СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Клетканын курамы

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Энергетикалык суусундуктардын организмге тийгизген таасири

Просмотр содержимого документа
«Клетканын курамы»

Сабактын темасы: Сырдуу сезимдер

Класс: 8-б

Колдонулуучу методдор жана ыкмалар: өз алдынча иштөө, топто иштөө, ролдоштуруп ойноо, суроо-жооп, көйгөй коюу

Сабактын формасы: аңгемелешүү, топтордо иштөө, сюжеттик-роль ойноо, чыгармачылык сабагы

Сабактын тиби: билимдерди системалаштыруу жана жалпылоо сабагы

Колдонулуучу окуу каражаттары: калем сап, барак, маркер, стикер, картон кагаз

Керектелүүчү окуу жабдыктары: презентация, панелдик такта

Предмет аралык байланыш: адам жана коом, кыргыз адабият

Максаттар:



1

Билим берүүчүлүк

Окуучулар сабакта сүйүү жана мамиле тууралуу билишет.

Туура мамиле куруу жана сүйүү менен жактыруу сезимдерин айырмалай билишет. Сүйүүнүн түрлөрү жөнүндө билишет.

Окуучулар сүйүү жана мамиле тууралуу билишсе; Туура мамиле куруу жана сүйүү менен жактыруу сезимдерин айырмалай билишсе;

Сүйүүнүн түрлөрү жөнүндө билишсе.

2

Өнүктүрүүчүлүк

Окуучулар маалымат жыйноо, көрө билүү, сезе билүү, анализдөө, өз алдынча иштөө, проблемалык жагдай түзүү , андан чыгуу жолдорун табуу, изилдөө жөндөмдөрүн калыптандырышат.

Сезимталдыгын, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүшсө, салыштыруу, жалпылоо көндүмдөрүн ишке ашыра алышса

Аргументтеп, далилдеп берүү жөндөмдүүлүктөрүн, сүйлөө маданиятын, эрктүүлүгүн жана инсандык сапаттарын, өз алдынчалыгын жыйынтыктай алышса

3

Тарбия берүүчүлүк

Окуучулар алган билимдерин жашоодо колдоно билүү көндүмдөрүнө ээ болуу менен жан дүйнөлөрүн байытышып, турмушта сүйүүдө жаңылбоого, аны туура тандоого тарбияланышат.

сүйүүнүн психологиялык, нравалык аспектилери тууралуу
билимин калыптандырууга көмөктөшөт.

Өздөрүнүн алган билимдерин жашоодо колдоно алышса;

турмушта сүйүүдө жаңылбоого, аны туура тандоого тарбияланышса;

сүйүүнүн психологиялык, нравалык аспектилери тууралуу билимин калыптандырууга көмөктөшсө.





Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптары

Мугалимдин иш аракети

Окуучулардын иш аракети

Баалоо

1

Шыктандыруу

Мугалим: Саламатсыңарбы балдар, бүгүн силер өзгөчө сулуу, татынакай болуп турасыңар, бүгүнкү сабагыбыз да абдан сонун өтөт деп ишенемин.

Саламдашышат.


Эң сонун!

2

Жаңы теманы жана сабактын максатын аныктоо





Балдар,экранды карагылачы, эмнени көрүп турабыз?

Айткылачы, бүгүнкү биздин сабагыбыз эмне жөнүндө болот деп ойлойсуңар?


Азаматтар! Сабагыбыздын темасы “Сырдуу сезимдер”

Анда эмесе сабактын максаты менен таанышып алалы.



Окуучулар слайддагы Ч.Айтматовдун каармандарын көрүп, бүгүнкү сабактын темасын аныкташат.



Окуучулар сабактын темасы жана максаты менен таанышышат.





Азаматсыңар!






Азаматсыңар! Эң сонун!

3

Тема боюнча маалымат берүү

Мугалим: Сүйүү - бул улуу жана бүт нерсени камтыган сезим.

«Сүйүү деген эмне?» деген суроого карай жекече тапшырмаларды аткарабыз:

1. Синквейн «Сүйүү - бул...»

2. Сүрөт түрүндөгү сүйүү символу.

(Тапшырманы аткарууда классикалык музыка коюлат)

Мугалим: Мектеп - бул бир гана билим берүү мекемеси эмес. Мектеп - бул бири-бириңер менен болгон мамилеңер.
Кийин сүйө билүүгө үйрөнүү үчүн бири-бириңер
менен достошууну да үйрөнөсүңөр. Бул үчүн силерди курчап турган
адамдарды силер сүйө билүүңөр керек.

Окуучулар тема боюнча тиешелүү маалыматтар менен таанышышат.

Жекече иштешет. Берилген тапшырмалардын бирин тандап аткарышат.




Окуучулар аткарган иштерин презентациялашат.






3
















Интерактивдүү көнүгүүлөр















1- кадам

Чакан топтор менен иштөө: «Мозаика». Столдо чачылган (татаал мозаика сыяктуу) кесилген барактар жатат (формат А 4).
(Бир тарабына маалыматтар жазылган - экинчи тарабына тема боюнча сөздөр ири тамгалар менен жазылган 3 барак
класстагы балдардын санына жараша кесилет). Ар бир катышуучу бирден бөлүктү алат да топ сөздөрдү жана текстти курушат.

Тапшырманын натыйжасында 3 топ түзүлөт:

  1. топ: СҮЙҮҮ.

  2. топ: БИРИНЧИ СҮЙҮҮ.

  3. топ: БИР КӨРҮП СҮЙҮП КАЛУУ.

Мугалим: Чыныгы сүйүү аны таанууну талап кылбайт. Сүйүү - жаратуучу жана асылдандыруучу сезим, ал кайсы мезгилде келери мааниге ээ эмес, эң башкысы ал бар. Сүйүү жаңы башаттарга, жаңы бийиктиктерге жеткирет.

2-кадам

Жекече иштер: «Микрофон».

Импровизацияланган «микрофонду» мугалим-журналист алып кимди сүйүү керек экендигин окуучулардан сурамжылайт.


Мугалим: Ата-энеге болгон сүйүү - бул эң ыйык сезим деп көп айтышат.

Сүйүү - бул бакыт, ак ниеттүүлүк, үмүт, өз ара түшүнүшүү үстөмдүк кылган керемет өлкө деп айтышат. Сүйүүгө так
аныктама берүүгө аракет кылбагыла, жөн гана ар бириңер өзүңөрдүн сүйүүңөрдү издегиле! Жалгыз жана кайталангыс сезимди!

3-кадам

Жуп-жубу менен иштөө: «Ромашка» - жүрүм-турум мамилелерин моделдештирүү. Класс эки топко бөлүнөт: «Кыздар»,
«Балдар».

Ар бир топтун мүчөлөрү интерактивдүү панелдеги кез келген суроолорду окуп жоопторун беришет.

«Кыздар» тобуна:

  • Сага балдардын кандай мүнөздөрү жагат?

  • Эгер сага бир бала жагып калса сен эмне кылат элең?

  • Кыздар балдарга биринчи болуп телефон чалса болобу?

  • Балдарга SMS-билдирүү жазса болобу?

  • Кумир туткан адамдарга баш ийүү дагы сүйүү болуп
    саналабы? деген суроолор жазылган.

«Балдар» тобуна:

  • Кыздардын кандай мүнөздөрү жагат?

  • Социалдык түйүндөр аркылуу мамиле курууну достук деп атоого болобу?

  • Эгер сага бир кыз жагып калса эмне кылат элең?

  • Кыздарга SMS-билдирүү жазса болобу?

  • Интернет аркылуу сүйүүгө болобу? деген суроолор берилет.

Мугалим: Адам баласынын жашоосунда кээде башка адамдарды жактыруу пайда болот. Өз жактыруусун сылык, чын жүрөктөн, чебердик менен билдирүү керек. Эгер сага кимдир бирөө жагып калса, аны менен таанышууга аракет
кыл жана пикир алышуу
үчүн кызыктуу теманы тандап ал.
Сүйүү - бул жеке кызыкчылыгынан жогору коюлган башка адамга карата жакшылык каалоо жана аны менен биримдикке умтулуу. Чыныгы сүйүү сөзү менен гана эмес, кылык-жоруктарынан билинет.

Окуучулар тапшырмаларды аткарышат

  1. «Мозаика» чачылган барактарды куроо менен катылган текстти табышат.

1-топ: Сүйүү (ыр чыгаруу)

2-топ: Биринчи сүйүү (сүрөт тартуу)

3-топ: Бир көрүп сүйүп калуу. (ролдоштуруу).
















Журналисттин суроосуна жооп беришет.




















Топтун ар бир мүчөсү доскага чыгып кез келген суроосуна жооп беришет.




Эн сонун!

Баракелде!

5.

Бышыктоо

4-кадам

Жекече иштөө: «СҮЙҮҮ жөнүндө эскертме»

Мугалим ЭСКЕРТМЕНИ видео аркылуу уктурат.

Мугалим: Эгер силер кайсы бир жеринен макул болбосоңор жана бүдөмүк ойдо калсаңар суроо бергиле.

Эскертме боюнча талкуу


6.

Рефлексия

Балдар, бүгүнкү сабактан алган таасирлериңерди, түшүнүгүңөрдүн жыйынтыгын стикерлерге кыскача жазып тактага илгиле.

Окуучулардын асыл ойлору стикерлерге жазылып, ватманга жабыштырылат.

Азаматтар!

5




Жыйынтыктоо

Сүйүү - биздин жашообуздун бир бөлүгү. Бул сезимди сүйүп калуу, көңүл ачуу, жыныстык алектенүү сезимдери менен
алмаштырбагыла.

Үй тапшырмасы: А.Осмоновдун

«Сүйүү деген - сүйүү эмес бетиңден,

Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден...” деген саптары боюнча өз пикирлериңерди жазгыла.