СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кокон хандыгы 10-класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кокон хандыгы 10-класс»

Презентация  Темасы: Кокон хандыгы

Презентация Темасы: Кокон хандыгы

Хандыктын түптөлүшү Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух (Шоорук) бий Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин ал Кокон шаары деп атала баштаган. Хандыктын байтактысы ушул шаарга жайгашкандыктан ал тарыхта Кокон хандыгы деген ат менен калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун тукуму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир-Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган. Анда Индияга качып бараткан жолдо Бабурдун бир аялы уул төрөп, аны бешикке бөлөп таштап кеткени, кийин баланы миң уругунан бирөө таап алганы жана балага Алтынбешик деген ат коюлуп, анын тукуму Кокон хандыгын бийлеп калганы айтылат. Бирок К. Халиддин эмгегинде (19-к.) бул окуя ойдон чыгарылганы эскертилген.

Хандыктын түптөлүшү

  • Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух (Шоорук) бий Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин ал Кокон шаары деп атала баштаган. Хандыктын байтактысы ушул шаарга жайгашкандыктан ал тарыхта Кокон хандыгы деген ат менен калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун тукуму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир-Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган. Анда Индияга качып бараткан жолдо Бабурдун бир аялы уул төрөп, аны бешикке бөлөп таштап кеткени, кийин баланы миң уругунан бирөө таап алганы жана балага Алтынбешик деген ат коюлуп, анын тукуму Кокон хандыгын бийлеп калганы айтылат. Бирок К. Халиддин эмгегинде (19-к.) бул окуя ойдон чыгарылганы эскертилген.
  • Иш жүзүндө Кокон хандыгынын түптөлүшү, кеңейиши, ички жана тышкы саясатында өзгөчө көчмөн кыргыздар чоң роль ойногон жана кыпчак, казак, тажик ж. б. уруулар да таасирин тийгизген. Саясий тарыхында Ферганадагы отурукташкан жана көчмөн калктын ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп келген. Анын негизинде отурукташкан уруулар менен катар эле саясий бийликке кыргыздар да ээ болуп турган. Кокон хандыгынын тарыхы түптөнүү, гүлдөө, кыйроо доорлоруна бөлүнөт. Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы менен алгач Маргалаң, Хожент анан Анжиян, Наманган вилайеттиги түзүлгөн. Кокон хандыгынын күч алып баратканын көргөн калмактар 1734, 1745–48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон шаарын камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан шаарынын чыгышында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бийлер менен бирдикте калмактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү менен такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган.

Кыргыздардын тиешеси

  • Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи жолу такка отурушунан (1752–69) баштап (биринчи жолу 1750-ж. отурган) Кокон хандыгы кубаттуу мамлекетке айлана баштаган. Бул учурда кыргыз менен казактар калмактан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурунку конуштарына көчүп, хандыктын ээлигинин кеңейишине кошумча, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Натыйжада тышкы саясаты агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, кыргыздар менен мамилеси татаалдана баштаган. Цинь империясынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында кыргыз бийи - Кубат бий (кушчу) өлтүрүлгөн. Ушул мезгилдерде Эрденеге каршы казак султаны Абылай да бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-ж. кокондуктар Ош шаарынын айланасындагы адигине уругуна тиешелүү эгин талааларын талкаласа, 1761-ж. Ажы бий (адигине), Маматкул бий менен Арзымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империясынын тынымсыз кийлигишүүсүнө байланыштуу эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-ж. Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, хандыктын калыптанышы аяктаган. 1798-ж. Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюштурат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалдагы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкенттеги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бийдин өзү 1801–02-ж. Алим хан тарабынан өлтүрүлүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чоңойгон. Кокон хандыгынын түптөнүү доорунда түштүк кыргыз уруулары менен тыкыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этносаясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүшкөн эмес.

Хандыктын кеңейиши

  • Алим хандын такка олтурушу менен хандыктын гүлдөө доору башталат. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн. Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу саясаты дагы уланган. 1816-ж. Түркстан шаары, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө өрөөнү, 1830-ж. Фергана өрөөнү толук, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадахшан, Жизак, Ташкент, Түштүк Казакстан, Кыргызстандын бардык аймагы, Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү караган. Жаңы шаарлар түптөлүп, экономика жөнгө салынып, казына байыган жана ири сугат курулуштары курулган. 1832-ж. Кокон–Пекин келишими тышкы саясатындагы чоң ийгиликтин бири болгон. Кыргыздар кокондук аскердин куугунуна учурап, болжол менен 1824–1825-ж. Иленин жээгине көчкөн. Кыргыз санжыраларында бул көч «Илеге көчүү», болбосо «Канай көчүш» деп аталат. Солто Канай бий баштаган бул көчтүн ичинде сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлак баатырдын да айылдары болгон. Бирок барымталарга байланыштуу Иледеги казак менен кыргыздын арасы бузулуп, бир нече жылдан соң кыргыздар кайра өз элине көчүп кеткен. Мадалы хандын (1822–42) бийлигинин аяк ченинде хандыктын начарлашына өбөлгө түзүлүп, жергиликтүү уруулардын төбөлдөрү топ-топторго бөлүнүп, бири-бири менен күрөш жүргүзө баштаган. Ушундай абалдан улам Букардын эмири Насрулла 1842-ж. Мадалыны жана анын бир туугандарын өлтүрүп, Фергана чөлкөмүн ээлеген. Бирок ал Кокон бийлигин көпкө кармай алган эмес. Учурдан пайдаланып, арка кыргыздары (мис., Жантай хан, Ормон хан) да кокондуктардын бийлигинен бошонууга аракет жасай башташкан. Бул мезгилде кыргыздар кайрадан саясий күчкө ээ болуп, түштүк жактагы кыргыз бийлеринин (мис., Нүзүп бий ж.б. бийлер) таасири өзгөчө күч алган. Шераалы такка отуруп (1842–44/45), Нүзүп миң башы аталык наамын алышы менен Кокон хандыгынын кыйроо доору башталат.

Кыйроо доору

  • 1860-жылдардан баштап Орус империясы Кокон хандыгына каршы саясий басымын күчөткөн. 1860-ж. 4-сентябрда полковник Циммермандын отряды Пишпек коргонун талкалап, 1860-ж. 18–21-октябрда Узунагач салгылашуусунда кокон аскери жеңилүүгө учураган. 1862-ж. башында Кокон ханынын ордосунда саясий өзгөрүүлөр болуп, кыргыз бийлери Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар ж. б. Малла ханды өлтүрүп, анын ордуна 15 жашар Шахмуратты (Малла хандын агасы Сарымсактын уулу) такка отургузуп, баш вазирликти Алымбек алган. 1863-ж. 9-июнда Алымкул молдонун кийлигишүүсү менен такка Малла хандын уулу Султансейит (1863–1865) отурган. Султансейиттин жаштыгына байланыштуу бул хандыктагы бийликти өз колуна алган Алымкул аталык «Амирлашкер» наамына ээ болгон. 1863-ж. декабрда орус падышасы «1864-жылдан Сибирь жана Сыр-Дарыя линиясын бириктирүүнү» бекиткен буйругун чыгарган. Ушул буйруктан кийин падыша аскери Кокон хандыгына каршы жасаган чабуулун күчөткөн. 1864-ж. жазында бул милдетти аткаруу үчүн Сибирь линиясынан (Ала-Тоо округу), полковник М. Черняев башкарган отряд – Сыр-Дарыя линиясынан (Перовск форту) полковник Веревкин башындагы экспедициялык отряд түштүккө сапар алган. Кудаяр хандын 1, 2, 3-хандыгы жана Мала хандын учурунда кыргыз, кыпчак ж. б. кландардын (мис., Алымбек датка, Алымкул аталык, Йакуб бек, Курманжан датка, Мусулманкул) бийлик үчүн атаңдашуусу күчөп, көптөгөн көтөрүлүш (Исхактын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүшү, Кыпчак кыргыны, Мамыр Мерген уулунун ж.б.), төңкөрүштөр болгон. Чүй өрөөнү падышалык Россияга каратыла баштаган мезгилде Кокон хандыгын ички абалы өтө төмөндөгөн. Ошого карабастан ал орус баскынчылыгын токтотууга катуу аракет жасаган. Орус генералы М. Черняевдин жетекчилиги алдында 1864-ж. Чымкент, 1865-ж. Ниязбек чеби алынып, 1866-ж. Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлигине каратылышы менен Кокон хандыгынын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган. 1867-ж. Ташкент шаары Түркстан генерал-губернаторлугунун борборуна айланып, 1868-ж. К. П. Кауфман менен соода келишимине кол коюлган. Ыңгайлуу шартты пайдалана билген Россия империясы Кокон хандыгындагы көтөрүлүштөрдү шылтоолоп, 1875-ж. Фергана өрөөнүн басып алууну баштаган. Көптөгөн кан төгүүлөрдүн натыйжасында ал каратылып алынган. 1876-ж. 19-февралда Кокон хандыгы жоюлуп, анын ордуна Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана областы түзүлгөн.
Кокон хандыгынын башкаруучулары Шахрух бий 1710 — 1721 Абдуррахман бий 1721 — 1739 Абдыкерим бий 1739 — 1746 Эрдене бий 1746 — 1770 Сулайман 1770 Шахрух 1770 Нарбото бий 1770 — 1800 хандар: Алим хан 1800 — 1809 Омор хан 1809 — 1822 Мадалы хан (Мухаммед Али) 1822 — 1842 Шералы хан 1842 — 1845 Мурат бий 1845 Кудаяр хан (Мухаммед Кудаяр) 1845 — 1858 Мала хан 1858 — 1862 Шах-Мурат 1862 Кудаяр хан (Мухаммед Кудаяр) 1862 — 1863 Мухаммед Султан-Сейит 1863 — 1866 Кудаяр хан (Мухаммед Кудаяр) 1866 — 1875 Насирдин 1875 — 1876 Полот хан 1876

Кокон хандыгынын башкаруучулары

  • Шахрух бий 1710 — 1721
  • Абдуррахман бий 1721 — 1739
  • Абдыкерим бий 1739 — 1746
  • Эрдене бий 1746 — 1770
  • Сулайман 1770
  • Шахрух 1770
  • Нарбото бий 1770 — 1800
  • хандар:
  • Алим хан 1800 — 1809
  • Омор хан 1809 — 1822
  • Мадалы хан (Мухаммед Али) 1822 — 1842
  • Шералы хан 1842 — 1845
  • Мурат бий 1845
  • Кудаяр хан (Мухаммед Кудаяр) 1845 — 1858
  • Мала хан 1858 — 1862
  • Шах-Мурат 1862
  • Кудаяр хан (Мухаммед Кудаяр) 1862 — 1863
  • Мухаммед Султан-Сейит 1863 — 1866
  • Кудаяр хан (Мухаммед Кудаяр) 1866 — 1875
  • Насирдин 1875 — 1876
  • Полот хан 1876