Саламдашуу:
Саламатсыздарбы, урматтуу коноктор, кесиптештер , үй бүлөнүн түркүгү болгон ата- энелер!
Сиздерди 1- класстар аралык өткөрүлүп жаткан « Окурман үйбүлөбүз» , « Апам жана мен» аттуу конкурсун ачык деп жарыялайбыз!
Күлүмсүрөп күлүп чыгат күн дагы,
Наристедей назик сүйкүм жайдары.
Бүгүн мына эл чогулуп, шаң менен,
Белгилейли «Окурман үй бүлөбүз» майрамын.
Анда эмесе эшик кенен ачылсын,
Катышуучулар сахнага карай шашылсын.
Аянбастан кол чапкыла коноктор,
Катышуучулардын бүгүн жарпы,
Бүгүн чери жазылсын.
Катышуучуларды жагымдуу маанай менен сахнага чакырып алсак.
Мүнөзү оор салмактуу,
Ак алтындан ардактуу.
Таенесинин эркеси, сүйүктүү небереси,
Алдыңыздарга келет Асылбекова Сагдияна таенеси Жаркын апа менен.
2. Сабатын ачып көп окуу
Милдетим дейт дегеле.
Сабактарды бешке окуйт,
Үлгүлүү окуучубуз,келет алдыңыздарга.
Мирланов Али апасы Анара эже менен
3.Гүл сыяктуу бажырайып ачылган,
Өзү чыйрак, ачык маанай.
Ыр ырдоо, роль ойноо боюнча,
Эч ким чыкпайт алдына.
Келет анда сахнага Кудашова Таңсулуу апасы Айганыш менен.
4.Ак саргыл жүздүү жылдыздуу,
Күлүп турат Искак.
Үй бүлөнүн кенжеси,
Ата- энесинин эркеси.
Алдыңыздарга келет, Турарбеков Искак апасы Апасы Айнагүл менен
Анда эмесе сиздерге жагымдуу маанай тартуулап.
3-класстын окуучулары «Баканын ырын» аткарып беришмекчи.
Катышуучуларга илинип турган бакадан пазитивдүү сөздөр менен чүчү кулак карматып, орундуктарга отургузуу.
Калыстар тобун шайлоо:
Анда эмесе, конкурсубуздун программасы менен тааныштырып кетсек.
Көркөм айтуу (окуучулар)
«Көпөлөк укол салып кетти» жомогунан суроо(балдар, ата-энелер жооп берет)
Сүрөт куроо (балдар)
Үйгө тапшырма (ролдошуп жомок аткарышат)
Ата-энелер үчүн тапшырма (Кыргыз кыз аттарын тапкыла)
Жан дүйнө
Бүгүнкү конкурсубузга саякаттап келип калган жаныбарлар бар. Алар : Биринчи вагондо мамалак,экинчи вагондо коенек,үчүнчү вагондо короз, төртүнчү вагондо күчүк, бешинчи вагондо пил, алтынчы вагондо түлкү .
Конкурсубуздун жүрүшүндө жаныбарларга суроолор камтылган .
Толук жоопко 2 упай, толуктоо болсо бир упай.
1-тапшырма: биринчи жаныбардын суроосуна жооп берсек
Мамалакта көркөм айтуу тапшырмасы:
Китеп бизге чын жолдош,
Китеп бизге анык дос.
Пайдаланып китептен,
Акылыңа акыл кош.
Билимге жасап саякат,
Чыгарма окуп келебиз.
Көркөм айтуу жагынан,
Көрөлү кандай экенбиз.
Анда эмесе, көркөм айтууларга кезекти берсек.
Катышуучулар көркөм окууларын айтышат
2- тапшырма: Экинчи вагондогу коенектин суроолоруна жооп берет. «Көпөлөк укол салып кетти» жомогунан суроолор
Болсоң эгер билимдүү,
Башкалардан озорсуң.
Ийгиликке жетишип,
Айга колуң созосуң- дегендей берилген тапшырмага канчалык деңгээлде аракет жасап жооп берин көрөлү.
1-суроо:Нурия гүлдөрдүн кандай түрлөрүн терди?
Нурия көк чөптү аралап гүлдөрдүн кызылын, көгүн, сарысын да терди.
2 -суроо: Нурия бир кооз нерсенин сары гүлгө конгонун көрүп эмне деди?
Апасы эмне деп жооп берди?
Апа бул эмне деди?
Ал көпөлөк, кубалап көрчү жете аласыңбы?- деди апасы
3-суроо: Нурия эмнеге өкүнүп калды?
Нурия чуркап жеткенче көпөлөк учуп кетти. Дагы келсе жетем деди бирок көпөлөк кайрылып келген жок.
4-суроо: Нурия эмне үчүн үйгө ыйлап келди?
Нурия үйгө ыйлап келип, колума көпөлөк укол салып кетти деди
5-суроо: Апасы Нуриянын колун карап көрүп эмне деди?
Көпөлөк эмес аары чаккан турбайбы, мындан кийин кармабай жүр, жанына барба деди апасы
6- суроо: Көпөлөк менен аарынын айырмасын айтып берчи?
Көпөлөктөрдүн кооз түрлөрү болот,ак, кара,кызыл-тазыл,сары-көк алардын жаркыраган кооз канаттары бар.Көпөлөктөр гүлдөрдүн ширеси менен тамактанышат. Таттуу ширелерди көпөлөк буту менен сезет.
Аарылар- бал чогултат, жумушчу аарылар, сакчы, балчы, санитар аарылар болот. Алардын ийнеси бар, ийнеси менен коргонушат. Адамды чаккан кезде оорутат.
7-суроо: Көпөлөк укол салып кетти деген жомоктун автору ким?
8-суроо: Көпөлөк укол салып кетти жомогундагы каармандарды атап бер?
3-тапшырма: Үчүнчү вагондогу короздун суроосуна жооп беришет.
(Балдар сүрөттөрдү курашат)
Мугалим: Ырыс-бакыт таалайга,
Эмгек менен жетесиң.
Сүрөттү сен кураштырып,
Каарманды эстейсиң.
4-тапшырма: Төртүнчү вагондогу күчүктүн суроосуна жооп беришет. (Жомокту ролдоштуруп аткаруу. Ата-энеси менен биргеликте)
Мугалим: Жомоктогу каармандай,
Болууну мен самаймын.
Ал жомокко сүңгүп кирип,
Мазмунун мен талдаймын.
5-тапшырма: Бешинчи вагондо пилдин тапшырмасына жооп беришет.( Ата-энелер үчүн)
(Кыргыз кыз аттарын тапкыла)
Ойлооңорду өстүрүүгө,
Суроо бере баштайлы.
Кимдер кандай билишет,
Жооп күтүп тактайлы.
Билимдерин баалап биз,
Мыктыларды тандайлы.
6- тапшырма: Жан дүйнө . Ата-эне менен биргеликте ырдашат же бийлеп берет.
Мугалим: Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө,
Алтын да бар асыл да бар элдерде.
Бирок, чиркин балам менен ырдасам,
Ушунчалык балкып кетет жан дүйнөм.
Жыйынтыктоо: Билим алгын талыкпастан окуучум,
Ата-энеңдин жеткин кадыр баркына
Бардык ишти абийирдүү аткарып,
Келечекте жардам бергин калкыңа.
Сабакты жыйынтыктап, чогулткан упайларын саноо.
Конкурска катышкан катышуучуларга ийгиликтерди каалап, балдарга белектерди тапшыруу.
Билимдүү бул китептин баркын билет,
Окуган-акыл оюн эске түйөт.
Канча билсең ошончо үйрөн оку,
Билимдүү тилегине дайым жетет дегендей китеп менен дос болуп, билимиңерди мындан кийин дагы тереңдете бергиле кымбаттуу окуучуларым.