Просмотр содержимого документа
«Клетканын бөлүнүшү»
БИОЛОГИЯ 9-класс Клетканын бълүнүшү
1.Клетканын бөлүнүшүнө чейин,хромосомалар кандай абалда болот? А)спиралдашкан Б)спиралы жазылган В)эки эселенген Г)үч эселенген
2.Митоздун кайсы фазасында ДНК эки эселенет? А)интерфазада Б)профазада В)метафазада Г)телофазада.
3.Митоздун кайсы фазасында ядро кабыгы жоголот? А)профазада Б)анафазада В)метафазада Г)телофазада
4.Хроматин деген эмне? А)боелучу денече Б)хромосоманын спиралынын-чынжыры чечилген бөлүгү В)боелучу хромосомалардын урчуктары,гранулалары,торчо түрүндөгү түзүлүштөр Г)формасы ядрочолорго окшош түзүлүштөр.
5.Эукариот организмдердин хромосомасынын кенири тараган формасы кайсы? А)шакекче Б)спутниги жоктор В)ийиндери тегиз же тегиз эмес таякча,спутниктери болушу мүмкүн Г)гигант
6.Кроссинговер кайсы бөлүнүүдө жүрөт? А)митоз Б)мейоз В)амитоз
7.Соматикалык клеткалар кандай жол менен бөлүнүшөт? А)митоз Б)мейоз В)коньюгация Г)популяция.
8.Аялдардын кариотиби эркектердикинен эмнеси менен айырмаланат? А)хромосома санынан Б)аутосоманын формасынан В)жыныс хромосоманын формасынан Г)хромосомалардын боелушунан
9.Кайсы организмдердин клеткалары митоз жолу менен бөлүнбөйт А) бактериялар Б)козу карындар В)өсүмдүктөр Г) жаныбарлар
10.Клетканын митоздук бөлүнүүсүнүн канча фазасы бар? А)2 Б)3 В) 4 Г)5
11.Клетканын бөлүнүшүнө кайсы фазага көп убакыт жумшалат? А)интерфзага Б)профазага В) метафазага Г)анафазага Д)телофазага
12. Клетка митоз аркылуу бөлүнүп бүткөндөн кийин, хромосоманын саны канча болуп калат? А)мурунку саны сакталат Б)эки эселенет В)саны азаят Г)үч эселенет
13. Митоздун кайсы фазасында ядрочолор калыптанат? А)профазада Б)метафазада В)анафазада Г)телофазада
14. Митоздун кайсы фазасында ядро кабыгы жоголот? А)профазада Б)анафазада В)метафазада Г)телофазада
15. Митоздун кайсы фазасында хромосоманын муунактары экваторго карай тизилишет? А)профазада Б)метафазада В)анафазада Г)телофазада
16.Хромосомалардын формасын митоздун кайсы фазасында көрсө болот? А)профазада Б)метафазада В)анафазада Г)телофазада
17.Прокариот организмдердин хромосомасынын кенири таралган формасы кайсы? А)шакекче Б)спутниги жок В)ийиндери тегиз Г)ийиндери тегиз эмес
18. Эукариот организмдин хромосомасынын кенири таралган формасы кайсы? А)шакекче Б)спутниги жоктор Г)гигант В)ийиндери тегиз же тегиз эмес таякча, спутниктери болушу мүмкүн
19.Бир хромосоманын канча хроматиди бар? А)1 Б)2 В)3 Г)4
20. Ургаачынын кариотиби эркектикинен эмнеси менен айырмаланат? А)хромосома санынан Б)аутосоманын формасынан В)жыныс хромосоманын формасынан Г)хромосомалардын боелушунан
21. Хромосомалардын гаплоиддүү формуласы кантип жазылат? А)1 п же п деп Б)2 п В)3 п Г)4 п
22. Клетканын бөлүнүшүнүн кайсы фазасында ядро абдан активдүү абалда болот? А) интерфазада Б) профазада В) метафазада Г) анафазада Д)телофазада
23. Эмне үчүн соматикалык клетканын ядросундагы хромосомалар түгөйлүү болот? А)Түгөйү жоктор жоголушу мүмкүн Б)организмдер хромосоманын бир түгөйү энесинен, экинчи түгөйү атасынан алат дагы хромосомдордун диплоиддик саны калыбына келет В)түгөйү жок хромосома митозго катышпайт Г)түгөйү жок хромосома мейозго катыша албайт
24.Кандай хромосомалар гомологдуу болушат? А)формасы боюнча айырмаланган Б)гендери боюнча айырмаланган В)көлөмү боюнча айырмаланган Г)формасы жана көлөмү окшош жана окшош гендерди алып жүрүүчү хромосомалар
25.Клеткадагы нуклеин кислоталары кандай функцияны аткарат? А)энергия булагы Б)белокторду ажыратат В)тукум куучулуктун касиетин сактайт ,жана аны кийинки муунга өткөрөт, белоктун синтезделишин камсыз кылат Г) углеводдордун синтезин жөндөйт