Тема: Кишинин эмбриологиялык негизи
Аткарган: Маматкадыр кызы Гүлзина
Текшерген: Кошуева Кайратгүл
Тайпа: Б-17
План:
1.Гаметалар (жыныс клеткалары)
2. Уруктануу
3. Бөлчөктөнүү
Сперматозоид
Гаметалар (жыныс клеткалары)
.
Жумуртка клеткасы
Сперматозоид
Сперматозоид ( латынча сперматозон, спермиум) - организмдерде эркек жыныс клеткасы (гамета) оогамия аркылуу көбөйөт. Адатта, сперма жигердүү кыймылдап, аял жыныс клеткасын - жумуртканы уруктандырууга кызмат кылат. Адатта, алар жумурткаларга караганда бир кыйла кичинекей, анткени аларда цитоплазманын көлөмү анчалык деле көп эмес жана аларды организм бир эле мезгилде бир кыйла көлөмдө өндүрөт
Баш
Ядро
Митохондрия
Тулку
Мурутчалары
Куйрук
Сперматозоиддин түзүлүшү
Энелик клетка
Энелик клетка — аялдардын жыныс клеткасы. Энелик безде өөрчүйт. Негизги аткарган кызматы организмдин көбөйүү процессине катышат. Ал аталык жыныс клеткасы менен биригип зигота же уруктанган клетканы пайда кылат. Зиготадан түйүлдүк өөрчүйт. Энелик клетка башка клеткалардай эле ядро, цитоплазма , мембрана жана органоиддерден турат.
Энелик клетка
Аткарган кызматына жараша бир топ өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Ядро энелик тукум куума касиеттерди алып жүрүүчү хромосомалардын гаплоиддик жыйындысы жайгашкан. Цитоплазмада түйүлдүктүн өөрчүшүнө керектүү сары түстөгү азык заттын запасы болот. Энелик клетканын формасы шар сымал келип, бир аз кыймылдоого жөндөмдүү. Энелик безде пайда болгон энелик клетка грааф ыйлаакчасы жарылып ич көңдөйүнө түшөт. Бул процесс овуляция деп аталат. Ал жерден жатын түтүгүнүн желпүүрү менен жатын түтүгү аркылуу жатынды карай жылат. Анан жатындын түтүкчөлөрүнө түшүп акырын жыла баштап, эркектин урук клеткасы ( сперматозоид ) менен кезиксе уруктануу процесси жүрөт. Энелик клетка уруктанган убакта да жетилүү процесси бүтө элек болот. Жаш жыныс клетка (овоцит) экинчи жолу бөлүнүп ( мейоз ) жетилген энелик клеткага айланат. Уруктануу бүтөр замат зиготанын тегерегинде атайын кабык пайда болуп, ал энелик клеткага ашыкча сперматозоиддердин киришине тоскоол болот.
Жумуртка клеткасынын классификациясы
Сарылык заттын жумуртка клеткасынын цитоплазмасында таралуусу боюнча
алециталдык – сарылык заты дээрлик жок.
Олиголециталдык – сарылык заты аз.
Полилециталдык – сарылык заты көп.
изолециталдык – сарылык заты бирдей таралган. Центролециталдык – сарылык заты борборуна топтолгон.
Мезолециталдык – сарылык заты клетканын жарымына жакын бөлүгүн ээлейт.
Телолециталдык – сарылык заты дээрлик бүт клетканы ээлеп калат, ал эми органеллалар жана ядро уюлда калат.
Сарылык заттын саны боюнча
Уруктануу
Уруктануу - эркектик жана энелик жыныс клеткаларынын кошулуусу жана бир клеткалуу түйүлдүк – зиготанын пайда болуусу. Уруктануу процессинде бир нече фазаны ажыратат:
Уруктануу
Дистанттык аракеттттешүү – сперматозоиддердин жумуртка клетка менен жумуртка клетка бөлүп чыгарган заттардын таасиринде жакындашуусу. Бул фазада сперматозоид жумуртка клеткага карай жыла баштайт (хемотаксис), ошондой эле анын активдешүүсү башталат (капацитация).
2 Контакттык аракеттенишүү – сперматозоиддердин акросомалдык реакциясы жүрөт, мында акросомадан ферменттер бөлүнүп чыгып, жалтырак оболочканын анча чоң эмес участогун ажыратат.
3 Сперматозоиддин башы жана моюнунун овоплазмага кирүүсү .
В режиме слайд-шоу нажмите стрелку, чтобы перейти по ссылке.
Бөлчөктөнүү
Бөлчөктөнүү – зиготанын митоз жолу менен бөлүнүүсү, мында пайда болгон клеткалардын – бластомерлердин өсүүсү жүрбөйт.
Кишинин зиготасынын бөлчөктөнүүү толук, бирдей эмес, асинхрондуу. Биринчи бөлчөктөнүүдөн кийин эки бластомер пайда болот. Бирөө бир топ күңүрт жана чоңураак, экинчиси бир топ кичинекей жана ачык. Чоң бластомерден түйүлдүк жана дээрлик бардык провизордук органдар (хориондун жана плацентанын түйүлдүк бөлүгүнүн бириктиргич тканы, амнион, сарылык мешогу, аллантоис), ал эми кичинекей бластомерден трофобласт өрчүйт.
Бөлчөктөнүүнүн түрлөрү.
Зиготанын бөлүнүүсүнүн толуктугу боюнча
Пайда болгон бластомерлердин көлөмү боюнча
Толук – зигота толугу менен бөлунүп, эки айрым клеткалар пайда болот (бластомерлер).
Бирдей- бластомерлер бирдей көлөмдө.
Толук эмес – бөлүнүү сызыгы кыз клеткаларды толугу менен бөлбөйт, айрым клеткалар пайда болбойт.
Бирдей эмес – бластомерлер ар түрдүү көл өмдө.
Бөлчөктөнүүнүн түрлөрү
Бөлүнүү аралыгындагы убакыттык интервал
Кишиде – толук, бирдей эмес, асинхрондуу бөлчөктөнүү.
Синхрондуу – бардык бластомерлердин бөлүнүү интервалдары окшош.
Асинхрондуу – бардык бластомерлердин бөлүнүү интервалдары ар түрдүү.