Класстык саат
8-В класс.
Сабактын темасы: ТАРТИП – ИЙГИЛИКТИН БАШАТЫ.
Сабактын максаты:
1) Окуучуларды өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн туура баалоого жана өзүнүн иш аракетинин үстүнөн иштөөгө үйрөтүү;
2)Окуучуларды өздөрүнүн жасаган иш-аракеттерин көзөмөлдөөгө үйрөтүү жана тартиптүү болууга аракет кылуусун калыптандыруу;
3)Окуучулардын тартиптүү болуу деңгээлин көтөрүү.
Сабактын планы:
Сабактын жүрүшү:
1. «Ийгилик» (3 мүнөт).
2. «Тартиптүү жана тартиптсиз адам»(5 мүнөт)
3. «Кесепеттер» (10 мүнөт)
4. «Жасала турган жумуштардын жана сыйлыктардын тизмеси»(10 мүнөт)
5. «Тартиптүүлүк жана уюшкандык»(5 мүнөт)
6. «Турмуштагы көрүнүш» (5 мүнөт)
7. «Тартиптүү болуу - бул….»(5 мүнөт)
1. «Ийгилик» (3 мүнөт).
Максаты: окуучуларды жаңы сабакка көндүрүү, сүйлөтүү жана өздөрүн эркин сездирүү, жаңы маалыматты кабыл алуу үчүн шарт түзүү.
Мугалим: Окуучуларга өздөрүнө жаккан адамдыгы жакшы сапаттарды тизмелөө. Ийгиликке жетүү үчүн мүнөздөрүнө туура келе турган иш аракеттерин угуу. Алдыга койгон максатка кантип жетүу керектигин сурамжылоо.
Талкуулоо:
• Кандай ойлойсуңар эмне үчүн биз сабакты «Ийгилик» көнүгүүсүнөн баштадык?
Болжолдуу жооптор:
• Өзүңдө стандарттуу эмес ой жүгүртүүнү калыптандыруу, ошондой эле күндөлүк жашоо кубаныч алып келиш үчүн көптөгөн идеяларга ээ болуу.
Жыйынтыктоо: Адамга чыгармачылык менен жашоого жана өзүн-өзү тарбиялоого үйрөтөт.
Адам өзүн инсан катары өнүктүрүү менен дайыма алектенет. Бүгүн тартиптүү болуу үчүн биз өзүбүздү кандай тарбиялашыбыз керектиги жөнүндө сүйлөшөбүз.
2. «Тартиптүү жана тартиптүү эмес адам» (5 мүн.)
Максаты: адамдын тартиптүү жана тартиптүү эмес сапаттарын тизмелеп, белгилөө.
Мугалим: адам, коом, үй-бүлө бардыгы белгилүү бир нормаларды жана жүрүм-турум эрежелерин сактоосу керек. Кээ бирлери мамлекет тарабынан иштелип чыккан мыйзамдарда жазылган, адеп-ахлак, үрп-адат, каада салттарда, коомчулукта бар. Бул нормалар жана эрежелер адамда маанилүү сапатты, тартиптүү болууга тарбиялайт.
Мугалим көнүгүүнү аткаруу үчүн көрсөтмө берет.
• Класс эки топко бөлүнөт;
• Биринчи топ тартиптүү адамдын сапаттарынын тизмесин түзөт, экинчиси тартипсиз адамдын сапаттарынын тизмесин түзөт.
Тартиптүү адам:
Ата-энени сыйлайт.
Уюшумдуу.
Токтоо.
Эрежелерди сактайт.
Бүгүнкү жасай турган ишин эртеңкиге калтырбайт.
Башталган ишти акырына чыгарат.
Сабакка кечикпейт.
Тартипсиз адам:
Ата-эненин сөзүн укпайт.
Сабакка тез-тез кечигет (жумушка, сабакка байланышкан жолугушуулар);
Буюмдарын башаламан кармап жоготот же унутуп калат ж. б;
Эрежелерди сактабайт
Бүгүнкү жасай турган ишин эртеңкиге калтырат
Башталган ишти акырына чыгарбайт;
Алдына максаттарды кое албайт жана аларды орундата албайт ж.б.
Мугалим: биз тартиптүү адам жана тартипсиз адамдын сапаттарына токтололу. Балдар тартиптүү адамдын кайсы мүнөздөрүнө ээ болгонду каалайт элеңер жана тартиптүү эмес адамдын кайсы мүнөздөрү силерге тартиптүү болууга тоскоолдук кылат (6-7 мүнөт ой пикирлер айтылат)
Жыйынтыктоо: ар бир адамда тартиптүү жана тартипсиз адамдын сапаттары бар. Биринчи караганда тартиптүү болуу оңой, ал эми тартипсиз болуу бул анча деле коркунучтуу эмес болушу мүмкүн жана көп адамдарга көрүнө бербейт. Азыр келгиле бул сапаттардын болушунун кесепеттери боюнча сөз кылабыз.
3. «Кесепеттер»(10 мүн.)
Максаты: адамдын жашоосунда тартиптүү болуунун маанисин жана тартипсиздиктин кесепеттерин көрсөтүү.
Мугалим: Тартиптүү болуу үчүн сенин жүрүм-турумуңду башкара турган мүнөз, максат болуш керек.
Мисалы: көптөгөн балдар мектепке убакытты өткөрүү үчүн барышат. Алар эмне үчүн окуп жаткандыгын билишпейт. Ата-энеси оку деп айткан үчүн эле. Тагыраак айтканда документ алыш үчүн, бирок көпчүлүгү ошол документ менен каякка бара тургандыгын билбейт.
Өздөрүнүн келечегин көрө алышпайт, ошондуктан аларга тартиптүүлүктүн деле кереги жок. Алардын оюнда сабактарды калтырса дагы болот.
Мисалы: окуучу жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшырса, каалаган университетине кире ала турганын билет. Анын жасаган аракеттери дагы ошого жараша багытталат, ал жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) ийгиликтүү тапшыруу жана каалаган
университетине кирүү үчүн мектептин программасын билүүсү керек.
Адамдын оюун ишке ашыруу үчүн коюлган максат –бул тартиптүү болуунун эң жакшы жолу.
Тартип - жүрүм-турумдун үлгүсү, азыр эмнени каалап жатканынын эмес, эмне керек болуп жатса ошону жасоону чечсеңер бул тартиптүүлүктү түшүндүрөт. Бул өзүңөрдүн планыңарды аткаруу үчүн бир орундан турууга, алдыга жылууга мажбурлаган ички сезим. Негизги каалоолоруңар боюнча эркиңерди бекемдөө. Тартиптүү болуу менен адамдын кыйынчылыктарга физикалык,
эмоционалдык, психологиялык жактан каршы туруусу жеңил болот. Жалкоолукту жеңе билүү. Катуу айтылган сөздү туура кабыл алуу ж.б.
Мугалим көнүгүүнү аткаруу үчүн көрсөтмө берет:
Класс эки топко бөлүнөт.
• Биринчи топ үчүн тапшырма: «Тартиптүү адамдын артыкчылыгы эмнеде?».
• Экинчи топ үчүн тапшырма: «Тартипсиздик эмнеге алып келет?».
Ар бир топ презентация кылат.
Биринчи топ.Тартиптүү адамдын артыкчылыктары:
Алдыга койгон максатыбызга жете алабыз.
Иш аракеттердин ирээтүүлүгү менен алдыбызга коюулган максатка жетүүнү жеңилдетебиз.
Өзүбүзгө ишенүүбүз артат.
Ар качан алдыбызга койгон талапты ийгиликтүү аткара алабыз, алдыга умтулууга аракет жасайбыз, анда өзүбүзгө болгон ишеним алдыга өсөт, өзүбүз менен жана жасап жаткан иш-аракеттерибиз менен сыймыктанабыз.
Башкалардын сый-урматына ээ болобуз. Кандай гана адамга болбосун бизге чоң таасир калтырат.
Биз башкалардын жашоосуна таасир бере алабыз.
Ар бир жакшы жасаган жана туура кабыл алынган кадамыбыз бизди байкакан, бизден көз каранды болгон, бизди сүйгөн адамдарга таасирин тийгизет.
Өзүбуздүн жашообузда жакшы ийгиликтерге жетише алабыз.
Жашоодо болгон канааттандыруулардан ырахат алабыз.
Экинчи топ. Тартипсиздик эмнеге алып келет?
Алдыга койгон максатыбызга жетүү кыйындайт.
Жалкоолук тоскоол болот.
Өзубузгө болгон ишеним жоголот.
Өзүбүздүн жасаган иш- аракеттерибиз кандай гана акталбасын, ал жасагандар туура эмес экендиги белгилүү.
Өзүбүздүн иш-аракеттерибиздин натыйжасында көз каранды адамдардын сый-урматын жоготобуз.
Жашообуздагы жакшы ийгиликтен кур калабыз, жашоодогу канааттандыруулардан рахат алуу кыйындайт.
Жоро жолдоштордун ишениминен кетебиз.
Сыймыктана турган иш аракеттерди жасай албайбыз.
Иштеген ишибиздин жыйынтыгын көрө албайбыз.
Жыйынтыктоо: тартип толук жакшы жашоонун негизи болуп саналат. Тартип - бул ар бир адам ээ болууну каалаган нерсе. Тартип болгондо гана, ийгиликтерге жетише алабыз.
4. «Жасала турган жумуштардын жана сыйлыктардын тизмеси» (10 мүн.)
Максаты: окуучуларды тартиптүү болуу боюнча чечим кабыл алууларына түрткү берүү.
Мугалим: тартип силердин жашооңорго чоң таасирин тийгизет. Тартиптүү адам болуу чечимин кабыл алуу жашооңордо эң маанилүү чечимдерден болушу мүмкүн. Эгерде тартипсиздик менен күрөшүп жатсаңар, анда эң кичине нерседен баштагыла. Бир күндө эмнелерди жасай тургандарыңардын тизмесин түзүүдөн баштасаңар болот.
Мугалим окуучулардын бардык айткан сөздөрүн жаза турган окуучуну доскага чакырат.
Мисалы:
Жасала турган иш-аракеттердин тизмеси:
Ата-энеге мээримдүү малиле жасоо.
Айлана чөйрөгө жакшы көз караш менен кароо(жаратылышты сүйүү).
Сабактан себепсиз калбоо, кечикпөө.
Бут кийимди тазалоо.
Таштанды ыргытуу.
Бөлмөнү жыйноо.
Математика сабагына даярдануу.
Дил баян жазуу.
Курбу-курдаштарга жардам берүү.
Коомдук жайларда улуу адамдарга орун бошотуп берүү.
Мугалим: Ар бириңер ким тартиптүү адам болом деп чечсе, анда үйдө бир күндө же бир жумада жасала турган иш-аракеттердин тизмесин түзсөңөр болот. Ушул иш-аракеттерди аткаруу жана тартиптүү болуу үчүн, аткарылган иш-аракеттерге өзүнөргө сыйлык берүүнү ойлоп тапкыла.
Окуучулар өздөрүнө сыйлыктарды жазышат.
Менин сыйлыктарым:
Сабактардан беш алып ата-энени кубандыруу.
Достор менен паркта сейилдөө.
Киного баруу.
Телевизорду бир саат гана көрүү.
Телефондогу тармактарда бир саат олтуруу.
Музыканы бир саат угуу.
Спортто ийгиликтерге жетишүү.
Талкуулоо:
• Тартиптүү болуу үчүн кандай биринчи кадамдарды жасадык?
Болжолдуу жооптор:
Биринчи кадам – ушул күндөн баштап бизге керек болгон жоопкерчиликтерди моюнубузга алабыз. Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбайбыз.
Жыйынтыктоо: Бул жоопкерчиликтин алкагында силер шылтоолорду жана актанууларды өзүңөргө айта албайсыңар. Ошондо гана өзүңдө тартиптүүлүктү тарбияласаң болот. Тартип адамдын ички муктаждыгы болуп калышы керек.
5. «Тартиптүүлүк жана уюшкандык» (5 мүн.)
Мугалим: тартиптүү жана уюшумдуу адам ишинде, үй-бүлөдө, өзүн-өзү өнүктүргөнгө жана башка чөйрөлөрдө чоң жыйынтыктарга жетишкендиктерге ээ боло алат.
Тартиптүүлүк – баштаган жумушту акырына чейин жеткирүү жөндөмдүүлүгү жана ички дүйнөңөрдөгү абалга карабай чечимдерди кабыл алуу.
Өзүнө болгон тартиптүүлүк – бул өзүнүн эрки менен өзүн багындыруусу жана эч нерсеге карабай аткаруусу. Ушул сапаттарга ээ болгон адам жашоосунда көптөгөн нерселерге жетишет. Мисалы, мектеп окуучусу сабактарды аткарбастан компьютерде оюн ойнойт. Бул тартипсиздик. Эгерде окуучу өзүнө сабактарды аткарып бүткөндөн кийин ойнойм деп айтса, анда бул тартиптүүлүк болот.
Уюшкандык.
Уюшкандык – бул өз жумушуңу жана убактыңды пландаштыруу жөндөмдүүлүгү жана эч кайсы нерсеге алагды болбостон тапшырмаларды аткаруу. Уюшумдуулук - бул өзүңдүн күчүңдү жана убактыңды туура пландаштыруу, сабаттуулук менен бөлүштүрүү,бул деген тырышчаактык. Мындай сапаттарга ээ болгон адам ишинде ийгиликтерге жете алат, анткени ал убакытта тапшырылган жумушту аткара алат, максатына жете алат, мекеменин беделин көтөрө алат. Тартиптүү уюшкан адам негизги тапшырмаларга көңүлүн бура алат. Уюшкан адам эч нерсеге алагды болбойт жана өз убактысын башкара алат. Тартипсиз адам дайыма кеч калат, эч нерсеге жетишпейт жана убакытты текке кетирет.
6. «Турмуштагы көрүнүш» (5 мүн.)
Максаты: ролдогу оюндардын жардамы менен адамдын уюшумдуу жана уюшумдуу эместигин көрсөтүү.
Мугалим эки окуучуга алдын ала көрүнүшкө даярдануу боюнча тапшырма берет. Ойноло турган көрүнүштөр.
• Биринчи көрүнүш
Асан 7-класста “отличник” болом деп алдына максат койду. Ошондуктан ал күнүгө сабагына барып, үй тапшырмасын убагында аткарат. Асан уюлдук телефону менен бир саат гана ойнойт жана ар кандай тармактардагы жаңылыктарды окуп коет. Расписания боюнча ар бир сабакты ирээти менен окуп даярданат. Математика жана кыргыз тилине көбүрөөк көнүл бурат. Анткени ошол сабактардан мамлекеттик экзамен болорун уккан. Тарыхтан да көп нерселерге кызыгат. Үйдө ата-энесине, карындашына да көнүл буруп, үй иштерине жардам берет. Кээде футбол ойногонго да убактысы жетет. Иш аракеттери ирээттүү болгондуктан ал “отличник” болот.
• Экинчи көрүнүш
Марат Асандын классташы. Ал бардыгын тескерисинен жасайт. Сабактарга даярдыгы жок барат. Үй ишин аткарбайт. Анткени ал убакытты туура пайдалана албайт. Компьтер оюндарына көп убактысы кетет. Ар кандай социалдык тармакта досторду издейт жана алар менен кат жазышат. Тамактануу учурунда телевизор көрөт. Атасы жардамга чакырса: телефону менен ойноп –азыр деп убактысын текке кетирет. Марат алагды болуп, негизги маанилүү нерсеге көңүл бурган жок. Сабагына да кечигип барды.
Талкуулоо:
Бизге бул эки көрүнүш эмнени көрсөттү?Бул эки мисал бизге адамдын уюшумдуу жана тартиптүү болуунун маанисин түшүндүрдү. Уюшкандык бул алагды болбой бардык нерсени өз убагында жасаганга адамга мүмкүндүк берет. Өзүн-өзү кармай билүү бул өзүңдү башкаруу. Ушул эки нерсенин айкалышы адамды ийгиликтерге алып барат.
Жыйынтыктоо: Тартиптүүлүк, уюшкандык, аракетчилдик – эмгек жана коомдук иш-аракеттер үчүн керек болгон адеп-ахлактын маанилүү сапаттары.
7. « Тартиптүү болуу - бул…» (5 мүн.)
Максаты: сабактын жыйынтыгын чыгаруу.
Мугалим: -Сабак силерге жактыбы? Эмнеси менен?- Биздин сабактан кийин силер өзүңөрдү кандай алып жүрөсүңөр? Эмне үчүн?
Жыйынтыктоо: Көпчүлүгү ата-энелеринин, классташтарынын, өзүнүн алдында жасаган иш-аракеттерине болгон жоопкерчиликти алуу боюнча ойлонуп калгандарын белгилешет жана өздөрүн тартиптүү болууга тарбиялоону чечишет. Демек, «Тартиптүү болуу – бул…»
Болжолдуу жооптор:
Ата-энени сыйлоо.
Айлана чөйөгө аяр мамиле жасоо.
Ишти ирээти менен аткаруу.
Таза жүрүү.
Алдыга максат коюу.
Бардыгына жетишүү.
Курбу курдаштарга жардам берүү.
Жоопкерчиликтүү болуу.
Жакшы окуу.
Жүрүм-турум эрежелерин сактоо.
Тапшырма: Тартип жөнүндө макал-лакаптарды жазып келүү.
Бишкек шаарындагы
№ 55 жалпы билим берүү орто мектебинин
Математика жана информатика мугалими
Ашыралиева Саадат.