Сабакка чейин
Сабактын темасы: Хлор алынышы химиялык касиеттери
Сабактын методу: көрсөтмөлүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: айтып берүү
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Хлор алынышы, химиялык касиеттери, атомунун электрондук формуласы, бирикмелерин окуп үйрөнүшөт. | Хлор алынышы; химиялык касиеттери; атомунун электрондук формуласы; бирикмелерин боюнча айтып бере алышса; Химиялык теӊдеменин жардамы менен хлордун алынышын жана химиялык касиеттерин жазып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Галогендер, хлордун физикалык касиеттери, колдонулушу, жаратылышта таралышын, атом, жөнөкөй жана татаал заттар, химиялык теӊдеме боюнча түшүнүгу өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат | Галогендер; хлордун физикалык касиеттери; колдонулушу; жаратылышта таралышын; атом,; жөнөкөй жана татаал заттар; химиялык теӊдеме боюнча алган билимдерин туура пайдаланып хлордун атомунун электрондук формуласын жазып валенттүүлүгүн далилдеп жазып бере алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Хлор алынышы;
химиялык касиеттери;
атомунун электрондук формуласы;
бирикмелерин боюнча айтып бере алышат;
Химиялык теӊдеменин жардамы менен хлордун алынышын жана химиялык касиеттерин жазып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Хлор алынышы, химиялык касиеттери, атомунун электрондук формуласы, бирикмелери боюнча маалымат алышат, галогендер темасы боюнча алган билимдерин бекемдешет.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Галогендер, хлордун физикалык касиеттери, колдонулушу, жаратылышта таралышын, атом, жөнөкөй жана татаал заттар, химиялык теӊдеме, химиялык реакциянын типтери боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Саякатка чыгуу оюну
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Галогеңдер, алардын атом түзүлүшүн схема аркылуу чийгиле. Алардъш кайсылары жака эмяе үчүн өтө күчтүү окистендиргич болууга тийиш экендигин түшүндүргүлө.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Жаратылышта таралышы
Хлор (латын тилинен Chlorum) – Д.И.Менделеев мезгилдик системасы 3-мезгилинин VIIА группа элементи, галогендерге кирет, катар номери 17, атомдук массасы 35,453. Молекуласы 2 атомдон турат 1774-ж. швед химиги К.Шееле пиролюзитке туз кислотасын таасир этүүдөн алган:
MnO2 + 4HCl = Cl2 + MnCl2 + 2H2O
К.Бертолле жана А. Лавуазье оксид деп болжолдошкон газ, Г.Деви тарабынан изилденип, жаңы элемент деп далилденген. Табигый хлор туруктуу эки изотобу бар 35Cl (75,53%) жана 37Cl (24,47%). Жасалма радиоактивдүү изотоптору 34Cl(T1/2 =32,4 мин), 36Cl(T1/2 =3,08 ×105 жыл) жана 38Cl (T1/2 =37,29 мин) бар.
Хлор терс электрдүүлүгү (ТЭ) Полинг боюнча 3 барабар, башкача айтканда кычкылтек ТЭ кичине. Бирикмелеринде хлор -1, +1, +3, +4, +5, +6, +7 кычкылдануу даражаларын көрсөтөт. Атомдук радиусу (кристаллдык) – 1,07; ион радиусу Сl- – 1,81; Cl7+ 0,26, диссоциация энергиясы (Cl2 → 2Cl) 57,2 ккал/моль. Хлор жер кыртышында массасы боюнча 4,5×10-2% түзөт. Өтө активдүү, жаратылышта бирикме түрүндө гана кездешет. Ал деңиз, көл жана дарыя сууларында, өсүмдүк, жаныбар организминде, ошондой эле көпчүлүк минералдар курамында: галит NaCl, сильвин KCl, сильвинит KCl×NaCl, карналлит KCl×MgCl2×6H2O, каинит KCl×3H2O, бишофит MgCl2*6H2O жана башка түрүндө, айрыкча көпчүлүк өсүмдүктөр күлдөрүндө, таш тузу же галит жана калийлүү туз түрүндө кездешет. Таш тузунун кендери Россия (Донецск басс., Соль-Илецка шаары), Польша, Германия, Индия (Пенджаб провинциясы), Франция, Испания, АКШда жана башка, ал эми калийлүү тузунун ири кендери Соликамски, Германия, Франция, Испанияда кездешет.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. Хлордун химиялык касиеттерин мүнөздөп айткыла: а) ли-тий хлор менен өз ара аракеттениши; б) темир күкүмүнүн хлордо күйүшүн; в) суутектин хлордо күйүпгүн; г) хлор суу менен өз ара аракеттенишин көрсөтүүчү химиялык реакциялар теңцемелерин түзгүлө. | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Жабылган, бекем идишке 8 г хлорду 12 л суутек менен аралаштырып, жардырышкан. Кандай көлөмдөгү хлордуу суутек алынган? Кандай газ канча өлчөмдө ашыкча болгон?
Баалоо: