СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кесиптик математика - Силлабус

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кесиптик математика - Силлабус»

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги

Жалал-Абад мамлекеттик университети

Жалал-Абад колледжи

Табигый техникалык бөлүмү

Автоматташтырылган системалар жана математика



Макулдашылды” “Бекитемин”

ЖАКтын усулдук кеңешинин ЖАКтын директору

төрайымы К.Таштанова п.и.к., доцент Б.М.Турдубаева

________________________ _________________________

“_____» 2019-ж. «_____» 2019-ж.





СИЛЛАБУС

Кесиптик математика

Даярдоо багыты/ адистиги: 111201 “Ветеринария ”

Окутуунун формасы: Күндүзгү



Дисциплинанын статусу: Базалык (Б.2.1)



Окуу планы боюнча жалпы сааты: __60__ саат. Анын ичинде:



  • лекциялык ___18___

  • семинардык _________

  • практикалык __18_____

  • лабораториялык _________

  • өз алдынча иштер ____24_____

- модулдун саны: _______2________



Сынак ____3______ өтүм ____-_______ Курстук иштер ____-_______

(семестр) (семестр) (семестр)





Силлабус 111201 “Ветеринария” багыты (адистиги) боюнча жогорку (орто) кесиптик билим берүүчү мамлекеттик стандарттын (ЖКББ МС) талаптарына ылайык түзүлдү.



Иштеп чыккан окутуучу: Полотова Алима Закировна

Моб. телефон: 0777-39-63-04

Электрондук дареги: [email protected]

Сабак өтүүчү күндөрү, убактысы: Шаршемби саат: 11-30; Жума саат: 8-00







Силлабус ПЦКнын жыйынында жактырылды,

протокол №___ «___»________ 2019-ж.

________________ __Мусакулова Н.__

( ПЦК баш. кол тамгасы) (ПЦК баш. аты-жөнү)






4. Киришүү

4.1. Дисциплинанын максаты жана милдеттери:

Курстун баяндалышы. “Кесиптик математика” предмети математикалык жана табигый илимдер багытынын базалык бөлүгүнө кирип, 2 кредиттик өлчөмдө 3 - семестрде окутулат. Бул предметти өздөштүрүүдө студенттер орто мектептин базасындагы математикалык анализдин негиздери, алгебра жана сандардын теориясы, геометрия, комбинаториканын негиздери жана ыктымалдуулуктар теориясы менен статистиканын элементтери боюнча билимдерди өздөштүрүшү керек.

“Кесиптик математика” предметин өздөштүрүүнүн натыйжасында студенттер өз кесибинин чеберчилигин өнүктүрүүго байланышкан изилдөө иштеринде колдонулуучу негизги математикалык каражаттарды үйрөнүп, ошол каражаттардын негизинде ой жүгүртүү жана аргументтештирүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу менен өз кругозорлорун кеңейтип, кесиптик изилдөө жүргүзүүнүн так усулдарына ээ болушат.

Дисциплинаны окутуунун максаты.

  1. Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун математикалык усулдары боюнча билимдерди калыптандыруу;

  2. Турмуштук маселелерди изилдөөлөрдүн теориялык жана эксперименталдык жыйынтыктарын талдоодо математикалык аппараттарды колдоно билүүгө машыктыруу;

  3. Студенттердин билиминин математикалык маданиятын өнүктүрүү, дискреттик математиканын өнүгүүсүндөгү негизги багыттары жана объектилери менен тааныштыруу;

  4. Студенттердин дискреттик математиканын моделдерин, методдорун билимдин башка тармактарында, ошондой эле компьютер илиминде колдонуу жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү;

  5. Өзгөчө дискреттик математиканын ыкмалары менен жалпы жана кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө багытталган маалыматтарды жеткиликтүү үйрөтүүчү билимдердин, тапшырмалардын, адаттардын системасын калыптандыруу;

  6. Так ойлонууга көнүгүү адатын калыптандыруу;

  7. Абстрактуу ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү;

  8. Заманбап программистке керектүү болгон дискреттик математиканын түшүнүктөрү жана каражаттары менен теориялык жактан тааныштыруу;

  9. Студенттерди аалам чөйрөсүн жана кесиптик маалыматтарды символ - моделдер аркылуу таанып үйрөнүүгө машыктырган математикалык каражаттар аркылуу, коомдун жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланып, алган билимдерин жашооодо жана өз кесиптеринде эффективдүү пайдалана билүүгө үйрөтүү.

Дисциплинаны окуп-үйрөнүүнүн милдеттери.

  1. Математика сабактарын практикалык сабактарда кеңири колдонууга жана аларды өз тажырыйбасында колдоно алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишүүгө.

  2. Курстун бөлүмдөрүн окутуу жөнүндө математиканы өнүктүрүү усулунун билимдерин терең өздөштүрүүгө, аны өркүндөтүүгө милдеттүү.

  3. Программалык материалдарды окутуунун активдүү методдорун, сабактын жаңы моделдерин, технологияларын, баалоонун ыктарын, техникаларын компетенттүү адис катары колдонууга үйрөтүү.

  4. Так ойлонууга көнүгүү адатын калыптандыруу.

  5. Абстрактуу ой жүгүртүү жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү.

  6. Заманбап тарбиячы адистигине керектүү болгон математикалык түшүнүктөр жана каражаттар менен теориялык жактан тааныштыруу.

4.2. Студенттер ээ болуучу компетенциялар:

Жалпы компетенциялар:

ЖК 1. Жеке ишмердүүлүгүн уюштуруу, кесиптик маселелерди аткаруунун методдорун жана жолдорун

тандоого, алардын натыйжалуулугун жана сапатын баалоо.

ЖК 2. Стандарттык жана стандарттык эмес абалдарда чечим кабыл алуу жана маселелерди чечүү, өзүнүн

жоопкерчиликтүүлүгүн жана демилгелүүлүгүн көрсөтүү.

ЖК 3. Кесиптик жана инсандык өнүгүүгө, кесиптик тапшырмаларды ийгиликтүү аткарууга зарыл болгон

маалыматтарды издеп табууну, пайдаланууну жана чечмелөөнү билүү.

ЖК 5. Команда менен иштөө, жамаат, жетекчилер жана социалдык өнөктөштөр (коллектив) менен натыйжалуу

мамилелешүү.

ЖК 7. Кесиптик ишмердүүлүктүн максаты мазмуну жана технологиялары өзгөрүп, жаңыланып жаткан шартта

кесиптик ишмердүүлүгүн башкаруу.

ЖК 9. Жаңы билимдерге ээ болуу, жогорку даражадагы өз алдынчалуулукка ээ, маалыматтык жана

технологияларды колдонуп, заманбап билимди алууга жөндөмдүү.

ЖК 10. Илимдин негизинде өз эмгегин, өз ишмердүүлүгүн жана өз алдынчалыгын жогорку даражада баалаганга

жөндөмдүү.

Аспаптык компетенциялар:

АК 1. Маалыматты анализдеп жайылтууга, максатты коюп ага жетүүгө жол тандоону кабыл алууга жөндөмдүү.

АК 2. Мамлекеттик жана атайын кабыл алган тилде өз оюн ачык айкын жазуу жана оозеки түрдө кеңири

билдирүүгө жөндөмдүү.

Социалдык - инсандык жана жалпы маданий компетенциялар:

СИЖМК 1. Башка маданиятка толеранттуу, адамдарга урмат-сый көрсөткөн, коомдо кабыл алынган моралдык

жана укуктук ченемдерди кабыл алууга жөндөмдүү.

СИЖМК 2. Өзүнүн баалуулугун жана жетишпеген жактарын сындап баалаган, кемчиликтерин жоюуга

жөндөмдүү.

СИЖМК 3. Жарандык активдүү позицияны, жарандык демократиялык коомдо баалуулуктардын негизинде

диологко барууга даяр.

СИЖМК 5. Коллективде иштөөгө жөндөмдүү.

4.3. Күтүлүүчү натыйжалар

  1. Функциянын пределин таба алышат.

  2. Функциянын туундусунун аныктамасын билишет жана эрежелерин, таблицасын колдоно алышат.

  3. Баштапкы функция жөнүндө түшүнүшөт.

  4. Баштапкы функциянын жалпы түрүн жаза алышат.

  5. Анык эмес интегралдын аныктамасын билишет жана интегралдын касиеттерин колдоно алышат.

  6. Интегралдоонун таблицасын билишет жана колдоно алышат.

  7. Ньютон-Лейбництин формуласын колдоно алышат.

  8. Анык интегралдын касиеттерин интегралдоодо колдоно алышат.

  9. Интегралдоонун методдорун колдоно алышат.

  10. Анык интегралды аянттарды эсептөөдө колдоно алышат.

  11. Дифференциалдык теңдемелерди классификациялай алышат.

  12. Дифференциалдык теңдемелердин жекече жана жалпы чечимдерин табышат.

  13. Сандык катарлар жөнүндө түшүнөт.

  14. Сандык катарлардын суммасын таба алышат жана жыйналуучулугун аныктай алышат.

  15. Сандык катарларды жыйналуучулукка изилдөөдө Даламбердин жана Кошинин белгилерин колдоно алышат.

  16. Комбинаториканын элементтерин мисал иштөөдө колдоно алышат.

  17. Ыктымалдуулуктар теориясынын негизги түшүнүктөрүн билишет.

  18. Окуянын түрлөрүн айырмалай алышат.

  19. Окуянын ыктымалдуулугун таба алышат.

  20. Ыктымалдуулуктарды кошууну жана көбөйтүүнү билишет.

  21. Кокус чоңдуктар жөнүндө түшүнүшөт.

  22. Дискреттүү жана үзгүлтүксүз кокус чоңдуктардын аныктамаларын билишет.

  23. Дискреттүү кокус чоңдуктардын бөлүштүрүү мыйзамын билишет.

  24. Дискреттүү кокус чоңдуктардын математикалык күтүүсүнүн аныктамасын билишет, формуласын, касиеттерин колдоно алышат.

  25. Дискреттүү кокус чоңдуктун математикалык күтүүсүн таба алат.

  26. Кокус чоңдуктун дисперсиясынын аныктамасын билишет, формуласын жана касиеттерин колдоно алышат.

5. Дисциплинанын кыскача мазмуну

5.1. Окуу планынын негизинде курстун көлөмү жана иштин түрлөрү төмөнкүдөй тартипте пландаштырылат:

Жалпы иштер

Бардык сааты

Семестр


Жалпы:

60

3

1.

Аудиториялык

36

3

Лекциялык

18

3

Практикалык (семинардык)

18

3

2.

Студенттин өз алдынча иштери

24

3

5.2. Курстун бөлүмдөр боюнча сааттык бөлүштүрүлүшү:

Бөлүмдүн аттары

Бардык саат

Аудиториялык саат

Лекциялык саат

Практикалык саат

Өз алдынча аткара турган иштер

1.

Математикалык түшүнүктөр

6

4

2

2

2

2.

Айтылыштар

6

4

2

2

2

3.

Теоремалар жана далилдөөлөр

6

4

2

2

2

4.

Позициялык эсептөө системасы

6

4

2

2

2

5.

Сызыктуу тендемелер системасы

8

4

2

2

4

6.

Координаталар системасы

6

4

2

2

2

7.

Түз сызык жана анын теңдемеси

6

4

2

2

2

8.

Ыктымалдыктар теориясы.Комбинаториканын формулалары

8

4

2

2

4

9.

Математикалык статистиканын элементтери

8

4

2

2

4


Жалпы:

60

36

18

18

24


6. Студенттерге берилүүчү өз алдынча иштердин аткаруу формалары:

Өз алдынча иш сөзсүз түрдө кол жазма түрүндө жазылууга тийиш, интернеттен көчүрүлүп алынбоосу керек, өз алдынча иштин талаптарында эмне талап кылынса, ошондой формада аткарылууга тийиш, мисалы: эссе, кластер, таблица, конспектилөө, сабактын иштелмесин иштеп чыгуу.


1-модул

СӨИнин темалары

Аткаруу формасы

Баалоонун көрсөткүчтөрү

Аткаруу татаалдыгына карай баллдын берилиши

Тапшы-руу

мөөнөтү

1.

Математикалык сүйлөм.

Конспект жазуу


4 балл

Шейшемби жана жума күндөрү саат 1000-1200

2.

Айтылыштардын үстүнөн жүргүзүлүүчү амалдарга төрттөн мисал иштөө.

Мисал иштөө


4 балл

3.

Каалагандай бир теореманы алып далилдөө.

Теорема далилдөө


4 балл

4.

Бир системадан экинчи системага өтүүгө карата төрт мисал жазып иштөө.

Мисал иштөө


4 балл

5.

Эсептөө системасынын келип чыгуу тарыхы

Доклад жазуу


4 балл


Жалпы:




20 балл

2-модул

СӨИнин темалары

Аткаруу формасы

Баалоонун көрсөткүчтөрү

Аткаруу татаалдыгына карай баллдын берилиши

Тапшы-руу

мөөнөтү

1.

Гаусстун методу менен теңдемелер системасын чыгаруу

Конспект жазуу


4 балл

Шейшемби жана жума күндөрү саат 1000-1200

2.

Учтарынын координаталары боюнча кесиндинин узундугун табуу.

Конспект жазуу


4 балл

3.

Эки чекит аркылуу өткөн түз сызыктын теңдемесине 4 мисал иштөө.

Мисал иштөө


4 балл

4.

Комбинаториканын элементтерине 4төн мисал чыгаруу.

Мисал иштөө


4 балл

5.

Статистикалык бөлүштүрүлүштүн параметрлерин чамалоо

Доклад жазуу


4 балл

8.

Жалпы:



20 балл

7. Окутуп-үйрөтүүдө колдонулуучу усулдар.

- Сүйлөө методдору,

- Көрсөтмөлүүлүк методдору,

- Өз алдынча иштерди уюштуруу методдору,

- Текшерүү методдору,

- Илимий методдор.

8. Техникалык жактан камсыздоо.

Сабактар № 301, 304 аудиторияларда окутулат.

Көрсөтмө куралдар - стендер, үлгүлөр, макеттер, буклеттер

9.Курстун саясаты

Студенттердин сабакка катышуусундагы эрежелер, окутуучулардын студенттер менен болгон мамилеси, окуу процессин аткарууда студенттердин милдеттери ЖАМУнун ички тартип эрежелерине ылайык берилген:

  • Лекциялык сабакка сөзсүз түрдө катышуу;

  • Практикалык (лабораториялык) сабактагы активдүүлүгү;

  • Сабакка даярданып келүүсү;

  • ӨА иштерди белгиленген убакытта тапшыруусу;

Сабакка киргизилбейт:

  • Кечигип келгенде же чыгып кетсе;

  • Уюлдук телефон менен байланышса;

  • Плагиат (бирөөнүн эмгегинен көчүрүү);

  • Өз учурунда тапшырмаларды аткарбаса.

10. Колдонулуучу адабияттар

Негизги адабияттар:

  1. В.Е. Гмурман. Руководство к решению задач по теории вероятностей и математической статистики. – М.: Высшая школа, 1999

  2. Г. Н. Берман. Сборник задач по курсу математического анализа. – М.: Наука, 1975

  3. Б. П. Демидович. Задачи и упражнения по математическому анализу. – М.: Наука, 1971

  4. В. П. Минорский. Сборник задач по высшей математике. – М.: Наука, 1969

  5. П. Е. Данко, А. Г. Попов. Высшая математика в упражнениях и задачах. Часть 1. М.: Высшая школа, 1974

  6. П. Е. Данко, А. Г. Попов. Высшая математика в упражнениях и задачах. Часть 2. М.: Мир и Образование, 2007

  7. Энназаров. Математиканын башталгыч курсунун теориялык негиздери. Жалал-Абад, 2006

  8. М.Назаров. Ыктымалдыктар теориясынын элементтери. Жалал-Абад-1994

Кошумча адабияттар

  1. Высшая математика для экономистов. Под редакцией проф. Н. Ш. Кремера. М.: Банки и биржи, 1997

  2. В. А. Болгов, Б. П. Демидович и др. Сборник задач по математике. Линейная алгебра и основы математического анализа.

М.: Наука, 1981

  1. Задачник по курсу математического анализа. Под редакцией Н. Я. Виленкина. М.: Просвещение, 1971

  2. В. Ф. Бутузов, Н. Ч. Крутицкая и др. Математический анализ в вопросах и задачах. М.: Высшая школа, 1988

  3. А.Асанов, В. В. Булатаева. Руководство к решению задач по линейной алгебре и аналитической геометрии. Бишкек, 1999

5.3. Программалык жактан камсыздалышы

Кесиптик орто билим берүүнүн 111201 Ветеринария адистиги боюнча Мамлекеттик билим берүүнүн стандарты, ОПОП, ОМК, Силлабус.


Маалыматтык-сурап билүүчү, издеп табуучу системалардын базасы

https://www.twirpx.com/533683/

https://infourok.ru/

https://www.okuma.kg

https://arch.kyrlibnet.kg

https://www.ibekboev.narod.ru

Дисциплинанын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы:

Компьютер, проектор, стенддер, дисктер, буклеттер

11.Студенттердин билимин баалоо. “ЖАМУнун студенттерин учурдагы текшерүү жана орто аралык аттестацияны жүргүзүү жөнүндөгү жобосунун”, “ЖАМУнун студенттеринин билимин компьютердик тестирлөө аркылуу текшерүү жөнүндөгү жобосунун” жана “Студенттердин билимин текшерүүнүн модулдук-рейтингдик системасы жөнүндө Жобонун” негизинде жүргүзүлөт. Мындан сырткары ар бир окутуучу студенттин төмөндөгүдөй иш-аракеттерин жана ишмердүүлүктөрүн баалоосу сунушталат:

  • ар бир сабакка катышуусу;

  • активдүүлүгү;

  • өз алдынча аткарылган иштери;

  • жеке жана тайпалык иштери (илимий-иштер, ийрим, коомдук иштер).

Катышууга балл берүүдө студенттин лекциялык, практикалык сабактарга катышуу тартиби эсепке алынат.

Студенттин сабактагы активдүүлүгүн баалоодо бир эле сабакта тапшырмаларды аткаруу, коюлган суроолорго жооп берүү деп түшүнүү бир жактуу болуп саналат. Ар бир сабакта компетенциялардын калыптануу деңгээлин аныктоо зарыл. Мисалы; студенттин командада иштей билүүсү, уюштуруучулугу, лидерлик сапаты, өзүнө-өзү ишенүүчүлүгү, ойду уга билүүсү, өз оюн билдире алуусу (социалдык компетенция), өз билимин өркүндөтүү, изденүү, чыгармачылык менен иштөө, проблемаларды чече билүү (интеллектуалдык компетенция) ж.б.

Өз алдынча ишти баалоодо бекитилген жадыбал боюнча студенттин өз алдынча ишин убагында тапшыруусуна жана аткаруу сапатына балл берилет.

Жекече жана тайпалык иштерди баалоодо студенттин илимий (илимий макала жазуу, олимпиадага катышуу, баяндама даярдоо, ийримдерге катышуу) жана коомдук иштерди аткаруусуна карата балл берилет.

Жогорудагы талаптар боюнча коюлган баллдарга текшерүүнүн жыйынтыгы менен модуль чыгарылып, жыйынтыктоочу сынактын баасы коюлат. Жалпы максималдык баллдын көлөмү 100 баллдык система менен аныкталат.

Баалоонун модулдук-рейтинг системасынын негизинде алынган упайларды академиялык бааларга которуунун төмөндөгүдөй шкаласы сунушталат:

87-100 балл – “5” (өттү)

74-86 балл –“4” (өттү)

61-73 балл – “3” (өттү)

61 баллдан төмөнү – “2”.

12. Текшерүү үчүн суроолор

  1. Математиканы окутуунун максаты.

  2. Негизги элементардык функциялар;

  3. Элементардык функциялардын касиеттери;

  4. Элементардык функциялардын графиктери;

  5. Сан удаалаштыгы;

  6. Сан удаалаштыгынын мүчөлөрү;

  7. Сан удаалаштыгынын предели;

  8. Пределдин негизги теоремалары;

  9. Функциянын чекиттеги предели;

  10. Пределдин касиеттери;

  11. Пределди эсептөөдөгү аныксыздык;

  12. Биринчи сонун предел;

  13. Экинчи сонун предел;

  14. Аргументтин өсүндүсү;

  15. Функциянын өсүндүсү;

  16. Функциянын туундусунун аныктамасы;

  17. Туунду алуунун кадамдары;

  18. функциясын кадамдардын жардамында келтирип чыгаруу;

  19. Туунду алуунун эрежелери;

  20. Туундунун таблицасы;

  21. Татаал функциянын туундусу;

  22. Жогорку тартиптеги туундулар;

  23. Баштапкы функция;

  24. Баштапкы функциянын жалпы түрү;

  25. Анык эмес интегралдын аныктамасы;

  26. Анык эмес интегралдын касиеттери;

  27. Интегралдын таблицасы;

  28. Анык интегралдын аныктамасы;

  29. Ньютон-Лейбництин формуласы;

  30. Интегралдын жогорку жана төмөнкү пределдери;

  31. Анык интегралдын колдонулушу;

  32. Түздөн түз интегралдоо методу;

  33. Тригонометриялык функцияларды интегралдоо;

  34. Бөлүктөп интегралдоо;

  35. Жаңы өзгөрүлмөнү кийрүү аркылуу интегралдоо;

  36. Сандык катарлар түшүнүгү;

  37. Сандык катарлардын суммасы;

  38. Катардын жыйналуучулугу;

  39. Катардын жыйналуучулугунун зарыл шарты;

  40. Катардын жыйналуучулугунун жетиштүү шарттары;

  41. Даламбердин жыйналуучулук белгиси;

  42. Кошинин жыйналуучулук белгиси;

  43. Даражалуу катарлар;

  44. Даражалуу катардын жыйналуучулук областы;

  45. Функционалдык катарлар;

  46. Лейбництин жыйналуучулук белгиси;

  47. Функцияларды даражалуу катарларга ажыратуу;

  48. Ыктымалдуулуктар теориясына киришүү;

  49. Окуянын жөнүндө түшүнүк;

  50. Окуянын түрлөрү;

  51. Чыныгы окуя;

  52. Жалган окуя;

  53. Кокус окуя;

  54. Ыктымалдыктын классикалык аныктамасы;

  55. Ыктымалдыктын статистикалык аныктамасы;

  56. Ыктымалдыктын геометриялык аныктамасы;

  57. Чыныгы окуянын ыктымалдыгы;

  58. Жалган окуянын ыктымалдыгы;

  59. Кокус окуянын ыктымалдыгы;

  60. Кайталануучу окуялар;

  61. Бернуллинин формуласы;

  62. Баэстин формуласы;

  63. Комбинаториканын элементтери;

  64. Факториал түшүнүгү;

  65. Орундаштыруунун формуласы;

  66. Орун алмаштыруунун формуласы;

  67. Топтоштуруунун формуласы;

  68. Комбинаториканын элементтеринин ыктымалдыктар теориясында колдонулушу;

  69. Ньютондун биному;

  70. Кокус чоңдуктар жөнүндө түшүнүк;

  71. Кокус чоңдуктардын бөлүнүшү;

  72. Дискреттүү кокус чоңдук;

  73. Дискреттүү кокус чоңдуктун бөлүштүрүү мыйзамы;

  74. Дискреттүү кокус чоңдуктун сандык мүнөздөчүлөрү;

  75. Дискреттүү кокус чоңдуктун математикалык күтүүсү;

  76. Математикалык күтүүнүн касиеттерин далилдөө;

  77. Математикалык күтүүнүн касиеттери;

  78. Дискреттүү кокус чоңдуктун дисперсиясы;

  79. Дисперсиянын касиеттери;

  80. Дисперсиянын касиеттерин далилдөө;

  81. Дискреттүү кокус чоңдуктун орточо квадраттык четтөсү;

  82. Математикалык статистика жөнүндо түшүнүк;

  83. Үзгүлтүксүз кокус чоңдуктар;

  84. Математикалык статистиканын элементтери;

  85. Үзгүлтүксүз кокус чоңдуктун математикалык күтүүсү;

  86. ҮКЧ тун математикалык күтүүсүнүн касиеттери;

  87. Үзгүлтүксүз кокус чоңдуктун дисперсиясы;

  88. ҮКЧ тун дисперсиясынын касиеттери;

  89. Нормалдык кокус чоңдук жөнүндө түшүнүк;

  90. Статистикалык бөлүштүрүүнүн параметрлери.

  1. Модулдук (экзамендик) тесттер

1-модул Жеңил суроолор (15 суроо)

  1. A саны функциясынын чекитиндеги ... деп аталат, эгерде төмөндөгүдөй барабардык аткарылса:

А)Туундусу Б)Мезгили С)Билбейм Д)Предели

  1. аркылуу эмне белгиленет?

А) Аргументтин өсүндүсү Б) Функциянын өсүндүсү

С) Аргумент Г) Функция

  1. аркылуу эмне белгиленет?

А) Аргументтин өсүндүсү Б) Функциянын өсүндүсү

С) Аргумент Г) Функция

  1. Пределди эсептегиле:

А) 1 Б) 4 С) 8 Д) 7

  1. Пределди эсептегиле:

А) 10 Б) 4 С) 8 Д) 7

  1. Пределди эсептегиле:

А) 1 Б) 4 С) 8 Д) 7

  1. Турактуу сандын туундусу эмнеге барабар?

А)0 Б) 2 С) 1 Д) х

  1. функциясынын туундусун тапкыла.

А) Б) 2 С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла.

А) Б) 2 С) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) Д)

  1. формуласы кимдин формуласы деп аталат?

А)Ньютон-Лейбниц Б)Бернулли С) Декарт Д) Де Морган

  1. интегралын эсептегиле?

А) 1 Б) 4 С) 8 Д) 2

  1. Биринчи тартиптеги теңдеменин жалпы көрүнүшү кандай жазылат?

А) Б) C) Д)

Орто суроолор (15 суроо)

  1. Пределди эсептегиле:

А) 1 Б) 4 С) 8 Д) 2

  1. Пределди эсептегиле:

А)9 Б)5 С) 2 Д)7

  1. Пределди эсептегиле:

А) 8 Б) С) 67 Д)2

  1. Пределди эсептегиле:

А) 8 Б) С)7 Д)9

  1. Көбөйтүүгө карата туундунун формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. Даражага карата туундунун формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла?

А)0 Б) 2х С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. шарты аткарылса, анда функциясынын . . . деп аталат?

А)Баштапкы функциясы Б)Туундусу С) Предели Д) Интегралы

  1. интегралын тапкыла?

А) Б) C) Д)

  1. интегралын тапкыла?

А) Б) C) Д) С

  1. интегралын эсептегиле?

А) Б) 4 С) 8 Д) 2

  1. интегралын эсептегиле?

А) Б) С) 8 Д)

  1. дифференциалдык теңдемесин чыгаргыла?

А) Б) C) Д)

Татаал суроолор (15 суроо)

  1. Пределди эсептегиле:

А) 1 Б) 4 С) 3 Д) 2

  1. Пределди эсептегиле:

А) 8 Б) С) 4 Д)2

  1. Пределди эсептегиле:

А) 7 Б) 4 С) 8 Д) 13

  1. функциясыныны туундусун тапкыла?

А) Б) 2х С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын туундусун тапкыла?

А) Б)20 C) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) С Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) С) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) Д)

  1. интегралын тапкыла?

A) Б) Д)

  1. сызыктары менен чектелген фигуранын аянтын тапкыла?

А) 1 Б) 4 С) 8 Д) 2

  1. сызыктары менен чектелген фигуранын аянтын тапкыла?

А) 1 Б) 3 С) 4 Д) 5

  1. дифференциалдык теңдемесин чыгаргыла?

А) Б) C) Д)

Өз алдынча иштин суроолору ( 30 суроо)

  1. Кандайдыр бир Х көптүгүнүн ар бир элементине башка бир Y көптүгүнүн бирден

ашпаган элементи кайсы бир эреженин же закондун негизинде туура келсе, анда

мындай туура келүүчүлүк .... деп аталат.

А) Функция Б) Аргумент С) теңдеме Д) белгисиз

  1. Функция жалпы түрдө кандай белгиленет?

А) Б) С) Д)

  1. Предел кандай белгиленет?

А) lim Б) max С) min Д) inf

  1. бул кандай функция?

А) Татаал Б) жөнөкөй С) билбейм Д) мезгилдүү

  1. кандай функция?

А) сызыктуу Б)даражалуу С)көрсөткүчтүү Д) мезгилдүү

  1. Предел кандай белгиленет?

А) lim Б) max С) min Д) inf

  1. функциясынын экинчи тартиптеги туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын экинчи тартиптеги туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын экинчи тартиптеги туундусун тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын экинчи тартиптеги туундусун тапкыла?

А) 0 Б) С) Д)

  1. функциясынын жекече туундусун тапкыла ?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын жекече туундусун тапкыла ?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын жекече туундусун тапкыла ?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын жекече туундусун тапкыла ?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын жекече туундусун тапкыла ?

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын жекече туундусун тапкыла ?

А) Б) С) Д)

А) Б) С) Д)

  1. ?

А) Б) С) Д)

А) Б) С) Д)

  1. функциясынын экинчи тартиптеги туундусу кандай белгиленет?

А) Б) С) Д)

  1. ?

А) Б) С) Д)

А) Б) С) Д)

  1. ?

А) Б) С) Д)

А) Б) С) Д)

  1. ?

А) Б) С) Д)

  1. интегралдоонун кандай методу деп аталат?

А)өзгөрүлмөнү алмаштыруу аркылуу интегралдоо Б) билбейм

С) бөлүктөп интегралдоо Д) түздөн түз интегралдоо

  1. интегралдоонун кандай методу деп аталат?

А)өзгөрүлмөнү алмаштыруу аркылуу интегралдоо Б) билбейм

С) бөлүктөп интегралдоо Д) түздөн түз интегралдоо

  1. Төмөнкү жана жогорку интегралдоо пределдери барабар болушса, анда анык интеграл ... барабар болот.

А) 0 Б) 1 С)2 Д)-1

  1. Төмөнкү жана жогорку интегралдоо пределдерин алмаштырганда, анык интегралдын белгиси ... .

А) карама-каршысына өзгөрөт Б) эки эсеге

С) билбейм Д) өзгөрбөйт

  1. Турактуу көбөйтүүчүнү интеграл белгисинин ... болот.

А) сыртына чыгарууга Б) ичине кийрүүгө

С)үстүнө чыгарууга Д) билбейм




2-модул Жеңил суроолор (15 суроо)

  1. сандык катарынын n-чи жалпы мүчөсүн тапкыла?

А) Б) C) Д)

  1. сандык катарынын n-чи жалпы мүчөсүн тапкыла?

А) Б) C) Д)

  1. сандык катарынын n-чи жалпы мүчөсүн тапкыла?

А) Б) C) Д)

  1. Орундаштыруунун формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. Орун алмаштыруунун формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)0

  1. Топтоштуруунун формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. 5! канчага барабар?

А)5 Б) 10 С) 100 Д)120

  1. Сыноонун натыйжасында окуя сөзсүз ишке ашса, анда ... окуя деп аталат.

А) Чыныгы Б)Жалган С) Кокус Д)Карама-каршы

  1. Сыноонун натыйжасында окуя ишке ашпаса, анда ... окуя деп аталат.

А)Карама-каршы Б) Чыныгы С)Кокус Д)Жалган

  1. Сыноонун натыйжасында кээде ишке ашып, кээде ишке ашпаган окуя ..... окуя деп аталат.

А)Чыныгы Б)Жалган С)Биргелешкен Д)Кокус

  1. “Эртең жаан жаайт”. Кандай окуя?

А) Жалган Б)Биргелешкен С) Чыныгы Д)Кокус

  1. Кокус чоңдуктарды кандай белгилейбиз?

А)a, b, c, … Б) цифра С) X, Y, Z,… Д) A, B, C, …

  1. Кокус окуянын бөлүштүрүү мыйзамы кандай түрдө берилет?

А) График Б)Таблица С)Аналитикалык Д)Билбейм

  1. Металл тыйынды ыргытканда герб жагынан түшүүсүнүн ыктымалдыгын тапкыла?

А) 1/3 Б) 1 С)1/2 Д)0

  1. X

    1

    2

    p

    0,2

    0,8


Х кокус чоңдугунун математикалык күтүүсүн тапкыла?

А) 1,8 Б)10 С)0,16 Д)8


Орто суроолор (15 суроо)

  1. жалпы мүчөнүн формуласын пайдаланып, сандык катардын алгачкы 5 мүчөсү жазгыла?

А) Б) С) Д) Билбейм

  1. жалпы мүчөнүн формуласын пайдаланып, сандык катардын алгачкы 5 мүчөсү жазгыла?

А) Б) С) Д) Билбейм

  1. жалпы мүчөнүн формуласын пайдаланып, сандык катардын алгачкы 5 мүчөсү жазгыла?

А) Б) С) Д) Билбейм

  1. 3!+4! канчага барабар?

А) 30 Б) 7 С)12 Д)1440

  1. туюнтмасынын маанисин эсептегиле?

А) 100 Б) 42 С) 99 Д) 1440

  1. туюнтмасынын маанисин эсептегиле.

А) 100 Б) 720 С) 24 Д) 1440

  1. туюнтмасынын маанисин эсептегиле?

А) 100 Б) 42 С) 99 Д) 24

  1. Класста дежур болуу үчүн бир жумага 6 окуучу бөлүнгөн. Канча түрдүү жол менен кезекти уюштурууга болот?

А) 6 Б) 720 С) 9 Д) 240

  1. маанисин эсептегиле?

А) 5 Б)20 С)15 Д)23

  1. Жалган окуянын ыктымалдыгы канчага барабар?

А)2 Б)1 С)0 Д)0,5

  1. Чыныгы окуянын ыктымалдыгы канчага барабар?

А) 1 Б)0,2 С)0 Д)0,5

  1. Китеп 200 беттен турат,болжол ачылган бет 205 болушу кандай окуя?

А) мүмкүн эмес Б) кокус С) ишенимдүү Д) мүмкүн

  1. Баштыкта бирдей формадагы 12 шар бар, анын 5 кара ,7 ак болсо ,кара шардын сууруп чыгуунун ыктымалдыгы канчага барабар? А )  Б)  С) 24 Д) 12

  2. Акча буюм лотереясындагы 1000 билетке 120 буюм, 50 акча утушу бар болсо,бир лотереялык билети бар адамдын утуу ыктымалдыгын тап.

А) 0,17 Б) 1700 С) 170 Д) 1170

X

4

6

p

0,3

0,7

Х кокус чоңдугунун математикалык күтүүсүн тапкыла?

А) 5,4 Б) 4,2 С)0 Д)0,54

Татаал суроолор (15 суроо)

  1. Катардын n-жалпы мүчөсүн тапкыла:

А) Б) C) Д)

  1. Катардын суммасын тапкыла:

А)1 Б)2 С) 3 Д) 4

  1. Катарды жыйналуучулукка изилдегиле:

А) жыйналат Б)таркалат С) билбейм Д)изилденбейт

  1. маанисин эсептегиле?

А) 26 Б)42 С) 34 Д)2

  1. канчага барабар?

А) 100 Б) 99 С) 199 Д)1440

  1. Эсептегиле: 3!+4!+5!

А) 144 Б)41 С) 78 Д) 88

  1. канчага барабар?

А) 720 Б) 99 С) 199 Д)1440

  1. Эсептегиле: 4!+5!-3!

А) 138 Б)41 С) 78 Д) 88

  1. Баштыкта 6 кызыл жана 10 көк топ бар. Болжол менен алынган топтун көк болуусунун ыктымалдыгын тапкыла?

А)0,625 Б)0,325 С)0,001 Д)0,6

  1. Х кокус чоңдугунун математикалык күтүүсүнүн формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)Х+1

  1. Турактуу сандын дисперсиясын тапкыла?

А) 5,4 Б)с С)0 Д)1

  1. А окуясынын ыктымалдыгын табуунун формуласын тапкыла?

А) Б) С) Д)

  1. “Бутага атканда, ага тийиши же тийбөөсү” кандай окуя?

А) Жалган Б)Чыныгы С)Кокус Д)Карама-каршы

  1. берилсе, маанисин эсептегиле?

А)20 Б)0 С)1 Д)26

Х

3

5

2

р

0,1

0,6

0,3

М(X)=?

А)1,38 Б)2,038 С)20,56 Д)3,9

Өз алдынча иштин суроолору (30 суроо)

  1. - канчанчы тартиптеги дифференциалдык теңдеме?

А)1-тартиптеги Б) 2-тартиптеги С) 3-тартиптеги Д)тартиби жок

  1. - канчанчы тартиптеги дифференциалдык теңдеме?

А) 1-тартиптеги Б) 2-тартиптеги С)3-тартиптеги Д)4-тартиптеги

  1. - канчанчы тартиптеги дифференциалдык теңдеме?

А) 3-тартиптеги Б) 2-тартиптеги С) 1-тартиптеги Д)тартиби жок

  1. туюнтмасы ... деп аталат?

А) сандык катар Б) даражалуу катар С)сумма Д)турактуу сан

  1. Сандык катардын жыйналуучулугунун зарыл шарты?

А) Б) С) Д)зарыл шарты жок

  1. Кимдин белгиси деп аталат?

А)Даламбердин Б)Кошинин С) Фурьенин Д)Лейбництин

  1. Кимдин белгиси деп аталат?

А)Кошинин Б) Даламбердин С)Гаусстун Д)Фурьенин

  1. катардын ... суммасы деп аталат.

А)толук эмес Б) толук С) тескери Д)карама-каршы

  1. Термелүү теңдемесин жазгыла?

А) Б) С) Д)

  1. эмне деп аталат?

А)Лапластын оператору Б) Дельта С)жекече туунду Д)функционал

  1. Жылуулук өткөрүмдүүлүктүн теңдемесин жазгыла?

А) Б) С) Д)

  1. кимдин теңдемеси деп аталат?

А)Лапластын Б) Фурьенин С)Лейбництин Д)Бернуллинин

  1. бул кандай теңдеме?

А) Кылдын Б) Термелүүнүн С)Жылуулуктун Д)Лапластын

  1. функциясы фиксирленген убакыттын моментинде ошол эле маанисин кабыл алган чекиттердин көптүгү ... деп аталат.

А) Изотермикалык бет Б)Градиент С) Аймак Д)Шакекче

  1. Эгерде кандайдыр бир чекитте болсо, анда (1) теңдеме бул чекитте ... типтеги теңдеме деп аталат.

А) Гиперболалык Б)Параболалык С)Эллиптикалык Д)Жекече

  1. Эгерде кандайдыр бир чекитте болсо, анда (1) теңдеме бул чекитте ... типтеги теңдеме деп аталат.

А) Эллиптикалык Б) Гиперболалык С) Параболалык Д)Жекече

  1. Эгерде кандайдыр бир чекитте болсо, анда (1) теңдеме бул чекитте ... типтеги теңдеме деп аталат

А) Параболалык Б)Эллиптикалык С) Гиперболалык Д)Тектүү

  1. Ыктымалдыктардын классикалык аныктамасынын формуласын жазгыла.

А) Б) С) Д)

  1. Чыныгы окуянын ыктымалдыгы канчага барабар?

А)1 Б) 2 С)3 Д)0

  1. Жалган окуянын ыктымалдыгы канчага барабар?

А)0 Б)1 С)2 Д)-1

  1. Кокус окуянын ыктымалдыгы канчага барабар?

А) 0 Б) Р=1 С) Р=-1 Д) -1

  1. Тыйынды ыргытканда герб жагынан түшүп калышынын ыктымалдыгын тапкыла?

А) 0,5 Б)1 С)2 Д)0

  1. Жагы 1м болгон квадратка, негизи ошол квадраттын жагы менен дал келген тең капталдуу үч бурчтук жайланышкан. Ыргытылган топтун тең капталдуу үч бурчтукка тийишинин ыктымалдыгын эсептегиле?

А)0,5 Б)1 С) 4 Д)0,25

  1. Ящикте 30 шар бар: 10 кызыл, 5 көк жана 15 ак. Андан бир шар алынган. Алынган шардын түстүү болушунун ыктымалдыгын тапкыла?

А) 0,5 Б)1 С) 0,25 Д)0,7

  1. Окуялардын ар биринин аткарылышынан (берилген окуялардын биригүүсүнөн) турган окуя, ал окуялардын ... деп аталат.

А) көбөйтүндүсү Б) суммасы С)айырмасы Д)биригүүсү

  1. Сыноонун жыйынтыгында бирден бир гана мүмкүн болгон маанини тийиштүү ыктымалдыгы менен кабыл алган жана алдын ала эсепке алынбаган ар кандай себептерден көз каранды болгон чоңдукту ... чоңдук деп атайбыз.

А) кокус Б)вектордук С) скалярдык Д)сандык

  1. Эгерде, сыноодо мүмкүн болгон маанилерден тийиштүү ыктымалдыгы менен бир гана маанини сөзсүз кабыл ала алса, аны ... кокус чоңдук деп атайбыз.

А) дискреттик Б)үзгүлтүксүз С)билбейм Д)вектордук

  1. Дискреттик кокус чоңдуктун бөлүштүрүү мыйзамы ... аркылуу берилет.

А)таблица Б)графикалык С) аналитикалык Д)сызык

А) 1 Б)2 С) 3 Д)4

  1. Китеп 100 беттен турат, болжол ачылган бет 405 болушу кандай окуя?

А) жалган Б) чыныгы С)кокус Д)билбейм

  1. Турактуу сандын дисперсиясы канчага барабар?

А)0 Б)1 С)2 Д)3


Дисциплинанын окуу-усулдук жана маалыматтык жактан камсыздалышы

Негизги адабияттар

  1. У.А.Сопуев. Жогорку математика. - Ош, 2008

  2. М.Ш.Мамаюсупов. Жогорку математика боюнча окума (2-бөлүк). Ош, 2014

  3. М.Ш.Мамаюсупов. Жогорку математика боюнча окума (3-бөлүк). Ош, 2014

  4. М.Ш.Мамаюсупов. Жогорку математика боюнча окума (5-бөлүк). Ош, 2018

  5. Д.А.Турсунов. Дискреттик математиканын негиздери. Ош, 2009

  6. А.Саадабаев. Дифференциалдык теңдемелер курсу. Бишкек, 2017

  7. М.К.Сагындыков, К.Т.Кожобеков, А.А.Абдулазизова. Сандык методдордун негиздери. - Ош, 2011

  8. Р.К.Карабакиров, К.Р.Карабакиров. Ыктымадыктар теориясы жана математикалык статистика. - Бишкек, 2009

  9. Т.Ч.Култаев, Г.Б.Момбекова. Математикалык статистиканын маселелер жыйнагы. Ош, 2008

  10. П. Е. Данко, А. Г. Попов. Высшая математика в упражнениях и задачах. Часть 1. М.: Высшая школа, 1974

  11. П. Е. Данко, А. Г. Попов. Высшая математика в упражнениях и задачах. Часть 2. М.: Мир и Образование, 2007

  12. М.Назаров. Ыктымалдыктар теориясынын элементтери. Жалал-Абад-1994

  13. И.М.Борковская, О.Н.Пыжкова. Уравнения математической физики. Минск, 2010

Кошумча адабияттар

  1. И,Б. Бекбоев. Жогорку математиканын жалпы курсу. Бишкеке, 2000

  2. А.Ж.Жусупбаева. Экономикадагы математика. Бишкеке, 2005

  3. В.Е. Гмурман. Руководство к решению задач по теории вероятностей и математической статистики. – М.: Высшая школа, 1999

  4. Г. Н. Берман. Сборник задач по курсу математического анализа. – М.: Наука, 1975

  5. Б. П. Демидович. Задачи и упражнения по математическому анализу. – М.: Наука, 1971

  6. В. П. Минорский. Сборник задач по высшей математике. – М.: Наука, 1969

  7. Высшая математика для экономистов. Под редакцией проф. Н. Ш. Кремера. М.:, 1997

  8. Владимиров, В. С. Уравнения математической физики / В. С. Владимиров, В. В. Жаринов. – М.: Физматлит, 2003.

  9. В. Ф. Бутузов, Н. Ч. Крутицкая и др. Математический анализ в вопросах и задачах. М.: Высшая школа, 1988

Маалыматтык-сурап билүүчү, издеп табуучу системалардын базасы

https://www.twirpx.com/533683/

https://infourok.ru/

https://www.okuma.kg

https://arch.kyrlibnet.kg

https://www.ibekboev.narod.ru

Дисциплинанын материалдык-техникалык жактан камсыздалышы:

Компьютер, проектор, стенддер, дисктер, буклеттер





22