СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Классный час к дню матери

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Внеклассное мероприятия к дню матери. 

Просмотр содержимого документа
«Классный час к дню матери»

Класстык саат. 7-класс.

“Энелер күнүнө” арналган ачык класстык сааттын планы.

Сабактын темасы: “Бейиш – эненин таманынын астында”.

Сабактын максаты:

1. «Бейиш – эненин таманынын астында»-деген накыл кептин терең маанисин түшүнүшөт. Энелердин коомдогу ролун билишет.

2. Энелерди сыйлоо-перзенттик парз экенин дагы тереңирээк ойлонот.

3. Өзүндө жакшы сапаттарды өнүктүрө билүүгө тарбияланат.

4.Класс ичиндеги ынтымак бекемделет.

5.Окуучулардын чыгармачылыгы өркүндөйт.

6.Ата-эне менен мектеп байланышы чыңдалат.

7.Класс жетекчи, ата-эне, окуучу менен болгон мамилени бекемделет.

8.Сабак учурунда өзүн маданияттуулукка, ыймандуу болууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Апалар тартылган сүрөттөр, шарлар, балдардын колдору менен жасалган гүлдөр, тирүү гүлдөр, бисерден жасалган белектер. Компьютер, проектор. “Бейиш – эненин таманынын астында” деген темадагы плакаттар, “Биздин энелер” ж.б темадагы компьютердик презентация. Сабактын катышуучулары: 7-В класстын окуучулары, ата-энелер жамааты, класс жетекчи. Даярдануу процесси:

  1. Иш чараны жүрүзүү үчүн класс ичинде талкулоо.

  2. Чыгармачыл микро группаларды түзүү.

  • Класс ичин кооздоочулар группасы;

  • Сюрпризчилер группасы;

  • Сценарийчилер группасы;

  • Компьютерчилер группасы.

  1. Стартка даяр туруу, ар бир группага тапшырмаларды берүү.

Тапшырма:

Класс ичин кооздоочулар группасына:

  • Классты кооздоо, шарларды үйлөө, апалардын сүрөттөрүн илүү, “Бейиш – эненин таманынын астында” деген темадагы плакаттар, чакыруу кагаздарын жасоо.

Сюрпризчилер группасына:

  • Бисерден апаларга ар кандай нерселерди жасоо (белекти ар бир окуучу жасап келиши зарыл. М: шакек, браслет, цепочка, каалоо-тилек жазылган открыткаларды жасашат ж.б.) музыкалык ыр, бийлерди даярдоо.

Сценарийчилер группасына:

  • Майрамдын сценарин түздүртүү, апалардын катышуусунда кызыктуу оюндарды, конкурс уюштуруу.

Компьютерчилер группасына:

  • “Бейиш – эненин таманынын астында” деген темадагы презентация даярдоо, энелер күнүн кайсы өлкөлөр кантип жана качан майрамдап келгени тууралуу маалымат топтоо.

4.Класс жетекчи даярдануу учурунда ар бир группага жардам көрсөтүп, демилге кошуп турат.

С а б а к т ы н ж ү р ү ш ү :

Уюштуруу:

Мугалим: Саламсыздарбы! Урматтуу коноктор, окуучулар! Бүгүнкү “Энелер күнүнө” арналган класстык саатыбызга кош келиңиздер! Эне- үйдүн куту жана баланын, үй бүлөнүн бактысы. Турмуштун эчен азап-тозогун башынан өткөрүп, чоңойткон балдары үчүн өмүр боюу кам көрөт. «Карга сүйөт баласын аппагым деп, кирпи сүйөт баласын жумшагым деп» дегендей эне үчүн баласы дайыма эң сүйкүмдүү жана дайыма жаш. Уулу эрезеге жетип ата болсо да, кызы бойго жетип, эне болсо да, эне алар үчүн кам көрүп жанын курман кылууга даяр.Ал эми бала үчүн эне чоң бакыт. Эне үйдө бир мүнөт жок болсо, үйдүн куту уча түшкөнсүйт. Эшикке кирип чыгып тезирээк эле келишин күтүп тынчсызданасын.

«Эне жөнүндө баллада» үч окуучу бир куплеттен ырдайт.

Адилхан:

Тамчыдай денедеги сүтүн менен,

Талпынтып ак бешикке баккан энем.

Нуруна мээримине магдыраткан,

Мандайда менин батпас күнүм элең.

Жанара:

Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай,

Уйкудан чолпон көзун ачкан энем.

Алдына ажал келип турса дагы,

Мен үчүн жанды курман кылар элең.

Айдана:

Шанданган шоола болдуң бул жүзүмө,

Асмандай ай нурундай асыл энем.

Көзүмдүн карегиндей көп аягам,

Алтындай эмгегиңди неге теңейм.

Айдана: “Бейиш- эненин таманыны астында”,“Энелер-жашоо чырагы” деген сөздөр бекерге айтылбайт. Жашоонун өзү ЭНЕден башталып олтурбайбы. ЖЕР-ЭНЕ экөөнү ажыратуу мүмкүн эмес. Жер –Энеден алган түшүмдү дыйкандарыбыз алганда да, эң алгачкы кызыл кырмандагы буудайдын даамын татканда да, Жер –Энеге ыраазычылык билдирип, элибизде токчулук береке болсун дешип ак тилектерин билдирет. Энелер боорукердиги , акылкөйлүгү, намыскөйлүгү, көтөрүмдүүлүгү менен айырмаланат. Кыйын кезеңдерде энелер эр-жигиттердин намысына тийип, акылкөйлүгү менен элин сактап калган учурлар тарыхта көп учурайт.

Темирлан: 8-март аялдардын эл аралык күнү болуп белгиленет. Биздин апаларыбыздын, сиңдилерибиздин, эжелерибиздин деги койчу баардык аял затынын күнү. Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө бул майрамдан сырткары “Энелер күнү” белгиленет. Бүгүн биз урматтуу биздин эң сулуу, ажарлуу, боорукер, акылдуу энелерибизге кубанычтуу мүнөттөрдү тартуулагыбыз келет.

Айзат:

Ааламга толуп турган

Ардагым болуп турган

Ар дайым көрүп турган

Асылым менин Апам

Эркингүл:

Дүйнөгө толуп турган

Дүнүйөм болуп турган

Душмандан коруп турган

Деңиздей толуп турган

Дүңгүрөк менин Апам

Деңиздей толуп турган

Деңгээлим болуп турган

Дем берип, көрүп турган

Демим ал, менин Апам

Адилхан:

Асыл Апам өмүрүмдүн тумары

Бир өзүңсүң ырыскымдын мунары

Сенсиз Апа бир тыйынга арзыбайт

Бул жашоонун мага бир да жыргалы.

Азамат:

Апа – деген атыңдан

Апа – деген асыл жан

Ай нурундай чачылган

Мээримиңден кагылам.

Уйкубуздун кутусуң

Кубанычым Апакем

Эч нерсеге теңелгис

Асылымсың Апакем

Ширин: Бейиш деген эмне? Бейиш деген сөздү укканда эле ар бирибиздин көз алдыбызга жап-жашыл түскө боелгон кооз жерлер, түркүн-түстөгү дарактар, мөлтүрөп бышкан мөмө – жемиштер, кооз үйлөр арууланган, тазаланган адамдар ж.б, эң бир керемет асылдыктар, түркүн түрлүү тамактар кыскасы жомоктогудай жашоону элестетебиз. Бейиш – түбөлүк бактылуу жашоо, жалган жашоону артта калтырып, чыныгы жашоо. Мына ушул чыныгы бактылуу жашоо – Энелерибиздин таманыны астында. Айдина: Эне – деген ким? “Эне” дүйнөдөгү эң кымбат, эң ыйык, үй-бүлөнүн куту, жашоонун башкы каарманы, тилеги жанып турган жылдызы, айтор мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан дүйнөсү назик зат. Энени урматтап сыйлай билүү ар бирибиздин милдетибиз. Тогуз ай курсагында көтөрүп, тогуз ай толгонуп, бизди жарык дүйнөгө алып келгенден күндөн баштап, жаныбыздан карыш жылбай, кудайдан өмүрүбүздүн - узун, ден соолугубуздун - чың, келечегибиздин – кең, ыйманыбыздын бар болушун, акылыбызды, адамкерчилигибизди тилеп сураган жан ошол биздин – Энебиз.

Дөөлөт:

Мен ыраазымын Апакеме төрөгөн

Алдей айтып ак бешикке бөлөгөн

Азап тартып жыгылайын десе да

Сен жыгылба балам деген, жөлөгөн

Курманбек:

Апакебай жарык дүйнө өзүңүз

Жашоодо сиз жанып турган көзүбүз

Айткан сөзүң унутпаймын Апаке

Акылманым, даанышманым өзүңүз

Айзирек:Улуу пайгамбарыбыз Мухаммедден(САВ) бир адам: “Кимге жакшылык кылайын”-деп сурайт экен. Анда пайгамбарыбыз(САВ): “Биринчи кезекте – энеңе, андан кийин - Энеңе, андан кийин да - Энең, андан кийин Атаңа жакшылык кыл”- деп жооп бериптир. ЭНЕ деген көзүнөн нур таамып турган мээримдүү инсанга бар күчүбүздү жумшап, аларды ыраазы кылып, бизди бул жарыкка алып келгенине өкүнбөгүдөй кылып, биз менен сыймыктангыдай абалга жеткире алсак, аны дайыма сыйлап, урматтап, кадырлап, кызмат көрсөтүп, бактылуу кылсак, Энелерибиз бизди бейиш жолуна алып барат. Эне – бизге эң биринчи жол көрсөтүүчү, тарбиячысы.

Мугалим: Энелерге күндө жакшы маанай тартууласак(Омар Жанышовдун аткаруусунда “Энекем” ыры жаңырат). Компьютерчилер группасы даярдаган “Бейиш – эненин таманынын астында” деген темадагы презентация көрсөтүлөт.

Нургүл:

Бейиш энелердин таманынын астында деп, бекер айтылбаса керек. Биздин ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым “балам” деп бизди ойлоп жүргөн энелерибиздин ак сүтүн актоо эң чоң милдет. Дүйнөдө канчалаган майрамдар атайын белгиленчү күндөр бар. Ар дайым Апабыз жүрөгүбүздө болгон үчүн бардык күн Апакелердин күнү деп ойлойм. “Энелер күнү”-энелерге арналган эл аралык майрам. Бул майрам ар кайсы өлкөлөрдө түрдүү күндөру белгиленип келет. Кыскача тарыхына токтолсок. 1907-жылы Америкалык Анна Джервис эрте жаш кезинде эле каза болгон Апасынын урматына ”Энелер күнүн” белгилөөнү сунуш кылат. Мамлекеттик уюмдарга, закон чыгаруучу органдарга, атактуу адамдарга кат аркылуу кайрыла баштаган. Көптөгөн аракеттердин натыйжасында 1910-жылы Вирджиния штатында “Энелер күнү” шарттуу түрдө майрам болуп белгилене баштаган. 1912-жылы бүткүл дүйнөгө таратуу максатында Эл арлык ассоциация тузүлгөн. Бирок ар кайсы өлкөлөрдө ар башка күндөрү белгиленет. Европа, Африка, Түндүк, Түштүк Америкада, Австралия, Кытай, Японияда май айынын экинчи жекшембиси “Энелер күнү” болуп майрамдалат. Эстония, Украина, Түркия, Россияда ноябрь айынын акыркы жекшембиси белгиленет. Казакстанда 16-сентябрь, ал эми Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленет. Кыргызтандын президенти А.Атамбаев 23-апрель 2012-жылы “Энелер күнү” белгиленсин деген указга кол койгон. Бул күнү Кыргызстанда майрам шаңдуу өтөт. Апаларыбызга белектерди камдап, жылуу каалоо тилектерибизди айтабыз. Президент тарабынан баатыр Энелерге, коомго кызмат кылган апаларга сыйлыктарын тапшырып, жагымдуу концерттер болот.

Тариэл:

Апакем менин таалайым

Узун өмүр, чын-ден соолук каалаймын

Бак тилеп бизге ар качан

Ак сүтүн деймин актасам.

Ринат: Апаларга кандай гана жакшылык иштерди аткарбайлы аздык кылат. Бир гана 8-март, “Энелер күнү” гана эмес, аларга күн сайын жылуу сөз айтып, белектерди тапшырып туралы.

Учкул сөздөр.

Адилхан: Эне – ажалга дайыма каршы(М.Горький)

Айзат: Аялдын улуу укугу – Эне болуу(Л.Ютанг)

Эркингул: Эне бар кезде балалыктан арылуу жок(С.Жейет)

Азамат: Улуттун келечеги Энелердин колунда(О.Бальзак)

Тариэл: Бешик терметкен колдор дүйнөнү башкарат(Уильямс Росс Уоллес)

Айзирек: Энелер бизге берген биринчи белек –бул өмүр, экинчиси – мээрим, үчүнчүсү –түшүнүү(Д.Брауер)

Зиядат: Мен Энемди канчалык жакшы көрөрүмдү тушүнгөнгө чейин, андан айрылып калдым(Л.Хеллман)

Макалдар.

Ширин: Эне көргөн тон бычат.

Айдана: Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласын жумшагым дейт.

Айдина: Эненин оюу балада, баланын оюу талаада.

Кудайберген: Аял – үйдүн куту.

Зина: Энелер жашоо чырагы.

Жанара:Эне сыйлаган элине жагат.

Азада: Аял эрдин жарым өмүрү.

Нурия: Аялсыз үй суусуз тегирмен.

Айзирек: Эне адаты кызга үлгү.

Айзат: Эне сабырында чек жок.

Дөөлөт: Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз.

Тариэл: Ата сыйлаган абийир табат, эне сыйлаган элге жагат.

Адилхан: Бейиш - эненин таманы астында.

Эркингул: Энеңди Меккеге үч жолу жөө көтөрүп барсаң да, карызыңдан кутулбайсын.

Нургүл: Ата-энеңди сыйласан, өз балаңдан сый көрөсүн.

Мугалим: Энелер жашоо башаты. Алардын мээрими, камкордугу бүткүл ааламды тынчтыкка терметкен улуу күч. Жашоонун мааниси энелердин кадырын билүүгө камтылгандай. Эми балдар ким Апасын канчалык жакшы билерин көрөлү. Окуучуларын жооптору жаңырат.

  • Апамдын эң жакшы көргөн гулү.

  • Апамдын эң жакшы көргөн тусү.

  • Апамдын жакшы көргөн тамагы.

  • Апам жакшы көрүп окуган китеп.

  • Апам жакшы көргөн жыл мезгили.

  • Апамдын жакшы көргөн бал муздагы.

  • Апам жакшы көрүп уккан ырлары.

  • Апам бийлегенди жакшы көрөбү?

Музыканын коштоосунда ар бир окуучу Апасын бийге чакырып бийлейт. Сценарийчилер группасы даярдаган конкурс, оюундар ойнолот(Ата-Энелер, класс жетекчинин катышуусунда). Окуучулардын өз колдору менен даярдалган белектер, гулдөр тапшырылат.

Жыйынтыктоо:

Мугалим: Энелерибиз ар кандай сыйга татыктуу. . Аларга аяр мамиле жасап, көңүлүн оорутпай аздектеп сыйлап турушубуз керек. Чоңоюп алып, өзү эле ушул даражага жетип калгансып, энелерин кемсинтип, орой мамиле жасагандык, аларга жөнөкөй гана сөз менен эле түшүндүрүп койо турган ишти да катуу айтып, эненин көңүлүн калтыруу- бул кечирилгис ката. Ошондуктан, мындай ката кетирбейли. Энелерибизге эң алгач жылуу мамиле, сүйүүбүздү арнайлы. Энелерибизге майрамдарда эле көңүл буруп калбастан дайыма сый-урмат көрсөтөлү.

Тапшырма: “Бейиш-эненин таманынын астында”- деген темада эссе жазып келүү(Б.Бадыеванын аткаруусундагы “Апакем” ыры коштолуп сабак аяктайт).



Бишкек шаарындагы

№55 жалпы билим берүү мектебинин

Математика жана информатика мугалими

Ашыралиева Саадат.