СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "Бактылуулуктун жолу"

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Класстык саатка кошумча маалымат.

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Бактылуулуктун жолу"»

Бактылуулуктун жолу

Сүйүктүү балдар, адамдар издеген нерсе жөнүндө сүйлөшкүм келип турат. Бул нерсени бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар жоготтук деп даттанышууда. Ал нерсени ар бир адам издейт. Карысы дагы, жашы дагы издейт. Эркеги дагы, аялы дагы издейт. Ал нерсе – бактылуулук.

Көптөгөн адамдар бүгүнкү күнү “биз бактылуулукту сезбей жатабыз” деп айтышууда. Ал эми бактылуулукту издөөдө, адамдар көптөгөн түрлөргө бөлүнүшөт.

Бактылуулук байлыктабы? Бала-чаканы көбөйтүүдөбү?

Кээ бирөөлөрү бактылуулук байлыкты топтоодо деп ойлошот. Байлыкты топтоого аракет кылышат, бирок аны кандай жолдор табаарына эч көңүл бурушпайт. Ошентип, байлыктын артынан жүгүрүү — аларды Аллахтын зикиринен (эстөөдөн) алаксытып коет.

Бактылуулук Дүйнө жүзүн саякат кылуудабы?

Дагы адамдардын ичинен бактылуулук саякаттоодо экен дегендер бар. Алар бүткүл өмүрлөрүн бир шаардан экинчисине баруу менен өткөзүшөт. Алар аялдарынан да, балдарынан да бактылуулук табышпайт. Бактылуулукту издешет, бирок ага жетишпейт.

 

Ал эми кээ бир адамдар такыр үмүттөрүн үзүшүп, “бактылуулукка эч жетүү мүмкүн эмес экен, ал жөн гана иллюзия окшойт” дегендер бар. Ушинтип бактылуулукту таппай тинтип жүргөн бул адамдар, бактылуулук бар экенин билишпейт. 

Чындыгында бактылуулук — такыба жүрөктө жана сооптуу болгон таза амалда.

 

Ошол үчүн балдар бактылуулук бул – жүрөктүн тынч алуусу.

 

Биз бул жашоодо кандай жашайбыз. Бирде жамандыктын, бирде жакшылыктын үстүндөбүз. Момун үчүн бул нерселердин баары жакшылык. Ал бактылуулкута болот.

Момун бул жашоодо бактылуу болот себеби Аллах Таала ага бейпил жүрөк жана колунда бар нерсесине канаттануу берет. Ал эми ага берилбей калган нерсеге көңүл бурбайт.

.

Кимдин ниети жана камы бир гана ушул дүйнө болсо, Аллах Таала анын иштерин чачыранды кылып салат. Жашоосу чачыранды болуп, жүрөгү эс ала албай калат.

Уктайын деп келип, оң жагына жатса тигини эстейт, сол жагына жатса муну эстейт. Эч эс албайт. Жана Аллах Таала кедейликти көз алдына коюп коет. Эмнени карабасын кедейликти көрөт. Казынасы байлыкка толуп турса деле кедейлик көз алдынан кетпейт. Эч бактылуулукту сезбейт, себеби өзүн кедей деп ойлот. Ошого карабастан ага тагдырына жазылганын гана алат.

Ал эми ниети акырет болгон такыба, солих пендеге Аллах жашоосун ирээттеп коет. Эч бир кайгыга чөкпөйт, жана байлыкты жүрөгүнө берип коет.

Ал Аллах берген нерсеге ыраазы. Эгер Аллах аз нерсе берсе ал “Альхамду лиллах, мен башкаларга караганда абалым жакшы” дейт. Эгер Аллах көп берсе “Альхамду Лиллах дейт”. Жана бул дүйнө кааласа-каалабаса ага өзү келет. Ал бул дүйнөдө бактылуу өмүр сүрөт.