8-класс мөөнөтү: Мугалим:Абдандил к Акылай
Сабактын темасы: Химиялык реакциянын жүрүү шарттары.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар “химия” – деген термин менен таанышат.Химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышат. Заттар жөнүндө маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдар менен далилдешет. Химиялык кубулуштарга мисалдар келтиришет. Химиялык реакциянын жүрүү шарттары менен танышат, эксперимент менен далилдешет.
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак , стандарттык сабак.
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: топ менен иштөө , стратегиялар ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Мисалы:
Натрийдин нитратынын (NaNO3) курамындагы элементтердин массалык үлүшүн аныктагыла? Жообу: N – 16,5%
Na- 27%
O - 56,5%
Азоттун ( V), темирдин(III), фосфордун(V), жездин(II) , алюминийдин көмүртектин(IV) оксиддеринин формулаларын жазгыла.
72 г озондо (О3) канча молекула кармалат? Жообу: 9
1023 молекула.
Нормалдуу шартта 280кг азот (N2) көлөмдү ээлейт? Жообу: 224м3
Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.
сабактын темасы берилет.
Сабак: Химиялык реакциянын жүрүү шарттары.
Сабактын темасы доскага жазылат.
Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:
Суроо: Химиялык реакциянын жүргөндүгүн кантип билебиз?
Мугалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн эксперимент окуучулар менен бирдикте жасалат. ( же окуучуларды топко бөлүп эки топко тапшырма берип иштетсе да болот)
1
-эксперимент: Аммонийдин хлоридине щелочту таасир этүү: (бөлүнүп чыгып жаткан газдын кескин жыты бар экендигин эскертүү, коопсуздук эрежесин сактоо).
Бул реакция учурунда кескин жыттуу газ бөлүнүп чыгат.
Демек реакция учурунда бөлүнүп чыккан газ , химиялык реакциянын жүргөндүгүн далилдейт.
2-эксперимент: Дихромат аммонийдин ( NH4)2Cr2O7 ) ажыроо реакциясы.
( NH4)2Cr2O7
Cr2O3 + N2
+ 4 H2O
Химиялык реакциянын сырткы белгиси , жарыктын жана пайда болгон заттын өӊүнүн өзгөрүшү.
Демек реакция учурунда бөлүнүп чыккан жарык , өӊдүн өзгөрүшү
химиялык реакциянын жүргөндүгүн далилдейт
3-эксперимент:
Темирдин хлоридине ( FeCI3) калийдин радонидин ( KCNS) кошуу:
FeCI3 + KCNS
Fe ( CNS)3 + 3KCI
калийдин радониди
Демек реакция учурунда бөлүнүп чыккан заттын өӊүнүн өзгөрүшү
химиялык реакциянын жүргөндүгүн далилдейт
Төмөнкү силер көрүп турган кубулуштар жөнүндө эмне айта аласыӊар?
Бул процесстер жаратылышта жүрүп турат, мындай бир заттан экинчи бир жаӊы заттын пайда болушу химиялык реакция деп аталат.
Ошондой эле химиялык реакциялардын жүрүү белгилери боюнча маалымат алып окуучулар слайддар аркылуу тажрыйбаларды көрүүгө да болот .
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.