Изохинолин
Эмпирикалык формуласы: C9H7N
Молярдык массасы: 129,16 г/моль
Тыгыздыгы 1,1 г/см³
Эрүү температурасы 24,5 °C,
Структуралык формуласы
Мүнөздөмөсү. Бираз миндал жыттанган түссүз кристалдык зат. Муздак сууда начар, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Изохинолин хинолинге салыштырмалуу негиздик касиети бир топ күчтүү.
Жаратылышта таш көмүр чайырынын составында кездешип, хинолин менен бирге бөлүп алынат. Бир нече жол менен синтезделип да алынат:
1). Бишлер - Напиральскийдин реакциясы:
2). Ацетофенон менен a-аминоацетацеталдын конденсация реакциясы
(Померанц-Фрич методу):
Изохинолин- сенсибилизациялоочу боёк заттарын алууда, медициналык препараттарды синтездөөдө сырьё катары колдонулат. Изохинолиндик ядро иедициналык мааниси чоң болгон алкалоиддик препараттардын негизин түзөт (папаверин, морфин, кодеин, курарин ж.б.).
Морфин (Morphinumi)
Химиялык аталышы (5 альфа,6 альфа)-7,8-Дидегидро-4,5-эпокси-17-метилморфинан-3,6-диол ( гидрохлорид же сульфат)
Эмпирикалык формуласы C17H19NO3
Молекулалык массасы 285,34 г/моль
Структурная формула
Морфи́н- апийимден алынуучу негизги алкалоид болуп, орточо 10 % ке чейин кармалат.
Морфин гидрохлориди –ак түстөгү ийне сымал криссталдык зат же ак кристалдык порошок.Сактоодон саргыч түскө өтөт. Сууда 1:17,5мл, кайнак сууда 1: 0,5мл), спиртте 1:52 мл, 60 °C та 1:6 мл эрийт. Глицеринде жай эрип, хлороформ, эфирде эрибейт.
Морфин сульфаты- Ак кристалдар же кристалдык порошок,абада көпо турса саргайып кетет. 25°C сууда 1 г:15,5мл, 80°C та 1:0,7мл , Спиртте начар
1г:565мл, 60°Cта !г:240млэрийт, хлороформдо жана спиртте эрибейт.
Өздүгүн аныктоо. Морфиндин өздүгүн аныктоодо бир нече мүнөздүү реакциялар жүргүзүлөт. Алардын ичинен: Марктын реактиви - концентрацияланган күкүрт кислотасындагы формалиндин эримеси, Фреденин реактиви - аммоний молибдатынын конц. күкүрт кислотасындагы эритмеси, Манделиндин реактиви- аммоний ванадатынын конц. күкүрт кислотасындагы эритмеси, Эрдмандын реактиви - конц. күкүрт кислотасы менен конц. азот кислотасынын аралашмасы.
Морфин - Фреденин реактиви менен күлгүн түс берет да турган сайын көк, андан соң жашыл түскө өтүп кетет.
Манделиндин реактиви менен морфин күлгүн түс берет.
Эрдмандын реактиви менен морфин кызыл түс берет.
Морфин гидрохлориди Марктын реактиви менен кызыл-пурпур түс берип, бираздан соң күлгүн түскө өтүп кетет.
Конц. күкүрт кислотасын кошуп ысытып, нейтралдаштырып, бир нече тамчы иоддун спирттеги эритмесин тамчылатканда – морфин жашыл түс берет.
Морфин калий гексацианоферратынын(III) катышуусунда оңой кычкылданып, андан ары темирдин (III) хлоридинин эритмесин кошкондо көк түс берет.
Папаверин (Papaverinum)
Химиялык аталышы. 1-[(3,4-Диметоксифенил)метил]-6,7-диметоксиизохинолин (гидрохлориди)
Эмпирикалык формуласы C20H21NO4
Молекулалык массасы 375,85.
Структуралык формуласы
Папаверин гидрохлориди – ак кристалдык порошок, жытсыз, бир аз ачуу даамга ээ, сууда жай эрийт (1:40), этанолдо аз эрийт, хлороформдо эрийт, эфирде такыр эрибейт.
Колдонулушу. Булчуңдардын спазмында, ички ооруларда (холецистит, пилороспазмада, спастикалык колити, бөйрөк колити), перифериялык тамырларда (эндартериит), баш мээнин тамырларында, жүрөктүн стенокардиясында, бронхоспазмда; дары каражаттарына жардамчы катары премедикацияда колдонулат.
Өздүгүн аныктоо. 1). 0,002г порошокко 1-2 тамчы формальдегиддин концентрацияланган күкүрт кислотасындагы эритмесинен тамчылатып суу банясында ысытканда кызыл- кйүлгүн түс пайда болот.
Башка алкалоиддердей эле папаверин да айрым реагенттер менен түстүү жана жалпы чөктүрүүчү реакцияларга кирет. Концентрацияланган күкүрт, азот, туз кислоталары, темир (III!) хлоридинин эритмеси менен түстүү реакциялады бйерет. Концентрацияланган күкүрт кислотасы менен папаверин көгүш- фиолетовый”, вератрин менен кызыл түскө өтүп кетүүчү оранжевый түс, азот кислотасы менен кызыл түс берет
Кодеин Kodeinum
Химиялык аталышы: (5-α, 6-α)-7,8-дидегидро-4,5-эпокси-3-метокси-17-метилморфинан-6-ол (в виде гидрохлорида или фосфата)
Эмпириеалык формуласы: C18H21NO3хН2О же C18H23NO4
Молярдык массасы: 299,364 г/моль
Кодеи́н-3-метилморфин,апийимдин алкалоиддеринен болуп, борбордук нерв системасына таасир этүүчү, жөтөлгө каршы колдонулуучу же башка заттар менен кошулуп (мисалы терпингидрат менен) колдонулат.Начар наркотикалык касиетке ээ болуп (опияттык), оору калтыруучу катары, башка препараттардын курамына кошулат ( мисалы пенталгин).
Алынышы: Кодеин-апийимдин (Papaver Somniferum) курамында 0,2 — 2 % чейин болуп, органикалык эриткичтерде экстракциялоо жолу менен алынат.Азыркы учурда синтетикалык жол менен да алынат. Мисалы полусинтетикалык жол менен морфинди метилдөө жолу менен.
Мүнөздөмөсү: Кодеина – негиздик касиетке ээ болгон, түссүз кристал же ак түстөгү кристалдык порошок. Жыты жок, даамы ачуу, абада ажырап бузулуп кетет. Сууда: 250С та 1:120; 800С та 1:60: 1000С 1:17 эрийт. Спиртте 1:9,5, диэтилэфирде начар 1:50, эң жакшы хлороформдо 1:0,5 эрийт. Спирттик эритмеси щелочтук реакцияны берет. Нымдалган диэтиэфирде кодеин криталдашып, 155 °C та эрүүчү C18H21NO3•H2O түрүндөгү моногидратты пайда кылат.
Өздүгүн аныктоо:
1. Марк реактиви менен көгүш-күлгүн түс берет.
2. H2SO4 + FeCl3 + t° менен көгүш-күлгүн түс берип, үстүнө азот кислотасын HNO3 тамчылатканда кызылга айланат.
3. HNO3 менен оранжевый тъс берет (морфинден айырмасы ушул).
4. Селен кислотасы H2SеO4 менен жашыл түс берип, бираздан кийин көк,андан соң ток жашылга өтүп кетет.
Колдонулушу. Кодеин оору калтыруучу,нервди тынчтандыруучу,айрыкча дем алуу органдарынын дүүлүгүүсүн басаңдатуучу зат катары көптөгөн премараттардын курамына кошулат. Мисалы, кодеин кармоочу препараттар экиге :комбинацияланган аналгетиктер жана жөтөлгө каршы таблеткалар болуп өлүнөт. Биринчисине: "Пенталгин-Н", "Нурофен Плюс", "Седальгин", "Седал-М", "Каффетин", экинчисине - "Коделак", "Терпинкод", "Кодтерпин" сыяктуу дарылар кирет.
Жогорудагы аталгандардан башка: морфиндин бир нече туундулары, кокаин, героин сыяктуу бирикмелери колдонулат.
Адабияттар:
1. Генслер В. Дж., в кн.: Органические реакции, пер. с англ., т. 6, М., 1959, с. 218-29;
2. Гетероциклические соединения, под ред. Р. Эльдерфилда, пер. с англ., т. 4, М.. 1955. с.264-358;