Текшерилди
УИ боюнча директордун
орун басары
М.Б.Асанова _________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Химия предмети. Заттар жана алардын касиеттери.
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химия предмети, заттар жана алардын касиеттери, заттардын көп түрдүүлүгүн окуп үйрөнүшөт. | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Химия илиминин тармактары, химиянын турмушубуздагы орду, химия илиминин башка илимдер менен байланышы боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жаратылышты сүйүүгө, аяр мамиле жасоого тарбияланышыт. | Химия илиминин тармактарын; химиянын турмушубуздагы ордун; химия илиминин башка илимдер менен байланышын айтып бере алышса. Жаратылышты коргоо, булганышынын алдын алуу боюнча түшүнүгүн айтып бере алышса. |
Күтүлүүчү натыйжа:
заттар жана алардын касиеттерин;
Заттарды таанып билишет;
Заттардын түрлөрүн таанып билишет;
Заттардын касиетин айтып мүнөздөп беришет;
Заттардын агрегаттык абалы боюнча таанып билишет;
зат менен нерсенин ортосундагы айырмачылыкты билишет;
Химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролун билишет,
Химиялык жолдор менен алынган заттарды таанып билишет.
Химия илиминин тармактары;
химиянын турмушубуздагы орду;
химия илиминин башка илимдер менен байланышын боюнча өз ойлорун толук жеткиликтүү айтып бере алышат.
Жаратылышты коргоо, булганышынын алдын алуу боюнча түшүнүгүн айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Заттар, заттардын түрлөрү боюнча маалымат алышат. Заттардын касиети , заттардын агрегаттык абалы, зат менен нерсенин ортосундагы айырмачылыкты окуп үйрөнүшөт.
Химия илиминин жашоодогу, турмуш тиричиликтеги ролу боюнча маалымат алышат. Химиялык жолдор менен алынган заттар боюнча маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): заттар, алардын түрлөрү, заттардын агрегаттык абалы, химиялык элементтер, атомдор, жаратылыш, жаратылышты коргоо боюнча түшүнүктөрү бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: жанында отурган кошунасына (парталашына) комплимент айтуу
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Суроо-жооп:
1.Химия предмети боюнча кандай маалыматынар бар?
2.Химия предмети эмне жөнүндө илим? Өз оюӊарды айткылачы.
3.Турмуш-тиричиликте химиянын орду кандай?
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Бизди курчаган материалдык дүйнө (жаратылыш) өзүнүн формалары жана кубулуштарынын чексиз көп түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт. Алар дайыма өзгөрүүгө дуушар болуп турат: өсүмдүктүн өсүшү, гүлдөшү, мөмө бериши, адам баласынын жетилиши ж. б. у. с. кубулуштар бардыгы алардын организминдеги бир заттын экинчи затка айланышынын эсебинен жүрөт. Бул кубулуштар илгери эле адам баласынын материалдык дүйнөнү түшүнүүгө, аларды тереңирээк айырмалоого кызыгуусун пайда кылган. Жаратылыштын жандуу, жансыз чексиз көп формалары менен кубулуштарынын маңызын түшүнүү, закондорун билүү жана аларды илимде, техникада, өндүрүштө, б. а. коомдун практикалык ишмердүүлүгүндө колдонуу тармактарын табигый илимдер аныктоого жардам берет.
Химия – заттар, алардын касиеттери жана айлануулары жөнүндөгү илим.
Материя – жаратылыш биздин сезүү органдарыбызга таасир эткен айлана-чөйрөдөгү бардык заттар жана аң-сезимибизден көз карандысыз жашаган объективдүү чындык. Бизди курчап турган аалам – аба, суу, топурак ж. б. баары материя болорун, ал эми материя зат жана талаа түрүндө жашарын табият таануу предметтеринен биология, физика ж. б. окугансыңар.
Ал эми химия предмети заттар элементтен турарын, алардын касиеттери химиялык элементтин жаратылышына байланыштуу экендигин далилдүү окутат.
Кычкылтек, көмүр кычкыл газы, жез, азот, темир, темир оксиддери ж. б. жөнөкөй жана татаал заттар материянын айрым бир түрлөрү болуп эсептелет.
Мисалы: күрөк, чалгы, мык темирден; калем сап, линейка, ж. б. пластмассадан, электр өткөргүч зымдары жез менен алюминийден жасалат. Заттын физикалык жана химиялык касиеттерин изилдеп үйрөнүп, адамдар аларды практикада кеңири пайдаланышат.
Бир заттан экинчи затты айырмалаган белгилер физикалык жана химиялык «касиеттер» болуп эсептелет.
Физикалык касиеттерге төмөнкүлөр кирет:
Заттын агрегаттык абалы (катуу, суюк газ), өңү, тыгыздыгы, жылуулук жана электр өткөргүчтүгү, кайноо жана балкуу температурасы.
Мисалы, алюминий ак жалтырак күмүш түстүү, жеңил, тыгыздыгы ρ = 2,7 г/см3, 660°С температурада балкып эрүүчү жумшак металл. Алюминий ийилчээк, электр тогун өткөрүү боюнча алтын, күмүш, жезден кийинки орунду ээлейт. Ошондуктан алюминийди электр өткөргүч зымдарды, үй-тиричилигине керектүү буюмдарды, идиш-аяктарды жасоодо, куймалары – самолёт, ракета ж. б. курууда кеңири колдонушат.
Заттын химиялык касиеттерине химиялык активдүүлүгү, реакцияга кирүү жөндөмдүулүгү, бир заттын башка затка айланышы ж. б. кирет.
Мисалы, алюминий кычкылтек менен реакцияга киргенде алюминий оксиди, суутек менен кычкылтек реакцияга киргенде – суу, көмүр күйгөндө – көмүр кычкыл газы ж. б. татаал заттар, ал эми сууну ажыратсак суутек жана кычкылтек сыяктуу жөнөкөй заттар алынат.
Демек, химиянын бирден-бир милдети – затты таанып билүү, анын касиеттерин үйрөнүү, эл чарбасында заттын колдонулушун аныктоо болуп саналат.
Химиянын экинчи бир милдети – эл чарбасы үчүн керектүү заттарды, мисалы: металлдар, пластмассалар, минералдык жер семирткичтер, дары-дармектерди (аспирин, стрептоцид, витаминдер ж. б.) алуу. Бул заттын алынышы ар түрдүү химиялык айлануу процесстери (химиялык технология) аркылуу ишке ашырылат.
Химиялык айланыштарга бир заттын молекуласынын башка заттын молекулалары, атомдору менен орун алмашуу же атомдорунун саны азырак молекулаларга ажыроо, ошондой эле жаңы заттарды пайда кылуу менен жүргөн бардык химиялык процесстер кирет.
Химиянын өнүгүү процесси башка илимдердин өнүгүү тенденциясына ылайык келет. Химия илиминин эң негизги тармактарынын бири жана изилдөө объектилери биз жогоруда белгилеп өткөндөй – жаңсыз жаратылыш. Химия предмет катары башкы милдеттеринин бири – элементтин атомун, молекуласын, алардын аракеттенишүүсүнөн (кошулушунан) пайда болгон бирикмелердин молекулалык курамын, түзүлүшүн аныктоо менен алардын физикалык, химиялык касиеттерин изилдейт.
Мындан тышкары эл чарбасына зарыл жаңы бирикмелерди, азыркы техниканын талаптарын канааттандырган касиеттерге ээ болгон жаңы материалдарды жаратуу ыкмаларын негиздөө жана иштеп чыгуу маселелерин чечет.
Химия – математика, физика, биология ж. б. табигый илимдер сыяктуу эле фундаменталдык илим. Химия илиминин дүркүрөп өнүгүүсү айыл чарбасын химиялаштырууга жол ачты. Айыл чарбасын химиялаштыруу – бул өсүмдүктөр үчүн өтө керектүү минералдык жер семирткичтерди, зыянкеч курт-кумурскаларды жок кыла турган уулуу химикаттарды пайдаланып, эл чарбасына өтө керектүү өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу ж. б. болуп саналат.
Мындан тышкары гербициддерди, минералдык жер семирткичтерди туура пайдалануу аркылуу шорлуу, туздуу кыртышты жакшыртуу жалпы эле мелиорацияга таандык болгон иштерди аткаруу, элди азык-түлүк менен камсыз кылуу маселелери чоң мааниге ээ болот.
Өкмөт тарабынан айыл чарбасын химиялаштыруу, кыртышты мелиорациялоо жана жаратылышты коргоо маселесине ылайык комплекстүү программа иштелип чыккан. Эл чарбасын химиялаштыруунун негизинде жаратылыштын кооздугун, атмосферанын тазалыгын сактоо, жашаган элдердин ден соолугу үчүн кам көрүү менен бирге Кыргыз мамлекетин XXI кылымда экономикасы гүлдөп өнүккөн мамлекеттердин катарына жеткирүүгө болот.
Химия-заттар жана алардын айлануулары жөнүндөгү илим.
Химия – табият таануу областынын (илимдеринин) бир тармагы, химиялык элементтердин жана алардын бирикмелеринин курамын, касиеттерин, түзүлүштөрүн, о. эле алардын айланыштарын (химиялык реакцияларды) окуп үйрөнүүчү илим. Химия органикалык эмес, органикалык, физикалык, аналитикалык болуп бөлүнөт.
Химия башка илимдер менен байланышып: биологиялык химия (биохимия), геологиялык химия (геохимия), агрохимия, космохимия ж.б. сыяктуу илимдин чектеш тармактарынын бөлүктөрүн түзөт. Химиялык илимдин ж-а техниканын өркүндөшү, эл чарбасынын техникалык жактан өрчүшүндө чоң роль ойногон химиялык өндүрүштүн интенсивдүү өрчүшүнө алып келет.
Химия - химиялык элементтердин жана заттардын түзүлүштөрү, касиеттери, заттардын бири-бирине айлануулары жана бул айланууларды коштоп жүрүүчү закон ченемдүүлүктөрдү үйрөтүүчү илим.
Химия башка табигый илимдер менен, айрыкча, физика, биология, геология илимдери менен тыгыз байланышкан. Азыркы мезгилде химия бир топ өз алдынча бөлүктөргө, атап айтканда, заттардын эки негизги классына жараша органикалык эмес жана органикалык химия деп бөлүнөт. Нефтинин жаратылыш запастарынын азайып бара жаткандыгына байланыштуу, химиялык өнөр жайлардан өндүрүлүп жаткан синтетикалык отундарды пайдалануу улам өсүүдө. Таш көмүрдөн жана күрөн көмүрдөн суюк отундарды өндүрүп алуунун жаны технологияларын ишке киргизүү маанилүү химиялык сырье болуп саналган нефтини үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Дары-дармектердин көпчүлүк бөлүгү жасалма жол менен синтезделинип алынгандыктан, фармацевтикалык өнөр жайлардын өнүгүшү химиялык изилдөөлөр менен байланыштуу. Химиялык өнөр жайлар айлана-чөйрөгө көбүрөөк зыян келтирген тармактардын ичинен төртүнчү орунда (жылуулук энергетикасынан, металлургиядан жана автомобиль транспортунан кийин) турат. Алдынкы технологиядагы химиялык өнөр жайлардын үлүшүшүнүн өсүшү менен айлана - чөйрөнү коргоого байланыштуу болгон экологиялык көйгөйлөр чечилүүдө.
Химия коомдук жашоосунда чоң мааниге ээ. Химиянын жетишкендиктери болбосо, космостук мейкиндикти өздөштүрүү, атомдун энергиясын тынчтык максатында колдонуу мүмкүн болмок эмес. Эл чарбасынын баардык тармактарында учурдагы химиянын жетишкендиктерин толук колдонуу менен арзан, сапаттуу өндүрүш каражаттарын, эл керектеген буюмдарды өндүрүү мүмкүн. Учурдагы коомдук орчундуу актуалдык ж-а келечектүү проблемаларын чечүүдө химия чоң ролду ойнойт. Алар төмөнкүлөр:
1) айыл-чарба продуктуларынын түшүмдүүлүгүн жогорулатууда жасалма жер семирткичтердин эффективдүүлүгүн жогорулатуу;
2) сырьелордун океандык булактарын өздөштүрүү;
3) энергиянын жаңы булактарын иштеп чыгуу, түзүү;
4) негизги биохимиялык процесстердин механизмдерин жактоо; келечектин техникалык милдеттерин чечүү;
5) жаңы заттарды, композицияларды синтездөө;
6) айлана-чөйрөнү коргоо.
Химиялык реакциялар — бир же бир нече зат тышкы таасир (температура, басым жана башкалар) же белгилүү шартта өз ара аракеттенишүүнүн натыйжасында курамын жана касиетин өзгөртүп, башка заттарга айлануу процесси.
Бир заттын башка затка айлануусу химиялык реакция (же кубулуш) деп аталат.
Жаратылышта, бизди курчап турган айлана-чөйрөдө жана адам баласынын организминде химиялык реакциялар тынымсыз жүрүп турат. Жер бетиндеги жандуу органимздер да химиялык реакциялардын негизинде жашайт. Табият таануу курсунан белгилүү болгондой өсүмдүктөрдө көмүр кычкыл газы менен суу органикалык заттарга айланып , кычкылтекти бөлүп чыгарат. Тескерисинче, дем алуу процессинде кычкылтектин катышуусунда органикалык заттар ажырап, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Таш көмүр, жаратылыш газы , нефти ж.б. күйүүчү отундар күйгөндө да көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат.
Заттар жана алардын касиеттери.
Зат-тынч абалында белгилүү бир массага ээ болуп, биздин аӊ сезимибизден тышкары жашап, сезим органдарыбызда туюну пайда кылуучу материянын бир түрү.
Демек, заттардын бири биринен айырмаланган же өз ара окшош белгилери заттын касиеттери деп аталат.
Агрегаттык абал - бир эле заттын ар кандай (мисалы, катуу, суюк, газ жана плазма) түрдө болушу. Зат бир абалдан экинчисине өткөндө анын физикалык касиеттери (тыгыздыгы, ички энергиясы, энтропиясы ж. б.) кескин өзгөрөт. Көпчүлүк заттар көбүнчө катуу, суюк жана газ абалында болушу мүмкүн. Заттын агрегаттык абалы физикалык шарттарга, негизинен басым менен температурага көз каранды. Мисалы, суу нормалдуу басымда р=101325 Па = 760 сымап мамычасы менен жана 7=273,15 К температурада музга айланат. Заттын Агрегаттык абалынын өзгөрүшү молекулалар ортосундагы аралыктын жана өз ара аракеттешүүнүн (тартылуу жана түртүлүү күчтөрүнүн) өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт. Газ молекулаларынын ортосундагы аралык өтө чоң, молекулалар өз ара дээрлик аракеттенишпей эркин кыймылда болуп, берилген көлөмдү толук ээлешет. Суюк жана катуу абалдагы заттардын молекулалары (атомдору) бири-бири менен өтө жакын жайгашып, алардын өз ара аракеттешүүсү да өтө күчтүү болот. Ошондуктан зат катуу жана суюк абалда белгилүү көлөмдү ээлейт. Бирок заттын молекулалары (атому) суюк жана катуу абалда ар башка мүнөздөгү кыймылда болуп, алардын физикалык касиеттеринин жана түзүлүшүнүн ар кандай болушун түшүндүрөт.
Газ – заттын бөлүкчөлөрү эркин кыймылдап, бири-бири менен байланышпаган же өз ара өтө начар аракетте болуп, өзүнө берилген көлөмдү толук ээлеген агрегаттык абалы.
Суюктуктар – заттын катуу жана газ абалынын ортосундагы агрегаттык абалы.
Суюктуктар бир жагынан катуу заттын, экинчи жагынан газдын айрым касиеттерине ээ. Мис., Суюктуктар катуу зат сымал көлөмгө, бетке, бышыктыкка ээ болот. Суюктуктар газга окшоп өзүнүн санын (формасын) сактай албайт жана идиштин ички санын гана алат. Механикалык көзкараш боюнча Суюктуктар катуу нерселерден сынынын (формасынын), серпилгичтигинин жоктугу менен айырмаланат. Суюктуктар газга тынымсыз өтүп турат. Суюктуктар өзүлөрүнө гана тиешелүү болгон өзгөчө касиеттерге – агуучулук жана көлөмдүк серпилгичтикке ээ. Ошондуктан кысылуу коэффициенти Суюктуктардын негизги мүнөздөмөсү.
Магнит (грекче Magnзtis lithos – Магнесиянын ташы) – өздүк магнит талаасына ээ болгон зат. Темир, болот ж. б. у. с. заттарды өзүнө тартуу касиетине ээ болгон заттар алгач Магнесия шаарында (Кичи Азия) табылган. Магнит табигый (кен казууда алынат) жана жасалма (электр тогунун жардамында алынат) түрдө кездешет. Магнитти мүнөздөөчү негизги касиет болуп анын түндүк (N) жана түштүк (S) уюлдары эсептелет. Бирдей уюлдарын жакындатсак, алар түртүлүшөт, карама-каршы уюлдарын бириктирсек тартылышат. Мындай өз ара аракеттенишүүлөр магниттик талаанын аракетинин натыйжасында жүрөт. Заттар магниттик касиеттери боюнча эки топко бөлүнөт: парамагнит жана диамагнит. Магнитти илимий жактан изилдөө алгач орус окумуштуусу П. Перегрин («Магнит жөнүндө китеп»), англиялык врач У. Гильберт («Магнит жөнүндө») тарабынан жүргүзүлгөн.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
Химия илими эмнени окутуп үйрөтөт. Заттар деп эмнени айтабыз? Заттардын касиети деген эмне? Заттар нерседен айырмасы. Химиялык заттар деген эмне? | |
Үйгѳ тапшырма:
Химия илиминин мааниси боюнча эссе жазуу
Суроолорго жооп берүү:
1. Жаратылыш, материя, жөнөкөй жана татаал затты кандай түшүнөсүңөр?
2. Химия предмети, анын маанисин айтып бергиле.
Баалоо:
Критерийлер менен баалоо топто жана жеке
“5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча, экиден , топто иштеше алса , алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
“4”-жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса
“3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса
“2”-таптакыр эле аракети жок болсо