СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Классный час на родном языке Школьный рекет

Нажмите, чтобы узнать подробности

Класстык саат .

Просмотр содержимого документа
«Классный час на родном языке Школьный рекет»





Бул аналитикалык документ Saferworld менен өнөктөштүктө “Реформалар жана жыйынтык үчүн” Жарандык союзу тарабынан чыгарылган “Биргелешкен Коопсуздук талдоосу” катарынын бешинчи басылып чыгышы болуп саналат.

Бул эмгекте Кыргыз Республикасындагы орто мектептердин окуучуларынын арасындагы опузалап тоноо көйгөйүнүн актуалдуулугу, ошондой эле тиешелүү субъекттер тарабынан анын алдын алуу жана мектеп рэкети болгон учурда убагында көңүл буруу маселелери каралат. Документтин тыянактары жана сунуштоолору мектеп окуучулары менен мугалимдеринин, ЖИИ кызматкерлеринин, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнүн, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн арасында жүргүзүлгөн сурамжылоону, интервьюну жана фокус-топторду камтыган изилдөөнүн маалыматтарына негизделген. Ошондой эле ченемдик укуктук документтерге жана тематикасы боюнча башка материалдарга талдоо жүргүзүлдү.

Аналитикалык маалымдама чечим кабыл алуучу жактар жана бул көйгөй менен иштөөгө кызыкдар болгон бардык адамдар жана уюмдар үчүн арналган. Аналитикалык документте изилдөөнүн бардык катышуучуларынын анонимдүүлүгү сакталган. Изилдөөнүн географиясы: Бишкек жана Ош шаарлары, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустары.

Авторлор талаа изилдөөлөрүн жүргүзүүгө жигердүү көмөк көрсөтүшкөн «Реформалар жана жыйынтык үчүн» Жарандык союзунун өнөктөштөрү Рано Турсуналиевага, Бибигүл Бупебаевага, Елена Ивановага, Асыл Абдрасаковага, Замир Козукеевге ыраазычылык билдиришет. Талаа изилдөөсүнө катышуу үчүн убакыт бөлгөн биздин респонденттерге – интервьюлардын, фокус-топтордун, сурамжылоонун катышуучуларына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.

Бул басылма Канаданын Тышкы иштер, Соода жана Өнүктүрүү Департаментинин техникалык колдоосу менен даярдалды. Басылманын материалдары Канада Өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

ìåêòåï ðýêåòè:

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА

КӨРҮНҮШТҮН МААНИЛҮҮЛҮГҮ,

АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КӨҢҮЛ БУРУУ

БИРГЕЛЕШКЕН КООПСУЗДУК ТАЛДООНУН #5 ЧЫГАРЫЛЫШЫ

Автордук жамаат жана изилдөө тобу:

Самара Папиева, Тимур Шайхутдинов, Артур Букалаев, Алексей Крук,

Урмат Казакбаев, Равшан Абдукаримов, Айгерим Ногойбаева, Санжар Алимжанов,

Айбек Аскарбеков, Чинара Темирова, Галина Давлетбаева,

Гульнура Мамырова, Анна Зубенко

БИШКЕК, 2016

МАЗМУНУ:

АББРЕВИАТУРА ЖАНА КЫСКАРТУУЛАР. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 3

КИРИШҮҮ. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 4

УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ СҮРӨТТӨӨ ЖАНА ТАЛДОО. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 6

  1. БӨЛҮМ. Мектеп рэкети бүгүн . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 6

  2. БӨЛҮМ. Эмне үчүн көйгөй тууралуу билишпейт же байкашпайт. . . . . . . . . . 9

  3. БӨЛҮМ. Алдын алуу жана көңүл буруу кантип жүргүзүлөт . . . . . . . . . . . . . 12

    1. Алдын алуу чаралары. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 12

    2. Көңүл буруу чаралары . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 21

СУНУШТООЛОР. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 25

I ТИРКЕМЕ. ИЗИЛДӨӨНҮН МЕТОДОЛОГИЯСЫ. . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 28

АББРЕВИАТУРА ЖАНА КЫСКАРТУУЛАР

ИИМ – Ички иштер министрлиги

ИИО – Ички иштер органдары

ЖӨБ – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

ЖИИ – Жашы жете электердин иштери боюнча инспектор / Жашы жете

электердин иштери боюнча инспекция

БИМ – Билим берүү жана илим министрлиги

СӨМ – Социалдык өнүктүрүү министрлиги

УКМК – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

ЖИДСМА – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик

агенттик

КАБ – Коомдук алдын алуу борборлору

БЭУ – Бей өкмөт уюмдар

БИК – Балдардын иштери боюнча комиссия

ҮБКБ – Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүм

ИИБ – Ички иштер башкармалыгы

МР – Мектеп рэкети

Соц. педагог – Социалдык педагог

МЖД – Милициянын жаш досу

ЖОЖ – Жогорку окуу жайы

КАК – Каттоо-алдын алуу карточкасы

ҮЖИП – Үй-бүлө менен жеке иштөө планы

БКЖП – Баланы коргоо боюнча жеке план

Ведомстволор аралык план – «Кыргыз Республикасындагы жаштардын жана жашы жете

электердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык план»

КИРИШҮҮ

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли акыркы 25 жылда жылына 1000ден баштап 2000 фактыга чейинки чекте болууда. Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, 2014-жылы өлкөдө 14 жаштан 17 жашка чейинки курактагы адамдар жасаган 1021 кылмыш катталган. Бул өлкөдө жасалган бардык укук бузуулардын 6%дан көбүрөөгүн түзөт.

КР Өкмөтүнө караштуу Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш 2015-жылы республика боюнча өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли 2014жылга салыштырмалуу 0,4%га өскөнүн билдирет.

Мектеп чөйрөсүндөгү зомбулук көйгөйү кооптуу бойдон калууда. Ошол эле Ведомстволор аралык координациялык кеңештин маалыматтары боюнча, 2015-жылы мектеп рэкетинин 101 фактысы катталган. Расмий статистика бул көйгөйдүн тегерегиндеги иштин реалдуу абалын алыстан гана чагылдырат деп божомолдосо болот.

Акыркы убакта мектеп рэкети көйгөйү мамлекеттик кызмат адамдарынын жана башка адистердин чөйрөсүндө толук тыюу салынган көрүнүш болбой калганын белгилей кетүү керек. «Кыргыз Республикасында жаштардын жана жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык планды» кабыл алуу практикасы, жер-жерлерде ЖИИ санын көбөйтүү, адистер үчүн ар кандай окуу куралдарын иштеп чыгуу жана башка чаралар ар кандай кызыкдар тараптардын көйгөйдү чечүүнүн оптималдуу жолун издөө ниетин ырастап турат.

Ошондой эле депутаттык корпустун айрым өкүлдөрү дагы кызыгуусун билдирип келет.

2016-жылдын 19-майында изилдөө тобунун мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбековага бул аналитикалык отчеттун алдын ала тыянактары жөнүндө маалымат беришкен. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ал парламенттин жыйынында бир катар аныкталган көйгөйлөрдү көтөргөн¹.

¹ http://24.kg/vlast/32515_cholpon_sultanbekova_slovo_smotryaschiy_stalo_prakticheski_kultom_v_nashih_shkolah/

Превенция маселелери боюнча мамлекеттин жана жарандык коомдун ортосунда диалог түзүү аракети бар, мисалы, жакында эле Бишкек шаарында өткөн “Кыргыз Республикасындагы биргелешкен коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу саясаты” аттуу Биринчи улуттук конференциянын алкагында башка маселелер менен катар ювеналдык превенция темасы дагы каралды².

Бирок жогоруда саналган чаралар мектеп рэкетинин жана окуу жайларындагы зомбулуктун башка формаларынын жайылып кетүү көйгөйүн чечүү үчүн жеткиликсиз болууда. Кызмат адамдары “билим берүү жана ички иштер органдарынын биргелешкен иши аркылуу рэкетке каршы күрөшүү бир нече баскычка жакшыргандыгы тууралуу” ³ рапорт берип жатканына карабастан, коомчулук жана эксперттер бул көрүнүшкө байланыштуу тынчсызданууларын билдирүүнү улантып жатышат. Аны менен дагы бир кооптуу көйгөй – жашы жете электердин арасындагы өзүн өзү өлтүрүү көйгөйү тыгыз байланышта болушу мүмкүн, бул тууралуу Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 26-майындагы отурумунда билдирилген⁴.

Өспүрүмдөрдүн арасындагы зомбулук көйгөйү – бул кармалган балдардын гана көйгөйү эмес, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнүн жана айланасындагылардын дагы көйгөйү. Балдардын арасындагы зомбулук көйгөйү менен ЖИИ, педагогдор жана социалдык кызматкерлер гана алпурушканы жетишсиз болот, бул процесстерге ата-энелер жана башка социалдык түзүмдөр дагы тартылышы керек.

Ар башка социалдык кызматтар өз ордунда иштерди аткарууга умтулуп жатышат, бирок бул комплекстүү көйгөйдү натыйжалуу чечүү үчүн күч-аракеттердин баарын бириктирүү зарыл. Биринчи планга, өзгөчө окуу жайларында, алдын алуу саясатын өркүндөтүү маселеси чыгат.

Бул отчетто авторлордун тобу мектеп окуучуларынын арасындагы зомбулук көрүнүшүн, атап айтканда, “мектеп рэкети” көрүнүшүнүн көйгөйүн жана түзүмүн баяндап берүүгө аракет жасады, ошондой эле мектеп зомбулугунун алдын алуунун колдонуудагы механизмдерин жана чараларын кеңири карап чыкты жана бул көйгөйдү чечүү үчүн сунуштамаларды иштеп чыкты.

² http://reforma.kg/konferensiya-sobezopastosti

³ http://24.kg/obschestvo/13084_shkolnyiy_reket_v_parallelnoy_realnosti/

⁴ http://knews.kg/2016/05/26/cholpon-sultanbekova-schitaet-shkolnyj-reket-mozhet-byt-odnoj-iz-prichin-suitsida-sredi-podrostkov/

Азыр “маданияттуу түрдө” алышат – “берип тур, эртең кайра берем” деп сурашат, зомбулук болбойт, тынч эле, баары бир эртең кайтарып бербесин билип туруп эле, акчаңды бересиң.

(Окуучулар менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

«Улуулар» (байкелер) телефондордун баарын 1 кепкага топтошот, класстагы балдардын баары өз телефонун кепкага салышы керек. Анан алар эң жакшы телефонду алышат, калганын кайтарып беришет. Телефонду күрөөканага коюп, акча алышат, чекти болсо телефондун ээсине беришет, ал өзүнүн телефонун акча төлөп алышы керек болот.

(Окуучулар менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

I БӨЛҮМ. МЕКТЕП РЭКЕТИ БҮГҮН

Көрүлүп жаткан чараларга карабастан, мектеп рэкети бар жана ал тургай тышкы шарттарга ыңгайлашып жатат. Мектеп окуучуларынын арасындагы мамилелер тутуму (күчкө багынуу) бул көрүнүштүн өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.

Мектеп окуучулары 6-7-класттан (12-13 жаштан) тартып жогорку класттардын, ошондой эле курдаштарынын опузалап тоноо көйгөйүнө кабылышат. Күч зомбулугу менен катар күч колдонбой туруп эле опузалап тоноонун формалары бар. Респонденттердин айткандары боюнча, акыркы убакта көбүнчө экинчи формасы колдонулат, бул учурда жогорку класстардын окуучулары (түздөн-түз же курдаштары аркылуу) акча карызга сурашат, бул учурда курмандыктар акча кайтарып берилбей тургандыгын алдын ала билишет.

Изилдөө көрсөткөндөй, опузалап тоноонун предметтери акча (20 сомдон баштап), телефондор, айрым учурларда кийим-кече же башка баалуу буюмдар болууда. Окуучунун телефонун тартып алып, күрөөканаларга күрөөгө койгон формалары бар. Кийин курмандык өзүнүн телефонун алуу үчүн акча төлөйт.

Опузалап тоноонун салыштырмалуу жаңы формасы күч алып жатат – мектеп окуучулары өз курдаштарын же кичүүлөрдү белгилүү бир иштерди, мисалы талаадагы же үйдөгү жумуштарды аткарууга мажбурлашат.

Ошентип рэкет жаңы формаларга ээ болууда, аларды укук бузуу же кылмыш катары жиктөө татаал болот. Натыйжада педагогдорго жана ЖИИ мындай фактыларды аныктоо, демек зомбулукка жана опузалап тоноого каршы күрөшүү улам барган сайын оор болуп бара жатат.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү опузалап тоногон учурлар бар. Алар жогорку класттардын окуучуларынан алышса, алар өз кезегинде кичүүлөрдөн алышат.

Мектеп рэкети окуу жайларында кеңири тараган күч культунун көрүнүшү. Демейде эң күчтүү, басмырлоочу, агрессиивдүү жүрүш-турушу бар өспүрүмдөр эң таасирдүү болушат.

Мектепти бүтүп кеткен балдар «жогорку класттарга» чалып окуучулардан топтолуучу акчанын суммасын жана мөөнөтүн айтышат. 2015-жылы сумма 8 000 сомду түзгөн

(Окуучуларды анкеталык иликтөөдөн)

Мектеп чөйрөсүндө окуучуларды ар башка категорияларга бөлгөн сленгдер жайылган: «ботаниктер», «мушташчаактар», «тортиктер». Биринчи топко көбүнчө жакшы баа алган, мушташтарга катышпаган, “чөйрө”, “толпа” деп аталган бейформал топторго катышпаган окуучулар кирет. “Мушташчаактар” категориясына негизинен агрессивдүү жүрүш-турушу бар, мушташтарга катышкан, мектеп рэкети менен шугулданган окуучулар кирет. “Тортиктер” катары окууда жетишпеген, ошондой эле агрессиядан алыс балдар аталат (окуучулардын бул категориясынын аталышы ар башка мектепте ар башкача болушу мүмкүн).

Өспүрүмдөрдүн субмаданияты чоңдордун криминалдык дүйнөсүнө мүнөздүү болгон терминдерди, жүрүм-турум үлгүлөрүн жана түзүмүн кабыл алып келет. Түшүнүктөрдү мындай көчүрүүгө “чөйрө” деп аталган (айрым учурларда – “толпа”) мектеп окуучуларынын бейформал өз алдынча уюшуу ыкмасын киргизүүгө болот. Мектептин бейформал лидерин, криминалдык дүйнөдөгүдөй эле «смотрящий» деп аташат⁵. «Чөйрө» эрежелерди белгилейт жана аларды аткарууга көз салат. Бул бейформал топко кирбей калгандар (негизинен дене бой жагынан алсыз балдар) куугунтукталып жана көбүнчө кемсинтүүнүн жана опузалап тоноонун курмандыгы болуп калат. «Чөйрөдө» болуу мектеп рэкетинин көрүнүштөрүнөн коргоону кепилдебейт, көпчүлүк учурларда балдар куугунтукталып калуудан коркушкандыктан ага киришет. Айрым респонденттердин айтуусунда, алар мындай чөйрөдө өздөрүн ыңгайлуу сезишпейт. Өз алдынча уюшуунун мындай формасы болгон мектептерде окуучулардын болжол менен 70%ы (балдар) ага киришет. Бейформал лидерлер (класстын “смотрящийлери”, “паровоз”) класстарда дагы бар. Алар түздөн-түз мектептин “смотрящийине” баш ийишет жана класстын окуучуларынын жүрүм-турумуна көзөмөлдү камсыздашат. Өз кезегинде алар башка окуучулардын эрежелерди бузуусу үчүн жазаланышы мүмкүн. Бейформал чөйрөдөгү “смотрящийден” тышкары “зажигалдар”, “решалдар” жана өз ролун аткарган башкалар бар.

«Чөйрө» өзүнүн жыйындарын уюштурат, аны белгилөө үчүн «сходняк» сөзү пайдаланылат. Мындай жыйындар убагында күч колдонуу менен “чөйрөнүн” бейформал эрежелеринин көз карашынан алганда күнөөсү («косяктар») барлар жазаланат. Көпчүлүк мектеп окуучулары үчүн аларга карата зомбулук колдонулуп жатканынан же колдонулбаганынан көз карандысыз, мындай жолугушуулар стресс фактору болуп саналат. Окуучулар белгилегендей, мектептеги мындай атмосфера балдардын окуудагы жетишкендигине терс таасирин тийгизет.

⁵ https://ru.wikipedia.org/wiki/Смотрящий

С ен мектепке келип, окуп жаткан болосуң, экинчи тыныгууда бүгүн сходняк болоорун айтышат жана сенде стресс башталат, окууга көңүл бура албай каласың

(Окуучулар менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

Мектептин бейформал лидерлери башка окуу жайлардын лидерлери менен бирликке кириши мүмкүн. Кээде акча башка мектептердин лидерлерине колдоо көрсөтүү үчүн опузалап тонолот.


Кырдаалды изилдөө мектеп рекэти жалпы билим берүү жайларындагы күч колдонуу менен байланыштуу жалпы көйгөйдүн көрүнүштөрүнүн бири болуп саналаарын көрсөттү. Зомбулук жана рекэт көйгөйү курч болбогон окуу жайлары бар экенине карабастан, алсыздарды басмырлоону жана агрессияны колдонууга ыктаган өспүрүмдөрдү таанылган лидерлер рангына киргизүү колдоого алынган окуучулар арасындагы баалуулуктардын катаал тутуму тамырлаган мектептер дагы бар. Бул кырдаалды бала социалдык топтордо өзүнүн ордун бекитүүнүн ыкмаларын издеген пубертаттык мезгилдин өзгөчөлүктөрү тереңдетет.

Учурдагы социалдык жагдайда жагымдуу альтернативаларга ээ болбой, башкаларды басуу жана кемсинтүү өзүнүн ордун бекитүүнүн бир ыкмасы болуп калган деп божомолдоого болот. Көбүнчө окууга жана интеллектуалдык өнүгүүгө умтулган балдар прессинге кабылышат, бул алардын окуудагы жетишкендигинин деңгээлин жана мектепке баруу ниетин төмөндөтөт. Мындай чөйрө мектеп рэкетинин туруктуулугу үчүн жагымдуу негизди жаратат.

Криминалдык субмаданияттын балдардын жүрүм-турумуна таасири дагы тынчсызданууну жаратат, бул балдар чөйрөсүндө зомбулуктун негизиндеги жиктелүүнүн күч алуусуна алып келет. Бул көрүнүштүн дагы бир мүмкүн болуучу кесепети бар – мектептеги ар кандай “чөйрөлөр” айрым жаштар үчүн чоңдордун криминалдык дүйнөсүнө социалдык лифт болуп калышы мүмкүн. Мектеп рекэти көйгөйү окуучу кыздарга дагы тиешелүү, бирок алардын арасында бул көрүнүштүн масштабы азыраак.

Б изге УКМК, ИИБ кызматкерлери келип, рэкет тууралуу сурашты, анткени өткөн жылы биздин мектеп биринчи орунда турган.* Биз аларга эч нерсе айтпайбыз, анткени алар мектептин ичинде, башкалардын көзүнчө сурашат.

[*мектеп рэкетинин жайылышы боюнча – автордун эскертүүсү]

(Окуучулар менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

II БӨЛҮМ. ЭМНЕ ҮЧҮН КӨЙГӨЙ ТУУРАЛУУ БИЛИШПЕЙТ ЖЕ БАЙКАШПАЙТ

Мектеп окуучулары жана алдын алуу субъекттери мектеп рэкетинин жайылышынын деңгээлин ар башкача баалашат. Мектептердин администрациялары жана ЖИИ көйгөйдүн масштабын азайтууга ыкташат, бул маалыматтын жетишсиздиги менен катар өзүнүн беделин сактап калуу аракети менен дагы түшүндүрүлөт.

Сурамжыланган алдын алуу субъекттери⁷ мектеп рэкети бар экенин моюнга алышат, ошол эле учурда көйгөйдүн маанисин азайтып көрсөтүүгө ыкташат. Алардын арасында акыркы учурда натыйжалуу алдын алуу иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында мектеп рэкети азайып калды деген пикир бар. Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү дагы ушундай пикирди карманышат.

Бул изилдөөнүн жыйынтыктары көйгөй сакталып калганын, ал эми айрым учурларда (жер-жерлерде) тереңдеп бара жатканын көрсөтүп турат. Ошол эле учурда айрым мектептерде бул көйгөй актуалдуу болбой калды.

Мектеп рэкетине байланыштуу жагдайды изилдөөнүн эң кеңири тараган ыкмалары болуп мектептерде ишеним жашиктерин орнотуу, мектеп окуучуларын анонимдүү анкеталоо, мугалимдердин жана ЖИИ кызматкерлеринин мектеп окуучулары менен маектешүүсү эсептелет. Алдын алуу субъекттеринин мектеп рэкетинин азаюусуна байланыштуу тыянактары кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлүүчү анонимдүү анкеталык иликтөөнүн жыйынтыктарына жана алынган маалыматтарды талдоого негизделет.

Мектеп окуучуларынын арасындагы респонденттер алардын окуу жайларында бул көйгөй боюнча ар түрдүү сурамжылоолор жүргүзүлөөрүн жана ишеним жашиктери иштеп жатканын тастыкташкан. Сейрек учурларда окуучулар рэкет көйгөйү жөнүндө билдирүү үчүн ишеним жашигин колдонушат, бирок көбүнчө окуучулар мындай анонимдүү курал аркылуу дагы бул

⁷ Мектеп мугалимдери, ЖИИ, КПБ мүчөлөрү, социалдык коргоо башкармалыгынын өкүлдөрү

көйгөй тууралуу билдирүүдөн коркушат. Алардын айтуусунда, даттануу жөнүндө бейформал Баары мектеп рэкети туура- лидерлер билип алышып жана тиешелүү түрдө жазалап коюу (күч колдонуу менен) ыктымаллуу айтуудан коркушат,

анткени баары бир ким “сат- дуулугу чоң болот. Окуучулар ушундай эле себептер боюнча ЖИИ кызматкерлери, мугалимканын” билип алышат. Эгер, дер, ошондой эле башка бардык акторлор менен болгон жолугушууларда унчукпай коюуну мисалы, 10А-класстан кимдир туура көрүшөт.

-бирөө “сатканын” билип алса, анда жалпы классты (балдарды) бир жерге чогултуп, ким “саткан” болсо мойнуна алсын, болбосо баарын сабайбыз дешет. Баарын сабашат.

(Окуучулар менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

Б изде бул көйгөй талкууланбайт, ал жабык маселе, чоңдор аны байкабаганга аракет кылышат.

(Мектеп окуучуларын сурамжылоодон)

Респонденттер мектеп менен ЖИИ арыз бергендердин коопсуздугун камсыздоого жөндөмсүз экенин, ошондуктан аларга көйгөй тууралуу маалымат берүү тобокелдик жана пайдасыз экендигин тастыкташкан. Мында бир катар окуучулар ЖИИ окуучулардын кимиси рэкет, опузалап тоноо менен шугулданаарын билет, бирок аны далилдей алышпайт, же көйгөйгө жөн гана көңүл бурбай коюшат деп айтышкан.

Опузалап тоноо фактысы тууралуу маалымат берүүнү окуучулар саткынчылык катары карашат жана опузалап тоноочулар (“чөйрө”) тарабынан жазалоого алып келет деп эсептешет. Мектеп администрациясы көбүнчө мектепте рэкет көйгөйүн азайтып көрсөтүүгө же унчукпай коюуга ыкташат. Мындай ыкма класс жетекчилер менен катар окуу жайынын администрациясында дагы кеңири тараган.

Респонденттердин сөздөрү боюнча, унчукпай коюунун негизги себептери болуп мектеп рэкети бар болгон мектепке жана анын директоруна карата колдонулуучу билим берүү баш-

К ласс жетекчиге айтсаң, ал эч нерсе кылбайт, алар* өздөрү айткылары келбейт, анткени мектепте ”рэкетирлер” кездешкен фактылар мектептин репутациясына жаман таасир берет. Мектеп өз аброюн жоготуп алуудан коркот.

[*мугалимдер - автордун эскертүүсү]

(Окуучу кыз менен маектешүүдөн)

кармалыгынын жазалоо чаралары эсептелет. Мындан тышкары, окуу жайынын жетекчилиги зомбулук көрүнүштөрү жок болгон мектептин оң беделин түзүүгө кызыкдар болушат.

Ошол эле учурда министрликтердин кызмат адамдары көйгөй бар экенин ачык айткан директорлор колдоого алынаарын, ал эми унчукпай коюу жана чара көрбөй коюу тиешелүү түрдө жазаланаарын белгилешет. Бирок КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-жылдын 15-майындагы буйругуна⁸ ылайык мектепке чейинки жана мектепте билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишин баалоонун критерийлеринин бири болуп рэкеттин жана зомбулуктун башка формаларынын катталган фактыларынын жоктугу эсептелет.

⁸ КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2015-ж. 15-майындагы №512/1 «Кыргыз Республикасынын билим берүүчү уюмдарынын жетекчилеринин ишин баалоонун көрсөткүчтөрү аркылуу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жана аймактык билим берүү башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ишин баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” буйругу

А р кандай учурда бир-нерсе болуп кетеби деп корком. Жагдай ушунча курчуп турат, директор болсо –“бизде баары жакшы, мектеп рэкети жок”, –дейт.

(Мугалим менен маектешүүдөн)

Мугалимдер тынчсызданууларын билдирип жатканына карабастан, мектептердин директорлору көйгөйдү кабыл албай койгон учурлар бар.

Ушул изилдөө окуучулар, билим берүү кызматкерлери жана милиция кызматкерлери арасындагы мектеп рэкетинин деңгээли жөнүндө пикирлердин дал келишпей турганын көрсөттү. Көйгөйдүн масштабын азайтып көрсөтүү мектепти, директорду жана башка педагогдорду баалоонун колдонуудагы практикасы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн, бул учурда мектеп рэкетинин бар экени администрациялык чараларды (кээде мектептин директорун кызматынан алууга чейин жеткен) колдонуу үчүн негиз катары каралат.

Мектеп рэкети болгон учурлар тууралуу маалыматтарды топтоонун колдонуудагы методдорунун натыйжалуулугу окуучулардын бул методдорго ишениминин жоктугу менен чектелет. Айрым мектептерде окуучулардын арасындагы субмаданият “чөйрө” белгилеген эрежелерге баш ийгендигине байланыштуу маалымат берүү (же “саткындык”) абдан олуттуу күнөө катары эсептелет, бул болсо окуучулар тарабынан бул көйгөй тууралуу унчукпай коюу практикасынын тамыр жайып кетишине алып келет.

Натыйжада мектептердеги опузалап тоноо жана зомбулук учурлары менен күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу иштин реалдуу жагдайы тууралуу маалыматтын жетишсиздиги менен чектелип калышы мүмкүн.

2015-æûëû Êûðãûç Ðåñïóáëèêàñûíûí áèëèì áåðүү æàíà èëèì ìèíèñòðëèãèíèí өêүëäөðү êûðãûçñòàíäûê ìåêòåïòåðäå ðýêåòòè æåңãåíäèãè òóóðàëóó áèëäèðүү êûëûøêàí. Ìûíäàé èéãèëèêòүү íàòûéæàíûí áîëóøóí ÊÐ áèëèì áåðүү æàíà èëèì ìèíèñòðëèãè æàøû æåòåëåê áàëäàðäûí èíñïåêòîðëîðóíóí øòàòûíûí ñàíû 124 ñàíãà êөáөéãөíäүãү æàíà áèëèì áåðүү æàíà è÷êè èøòåð îðãàíäàðûíûí áèðãåëåøèï èøòåãåíäèãèíåí äåï òүøүíäүðүøөò

(Мектеп рэкети. Параллелдүү чындыкта. http://24.kg/obschestvo/13084_shkolnyiy_reket_v_parallelnoy_realnosti/)

III БӨЛҮМ. АЛДЫН АЛУУ ЖАНА КӨҢҮЛ БУРУУ КАНТИП ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

Акыркы жылдары бийлик органдары тарабынан мектеп рэкети көйгөйүнө көңүл буруу жана көзөмөлдөө өсүп бара жатканына карабастан, кабыл алынып жаткан чаралар маселени түп-тамырынан бери өзгөртүү үчүн жетишсиз болууда.

Мектеп окуучуларынын арасында тартип, укук тартиби жана зомбулук көйгөйлөрү менен иштөөгө багытталган чаралардын негизги эки түрү бар:

  1. Алдын алуу чаралары: жалпы жана жеке алдын алуу. Жалпы алдын алуунун фокусунда – бардык окуучулар, жеке алдын алуунун фокусунда – азырынча укук бузууга бара элек, бирок ага ыктаган конкреттүү окуучулар.

  2. Көңүл буруу чаралары: фокуста укукка каршы аракеттерди жасаган конкреттүү окуучулар.

3.1 АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ

Жалпы алдын алуу чараларын негизги ишке ашыруучулар болуп мектеп администрациялары, ИИМ Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы (ЖИИ) эсептелет, айрым учурларда мындай чараларды мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары, бейөкмөт жана башка уюмдар дагы ишке ашырышат.

Жалпы алдын алуу мектеп окуучуларынын арасындагы зомбулукту жана укукка каршы жүрүм-турумду эрте алдын алууга багытталган. Мындай алдын алуу иштери негизинен маалыматтык-билим берүүчү жана тарбия берүүчү иш-чаралардан турат.

М ектеп парламенти негизинен үлгүлүү балдардан турат, анда “рэкетирлер” (бейформал лидерлер) жок жана аларды эч ким укпайт

(Ата-энелер менен өткөн фокус-топтордон)

Мектептерде ар кандай тарбиялык, билим берүү, маданий мүнөздөгү класстан тышкары иш-чаралар жүргүзүлөт: КВН, “Акыл-Ордо” (интеллектуалдык конкурс), мектеп окуучулары катышкан театралдаштырылган оюндар, спорттук мелдештер, майрамдарга арналган ишчаралар, дил-баяндардын конкурсу жана башкалар.

Көпчүлүк мектептерде мектептин өз алдынча башкаруусу (же парламент) иштейт, анын башчысы президент, мүчөлөрү министрлер болушат. Мектеп окуучуларынын сөздөрү боюнча, эреже катары, мектепте опузалап тоноо менен алектенген окуучулар көрсөтүлгөн иш-чаралардын спорттук түрлөрүнөн башкаларына катышпайт. Бул иш-чараларга негизинен жакшы окугандар катышат. Ошентип, алдын алуунун мындай чаралары мектеп рэкети менен шугулданган окуучулардын топторуна жетпейт. Ушундай эле абал мектептин өз алдынча башкаруусунда болот, ага сейрек учурларды эске албаганда, девианттуу жүрүм-туруму бар өспүрүмдөр кирбейт.

Сурамжыланган мектеп окуучуларынын көпчүлүгүнүн айтымында, президентке караганда, мектептин «смотрящийи” көбүрөөк абройго ээ.

Социалдык педагогдор, класс жетекчилер жана тарбия иштери боюнча завучтар менен катар – мектеп рэкетинин алдын алып жана болгон учурларда көңүл бура турган мугалимдердин негизги категориясы. Улуттук деңгээлдеги респонденттердин айтуусу боюнча, бул категориядагы кызматкерлердин пайда болуусу мектеп рэкетине каршы күрөшүү зарылчылыгына да байланыштуу болууда.

ЖАЛПЫ АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН ЧЕКТӨӨЛӨРҮ

1. Мектеп администрациясы

Мугалимдердин арасындагы респонденттердин айтуусу боюнча, социалдык педагогдор ЖИИ менен тыгыз кызматташат, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын, окуучулар менен маектешүү өткөрүүгө тартылышат. Бирок, педагогдор өздөрү тастыктагандай, төмөнкү эмгек акыдан улам алар предметтер боюнча сааттарды алууга аргасыз болушат жана тиешелүү түрдө негизги иштерин аткарууга убактысы аз калат. Сурамжыланган окуучулардын көпчүлүгү

Б изге дубал гезиттерин даярдоодон баштап балдарды эмдөөнү уюштурууга чейинки окутууга байланышпаган милдеттерди тапшырышат

(Мугалимдер менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

Биз көйгөй бар экенин түшүнөбүз, бирок аны кантип чечүүнү билбейбиз, биз отуруп алып, ойлонобуз, ар кандай иш-чараларды өткөрдүк, бирок ал жардам берген жок. Сиз айтыңызчы, биз дагы эмне кыла алабыз?

(Мугалимдер менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

социалдык педагогдорду предметтик мугалимдер катары көрүшөт, мисалы, бир окуучу “социалдык педагог эмне иш кылат?” деген суроого – “кыргыз тилин окутат” деп жооп берген.

Социалдык педагогдордун көпчүлүгү өздөрүнүн милдеттерин жана иш ыкмаларын камтыган атайын жобонун же башка документтин жок экендигин айтышат. Бир гана педагог маектешүүнүн жүрүшүндө 2010-жылдын 27-июлундагы буйрукту⁹ негиз болуучу документ катары эстей алды. Бул документте иш боюнча нускама жок, болгону мектепке чейинки социалдык педагогдордун квалификациялык талаптарын жеткирүү боюнча ар башка мекемелердин жоопкерчилигин гана белгилейт.

Респонденттердин айтуусу боюнча, мектептерде педагогдун өзүндө гана эмес, мектептин администрациясында жана башка мугалимдеринде дагы мындай категориядагы мугалимдердин функцияларын бирдей түшүнүү жок.

Социалдык педагогдор аларды жашы жете элек балдардын психологиясы боюнча кошумча окутуу зарылчылыгын белгилешет.

Квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик тутум жок (жашы жете электердин психологиясы ж.б. боюнча), мында айрым ӨЭУлар тренинг өткөрүү жана ар кандай көмөкчү окуу куралдарын даярдоо аркылуу бул категориядагы кызматкерлердин дареметин өстүрүү боюнча аракеттерди көрүп келишет.

Изилдөө ошондой эле штаттык психологдор иштеген мектептер (негизинен шаардагы мектептер) дагы бар экенин көрсөттү, ошол эле учурда көпчүлүк мектептерде андай штаттар жок.

ÈÈÌ ìààëûìàòû áîþí÷à, ðåñïóáëèêàíûí ìåêòåïòåðèíäå 1831 àëäûí àëóó êàáèíåòòåðè óþøóëãàí. æàø өñïүðүìäөð ìåíåí èøòөө èíñïåêòîðëîðó áèëèì áåðүү îðãàíäàðû ìåíåí áèðäèêòå ðåñïóáëèêàíûí æàëïû áèëèì áåðүү ìåêåìåëåðèíäå 4664 àëäûí àëóó èø-÷àðàëàðûí, àíûí è÷èíäå: 3440 äóáàë ãåçèòòåðè ÷ûãàðûëäû, 1258 êàðîî-ñûíàêòàð æàíà âèêòîðèíàëàð өòêөçүëäү

⁹ КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2010-жылдын 27-июлундагы №452/1 «Билим берүү мекемелериндеги социалдык педагогдор үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» буйругу.

Л екциялар “өзгөчө кырдаал” болгон учурларда, мисалы, чоң мушташ болгондо өтүлөт

(Окуучу кыз менен өткөрүлгөн маектешүүдөн)

Мисалы, жергиликтүү шайлоо болгондо жашы жете элек балага карата зомбулук фактысы болгон, ал эми ЖИИ кызматкерлери жок болду. Балдар - өзгөчө топ, андыктан ЖИИ митингдерге, шайлоолорго тартылбашы керек, алар балдар менен гана иш жүргүзүшү зарыл.

(Мугалимдер менен өткөрүлгөн маектешүүдөн)

кен. Ош жана Баткен шаарларында гана бир берилет.

2. Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы

мектепке бирден ЖИИ бөлүнгөн, калган учур- ИИО баалоо боюнча ведомстволук докуларда ЖИИ 1 кызматкери 5-10 мектепти ка- ментке ылайык, балдар иштери боюнча ко-

ЖИИ өткөргөн алдын-алуу чаралары лекциялар, окуучулар менен түшүндүрүүчү маектер менен чектелет, алардын жүрүшүндө укукка каршы аракеттер үчүн жоопкерчилик, ошондой эле алардын кесепеттери талкууланат.

Окуучулардын айтымында, көбүнчө лекциялар белгилүү жагдайларда өткөрүлөт. Мисалы, эгер массалык мушташ болсо, же мектеп рэкети болгон ж.б.у.с. учурларда. Мектеп окуучуларынын көпчүлүгү көп ирет ар кандай алдын алуу лекцияларына барышкан, бирок сурамжыланган балдардын эч кимиси мындай түрдө берилген маалыматтын мазмунун эстей алган жок. Лекциялар балдардын кылмыштуулугу тууралуу фильм көрсөтүү менен айкалыштырылган учурларда мындай маалымат берүү ыкмасы жөнөкөй лекциялардан кызыктуу болгон. ЖИИ мектептердин администрациялары менен бирге камак жайларына экскурсия уюштурган учурлар дагы болгон.

Көпчүлүк сурамжыланган алдын алуу субъекттери ЖИИ жетишпестигин белгилешрайт, бул болсо ар бир мектепте ишти татыктуу жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт.

ЖИИ өздөрүнүн айтуусу боюнча, алар көп учурда жашы жете электер менен байланышы жок иштерге тартылышат, бул болсо алардын жүктөмүн жогорулатат жана тиешелүү түрдө алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугуна терс таасир тийгизет. Жарандык коомдун өкүлдөрү баса белгилегендей, жакында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ЖИИ коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерге тартылган, бул болсо жашы жете электер менен иштөө участогун кароосуз калтырган.

ЖИИ өздөрүнүн айтымында, укук бузуулардын алдын алуу боюнча ЖИИ ишинин ийгилигин баалоо каттоого тургузулган жана каттоодон чыгарылган жашы жете электердин санынан көз каранды болот. Сандардын кыймылы байкалышы керек – кварталына болжол менен 2-3 өспүрүм эсепке алынып, ошондой эле эсептен чыгарылышы керек. Андай болбосо инспектордун ишине терс баа миссияга кароого жиберилген ЖИИ материалдарынын саны аймактык бөлүмдү баалоодо оң иш катары эске алынат¹⁰.

Ошол эле учурда ошол эле буйрукка ылайык, ЖИИ тарабынан окуу жайларында жүргүзүлгөн лекциялардын, маектешүүлөрдүн, семинарлардын, ММКлардагы материалдардын, алдын алуу мүнөзүндөгү иш-чаралардын саны баалоого оң таасирин тийгизет.

Бул учурда аймактык ЖИИ жетекчи кызматкерлери изилдөөнүн жүрүшүндө ЖИИ натыйжалуулугунун башкы чен белгиси болуп жүргүзүлгөн алдын алуу иштери саналаарын билдиришкен, ал эми жаңы көрсөткүчтөр бекитилгенден кийин эсепке тургузуу артыкчылык болуп эсептелбей калган.

3. Жашы жете электердин арасындагы укук бузууларды жалпы жана жекече алдын алуунун алкагындагы мектеп администрацияларынын, ИИО жана башка субъекттердин биргелешкен иши

Алдын алуу субъекттери алдын алуу чараларынын бири катары «Милициянын жаш досу» (МЖД) отряддарын түзүүнү жана иштетүүнү аташат¹¹. Бул отряддар көптөгөн мектептерде түзүлгөн жана алардын курамына окуучулар киришет. Жобого ылайык, МЖД негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат: окуучуларды тарбиялоодо мектепке жигердүү көмөктөшүү, мектеп окуучуларында активдүү жашоо позициясын калыптандыруу; мекенчилдикке тарбиялоо; жашы жете электер, анын ичинде мектеп окуучулары жасаган укук бузуулар жана кылмыштар менен күрөшүүнүн формаларын жана ыкмала-

¹⁰ ИИМ 2015-ж. 10-апрелиндеги «КР Өкмөтүнүн “КР ички иштер органдарынын ишин комплекстүү баалоонун негиздери жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу жөнүндө” буйругу. №1 тиркеме

¹¹ КР ИИМ 2013-ж. 4-март № 177 жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 2013-ж. 4-март № 92/1 «КР жалпы билим берүү уюмдарындагы “Милициянын жаш досу (МЖД)” отряддарынын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө» буйругу

Азыркы учурда ЖИИ кызматкерлери мектептерде алдын алуу иштерин жүргүзүүдө көпчүлүк учурларда окулган лекциялар жана жүргүзүлгөн маектешүүлөр тууралуу формалдуу маалымдама жазуу менен гана чектелишет.

МЖДда марш тебүүнү үйрөтүшөт, конкурстарды өткөрүшөт, жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүшөт, негизинен ал жакта жигердүү окуучулар катышат

(Окуучулар менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

рын изилдөө; өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугунун алдын алууда укук коргоо органдарына жардам көрсөтүү; мектеп окуучуларынын укуктук билим алуусу¹².

Улуттук деңгээлдеги мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн айтуусунда, милиция МЖДна “татаал” өспүрүмдөрдү дагы кошууга умтулушат, мындай жол менен аларды коомдук пайдалуу иштерге тартышат. Жер-жерлердеги сурамжылоолор бул топтордун көпчүлүк мүчөлөрүн рэкет көрүнүштөрүндө байкалбаган, тырышчаак окуучулар түзөт. Жер-жерлердеги респонденттер МЖД көбүнчө ушул өңдүү топтордун арасындагы конкурстарга катышууга тартыла турганын жана алардын иши мындай иш-чараларды өткөрүүнүн алдында “жандана” турганын белгилешти.

Ошондой эле мектептерде алдын алуу кеңештери түзүлөт. Жобого ылайык¹³, алардын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат: укук бузуулардын, көзөмөлсүз калуунун жана өспүрүмдөр кылмыштуулугунун алдын алуу; окуучуларда укуктук маданияттын негиздерин жана мыйзамга баш ийүү жүрүм-турумун калыптандыруу; балалыктын укуктарын коргоо. Кеңеш мектеп администрациясынын өкүлдөрүнөн, педагогикалык жамааттын мүчөлөрүнөн, ЖИИ, педагог-уюштуруучулардан, коомчулуктун жана аймактык коомдук-алдын алуу борборлордун (КААБ) өкүлдөрүнөн, ата-энелерден, жогорку класстардын окуучуларынан, ата-энелер комитетинин мүчөлөрүнөн түзүлөт.

Кеңештин таасир этүү чаралары негизинен мектеп окуучуларынын арасында болгон зомбулук фактыларына тиешелүү болуу менен, жазалоо жана эпизоддук мүнөзгө ээ болот:

  • жабырлануучуга эл алдында же жекече түрдө кечирим суроого милдеттендирүү;

  • мектеп ичиндеги каттоого коюу;

  • жалпы билим берүү мекемесинин администрациясынын алдында өтүнүч билдирүү:

¹² Ошол эле жерде.

¹³ КР ИИМ жана КР Билим берүү жана илим министрлигинин 26.08.2008-ж “Жалпы билим берүү мекемесиндеги Алдын алуу кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” биргелешкен буйругу

    • эскертүү берүү жөнүндө;

    • сөгүш же катуу сөгүш жарыялоо жөнүндө; – БИКна сунуш жөнөтүү жөнүндө; – ЖИИга өтүнүч жөнөтүү жөнүндө.

Негизинен мугалимдер жана ЖИИ алдын алуу кеңештеринин иши жөнүндө кабардар болушат, ошол эле убакта көпчүлүк окуучулар алар жөнүндө билишпейт.

Мугалимдердин айтуусунда, алдын алуу кеңеши БИКке документтерди берүүдө окуучулар боюнча чечим кабыл алат. Ошондой эле алдын алуу кеңеши баланын жүрүм-турумун талкуулоо үчүн өзүнүн жыйынына ата-энелерди чакырат. Кеңештин ишинин натыйжалуулугу маселеси боюнча респонденттердин пикирлери эки башка болду, бир бөлүгү алар формалдуу түзүлгөнүн жана иш жүзүндө иштебей турганын белгилешсе, башкалар, негизинен мугалимдер конкреттүү учурларды кароодо Кеңештин иши мугалимдерге жардам көрсөтө турганын баса белгилешти.

Жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик түзүмдөрдүн координациясын камсыздай турган механизмдердин бири болуп “Кыргыз Республикасынын жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча Ведомстволор аралык планы”¹⁴

(мындан ары – ведомстволор аралык план) эсептелет. Пландын башкы максаты – “жаштардын жана билим берүү мекемелеринин окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын алдын алуу жана мектеп рэкети фактыларын токтотуу”.

Бул план жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик түзүмдөрдү координациялаган негизги документ болуп саналат.

Көрсөтүлгөн документте аскердик-патриоттук тарбиялоого (дилбаян жазууну уюштуруу, маалыматтык такталарга жайгаштыруу ж.б.у.с.); мектептин өз алдынча башкаруусун күчөтүүгө, мектептин уюмдарын түзүүгө багытталган иш-чаралар, ар кандай темаларда-

¹⁴ КР ИИМ; КР БжИМ; КР СӨМ; КР КК БШ; КР ССМ; КР ТжКМ

гы семинарлар, экскурсиялар (ЖОЖдорго, кесиптик лицейлерге); Алдын алуу кеңештерин түзүү; активдүү иш-чараларды (спорттук ийримдер) уюштуруу; алдын алуу кеңселерин түзүү; олимпиадаларды, сынактарды өткөрүү, массалык-маданий иш-чараларды уюштуруу каралган. Планда коопсуздук кызматтарынын мектептеги жана ага жакын жайгашкан аймактагы иштерин күчөтүү каралган.

Алдын алуу субъекттеринин арасындагы респонденттер план бар экенин билишет, план алдын алуу чаралары жазылган негизги документ катары каралат.

Планды иштеп чыгууга тартылган улуттук деңгээлдеги респонденттердин айтуусу боюнча, буга окшош план 2016-2019-окуу жылдарына карата КР Өкмөтүнүн буйругу менен кабыл алынат, бул болсо планды ишке ашыруудагы ведомстволордун жоопкерчилигин жогорулатат.

Акыркы убакта алдын алуу субъекттеринде зомбулук жана мектеп рэкети көйгөйүнүн болушу жана мектептерде укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралардын маанилүү экендигинин түшүнүү калыптанды. Үзгүлтүксүз негизде иш-чаралар, анын ичинде ИИО жана мектеп администрациясы сыяктуу ар кандай түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүү иш-чаралары жүргүзүлүп келет. Улуттук деңгээлде 6 ведомствонун аракетин бириктирген жана ишке ашырылып жаткан ишмердикти көзөмөлдөөнү шарттаган ведомстволор аралык план пайда болду. 2015-жылы ЖИИ штаттык саны кыйла көбөйтүлдү, мындай жагдай кызматкерлердин бул категориясынын мектеп менен иштөөсүн активдештирүүнү шарттады.

Класстан тышкаркы иш-чараларга жана коомдук катышуунун ар кандай формаларына көбүнчө тырышып окуган окуучулар тартылат, ошол эле убакта балдар арасындагы девианттык жүрүм-туруму бар өспүрүмдөр бул чаралардан тышкары калышат. Ошентип, жалпы алдын алуу боюнча көрүлгөн чаралардын бүтүндөй комплекси укук бузуулардын алдын алуу максатына ээ болгонуна карабастан, ал багытталган негизги топтордун түздөн-түз бирөөнө дагы жетпейт. Бул тырышып окуган мектеп окуучуларынын жана зомбулукка ыктаган окуучулардын ортосундагы обочолонгондукту күчөтүүгө алып келиши мүмкүн жана окуучулардын тигил же бул категориясына колдонулган белгилердин туруктуулугуна шарт түзөт.

Лекциялар жана маалымдоонун башка формалары мектеп окуучуларынын кабыл алуусуна начар ыңгайлашкан жана системалуу эмес болгондуктан, чектелүү таасирге ээ болот.

Мектептерде жылдан жылга шаблондуу түрдө колдонула турган чаралардын комплекси бар, муну менен катар мектеп окуучуларына анын тийгизген таасири жана учурдагы кырдаал бааланбайт. Опузалап тоноо фактылары аныкталган учурларда ар бир учур өзүнчө каралат. Колдонулган чаралардын натыйжалуулугун жана алардын кырдаалга таасирин талдоо практикасы жок.

Балдар чөйрөсүндөгү укук бузуулар менен күрөшүү боюнча БжИМ көргөн чаралардын бири мектептерде социалдык педагогдордун штатын киргизүү болуп саналат. Аз убакытта социалдык педагогдор бул чөйрөдө маанилүү актор болуп калды. Бирок мугалимдердин бул категориясына тиешеси жок милдеттердин ашыкча жүктөлүшү, квалификациясынын жетиштүү эмес деңгээли жана мектепте социалдык педагогдун функциялары жөнүндө бирдиктүү түшүнүктүн жоктугу алардын натыйжалуулугун чектейт.

Изилдөө алдын алуу иштерин өткөрүү ЖИИ тарабынан приоритеттүү милдет катары кабылданбай турганын аныктады. Бул биринчи кезекте кылмыштуулукту ачуу, каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу менен байланыштуу формалдуу көрсөткүчтөргө басым жасаган, ЖИИ калыптанган баалоо практикасы менен байланыштуу. Бул жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын конкреттүү учурларына көңүл бурууга басым жасоого алып келет. ИИМ ЖИИны баалоонун жаңы чен белгилерин киргизип жатканын белгилей кетүү керек.

Документтерге ылайык, алдын алууга багытталган мектеп механизмдери иш жүзүндө мындай функцияны толук ченемде аткарышпайт. Мисалы, МЖД алдын алуу субъекттери тарабынан жашы жете электерди укук бузуулардын алдын алууга тартуунун куралдарынын бири катары кабылданат, мында, окуучулардан жана мугалимдерден турган респонденттердин айтуусунда, бул кыймыл мезгил-мезгили менен өткөрүлгөн сынактар менен гана байланыштуу болот.

Мектептердин деңгээлинде алдын алуу кеңештери иштейт, алар алдын алуу боюнча иштеши керек болсо, тажрыйбада алардын иши балдарды жасаган жосундары үчүн жазалоо жөнүндө чечим чыгаруу менен байланыштуу болот. Жободо жазылган алдын алуу милдеттери начар ишке ашырылат, практикалык ишмердикте биринчи кезекте болуп өткөн окуяга көңүл бурууга басым жасалат.

Жогоруда белгиленгендей, Ведомстволор аралык план жашы жете электердин арасында-

гы кылмыштуулуктун алдын алууда негизги мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыздоонун маанилүү куралы болуп саналат. 2013-2014-окуу жылындагы жана 2014-2015-окуу жылындагы пландарды салыштырып талдоо ар башка жылдагы пландарда сүрөттөлгөн иш-чаралар дээрлик окшош экенин көрсөттү. Бул план учурдагы кырдаалдын динамикасын талдоону жана өткөн жылы планды аткаруунун натыйжалуулугун баалоону пайдалануусуз, үлгү боюнча кабыл алынаарын болжолдоону шарттайт. Планды иштеп чыгуу форматы жарандык коом жана мектептер менен консультацияларды карабайт, ведомстволордун өздөрү тарабынан гана кабыл алынат. Планды иштеп чыгууда жана кабыл алууда негизги координация улуттук деңгээлде - горизонталдуу гана болот, кийин жер-жерлерде планды түздөн-түз ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тарта турган түзүмдөр менен вертикалдуу координация жок.

3.2 КӨҢҮЛ БУРУУ ЧАРАЛАРЫ

Болуп өткөн зомбулуктун кесепеттери менен иштөө чаралары дагы бир катар деңгээлге жана көңүл буруу субъекттерине ээ болот. Биринчи кезекте – бул негизинен зомбулук фактысы каттала турган мектептин деңгээли. Мектепте мектеп ичинде каттоого алуу тутуму иштейт, ага ылайык мектеп администрациясы (анын ичинде Алдын алуу кеңешинин чечими боюнча) тартипти көп бузган жана мыйзамга каршы аракеттерге тартылган, ошондой эле жүйөлүү себептери жок окууну көп калтырган окуучуларды каттоого алат. Мугалимдердин айтуусунда, каттоого алгандан кийин окуучуларга “өзгөчө көңүл” бурулат. Бул учурда көңүл буруу чаралары катары мектеп окуучусунун үйүнө баруу, ата-энеси менен маектешүү, сабакка келүүсүн текшерүү каралат.

Опузалап тоноо/укук бузуу орун алган учурларда же мектептин ичиндеги каттоого алынган мектеп окуучусу “оңолбосо”, мугалимдер жана ЖИИ кейсти кароо үчүн материалдарды БИКке берет. Эгерде жашы жете элек каттоого алынса, каттоо-алдын алуу карточкасы ачылат. Каттоого алынган адамдар менен ЖИИ үзгүлтүксүз алдын алуучу аңгемелешүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө ата-энелер же социалдык педагог катышат жана бул тууралуу “каттоо-алдын алуу карточкасына белги коюлат”¹⁵. ЖИИнин айтуусу боюнча, алар ай сайын каттоодо турган жашы жете электерден жана алардын ата-энелеринен бул адам белгиленген мезгилде укукка каршы аракеттерди жасабагандыгы жөнүндө түшүндүрмө кат алышы керек. Социалдык педагогдорду сурамжылоо жашы жете электерди каттоого алуу алар тарабынан жашы жете электин кийинки жүрүм-турумуна таасирин тийгизүүчү таасир этүү ыкмаларын камтыбаган жаза чарасы катары кабылдана турганын көрсөттү. Бала каттоого алынгандан кийин эмне болот деген суроого мугалим-респонденттер «эч нерсе болбойт» деп жооп беришти.

Балдардын иштери боюнча комиссия (БИК) оор жашоо кырдаалындагы балдарды коргоо тутумунун коллегиалдуу органы болуп саналат¹⁶ жана өзүнүн ишин мезгилдүү негизде ишке ашырат. Бул комиссиянын максаты балдардын көзөмөлсүз калуусунун, кароосуз калуусунун, укук бузууларынын алдын алуу, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ ортосундагы макулдашылган ишти камсыздоо болуп саналат.

БИК райондордун жана шаарлардын деңгээлинде иштешет. Респонденттердин пикири боюнча, комиссиянын жыйынынын кароосуна көп маселелер киргизилгендиктен жана комиссиянын мүчөлөрү эреже болгондой айына 1 жолу же “зарылчылыкка жараша” чогулгандыктан, жекече мамиле кылуу мүмкүн эмес болуп калат. БИК мүчөлөрү төмөндөгүлөр болуп саналат: ИИО, билим берүү башкармалыгынын, саламаттыкты сактоо жаатындагы, балдарды коргоо боюнча, миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жаза аткаруу мамлекеттик органынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же шаар мэриясынын өкүлү. БИК ишине ошондой эле оор жашоо кырдаалындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүүгө адистешкен жарандык коомдун өкүлү катышат.

Улуттук деңгээлдеги респонденттердин пикиринде, мектеп рэкети боюнча иштин негизги координациясы БИК деңгээлинде болот. Бир учурда БИК жашы жете электи каттоого алуу бо-

¹⁵ КР ИИМ 22.07.2013-ж № 601 «Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин өркүндөтүү чаралары жөнүндө» буйругу

¹⁶ КР Өкмөтүнүн 24.12.2015-ж “Балдардын иштери боюнча комиссиянын типтүү жобосу тууралуу” токтому

БИК дээрлик иштебейт – алар иштерди кайра мектепке кайтарышат, алар жоопкерчилик алышпайт. Мектеп БИКнан эч кандай чечимди күтпөй калган.

(Мугалимдер менен өткөрүлгөн фокус-топтордон)

Бала баалуулук катары ка-

юнча чечим кабыл алган институт катары чыкса, башка учурда аткарылган чаралар боюнча ар кайсы акторлордун отчетторун кабыл алуучу орган болуп саналат. Сурамжыланган мугалимдердин айтуусунда, БИК формалдуу иштейт, түздөн-түз укук бузуулардын алдын алуу маселелерине катышпайт. Жарандык коомдун өкүлүнүн айтуусунда, БИК иши жазалоо ыкмасына ээ.

Мектептеги укук бузуунун бир тарабы жайсыз үй-бүлөдөн чыккан бала болуп саналса, анда үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча бөлүм аралашат, ал оор жашоо кырдаалындагы баланын жана үй-бүлөнүн абалына ар тараптуу баалоону жүргүзөт. Баалоо сурамжылоо жана атайын анкетаны толтуруу аркылуу жүргүзүлөт. Баланын жана үй-бүлөнүн керектөөлөрү жөнүндө корутундунун негизинде үй-бүлө менен жеке иштөөнүн планынын (ҮЖИП) жана/же баланы коргоо боюнча жеке пландын (БКЖП) долбоору иштелип чыгат. Бул пландар өзүнө оор жашоо кырдаалындагы балага, үй-бүлөгө керектүү социалдык, укуктук, пси-

р албайт. Аны чакырышат хологиялык-педагогикалык, медициналык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралардын жана жана насыят айтышат. кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин камтыйт¹⁷.


(БӨУ өкүлү менен өткөрүлгөн маектешүүдөн) ҮБКБ өкүлдөрүнүн айтуусунда, БКЖП иштеп чыгуу жана ишке ашыруу иш-тажрыйбасы балдар менен иштөөгө жекече мамиле кылууну камсыздайт. ҮБКБ иши жөнүндө айкын жана ишенимдүү маалыматка аймактык социалдык коргоо бөлүмдөрү гана ээ болот. Бул изилдөөнүн респонденттеринин арасында ЖИИ дагы, мугалимдер дагы, мектеп окуучулары дагы ҮБКБ иши жана БКЖП, ҮЖИП иштеп чыгуу практикасы тууралуу кабардар болушкан эмес. Изилдөөнүн көпчүлүк респонденттери мектеп окуучуларынын арасындагы укук бузуулардын кесепеттери менен иштөө чараларынын жазалоо мүнөзүн таанышат жана түшүнүшөт. Эреже болгондой, ЖИИда каттоодо турган өспүрүм менен анын аракеттерин сынга алуу, мектептен чыгарып салууга жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга коркутуулар менен аңгемелешүү өткөрүлөт. Кээде мындай аңгемелешүүлөрдүн жүрүшүндө балага белги коюшат. Көңүл буруунун бул формаларынын балдардын жүрүм-турумун өзгөртүүгө шарт түзүү жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу шектенүүлөр жаралат.

¹⁷ КР Өкмөтүнүн 22.06.2015-ж «Турмуштун оор кырдаалында турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Жайыла баштаган ҮЖИП жана БКЖП мыйзам бузуу жаатында көйгөйлөрү бар бала менен координацияланган жана комплекстүү ишти камсыздоо үчүн чоң дараметке ээ болот. Бирок ЖИИ жана мектеп сыяктуу тараптар бул пландар жөнүндө так түшүнүккө ээ эмес, ишжүзүндө алар аларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартылышкан эмес.

Ошондой эле изилдөө баланын жүрүм-турумун жана түшүнүктөрүн өзгөртүү көз карашынан алганда көңүл буруу чараларынын кесепеттерин талдоо тажрыйбасынын жоктугун көрсөттү. Ушундан улам, ишке ашырылган процессти талдабай туруп, алдын алуу субъекттери өзүнүн ишинин ыкмаларын өркүндөтүүдө натыйжалуу болушпайт. Мында айрым мугалимдер, ЖИИ, социалдык кызматкерлер алдын алуу иштеринин шаблондуулугун түшү-нүшөт.

Зомбулуктун кесепеттери менен иштөө тутумунда жабырлануучу тарап менен дээрлик эч кандай иштер жүргүзүлбөйт. Айкын нускамалар дагы, укук бузуулардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча тажрыйбалык чаралар дагы жок. Мектеп мугалимдеринде, окуучулардын ата-энелеринде жашы жете электерге карата ЖИИ колдонгон чараларга, алдын алуунун жалпы жана жеке чараларына байланыштуу маалыматтардын жетишсиздиги мектеп администрациясынын жана ата-энелердин бул иштеги ЖИИ ролун жетиштүү деңгээлде тааныбагандыгына/түшүнбөстүгүнө алып келет.

ÊÐ ÈÈÌ ìààëûìàòûíà êàðàãàíäà, æàøòàðäûí æàíà îêóó÷óëàðäûí àðàñûíäà óêóê áóçóóëàðäû àëäûí àëóó áîþí÷à æàëïû áèëèì áåðүү ìåêåìåëåðèíäå, æàëïû ñàíû 14586 àäàì áîëãîí, ïåäàãîãèêàëûê æàìààòòûí, æàøòàðäûí èøè áîþí÷à áөëүìäөðүíүí, æàø өñïүðүìäөð ìåíåí èøòөө èíñïåêöèÿñûíûí, àòà-ýíåëåðäèí æàíà æîãîðêó êëàññòàðäûí îêóó÷óëàðûíûí өêүëäөðүíөí òóðãàí 1844 àëäûí àëóó Êåңåøòåðè óþøóëãàí.

(http://www.mvd.kg/index.php/rus/content-news/item/439-na-kollegii-mvd-kr-provel-itogovoe-soveshchanie-so-vsemi-sluzhbami)

СУНУШТООЛОР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ

Жашы жете электер менен комплекстүү ишти бөлүү менен, укук бузуулардын алдын алуу боюнча улуттук стратегияны (концепцияны) иштеп чыгуу жана кабыл алуу. Бул аракетти кырдаалды жана колдонуудагы тажрыйбаларды талдоо жана бардык кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын, алардын аймактык бөлүнүштөрүнүн, ошондой эле жарандык коомдун, ЖӨБ, психология жаатындагы адистердин ж.б. жигердүү катышуусун коштоо керек. Аткаруу бийлигинин тутумунда укук бузуулардын (анын ичинде балдардын) алдын алуунун ыкмаларын иштеп чыгуу жана бардык мамлекеттик бийлик органдарынын, жарандык коомдун ж.б. арасында бул багытта аракеттерди координациялоону ишке ашыра турган түзүмдү (балким ведомстволордун биринин бөлүнүшү катары) кароо.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ
  • Ата-энелер менен иштөө боюнча өзүнчө программаны иштеп чыгууну демилгелөө (Балдарды тарбиялоо боюнча ата-энелер курстары). Окуучулардын жүрүм-турумуна алдын алуу боюнча чаралардын таасирин баалоо тутумун киргизүү.

  • Тажрыйбалык аракеттерге негизделген, социалдык педагогдордун квалификациясын жогорулатуунун базалык жана үзгүлтүксүз курстарынын комплексин киргизүү. Мугалимдердин бул категориясынын башка функцияларды аткаруусу менен, анын ичинде башка предметтерди окутуу боюнча ашыкча жүктөмүнө жол бербөө боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу. Натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн, адистешкен окутууга катышууну ж.б. камтыган, социалдык педагогдорду баалоонун чен белгилерин киргизүү. Төмөндөгү милдеттерди чече турган, кызыгуулардын ар кандай түрлөрү боюнча жаштар үчүн бош убактысын өткөрүүнүн кеңири тармагын уюштуруу:

    1. балдарга өз ордун табууга жардам берүү (кесиптик, руханий же маданий багыттоо);

    2. балдарга өзүнүн активдүүлүгүн айланадагыларга жана баланын өзүнө зыян келтирбеген социалдык-алгылыктуу формаларга багыттоого жардам берүү. Мектеп мекемелеринде зомбулук фактыларынын болушу негативдүү баа үчүн негиз болбошу үчүн, аларды баалоо чен белгилерине өзгөртүүлөрдү киргизүү. Көйгөй мектеп администрациясы тарабынан жашырылып коюлбашы үчүн мектеп администрациясын бул көйгөйдү жоюу боюнча иштерге өбөлгөлөгөн чен белгилерди кароо маанилүү. Балдар үчүн эмоционалдык интеллект модулун киргизүү (өзүнүн эмоцияларын, агрессияга ыктагандыгын кантип жеңүү керек). Окуучулардын арасында психологиялык, социологиялык жана жүрүм-турум тесттерин өткөрүү боюнча ишти тутумдаштыруу. Мындай тесттердин комплекси баланын мүнөздөмөсүн аныктап жана максаттуу алдын алуу иштерин колдонуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНЕ
  • Жашы жете электердин психологиясы боюнча ЖИИ окутуу курстарын киргизүү.

  • Жумушка орношууда ЖИИ үчүн талаптарды белгилөө – превенция, жашы жете электер менен иштешүү боюнча базалык көндүмдөрүнүн болушу. «Каттоо» сөзүнөн баш тартуу жана мыйзамга каршы активдүүлүгү байкалган балдар менен иштөөнүн жазалоо компонентин гана эмес, күчтүү алдын алуучу компонентти камтыган жаңы методикасын киргизүү. ЖИИ кадрларын комплекттөөдө гендердик балансты эске алуу менен, педагогдордун, ЖИИ кадрларын комплекттөөдө гендердик балансты эске алуу менен, педагогдордун, психологдордун, ошондой эле жашы жете электер менен иштөө практикалык тажрыйбасына ээ болгон адамдардын талапкерлигине артыкчылык берүү.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНЕ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИНЕ

Мектеп рэкетинин учурларын аныктоо үчүн жаңы технологияларды пайдалануу, мисалы, маалымат берген адамдын анонимдүүлүгүн камсыздоочу интернетплатформалар. Кырдаалды талдоонун негизинде жана билим берүү институттарынын, жер-жерлерде ИИО өкүлдөрүн, муну менен катар жарандык коомдун өкүлдөрүн түз тартуу аркылуу алдын алуу боюнча ведомстволор аралык документти иштеп чыгуу. Жарандык коомдун кызыкдар өкүлдөрү менен бирге өспүрүмдөрдүн виктимдик жүрүм-турумунун алдын алуу үчүн (кантип курмандык болбоо керектиги жөнүндө) чаралар комплексин иштеп чыгуу жана киргизүү.

I ТИРКЕМЕ

Изилдөөнүн методологиясы

Мектеп рэкетине изилдөө жүргүзүүдө маалыматты топтоонун талаа жана кабинеттик методдору колдонулду: 1. Терең интервью, 2. Фокус - топтор, 3. Сурамжылоо, 4. Кабинеттик изилдөө: ченемдик укуктук актыларды, басылмаларды, статистикалык маалыматтарды талдоо.

Талаа фазасына төмөндөгү топтордун өкүлдөрүнүн арасында фокус - топтор, терең интервьюларды жана сурамжылоо жүргүзүү камтылган: ЖИИ, мугалимдер, ИИО өкүлдөрү, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрү (КР ИИМ, КР БИМ, КР СӨМ, ЖИДСМА), жашы жете электер менен иштеген БӨУ, социалдык педагогдор, мектеп окуучулары жана ата-энелер.

Төмөндө биз талаа изилдөөсүнүн географиясын, респонденттердин түрүн жана санын чагылдырган таблицаны сунуштайбыз.

Фокус-топтор

Облус / Шаар

Респондентердин түрү

Адамдардын жалпы саны

1

Бишкек ш.

Мектеп окуучулары, мугалимдер, социалдык педагог, ЖИИ, ЖӨБ, ҮБКБ, РИИБ

43

2

Ош ш.

Мектеп окуучулары

17

3

Чүй областы

Окуучулары, мугалимдер, кризистик борбордун кызматкерлери

22

4

Баткен областы

ЖӨБ, ИИО кызматкерлери, депутаттар, социалдык педагогдор, мектеп окуучулары

28

5

Жалал-Абад областы

Ата-энелер, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБ, окуучулар

40

Терең интервью

Облус / Шаар

Респондентердин түрү

Адамдардын жалпы саны

1

Бишкек ш.

ИИМ, мамлекеттик органдардын, БӨУ өкүлдөрү, психолог

9

2

Ош ш.

ЖИИ

1

3

Ош областы

ЖИИ

1

4

Ысык-Көл областы

ЖИИ, мектеп педагогдору, АК кызматкери

4

5

Чүй областы

Мектеп окуучулары, социалдык педагогдор, ЖИИ

4

6

Баткен областы

Мектеп педагогдору, ЖИИ, ЖӨБ

8

7

Жалал-Абад областы

ЖИИ, ЖӨБ, Социалдык педагог, мектеп педагогдору, мэриянын кызматкерлери

8

Сурамжылоо

Облус / Шаар

Респондентердин түрү

Адамдардын жалпы саны

1

Ысык-Көл областы

Мектеп окуучулары

43

2

Баткен областы

Мектеп окуучулары

79

3

Жалал-Абад областы

Мектеп окуучулары

40