СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карысы бардын - ырысы бар!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Карынын кебин капка сал!

Просмотр содержимого документа
«Карысы бардын - ырысы бар!»

Өтүлүүчү класс:

Өтүлүүчү күн:

Сабактын темасы: Карысы бардын - ырысы бар.

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучуларга ата-энени сыйлоо, кадырлоо, барктоо бул ар бир перзенттин милдети экенин же жалпы карыларга жардам берип, карыларды ыйык тутуп, сыйлоого үйрөтүү.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: окуучулардын аң-сезимин өстүрүү, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

  3. Тарбия берүүчүлүк: окуучуларды ыймандуу, адептүү болууга, кайрымдуу болууга тарбиялоо.

Сабактын планы:

  1. Уюштуруу. (Саламдашуу…)

  2. Үй тапшырмасын текшерүү. ( карылар ж/гү ырлар, макал-лакаптар жазып жаттоо)

  3. Жаңы тема «Карысы бардын – ырысы бар»

  4. Макал – лакаптар айтышуу

  5. Класстер түзүү.

  6. Үй ишин берүү

Саламатсыздарбы урматтуу эже-агайлар, бүгүнкү биздин карыларга арналган «Карысы бардын – ырысы бар» деген тарбиялык ачык сабагыбызды ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер!

Алып баруучу: Балдар, кана айткылачы, 1-октябрь кандай күн?

Окуучулар: 1-октябрь Карылар күнү

Алып баруучу: Ооба, балдар туура айтасыңар. Кана, карылар жөнүндө кандай ырлардан билесиңер? Окуучулар ар кандай ырларды айтышат:

Ал күчтөн тайып арылып

Ар жанга келет карылык

Артыңдан изиң калбаса

Арманың күчөөр кайгырып


Баскан изиң изилдеп

Бышкан ишке ашыгып

Сустаранын мизиндей

Оодарылган карылык


Карылардын артында

Капка салаар кеп калар

Кайран адам табылгыс

Кайтса келбес кеп кабар


Эчен сонун балдар бар

Карынын билет кадырын

Энчисин текке кетирбей

Жерин да билет кадырын


Кадырлай билсең карыны

Касиет дейбиз аныңды

Кайгыланса бак-дарак

Барынын жери, тамыры



Бул турмушта адам болуп жаралган соң, адам баласынын башынан эмнелер гана гана өтпөйт дейсин. Турмуштун ачуусу да, таттуусу да болот. Адегенде балалык кез. Бул учур жашоонун эң таттуу, жыргал, бейкапар мезгили десек жаңылышпайбыз. Анткени ата-энеңдин алдында ичем десең тамагың, кием десең кийимиң даяр. Жашоонун маңызын анча толук түшүнө албаган кезиң-балалык чагың тура. Анан эр жетип, турмуштун ачуу-таттуусун бирдей көрүп, ысык-суугуна чыдаган учурларың башталат. Ушул жаш чагыңда ата-энеңди сыйлап, барктап, кадырына жетсең, сен да ата-эне болгондо сени да балдарың ушинтип сыйлап, кадыр-баркка жеткирерин унутпа.

Чынында да өзүңдүн кайдан жаралганыңды, кандайча бул дуйнөгө келгениңди жана ааламдагы ордуңду, түбөлүктүү максатыңды билиш кандай зор невмат жана бакыт. «Жети атасын билбеген кул, жети энесин билбеген күң»-дегендей өз атабызды өз энебизди билбесек, тааныбаса, кантип «адам» деген атка татыктуу болобуз. Өмүрүндө өзүнө келечекте түркүк боло турган, тукумун улай турган урпак даярдоо ар бир адамдын тилеги. Тилекке каршы батышты туурап, айрым жаштар үй-бүлө куруу, бала өстүрүү ата-энени сыйлоо, багуу деген нерселер алар үчүн оор түйшүк, жыргалчылыкка, ырыхатка тоскоол болуп, андай нерседен кутулуштун аракетин кылууда.

Ата-энесин карабай коюу биздин кыргызга өлүмгө барабар эң чоң айып болгон, бир эле ошол адамдын эмес, бүт уруунун, элдин абийирине чоң шек келтирген. Шариат жагынан да андай нерсе эч кечирилгис чоң күнөө болуп эсептелет. Себеби, ар бир адамга ата-энеңди караш, багыш анын эң ыйык парзы болуп эсептелет.

Бала үчүн жөжөсүнө кыйпычыктаган тооктой болуп, 50 гө чыкса да балам ачка калбады бекен, суук тийип калбады бекен, ооруп калбады бекен, - деп биз үчүн күйүп-бышкан ата-энеден эң жакын адам барбы? Бирок пенде деген эң баалуу нерсени өз убагында туйбайт турбайбы. Абасы жок биз беш мүнөттө жок болобуз, суу жок болсо беш күндө жок болобуз, бирок биз анын баасын билебизби? Албетте, сезбейбиз, себеби ал бекер келип отурбайбы. Ата-эне да ошондой. Кээ бирлери чоңоюп алып, аларды карылар үйүнө да таштап коет экен. Аталарын уруп, сабап, өлтүргөндөр да бар. Мына ушунун бары биздин ыймансыздыгыбыздан болуп жатпайбы.

Алла Таала Куран Каримде:

«Силерди Кудайыңар ата-энеге жакшылык кылууну буйруду. Эгерде алардын бирөө же алардын экөө тең карылык куракка жетсе, аларды кекетип «уф!» дебе! Алардын алдында мээримдүү кучагыңды кенен жай. «Ата-энеңерге, бир тууганыңарга, жетимдерге жана бей-бечераларга жакшылык кылгыла, адамдарга жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө» деп айтылган.

Картайганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу-жумшак мамилеге, урмат-сыйга бөлөнүүсү-ата-эненин акысы. Пайгамбарыбыз: «Ата-энең сенин жаннат дарбазаң, кааласан аны тургуз,кааласан бузуп сал. Жаннаттын ачкычы эненин таманында деген. Ислам дини ата-энеге жакшылык кылууну Алла Талаага моюн суунудан кийинки эле чоң ибадаттардын даражасына койгон. Пайгамбарыбыздан бир жолу анын сакабаларынын бири: «Мен кимге жакшылык кылуум керек?»-деп сураган. Пайгамбырыбыз ага: 'Энеңе”-деген.”Андан кийинчи?”-деген суроолоруна да ушинтип уч жолу кайталап тортунчусундо гана:”Анан атаңа”-деген жоопту айткан. Пайгамбар салла Аллаху алайхи ва салам жана да мындай деген:”Кудайдын эрки ата-эненин эркинде жана Кудайдын нааразылыгы да алардын нааразылыгында. Кээ бир жаштар:биздин ата-энебиз жаман болуп арак ичип, урушуп-талашып жатпайбы, урмат-сыйга татыксыз болуп жатпайбы”-дешет.

Чынында азыр андай ата-энелер да көп. Бирок,кандай болсо да ата-энени сыйлаш керек. Ата-эне үчүн дайыма ден-соолук, куч-кубат, бакыт тилеп дуа кылыш керек.

Алар үчүн Кудайга тооба кылып, ыйман топук сураш керек.

Пайгамбарыбыздын : «Э Кудай Ата-Энем мага кичинекеимде мээримин төккөндөй, аларга мээримиңди төк»-деген дуаны үйрөткөн. Албетте кимдер ата-энесине жаштыгында кандай мамиле жасаса карыганда өз балдарынан ошондой мамилени көрүшөт.

Бир жигит жаңы бир нерсе сатып келсе, аны келинчегине берип,эскисин ата-энесине берчү экен. Бир күнү аялы ага: «Мага тамак бер»-дейт.Күйөөсү ага :Мен сени жакшы көрүп, сага эң жакшы нерселерди алып келип берсем,урматтасам эмне үчүн мени чанып отурасың», -дейт. «Мен сенден балалуу болууну каалабайм, себеби сенин балдарың да биз картайганда бизди сага окшоп урматтабайт»,-деген экен. Ата-энеге кызмат кылуунун тартиптери бар, аларды шартына жана муктаждыгына жараша аткаруу керек.

Алардан эч качан, ал эмес «уф» деген үшкүрүк сыяктуу нерсе менен да нааразы болбоо, тескерисинче буйруктарын аткарууга даяр болуп, боорукерлик мээримин төгүп, аларга жумшак, ырайымдуу, өзүн алардан касс коюп мамиле жасоо керек. Сөзүндө, ишинде бир нерсени алганда же бергенде аларга артыкчылык кылуу жана аларды өзүнөн жана аялынан абзелирээк деп билип, алардын талабын жана буйруктарын эң алдын аткаруу жана Кудайга күнөө болбой турган иштердин баарында алардын ыраазылыгына умтулуу керек. Аларга эч качан кынынбай да оройлук кылбай, өзгөчө алар карыганда аларга эң жумшак, назик мамиле жасап, аларды сүйүндүрүүгө тырышуу керек. Аларга муктаж болгон нерселерин алып берип, каржылап туруу зарыл. Азыркы учурда карыларды карыган кезинде балдарын жоготуп алган тирүү туруп багар-көрөрү жоктой болгон айрым карылардын кейиштүү адамдын зээнин кейитет. Мына ушунун төгөрөгүндө ой жүгүртүп көрүү баарыбызга милдет. Бул жерде ойлонор да толгоноор да сөз жатат. Мындайча айтканда кыргыз адамынын цивилизацияга умтулууда европалык уй було маданиятына сунгуп кируунун байкалбаган, элес алынбаган таасирленүүсүнөн улаш десек болчудай. Ошолордой болгубуз келген тууроочулуктун акыбети акырында ушундайлыкка, кыргыз мүнөзүндө тап-такыр болбогон көрүнүшкө алып бараарын кимибиз таңазар алдык эле. Акыры айлабыз кеткенде өзүбүз жасап алып шорубузду катырган көрүнүштөрдү заманга шылтап коюп атпайбызбы. А заман өз нугунда, аны жасап алуу, кайрадан өз табиятына, мүнөзүнө жараша жаратуу адам баласынын агартуу маданиятына байланыштуу. Эгер биз деле ошо өткөн ата-бабаларыбыздын үй-бүлө үчүн жараткан кылдат тарбиясына маани бербесек, эртең эле ата-энени карабай кетип калуу күндөлүк турмуштагыдай адатка айланып, кыргыз мүнөзү да ушундай делинмек. Кыргыз элинин тээ алмустактан бери келаткан бекем таалим-тарбиясынын сыры эмнеде? Уядагы темир канат, сары ооз балапандарга улуттук, элдик тарбиянын кандай жагдайлары коштоп барыш керек? Анан эң башкысы уядагы жетилип келаткан балапандарга эне чымчык менен ата чымчыктын кандай жигер оту, мээр ышкысы керек экен? Балким балдарына туура тарбия бералбаган куноо озундодур? Жигер отун бералбаган парасатсыз ата-энелерибиз канча. Маңдайынан сылап коюнун өзү эле жан жигерди не деген мээримге көлкүтө өрөпкүтө толкунтат. Айтор мына ушундай жакындык, ата-баланын ортосундагы кадыр туткан сөз, ыйба, урмат, мээримдүү караган сүйүү гана жан жигерди ойгото алат окшойт. Кээде жаңы төрөгөн аялды “ аялды” ,балаңды көп эле көкүрөгүңө баса бербе,жышыгып кийин карыш бастырбай коет. Бешигине үстүндөгү тонуңду жаап кой, эненин жыты менен уктай берет “ дешчү. Көрсө эне сүтүндө, эне жытында мээримдүүлүктүн эч нерсеге алмаштыргыс касиети бар тура. Неге бала энелик мээримди ушунчалык көксөйт,койнунда эркелеп бирге жаткысы келет. Аны биз дароо эле өзүбүзгө жолотпой бөбөгүнөн бөлүп таштайбыз.Эненин мээрим отуна магдырап жатчу наристе эне жытынан тирүү туруп ажырайт. Бул европалыктардын үй-бүлө маданияты экенин билебиз. Анны шаарда жашаган ,ал тургай бүтүндөй кыргыздарыбыз үйрөндү. Эпкин –учкуну айыл-кыштактарга да жетпи. Балдарды чогуу жаткырбоо азыр массалуу үй-бүлө тарбиясына айланды. Көрсө эгоисттик ,өзүмчүлдүк тарбиянын башаты ушу болуп жаткыруунун маданиятынан экен го ,аттин. Баланын жаштайында ата-эне менен бирге жатып туруусунда канча жигериңди элжиреткен жыт бар.Бул жыт ата-энени баладан ,баланы ата-энеден бөлүп кеталгыс мээримдүүлүктү ,боорукерликти, акыбеттүүлүктү жүрөктөргө айныгыс уялаткан жыт ушу экен го! Неге орус туугандардын дээрлик көбү карыганда кор болот, балдарды тыштап кетишет деп ой учугуна жетпей турдуу себептерден издей беребиз. Көрсө бардык жан жигердүүлүк ата-эне менен баланын ортосундагы жыпар жытта экен.Төрөгөндөн кийин эле өзүнөн оолактатып бөлүп салмай, ак мамагынан сүт чыкса да балкылдата мээр төгө эмизбей соскага үйрөтүү. Мурда бир туугандарды орустар деле чогуу жаткырып үйрөтүшкөн. Айтор кийинки маданий цивилизация алардыкын да танды. Мына эми ак шейшепте чоңойгон орус баласынын мээр – акыбети. Эне мээримине, жытына балкып чоңойбогон мерес жүрөктөр кайдан пайда болду эле. Так ушул ичкилик кыргыздардын сөздөн кийин жытка мани берген кылдат тарбиясында окшойт кеп төркүнү.демек, исседондордун таалим нарк-насилиндеги бабалар, чоң- энелер кастарлап келген нукура элдик тарбиянын үлгүлөрү жигер оттун табынан кыттай куйган сөз кудуретинен эне бала жытынан жаралган көрүнөт. Аны кастарлап үй-бүлөлүк тарбиябызга колдонбой калганыбызга өкүнөбүз. Кыркалай тизилип, бирин-бири кучактап жытташып ширин уйкуда жатышкан балдар куду эле уядагы балапандарды эске салат. Элестетсең эле, чукуранып ойгонгон бала жытынан туруп кеткен энесин жоктойт. Ал эми өзү дайыма жалгыздыкка көнгөн бала эне менен да, бир тууган менен да жумушу болбойт. Демек, жанагы ата-энеге кылчайбай кетип калуунун мерестиги ушундан эле көрүнүп турбайбы. Кийин сен миң жыттап, айтып ыйлап да, кучактап да көр. Ташка айланган мерестик кайдан жибип, кайдан ойгонсун.

Окуучулардын даярдаган инцинировкасы көрсөтүлүп талкуу жүргүзүлөт.

Ыр «Энекем»

Жанымдан артык энени

Жашартып кайра береби

Агарса сиздин чачыңыз

Мен болсом керек себеби

Аябас менин жүрөгүм

Апакем менин тилегим

Кадырлап жүрүп түбөлүк

Милдетим менин милдетим

Колумдан алып жетелеп

Бешикке салып бөпөлөп

Эчен жыл андан өтсө да

Эркелик менден кете элек

130 жаштан ашкан Сахан эне

27-мартта Жер планетасындагы жашы эң улуу чоң энелердин бири саналган карагандалык Сахан Досова туура 130 жашка чыкты.

x

    • Facebook

    • Google Bookmarks

    • Twitter

Маалымат бөлүшүү тууралуу

Сахан Досова 130 жашка чыкты Сахан чоң эне небере-чөбөрөлөрү менен

Бул күнү (2011-жылдын 27-мартта) “Азаттык” үналгысынын Казак кызматынын кабарчылары 130 жашка толгон Сахан Досова чоң энени туулган күнү менен куттуктоо үчүн таң эрте Карагандага жол тартышты. Алар Сахан эненин үйүнө келген маалда, аны жакын туугандары гана куттуктаганга үлгүрүшкөн экен.

Сахан Досанованын советтик үлгүдөгү паспорту

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөгү жазууга караганда, Сахан эненин улуу кызы Күлкен 1936-жылы, уулу Оразгали 1939-жылы, кичүү кызы 1943-жылы төрөлгөн. Үчөө тең азыр аман-эсен өз апасынын кашында турат.
Сахан чоң эненин небере, чөбөрөлөрүнүн айтымында, чоң эне акыркы 5 жылдан бери гана намазга жыгылбай калды. Ал өмүр бою орозо кармап келген. Дасторкон кандай гана түрдүү тамактарга толо болбосун, Сахан эне жанчылган буудайга сары май аралаштырып жегенди жакшы көрөт.
Журналисттердин “Сиздин узак өмүр сүрүүңүздүн сыры эмнеде?” деген суроосуна Сахан эне дайыма “эч качан таттуу жеген эмесмин, курут жана айранды жакшы көрөм” деп жооп кайтарып келет.

Ыр. «Ата – эне»

Балам десең көрбөй калсам тартып санаа

Бактылуумун карааныңды көрүп кана

Бой жеткирип өстүрдүңүз асыл-энем

Бал уйкуңду-түн уйкуңду бөлүп мага


Билем ата бой жеткенче эркеледим

Билем ата үмүтүң чоң эми менден

Чоң ата бол бактылуу бол кары болуп

Балаңыздын балдарын жетелеген


Садагам деп мээримиңди төгүп мага

Кичинекей далее көрүп мени апа

Көңүлүңүз ачык болуп дүйнөм түгөл

Көлөкөм деп тээ алыстан көрүп гана


Ойлономун силерди мен күндө-түндө

Ишенемин силер дайым жүрөгүмдө

Ушул сөздү эч бир адам тана албайт

Бардыгынан ата кымбат бул дүйнөдө

Бардыгынан эне кымбат бул дүйнөдө.

Макал – лакаптар:

  • Атаң карыса кул кылба

Энең карыса күң кылба

  • Кары болбойт хан болбойт

Кайгы болбойт жан болбойт

  • Картаңдардын ыйманы кетсе

Жаштардын уяты кетет

  • Кары адам үйдүн куту

  • Кары алжыса баладай

  • Карыганда жан таттуу

Жандан дагы мал таттуу

  • Карылыктын арты – жаштыктын арты

  • Карысы бардын ырысы бар

  • Карынын кебин капка сал

  • Карыга аш тийсе

Жашка иш тийет

  • Кайгыдан адам картаят

Шаттыктан адам жашарат

  • Кайгы адамды өлтүрөт

Кайгырса адам эскирет.

Окуучулар класстер түзүшөт.

Мугалим балдар түзгөн класстерди окутат.Ата-эне кадырын ким билет? «Силер чоңойгондо ата-энеңерди кантип сыйлайсыңар» деген суроону окуучуларга узатуу.

Окуучуларды баалоо: кластер жакшы түзгөн балдарды «жакшы» жана «эң жакшы» деген баалар м-н баалоо.