Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Үй бүлөлүк тарбиянын тартиби"»
УЙ-БУЛООЛУК ТАРБИЯНЫН ТАРТИБИ ЖАНА БАЛАНЫН КАЛЫПТАНЫШЫНДАГЫ ТААСИРИ!!!
Баласын ар ким ар кандай ыкма менен тарбиялайт. Анан туура эмес нерсе жасап койгон баласын «эмнеге баланчанын баласы мындай, сен андай эмессиң?» деп жемелейт. Чындыгында бала кандай болсо, ал түздөн-түз ата-эненин өзүнөн көз каранды экенин көпчүлүк ата-энелер капарына ала беришпейт. Карама-каршы тарбия Үй-бүлөдө кээде эки башка тарбия орун алышы мүмкүн. Ата өзү каалагандай тарбиялоого аракет кылат, эне өз билгениндей ошого карама-каршы тарбия бергенге умтулат. Анын айынан үйдө ачык эле карама-каршылыктар, өчөшүүлөр көп орун алат. Мисалы, атасы уруксат берген нерсеге апасы кайра тыюу салып коёт. Мындай тарбиянын жыйынтыгы баланын өзүнө ишенимсиз болуп калышына алып келет. Мындан тышкары ал бала өзүнүн ички дүйнөсү менен келише албаган, бардык иште туруксуз, эң негизгиси калпычы болуп калыптанып калат. Катуу мамиле Айрым үй-бүлөлөрдө ата-эне балдарын катуу кармоого аракет кылат. Бул, адатта чегинен чыгып кетет, балдарынын туура эмес кылган майда нерселери же укпагандары үчүн катуу жаза колдонулат. Мындай үй-бүлөдө чоңойгон балдар уруп-согууга эле дуушар болбостон, психологиялык жактан да басынышат. Башкача айтканда, катуу сөздөрдү угушат. Мунун натыйжасы баланын агрессивдүү болуп чоңоюшуна алып келет. Эмоциясыз тарбия Тарбиянын бул түрүндө муздактык басымдуулук кылат. Башкача айтканда балага ата-эненин көңүл буруусу, кам көрүүсү жетишсиздик кылат. Натыйжада, ата-эне менен баланын ортосунда эмоция жок болот. Мындай тарбияда чоңойгон бала эмоцияга жарды, өзүн баалоосу төмөн болуп калат жана өзүн жалгыз сезе берет. Бирок мындай балдардын көпчүлүгү окууда ийгиликтерге жетишет. Кам көрүүнүн жетишсиздиги Кээ бир үй-бүлөлөрдө балага ата-эненин кам көрүүсү, көзөмөлү жетишсиздик кылат. Баланын кызыгуусуна, жасаган иштерине маани берилбей кала берет. Мындай тарбияда чоңойгон балдар өз алдынчалуулукка эрте жетишет. Мунун жаман жагы – тарбия жетишсиз болуп калат да, айланасындагы адамдардын терс таасирлеринин тийип калуу коркунучу жогору болот. Аёо Тарбиянын бул түрү баласы көпкө созулган же өнөкөт оорудан жапа чеккен үй-бүлөлөрдө кездешет. Анткени үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары ооруган баласынын көзүн карашат, анын айтканын айткандай жасаганга аракет кылышат. Бара-бара бала да ушундай мамилеге биротоло көнүп алат. Эмнеге жетишпей калса анын баарын оорусуна шылтайт. Кийин оорусунан айыкканда деле айланасындагылардын аёосуна, кам көрүүсүнө көнүп алат да, анда өзүмчүлдүк сапат пайда болот. Ошондой эле мындай балдарда өз алдынча бир нерсеге умтулуу аракети болбойт. Сүйүү Ата-энелер балдарын сүйүшөт, анын кызыкчылыктарын түшүнүүгө аракет кылышат. Ага туура жана калыс мамиле жасоого умтулушат. Баласынын демилгесин колдойт, бала татаал абалга туш келип калса, андан чыгууга жардам берет. Ата-эне эмоционалдык жактан сабырдуу болуп, бардык нерсени акыл калчап тынч чече билет. Үй-бүлөдөгү башкаруу стили демократиялуу. Мына ушундай тарбияда чоңойгон баланын келечеги кең болушуна толук негиз бар. Анткени бул бала туура тарбияда чоңойду. Ашыкча кам көрүү Мындай учурда балага кам көрүү, аны көзөмөлдөө, жасаган иштерине аралашуу өтө эле чектен чыгып кетет. Адатта бул иштебей үйдө отурган кожойкелердин бала тарбиялоо стили болуп эсептелинет. Алар муну менен өздөрүн «идеалдуу эне» көрсөткүсү келет, бирок кемчилик кетирип жаткандарын өздөрү сезишпейт. Кемчилик болгонунун себеби, такай ата-энесинин көзөмөлүндө жүргөн баланын өз алдынча болууга үйрөнүшү кыйын болот. Мындай ата-энелер кичинекей кыйынчылыктардан баласын бошотуп, аны өз моюндарына алышат, баланын бардык талаптарын аткарышат. Убагында жакшы сезилгени менен бала чоңойгондо мындай тарбиянын бир топ эле зыяны тиет. Анткени бул балдар көпчүлүк менен тил табыша албай кыйналышат, өз алдынча бир нерсени жасай алышпагандыктан, жашоодо ийгиликке жетүүлөрү кыйын болот. Балдарга айтууга болбогон айрым сүйлөмдөр Балдарыбызды тарбиялоодо колдонуп жүргөн айрым фразаларды психологдор балдарга карата колдонбоону сунушташат. “Агаңдан (эжеңден) үлгү ал”. Башка бирөө менен салыштыруу баланы өзүнө ишенбөөчүлүк сезимге алып барат. Ошондой эле бул нерсе кызганчаактыкты жана балдар арасындагы атаандаштыкты жаратат. “Атаңдан (апаңдан) сурайбыз, коё тур”. Жоопкерчиликти түгөйүңүзгө түртө коюу балаңыздын сизди укпай калышына себеп болот. “Эгер мени укпасаң, желмогузду чакырам”. Коркуу баланын психикасына жаракат келтирип, коркунучтуу түштөрдү көрүүсүнө алып келет. Мындан тышкары мунун баары жалган экенин билгенде балаңыз сизге ишенбей калат. “Бол батыраак, болбосо, таштап кетип калам”. Балдар жалгыздыктан коркушат. Аларды тынчсыздандыруу туура эмес. “Бул оңой эле. Эмнеге сен жасай албай жатасың?” Балаңыздын өзүнө-өзү баа берүүсүн бузбаңыз. Мындай суроо алардын кыжырын келтирип, “мен эч качан эч нерсе жасай албайм” деген өзүнө ишенбөөчүлүк сезимди туудурат.