СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Каратма соз 9-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Каратма соз 9-класс»

5-класс

Сабактын темасы: Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөз. Каратма сөз, анда коюлуучу тыныш белгилер

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк: Окуучулар каратма сөз тууралуу маалымат алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: Каратма сөздүн милдетин аткаруучу сөз түркүмдөрүн билишет. Суйлөмдөгү башка сөздөрдөн айырмаланып, кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын өздөштүрүшөт.

Тарбия берүүчүлүк максаты: Жазуу жана оозеки кептеги өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт.

-каратма сөз тууралуу маалыматтарды билишсе

-каратма сөздүн милдетин аткаруучу сөздөрдү атай алышса жана каратма сөздүн кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын өздөштүрсө

-каратма сөздүн жазуудагы жана оозеки кептеги өзгөчолүкторүн айта алышса

-сабакта бири-биринин оюн угуп, ынтымакта болушса

Тилдик компетенттүүлүк: каратма сөздүн кайрылуу, чакыруу интонация менен айтыларын билет

Кептик компетенттүүлүк: каратма сөз катышкан суйлөмдөрдү жазууда тыныш белгилерин туура коюуну өздөштүрөт

Маданий компетенттүүлүк: каратма сөз катышкан сүйлөмдордү туура окуйт, адабий тилдин ченемдерин сактоо менен сүйлөй алат

Сабактын тиби: Жаӊы билимди өздөштүрүү сабагы:

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк, түшүндүрүүчүлүк метод

Сабактын жабдылышы: таблица, дидактикалык карточкалар, ватман маркер

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

баскычтары

Убакт ысы

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Комп.к.

баалоо

Уюштуруу

3мүн

Саламдашат.

Класска жагымдуу жагдай түзүү

Саламдашышат. Жагымдуу маанайда сабакты башташат.




Үй тапшырма

5мүн

Өтүлгөн теманы кайталап, үй тапшырмасын текшерүү.

Өткөн сабакты кайталоо максатында жалаӊ жана жайылма сүйлөмдөрдү салыштырып, Венндин диаграммасын түзүшөт.

Окуучулар суроолорго жооп беришет.


Жалаӊ жана жайылма сүйлөмдөрдү салыштырып, Венндин диаграммасын түзүшөт.

Нк1

Нк2

Нк3


Пк1

Пк2



КБ

Жаӊы тема

20 мүн

Бүгүнкү сбагыбыздын темасы - каратма сөз. Сүйлөмдо айтылып жаткан ойдун кимге, эмнеге арналгандыгын билдирүүчү сөз, же сөз тизмеги каратма сөз деп аталат.

Мисалы: Көкөтөй чалга аш бердик, Манас.

Ашка аралаш баш бердик, Манас.

Каратма сөз адабий тилдин бардык жанрларында бирдей колдонулбайт. Ал оозеки кептеги диалогдордо, кулактандырууда, чакырыктарда, көркөм адабий чыгармаларда кеӊири колдонулса, публицистикалык чыгармаларда, илимий эмгектерде өтө эле сейрек жолугат.


Окуучулар сабакка кунт коюп угушат, түшүнбөгөн суроолорун беришет.



















Нк

1



Нк 2







Нк 3



Пк1



Пк2



Пк3






КБ

Бышыктоо

15

мүн

162-көнүгүүнү окуп, каратма сөз катышкан сүйлөмдөр кандай окуларын байкашат. 163-көнүгүүнү көчүрүп жазып, каратма сөздүн сүйлөмдөн алаган ордун аныктап, ага жараша тыныш белгилерин коюшат. 164-көнүгүүдө берилген суйломдөрдүн ээсин каратма сөз катары колдонуп, үлгүдө көрсөтүлгөндөй сүйлөмдөрдү түзүшөт.

Сабактын кийинки бөлүгүндө 165-конүгүүдо берилген тексттер көркөм окулат. Каратма сөздөрдү таап, тыныш белгилеринин кандай коюлгандыгын айтып беришет.

Окуучулар берилген тапшырмаларды жеке, жупта иштешет.



Нк 2



Нк 3





ПК1



ПК2







КБ

Баалоо

2мүн

Баалоонун талаптары:

-суроолорго так жооп берүүсү

-сүйлөө кебинде далилдерди пайдаланышы

-ойлорун тартынбай толук айтышы

-көнүгүүлөрдү эрежесине жараша туура аткаруусу

Окуучулар күндөлүктөрүнө бааларын койдурушат


НК1

НК2

НК3



НК2


НК3





ЖБ

Үй

тапшырма

1мүн

166-көнүгүү.

Тапшырманы күндөлүктөрүнө жазышат










Классы: 5-класс

Сабактын темасы: Сүйлөмгө мүчө боло албаган сөз. Каратма сөз, анда коюлуучу тыныш белгилер

Сабактын максаты:

Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк: Окуучулар каратма сөз тууралуу маалымат алышат,тыныш белгилерин туура коюшат,

Өнүктүрүүчүлүк:Адабий чыгармадан алынган тексттен каратма создөрду тапса, Суйлөмдөгү башка сөздөрдөн айырмаланып, кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын өздөштүрүшөт.

Тарбия берүүчүлүк максаты: Жазуу жана оозеки кептеги өзгөчөлүктөрүн үйрөнүшөт.

Сабакта бири-биринин сөзун угушат.

-каратма сөздү билип,аны жазууда тыныш белгилерин туура койсо,

- каратма сөздүн кайрылуу, чакыруу интонациясы менен айтыларын өздөштүрсө,

-каратма сөздүн жазуудагы жана оозеки кептеги өзгөчөлүктөрүн айта алышса

-сабакта бири-биринин оюн угуп, ынтымакта болушса

Тилдик компетенттүүлүк: каратма сөздүн кайрылуу, чакыруу интонация менен айтыларын билет

Кептик компетенттүүлүк: каратма сөз катышкан суйлөмдөрдү жазууда тыныш белгилерин туура коюуну өздөштүрөт

Маданий компетенттүүлүк: каратма сөз катышкан сүйлөмдөрдү туура окуйт, адабий тилдин ченемдерин сактоо менен сүйлөй алат

Сабактын тиби: Жаӊы билимди өздөштүрүү сабагы:

Сабактын методу: айтып берүүчүлүк, түшүндүрүүчүлүк метод

Сабактын жабдылышы: таблица, дидактикалык карточкалар, ватман маркер

Сабактын жүрүшү:

Сабактын

баскычтары

Убакт ысы

Мугалимдин иш- аракети

Окуучунун иш- аракети

Комп.к.

баалоо

Уюштуруу

3мүн

-Саламатсыңарбы балдар!

-Бизде азыр кайсы сабак?

-Өткөн сабакта силер менен кайсы теманы жыйынтыктадык эле?

Анда силер менен

жагымдуу жагдай түзүп алалы.

“Атына жараша заты” оюну менен баштайбыз.

Саламдашышат. Жагымдуу маанайда сабакты башташат.

Окуучу ордунан туруп турат,анын аты кайсы тамгадан башталса,окуучулар ошол тамгадан жагымдуу сөз айтышат

Алтынай-акылдуу,адептүү,ар намыстуу деген сыяктуу.




Үй тапшырма

7мүн

Азаматсыңар, балдар, анда теманы кайталоо үчун Пирамида” оюнун ойнойбуз

Ажар келди.

Ал апасына жардам берди.

Андан кийин сабак окууга олтурду.

Аябай чарчап,уктоого даярданды.

Азаматсыңар балдар сабакка жакшы даярдык менен келипсиңер.


Өткөн сабакты кайталоо максатында жалаӊ жана жайылма сүйлөмдөрдү салыштырып, Венндин диаграммасын түзүшөт.


Окуучулар суроолорго жооп беришет.

Жалаӊ жана жайылма сүйлөмдөрдү салыштырып, Венндин диаграммасын түзүшөт.


Жалаң

сүйлөм

Жайылма сүйлөм


Нк1

Нк2

Нк3


Пк1

Пк2



КБ

Жаӊы тема

20 мүн

Бүгүнкү сабагыбыздын темасы - каратма сөз. Сүйлөмдо айтылып жаткан ойдун кимге, эмнеге арналгандыгын билдирүүчү сөз, же сөз тизмеги каратма сөз деп аталат.

Мисалы: Айбийке, биз сенден көптү кутөбуз.

Бул жерде Айбийке-каратма сөз

Каратма сөз оозеки кептеги диалогдордо, кулактандырууда, чакырыктарда, көркөм адабий чыгармаларда кеӊири колдонулса, публицистикалык чыгармаларда, илимий эмгектерде өтө эле сейрек жолугат.


Окуучулар сабакка кунт коюп угушат, түшүнбөгөн суроолорун беришет.



Балдар мисал келтиришет.


















Нк

1



Нк 2







Нк 3



Пк1



Пк2



Пк3






КБ

Бышык-

тоо

11

мүн

162-көнүгүүнү окуп, каратма сөз катышкан сүйлөмдөр кандай окуларын байкагыла.

163-көнүгүүнү көчүрүп жазып, каратма сөздүн сүйлөмдөн алган ордун аныктап, ага жараша тыныш белгилерин коюшат.

164-көнүгүүдө берилген суйломдөрдүн ээсин каратма сөз катары колдонуп, үлгүдө көрсөтүлгөндөй сүйлөмдөрдү түзүшөт.

Сабактын кийинки бөлүгүндө 165-конүгүүдо берилген тексттер көркөм окулат. Каратма сөздөрдү таап, тыныш белгилеринин кандай коюлгандыгын айтып беришет.

Окуучулар берилген тапшырмаларды жеке, жупта иштешет.



Нк 2



Нк 3





ПК1



ПК2







КБ

Баалоо

2мүн

Баалоонун талаптары:

-суроолорго так жооп берүүсү

-сүйлөө кебинде далилдерди пайдаланышы

-ойлорун тартынбай толук айтышы

-көнүгүүлөрдү эрежесине жараша туура аткаруусу

Мугалим окуучуларды баалап ,едупейч боюнча бааны ата-энелерге жөнөтөт.

Окуучулар күндөлүктөрүнө бааларын койдурушат


НК1

НК2

НК3



НК2


НК3





ЖБ

Үй

тапшырма

2мүн

166-көнүгүү.Каратма сөзду катыштырып

ага-туугандарыңарга кат жазгыла

Тапшырманы күндөлүктөрүнө жазышат