Кыргыз тили
9-класс
Мугалими:
Мырзагелдиева Э.К.
Алтын эреже
- Сабакка даяр болуу
- Окуу куралдарды, калем, калем сапты даярдоо
- Эч нерсеге алагды болбоо
- Сабакка көңүл бөлүү
- Өтүлгөн теманы эске тутуу
Уялбагын окуп билим алгандан, Уялгының наадандыкка баргандан
Сабактын
темасы:
Кептин түрлөрү менен кептин стилдеринин карым-катнашы
Сабактын максаты:
Кептин түрлөрү менен стилдин ортосундагы карым –катышты аныктай алышат.
Тексттегди иштөө менен жазуу, сүйлөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүшөт.
Өтүлгөн теманы:
Кептин түрлөрү.
Кептин түрлөрү боюнча билимдерин системалаштыруу жана жалпылаштыруу.
34-бет 21-көнүгүү
Өзүңөр жакшы көргөн бир жаныбарды тема катары пайдаланып, кептин баяндоо жана сүрөттөө мүмкүн ой жүгүртүү түрлөрүнө карата айрым-айрым же аралаш түрүндө текст түзгүлө.
Жаңы
тема:
Кеп тилге тиешелүү болгон бардык каражаттарды, бирдиктерди колдонуу менен ишке ашуучу пикир алышуу процесси. Кеп өзүнө гана мүнөздүү болгон сүйлөө, угуу, окуу жана жазуу иш-аракеттерин өзунө камтыган татаал жана өтө кыймылдуу процесс.
Баяндоо- болуп өткөн, учурдагы же боло турган окуяны ирети менен айтып берүү.
Ал күнү жамгыр тынбай жаай берди. Тилекмат жумушунан чыгып, дароо үйүнкөздөй жөнөдү. Аялдаманы көздөй баратып, мурунку күнү болгон окуяны эсине түшүрүп, кайра кайгыга батып, түйшөлө баштады. Жан талашып чуркап баратып, көчөнүн боюндагы казыкка чалынып... жыгылды...
Сүрөттөө – кандайдыр бир көрүнүштү толугу менен көркөмдөп, мүнөздөп айтып берүү.
Кыш. Түз талаа. Кыймылдаган жан жок. Табият уктап жаткандай. Калың жааган аппак кар көздү уялтат. Кай бир жерлери күнгө чагылышып, музга айланып кеткендей. Бирин-серин өскөн чий арасында ачыккан бөрү жашынып тургансыйт. Алыста жалгыз там турганы менен анда адам жашаганы билинбейт.
Ой жүгүртүү ар түрдүү ойлорду, пикирлерди топтоп, мисалдар жана далилдер аркылуу кандайдыр бир маанини же идеяны билдирүү максатын көздөгөн ойлонуунун натыйжасы.
Ой жүгүртүүнүн бөлүктөрү:
а) тезис (кандайдыр бир далилдениши керек болгон ой);
б) далил (аргументтер, мисалдар);
в) корутунду (жыйынтык).
Азыркы күндө унутулуп бараткандай сезилген китеп, чындыгында, өтө пайдалуу. Аны көп окуп, ага өтө аяр мамиле кылуу керек. Себеби китеп эзелтен бери адам баласына таалим-тарбия берүү ишин эң мыкты аткарып, адамдардын аң-сезимин жогорулатуу максатын көздөп келген. Кандай гана китеп болбосун, ар биринен кандайдыр бир пайда, билим, тажрыба алса болот. Ошондуктан, китеп окуудан качпай, ал менен дос болуп, ал менен рухубузду азыктандырып туруубуз дурус .
Көркөм стиль
Илимий стиль
Оозеки стиль
Кептин стилдери
Публицистикалык стиль
Иш кагаздар стили
Оозеки (сүйлөшүү) стиль- күнүмдүк турмуштагы пикир алышуудагы колдонулган стиль.
Оозеки стилде адамдын интонациясын, эмоцияларын, мимикаларын, кол шилтөөлөрүн байкоого болот.
-Таке, колумду кесип алдым, кебез берип койчу!
-Эмне берип койчу?!
-Кебез. Кебез!
-Ал эмне?
-Оо, кокуй күн, о-ой! Ал пахта! Бол эми!
Көркөм стиль-башка түрлөрдөн айырмаланып, универсалдуу стиль деп аталат.
Көкркөм стиль башкалардан айырмаланып, тилдик каражаттарды колдонуудага эне тилдеги бай материалдардын бардык түрлөрүн пайдалануу менен окурмандардын көңүлүн өзүнө бурат.
СИНОНИМ, АНТОНИМ, ФРАЗЕОЛОГИЗМ
Бышыктоо:
34-бет
22-көнүгүү
Ырда айтылган ойду улап, илимий-публицистикалык мүнөздө макала жазгыла. Анда кептин түрлөрүнүн айкашып келерин көңүлдүн борборунда туткула. Макаланын атын атагыла.
Жыйынтыктоо:
Көркөм стиль менен илимий стилдин айырмачылыгы эмнеде?
Үйгө тапшырма:
35-бет
23-көнүгүү
Моралдык-эстетикалык темада ой жүгүртүү дилбаянын жазгыла.
Ден соолугуңар
чың болсун!
Кийинки
сабакта амандашканча
саламатта
болгула!