненин билгиси?(жамгыр жаайт)
4. Каргалардын дарактардын учтарына конушу эмнени билдирет?(кыштын келишин)
5.Каргалар жердеги кардын устуно конушса кун кандай болот?(жылуу)
6.Кыргызстандын кызыл китебине канча канаттуу киргизилген?(53)
7.Кайсы канаттуунун балапаны эненсин билбей чоноет?(кукук)
8.Эн бийик учкан канаттуу?(буркут0
9.Колибри кайсы жерде жашайт?(туштук америка)
10. Кыргызстанда канаттуулардын канча туру бар?(360)
Канаттуулардын маанси.Эки командадан бирден окуучу чыгып кезектешип канаттуулардын жаратылыштагы ,адам баласынын тиричилигиндеги маанисин айтыш катары куч сынашат.Кайсы окуучу эн коп айтса ошол команда женишке ээ болот.
1.Зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылышат.
2. Коркунучтуу оору жугузуучу кемирчектуулорду азайтып турушат.
3.Башка жаныбарларга жем болушат.
4.Жаратылыш санитарлары,чымын чиркейлерди,тарптарды биринчилерден болуп жок кылышат.
5. Осумдукторду чандаштырышат.
6.Осумдукторду таратышат.
7.Адамга эт,куш жун жана жумуртка берет.
8.Канаттуунун кыгы эн жакшы жер семирткич
9. Эн негизги азык тизмегин тузушот.
10.Эстетикалык жана илимий мааниге ээ
“Канаттуулардын мааниси”аттуу видеоролик корушот.
Азыркы мезгилде ар бир тур жоголуу коркунучунда турат.Келгиле достор канаттууларды коргойлу!
Адам баласынын иш аракетинин таасиринен азыркы 300жылдын ичинде 76 канаттуунун туру жер бетинен жок болду,140туру жоголуу коркунучунда.Турлордун санынын азаюсуна экологиянын булганышы,мыкаачылык менен мергенчилик кылуу болуп саналат.Канаттуулар азыр силер коргондой алсыз,биздин жардамга муктаж.Келгиле балдар канаттууларды коргойлу!
Акылдуу канаттууулар.Бул конкурска катышкан окуучулар баштыкчага салынган иретсиз макалдарды иретке келтиришет.Кайсы класстын катышуучулары макалдарды туура жана коп иретке келтиришсе,ошол команда женишке ээ болушат.Ар бир туура жооп 1балл (3мин)
1.Канаттууну учканын бил,ал эми адамды ишинен бил.
Коен болуп жашагыча,буркут болуп олгон жакшы.
Сагызган сактыгынан эмес суктугунан олгон.
2.Куш учуш учун,адам бакыт учун башталган.
Таранчыдан корккон таруу экпейт.
Адамды нан менен тосуп алат,канаттууну дан менен тосуп алат.
3.Башында эч нерсе жок,сайраганы булбулдай
Алтын капастан коро,эркиндик жакшы.
Акылы жок кушка,озунун уясы жакпайт.
4.Карганын жашын,адамдын ичин билуу кыйын.
Карга учуп шумкар болбойт,эшек жугуруп тулпар болбойт.
Карга карганын козун чокубайт
5.Карга коргонун чокуйт,молдо билгенин окуйт
Жумушка жалкооадамдан,жумуртка берген тоок арттык
Куш жемине алданат,адам созго алданат.
Кезекте бий
“Когучкон бий”
Канаттуулардын оюну
Ынгайлуу уяча
Ар бир класстан торттон окуучу чыгып чоптордон жана чырпыктардан уя жасашат.Уя жасалып жаткан мезгилде видеоролик “Канаттуулардын ундору “Уя жасоо кыйын экенби?Ооба силер учун оной болушу мумкун.Канаттуулар уяларын тумшуктары жана бутары менен курушат.Чындыгында биздин окуучулардын арасында да колу чебер усталар жок эмес.Окуучулардын колунан жасалган коргозмолорго коз чаптырсак.
Окуучулардын кол онорчулунун коргозмосу
Эн жакшы жасалган уя
Эн жакшы жасалган мозаика
Х.Жыйынтык: Балдар бугунку “Канаттуулар майрамы “аттуу таймаштын жыйынтыгын угуп,белектерди алуу убактысы келди.Анда созду калыстар тобуна берсек
Балдардын колу менен жасалган уяларды орнотуу.Бугун чындыгында биздин майрам эмес канаттуулардын майрамы.Аларды эстен чыгарбастан окуучулардын жасаган белектерин канаттуулар учун тартуулайлы.(Мугалим балдар менен биргеликте жасап калген уяларын мектептин айланасындагы дарактарга илишет).
Жаратылышка озгочо кооздукту тартуулап жаткан куштар бир гана жаратылыш эле эмес адам баласынын жашоосунда дагы он мааниге ээ .