СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кедей болор адамдын 20 белгиси

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кедей болор адамдын 20 белгиси»

Аскар Салымбековдон келген кеңештер...

Келечекте кедей болор адамдын 20 белгиси:



1. Эрте турганды жаман көрөт.

2. Мүмкүнчүлүк болсо эле жамбаштап жатканды жакшы көрөт

3. Эмгекчил адамдарды «акча дегенде өлүп кетет» деп сындайт.

4. Күнүмдүк маршруту окшош эле: Ашкана, телевизор, интернет, диван жана даараткана

5. Кыялданат десе эле ишке ашпаган иллюзияга жетеленип, жакшы күн болорунан үмүт үзбөй күн өткөрөт.

6. Жумушу жок. Жумушка чакырса айлыгы аз деп шылтоолойт.

7. Көп акча тууралуу кыялданат, бирок аракет кылбайт.

8. Бирөөнө сүйөнүп жашайт (аялына, күйөөсүнө, карыган апасына, эжесине же байкесине)

9. Бирөөгө акыл үйрөткөндү билет. Бирок ал акылын өзүнө пайдаланбайт.

10. Интернетке көп убакыт коротот.

11. Жанын кыйнагысы келбейт. Эки күн чарчап иштеп калса, бир жума бою эс салат, жоо чаап келгендей.

12. Дайыма бир нерсени шылтоо кылган адаты бар.

13. Жакшы көргөн сөзү «Ошол күн келе берсинчи», «Кудай деген кур калбайт», «Ар бир адамдын өз ырыскысы бар», «Бара көрөбүз», «Байлык колдун кири» ж.б.

14. Билими денгээли илгерки бойдон, же такыр эле билими жок

15. Жаны нерсени кыйындык менен кабыл алат, же такыр эле кабыл албайт.

16. Изденбейт, өзүнүн ишканасын ачып аракет кылуу, өнүктүрүү тууралуу ойлоп да койбойт.

17. Акча чогултуу адаты жок. Бир аз ашыгыраак акчасы болсо, ал акча чөнтөгүн «тырмап» тынчтык бербей, короткуча шашат.

18. Чыгашаларын эсептебейт, зарыл болсо карызга алып шаан-шөкөт кыла берет.

19. Ачкыл, кычкыл, ачууга жакын

20. Эн башкысы! Бекерчиликте жатып өмүр жылдары кемип, мүмкүнчүлүктөрү азайып жатканын капарына да албайт. Ыңгайлуулук зонасына (зона комфорта) батып калганын сезбейт.