Тема:
Китеп кантип,эмнеден жасалат?
Мугалим Убайдылдаева К.А.
Сабактын темасы:
Китеп кантип, эмнеден
жасалат?
Сабактын максаты: Окуучуларды китепти баалай билүүгө үйрөтүү
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, китеп жонундө маалыматтар, ырлар,макалдар ж.б.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу
Алтын эреже
Жагымдуу маанай түзүү
Актуалдаштыруу:
Мен силерге бир табышмак айтсам аны оңой эле таап аларыңарга ишенип турам.Анда кунт коюп уккула.
Кубанычына да, кайгысына да сени ортоктош кылган, бирде сүйүнтүп, бирде капаланткан бир жакын досуң бар.Ал эмне?
( Китеп)
Китептен биз эмне үйрөнөбүз? (кластер түзүү)
китеп
Өнөр тарбия
Билим акыл
Кеңеш адеп
Ыйман сабыр
Эрктүүлүк көтөрүмдүүлүк
Китеп жөнүндө кандай ырларды билебиз?
Китеп окуган арыштайт, озот,
Айга колун созот.
Анткени китеп,
Акылга акыл кошот.
Билбегенди билгизген ,
Мээге сезим киргизген.
Ак булуттун үстүндө,
Айга жакын жүргузгөн
Китеп – менин акылым,
Китеп- менин жакыным.
Турмуш сырын үйрөткөн,
Көркөм чечен сүйлоткөн.
Көкөлөтүп көңүлдү,
Көркөм чечен сүйлөткөн.
Китеп-менин акылым,
Китеп-менин жакыным.
Эл достугун сактаган,
Эрк таалайды мактаган,
Согуш отун өчүрүп,
Бейкуттукту жактаган.
Китеп-менин акылым,
Китеп-менин жакыным.
Китеп-билим булагы,
Китеп-билим чырагы.
Бардык балдар мектепте,
Китеп тилин угалы
Китепке арналган кандай макал-
лакаптарды билесиңер?
Макалдарды чечмелөө
(Балдарды 3 топто бөлүү , талкуу)
“Китептен тамга издебе,акыл изде.”
“Билимди сатып албайт,казып алат”
“Тамакты ойлонбой окугандык,тамакты сиңирбей ичкенге барабар”
Балдар, биздин эң жакын досубуз китеп кантип ,эмнеден жасаларын билесиңерби?
( Классты төрттөн окуучу кылып топторго бөлүү).
Китеп кантип,эмнеден жасалат? Топтордо талкуу
Сабактын темасы:
Китеп кантип,эмнеден жасалат?
Бүгүнкү сабагыбыздын максаты китеп кантип,эмнеден жасаларын билесиңер, китепти жакшы сактоого үйрөнөсүңөр.
(Доскада стенгазета илинет)
Илгери өткөн заманда адамдар китеп,кагаз эмне экендигин билишкен эмес.Мезгил ,доор өткөн сайын адамдардын аң-сезими,билими өсөт. Адамдар маалыматтардын барын эске сактап жүрүүгө мүмкүн болбой калат.Ошондон баштап жазууну ойлоп табышат.
Адегенде жазууларды териге, ташка, кездемеге жазышкан. Анан бара-бара кагазды ойлоп табышкан.
Дептер жасоодо адегенде араа ишке киришет.Ал токойдогу карагайды кыркат.Себеби кагазды карагайдан жасайт.
Арааланган карагайды майдалап дөңгөч кылышат. Дөңгөчтөн чамынды жасалат.Чамындыны буу казандарына салып кайнатышат.Эриген карагай чамындыны калыпка куят.Казандагы чамындылар кайнап отуруп булага анан боткого айланат.Мына ошол боткодон кагаз чыгарылат.Кагаздан дептер,китептер жасалат.
Көрдүңөрбү балдар, кандай узак жумуш.
Карагайдан дөңгөч,дөңгөчтөн чамынды,чамындыдан ботко,боткодон кагаз,кагаздан дептер жана мына мындай болгон “КИТЕП” жасалат.
Сабакты бышыктоо: Чаташкан чынжыр оюну
Китеп жасалганга чейин кандай жумуштар аткарылат ?
була
(ар бир топко таркатылат)
ботко
Карагайды кыркат
Чамын
ды
дөңгөч
кагаз
Дептер,
китеп
Тажырыйба жасоо:
1-тажырыйба: 1 барак кагазды алып,чекесинен айрып жарыкка салып карагыла.Эмнени байкадың?
Кагаз чаташкан ичке булалардан жасалган кийиздей көрүнөт.Карагайды казанга кайнатканда ,мына ушундай ичке була болуп эзилип кетет.
2-тажырыйба: Кагазды майдалап сууга эзебиз.Кагаз сууга салганда эзилип боткого окшоп калат.
Сабакты жыйынтыктоо:
ББК стратегиясы:
БИЛЕМ | БИЛДИМ | БИЛГИМ КЕЛЕТ |
| | |
“Китеп” деген сөзгө синквейн түзүү (ар бир топко берилет)
Китеп
Кеменгер,толеранттуу,
Үйрөтөт,жол көрсөтөт,акыл кошот,
Китептен издегендин баарын табасың.
Билим булагы
КРОССВОРД
5.Э К И
4.Б И Р
3.А Т А
2.Б Е Ш
1.А П А
Тигинен :
Сенин кыйышпас досуң (китеп)
Туурасынан:
Сенин эң сүйүктүү адамың (Апа)
Эң жакшы баа (беш)
Сен үчүн эң баалуу адам (ата)
Эң кичине сан (бир)
Эң жаман баа (эки)
Баалоо: алган упайларына жараша.
Үйгө тапшырма: Китепке арналган ырлардан жаттап келүү