СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Классный час на тему "адепсиздик"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Классный час на тему "адепсиздик"»



АДЕПСИЗДИК:
Себептери жана формалары
(Башталышы өткөн санда) 
1. Этикеттин, маданияттуу жүрүм-турумдун, о.э. девианттуу (англисчеден, немисчеден "deviant" латынчадан "deviatio" - четтеген, алыстаган) жорук-жосундун өзөгү ошол коомдун тарыхы, өнүгүү этаптары, жашоо шарттары, мифологиялык, диний ишенимдеринин өзгөчөлүгү, саясий-экономикалык потенциалы ж.б. маалыматтарды өз кучагына камтыган "генетикалык код" же архетип менен байланышкан. Алардын мазмунун элдин тарыхый, саясий, социалдык өнүгүү жолун мүнөздөгөн мурастар, фактылар, сюжеттер, коомдук жана саясий аң-сезимдин негизинде жаткан материалдык жана маданий дөөлөттөрдүн жыйындысы, тарыхтын элегинен өткөн коомдун маданий генофонду түзөт.
Монархиялык бийликтин ар кандай формалары калыптанган жана өнүккөн өлкөлөрдө ак сөөктөрдүн аристократтык маданияты менен этикети классикалык (латынчадан "classic" - үлгү болоорлук) формада өнүгүүгө жетишкен. Англияда королдун мураскор болчу тун уулу принц (англисчеден "prince" - тун уул, падышалыкка талапкер) деп аталса, андан кийинки так менен бийликке атаандашпаган уулдары джентельмен (англисчеден "gentle" - сылык-сыпаа, маданияттуу, адептүү, асыл сапатка ээ, "man" - адам) деген атка конгон. Күнүмдүк кара курсактын камы менен алпурушуп, бийик руханий дөөлөттөргө анча маани бербеген карапайым калктан джентельмендер рухий дөөлөттөрү, сылык-сыпаа адаттары жана адеби менен кескин айырмаланышкан. 
Тарыхый өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кыргыз коомунда Россиядагы Романовдордун, Шереметьевдердин, Толстойлордун ж.б.; Грузиядагы Багратиондордун; Франциядагы Стюарттардын үй-бүлөлүү династиялары сыяктуу аристократизм институту жетишээрлик деңгээлде жана классикалык формада өнүгүүгө үлгүрбөй калган. Манаптар менен бийлер тарабынан практикаланып келген бир катар нарк-насилдүү жүрүм-турумдун бир топ позитивдүү элементтери Совет доорунда коммунисттик түзүлүшкө ылайык келбеген нерсе катары жок кылынган. Ошол себептен, кадыресе калктын ичинен чыккан саясий ишмерлер аристократтык тарбия, этика жана нарк-насил тууралуу билимдер менен социалдык тажрыйбага ээ болбогондуктан, өзүндөгү мындай боштукту (пробелди) жогоруда аталган формалардагы адепсиз, же девианттуу жүрүм-турум түрүндө компенсациялоого далалат кылат деген корутундуга келебиз. Кыргыз улутундагы айрым саясий жетекчилердин, орто жана төмөн статустагы мамлекеттик кызматкерлердин, мугалимдердин, медсестралардын, секретаршалардын өз ишин убагында аткаруудан эринип, "эртең келиңиз, анан келиңиз" деп каада күтүүсү, өзүнүн кичинекей функциясы менен кызматын (значимость) тоодой кылып көрсөтүүсү, баадалануусу, көрсөткөн кызматы үчүн алан казандай чуу чыгарып, өзүнө көз каранды адамга асылып жатып, бир нерсе өндүрүүгө болгон далалаты же тиленүүсү буга ачык күбө.
Турмуштан алынган айрым байкоолордон 
1-байкоо. Ашып кеткен билими менен айырмаланбаса да, кадыр-барктуу төркүндөрү жана бай күйөөсүнүн колдоосуна таянып жогорку окуу жайына окутуучу катары жумушка орношкон, келише кийинген жана боенгон кыргыз келин зачет алып жатат. Коридордо эртеден кечке чейин өз кезегин күткөн ар кыл улуттагы чарчаган студенттер зарыгып турушат. Кафедрага бир нече студентти маңдайына олтургузуп коюп, мугалим "подружкасы" менен кечээ күнкү конокко ким барганын, эмне кийгенин, кандай сүйлөгөнүн, эмне белек тартуулаганын, кимдин кимге таарынганын ж.б.у.с. "олуттуу маселелерди" ийне-жибине чейин шаңкылдаган тон менен "териштирип" жатты… 
2-байкоо. Маданий, саясий, күнүмдүк турмуш менен байланышкан темалардагы терең кайманага, таамай байкоолорго, философияга сугарылган россиялык таланттуу юмористтер менен пародисттердин тамсил, тамашаларынан айырмаланып, кыргыз куудулдары көп учурда орой сөздөрдүн, ыплас мисалдардын, адамдын инсандыгына сөгүнүп-сагынуу, каргап-шилөө аркылуу асылуунун жардамы аркасында кара күчкө салып элди күлдүрүүнү адатка айландырганын көрүп жүрөбүз. Балким, бул орой мыскыл орто билимдүү, орто маданиятка ээ карапайым калк түшүнө турган, ага "жага" турган формада берилип жаткандыр. Маданияттуу адамдар аны элди келекелөө, алардын укуктары менен кадыр-баркын тебелеп-тепсөө, аларды кордоо катары кабыл алышат. 2006-жылдын ноябрь айында болуп өткөн саясий окуяда кыргыздын белгилүү куудулу коомубуздун белдүү азаматтарынын кылган ишин эмес, алардын "кызга окшош экен, ошондуктан, анын эркек экенинен шегим бар", "баланча саясатчы менен мончого чогуу бардык эле: ал биздей эле эркек экен", - деп чогулган ар кыл курактагы, жыныстагы, маданий-интеллектуалдык деңгээлдеги элди, телевизордун маңдайында олтурган бүтүндөй республиканын жашоочуларын "күлдүрүмүш" болду. Саясий маданиятка ээ эмес куудулдун мындай жүрүм-турумун барып турган адепсиздик катары баалап, аны коомдук тартипти бузган жосунсуз жоругу үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин "Инсандын эркиндигине, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы кылмыштар" деп аталган 17-главасынын 127-статьясы ("Ушактоо"), 128-статья ("Мазактоо") жана "Адамдын жана граждандын конституциялык укуктарына жана эркиндиктерине каршы кылмыштар" деп аталган 19-главасынын 135-статьясы ("Адамдын жеке турмушунун кол тийгистигин бузуу") боюнча жоопкерчиликке тартууга толук негиз бар. Саясатчынын пара алганын, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларын, жосунсуз жоруктарын курч сөздүн жардамы менен мыскылдап, аларды оңдоого аракет кылууга болот. Бирок алардын "кызга окшош экенин", "башка эркектерден эч нерсеси менен айырмаланбаганын" калайык калкка жар салуу адамдын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген, анын беделин түшүргөн, же адамды атайылап кемсинткен иш-аракеттер катары бааланып, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууну шарттайт. 
2. Психологиялык өңүттө бой көтөрүп, кекирейүүчүлүк адамдын "тыңдыгы", "кыйындыгы", "күчү" менен эмес, анын алсыздыгы менен шартталган. Мындай адамдардын бийлиги кара күчкө, зордук-зомбулукка жана "кыңк" этпестен баш ийдирүүгө таянат. Демек мындай лидерлер менен потенциалы өтө эле бош мугалимдер өз алсыздыгын жалпы жонунан төмөнкүдөй садисттик тенденциялар менен компенсациялоого умтулушат: 
а) алар башка адамдарды көз каранды кылууга, аларга өз эркин таңуулоого, аларды өздөрүнүн тил алчаак куралына айландырууну көксөшөт. 2009-жылдын апрель айында бойго жетип калган тестиер окуучуну курдаштары менен классташтарынын көзүнчө беделин түшүрүп, ур-бергиге алган Майлуу-Суу шаарынын № 5 орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Ж.Исмаилованын жүрүм-туруму күбөлөгөндөй, билим деңгээли орто заар мугалимдер сабакты жумушчу программасында көрсөтүлгөн зарыл информация менен эмес, асылуу, коркутуу, окуучулар ортосундагы айрым бир жаңжалдарды (конфликттерди) "териштирүү" ж.б. менен өткөрүшөт. Балким ошол себептен, учурда таланттуу, башы көрүнгөн, идиректүү инсандар жаманатты болуп, куугунтукталып, расмий жана расмий эмес бийлик өзүн көрөнгөсүз, бирок тил алчаак, элпек, берилген буйрукту же тапшырманы "бөрк ал десе баш алуу" менен аткарган адамдар менен курчаганы кокустук эместир; 
б) абсолюттуу бийликке гана ээ болбостон, адамдарды эзүүгө, пайдаланууга жана алардын эсебинен жашоого болгон каалоо. Мында адепсиз (девианттуу) жүрүм-турумдун субьектиси өзүнө көз каранды адамдын иштеги сапаттарына эмес, анын инсандык, жеке касиеттерине асылганды артык көрүшөт. Коомдогу уламдан улам күч алып бара жаткан коррупциянын психологиялык тамырын ушул каалоо менен байланыштырууга толук негиз бар; 
в) адамдарды, өзгөчө демилгелүү, активдүү, билимдүү, таланттуу, харизмалуу инсандарды физикалык жана моралдык жактан азап тартууга мажбурлоо.

Турмуштан алынган айрым байкоолордон 
3-байкоо. Белгилүү советтик композитор, "Юнона жана Авось" деп аталган атактуу музыкалык чыгарманын автору Алексей Рыбников аталган чыгарманы 22 жашында жазган. Чыгарма алгач өзүнүн тамшандырган мазмуну, музыкасынын уккулуктуулугу, көздүн жоосун алган формасы, авторунун жаш курагы, дегеле баардык турган турпаты менен СССР композиторлор Союзунун далайды башынан өткөргөн авторитеттүү, Ленинди, коммунисттик партияны, идеологияны ж.б. мактаган мааниси анча терең эмес, бирок, ошол кездеги идеологияга, саясатка төп келген утурумдук чыгармалары менен атак-даңкка жеткен, бирок, мансапка жеткенден кийин таланттуу чыгарма жаратууга дараметтери келбей калган мүчөлөрүн айран таң калтырып коет. Бирок бир аздан соң алар өздөрүнө келип, аларга атаандаш болгон, алардан таланты менен бир кыйла жогору турган жаш жигитти "жашабай жатып, бешиктен белиң чыга электе сага мындай музыка жазганды ким коюптур. Бул деген саясатка, идеологияга туура келбеген келжиректик, плагиатчылык, сен болсоң уяты жок плагиатсың", - деп, ага кишинин түшүнө кирбеген күнөөлөрдү жабыштырып, туш тараптан талай башташат. Турмуштук тажрыйбага ээ эмес, мурда кийин мындай шумдукту көрбөгөн жаш жигит инфаркт дартына чалдыгып, 2 жыл ооруканада оор абалда жаткан. 
Алтын чылада жатса деле жалтырап, алтын бойдон кала берет. Нысапсыз, көрөңгөсүз адамдар тараптан Рыбников убактылуу болсо да запкы тартты, ден соолугунан ажырады, психологиялык бушаймандыктан жабыркады. Бирок бийлиги менен кадыр-баркына таянып алып ага асылган, анын канатын кесип, эч жерге иштетпей коюуну көксөгөн, өзүн Кудай-Теңирге теңештирген адамдардын да күнү бүттү. Көп өтпөй эле кечээ жексур көрүнүп, жаманатты болгон Рыбниковду СССРдин мен-мен деген кино жана театр режиссерлору талашып эле жатып калышты. Анын молдовиялык композитор Евгений Дога менен биргелешип "Мой ласковый и нежный зверь" деген атактуу фильмге жазган "Белый метель" аттуу вальсы орус вальсынын барып турган бийик даражадагы классикасына айланган. "Юнона жана Авось" 1970-жылдардын аягы, 80-жылдардын башында театрга коюлуп, эң популярдуу спектаклге айланган. Ага кириш үчүн билеттерди бир нече ай мурда же бир канча эсе кымбат баага сатып алыш керек болгон. Бул спектакль бүгүнкү күнгө чейин сахнадан түшпөй коюлган эң популярдуу чыгарма катары Гиннес китебине киргизилген. Ал эми башкы каарман Николай Петрович Рязановдун ролун аткарган атактуу орус актеру Николай Петрович (актер менен каармандын аты, атасынын аты уйкаш) Караченцовдун аткаруусундагы "Я тебя никогда не увижу, я тебя никогда не забуду" деген саптарга ээ каңырыкты түтөткөн ыр СССР композиторлор Союзунун мурдагы жетекчилеринин зериктирме, азыр таптакыр унутта калган "чыгармаларынан" айырмаланып азыркыга чейин ар кыл муундун өкүлдөрү тарабынан терең урмат менен кабыл алынган залкар ырлардын катарына кирет.