Анда эмесе балдар бүгүнкү сабагыбыз эң жакшы маанайда болуш үчүн бири – бирибизге жылмаюу тартуулап алалы
Аллтын эреже
- Чынчыл болуу
- Ынтымактуу болуу
- Чыйрак болуу
- Кол көтөрүп сүйлөө
- Активдүү катышуу
- Намыстуу болуу
Үйгө тапшырмасын суроо.
Өтүлгөн темаларды кайталоо.
Жаңы тема: 394-399 – иштер.
Жаңы темага өбөлгө түзүү менен башталат
Кайсыл илим адамга
Кабат үйлөрдү курдурат?
Кайсыл илим ааламга
Ракетаны учурган?
Коробкада 4 алма бар. Аны 4 балага бөлүп беришти, бирок коробкада 1 алма калды. Эмне үчүн?
365-маселе. Маселенин шартын түшүпдүрүп түзүп берип, чыгаруу.
Дөбөчөдө 23 бала, андан 3 кө көп кыздар лыжа тээп жүрүшөт. Дөбөчөдө канча адам лыжа тээп жүрүшөт?
Балдар, бизге үкүа яз ата, аяз кыздын суроосун алып келиптир. Анда көрөлү.
Эс алуу минутасы.
394-иш. Окуучуларга мисалды иштөөнүн шарты түшүндүрүлөт.
Балдар, Аяз ата 1- суроону бугудан берип жибериптир.
Анда окуп көрөлү.
(Логикалык суроо)
I топко
1) Чогулушуп төрт коен
Жерден сабиз казышты
Ар бири казса экиден
Канча болот баардыгы?
2) Акмат, Ташмат жана Асан магазинге жөнөштү. Жолдун четиндеги отургучтан алар 30 сом таап алышты. Акмат өзү жалгыз бара жатканда канча акча таап алган?
II топко
- Бизде беш улак бар
Так секирген чунактар
Балдар санап көргүлө
Канча аларда жалпы кулактар?
396-иш. Салыштыруу боюнча түшүнүк берилет, окуучулар аткарышат.
Балдар, бизге түлкү Аяз ата менен Аяз кыздын суроосун алып келиптир. Анда суроосуна жооп берели.
Геометриялык фигуралардын кол кармашып жасоо
I топ Айлананы
II топ Эки муундан турган сынык сызык
398-маселе.
Дүкөнгө 96 кг бадыраң алып келди. Жумуштун аягында 30 кг бадыраң калды. Канча кг бадыраң сатылды?
|
Окуучулар чогуу «Жылмаюу» ырын ырдашат.
Окуучулар чогуу
Математика илими
Математика акылдын кенчи
Ойду өстүрүп акылга акыл берчү
Окуйлу сүйүп эске бек түйүп,
Алалы дайым «4» менен «5»ти.
Жообу: Бир бала алманы коробкасы менен алды.
23+(23+3)=23+25=48
Ж.: Дөбөчөдө 48 адам лыжа тээп жүрөт.
Окуучулар ордуларынан туруп, кыймыл менен аткарышат.
Колдорубуз жазуучу 1,2,3
Буттарыбыз басуучу 1,2,3
Баштарыбыз акылман 1,2,3
Белдерибиз ийкемдүү 1,2,3
Отурабыз, турабыз
Мугалимди угабыз.
I топ суммаларды табышат
А) 34+5=39 50+25=75
52+7=59 73+20=93
4+62=66 47+1=48
46+30=76 1+55=56
II топ айырмаларды табышат
Б) 34-3=31 70-40=30
67-5=62 54-20=34
89-9=80 36-1=35
56-30=26 45-10=35
Жообу: 8
Жообу: 30
Жообу: 10
I топ
73 37-7 67 57+10
70-0 70
II топ
15 51-50 66 0
90 90-1
Фигураларды кол кармашып жасашат.
96-30=66 кг
Жообу: 66 кг бадыраң сатылды
|