Көлөм деген эмне ?
Көлөм – мейкиндиктеги телонун же нерсенин ээлеген ордунун сандык мүнөздөмөсү. Телонун көлөмү же сыйымдуулугу анын формасы жана сызыктуу өлчөмү аркылуу аныкталат. Көлөм түшүнүгү кутуга салынган идиштин ички мейкиндигинин сыйымдуулугунун көлөмү менен байланышкан ж.б.
Формулада көлөмдү белгилөө үчүн V латын баш тамгасы колдонулат, ал латындан которгондо volume — «көлөм», «толтуруу» дегенди түшүндүрөт.
Көлөмдү ченөө бирдиги катары кесиндини ченөө бирдигине барабар болгон куб колдонулат. Бул кубдук миллиметр, кубдук сантиметр, куюбдук дециметр, кубдук метр же кубдук километр болуп эсептелинет. Көпчүлүк учурда суюктуктун көлөмүн ченөө бирдиги катары 1 литр колдонулат. Бил бирдиктен башка бирдикке которуу үчүн төмөндөгү которуу схемасы келтирилген:
Көлөмдүн касиеттери.
Көлөм төмөндөгүдөй касиеттерге ээ:
1. Телонун көлөмү терс эмес сан;
2. Бирдей телолор бирдей көлөмгө ээ;
3. Эгерде тело бир нече курамдан түзүлсө, анда анын көлөмү ал түзгөн телолордун көлөмдөрүнүн суммаларына барабар
Үчүнчү касиетке ылайык, тик бурчтуу параллелипипеддин көлөмүн табуу үчүн аны, кырлары ченөө бирдигине барабар болгондой кылып кубдарга бөлүү керек. Бирок мындай ыкма көлөмдү ченөөгө ыңгайсыз болот, ошондуктан тик бурчтуу параллелипипеддин көлөмүн бул формуланы колдонсо болот V=abc. Башка геометриялык фигуралардын көлөмүн табуу бир аз кыйынчылыкты жаратат. Ага карабай жашоодо математикалык маселелерди чечүүдө муну билүү керек. Адам баласы өзүнүн жашоосунда дайыма көлөмдү табууга карата ишмердикти жолуктурбай койбойт, айталы, кандайдыр бир тетикти даярдоодо же ар кандай курулуштарды курууда. Көптөгөн курулук объектилери, конструкциялык тетиктери жана башка предметтердин баары геометриялык телолор болуп саналат: параллелипипед, призма, цилиндр, шар формада.
Көлөмдү табуудагы формулалар
Геометриялык телолордун көлөмүн табуудагы такай колдонууга ээ болгон формулалардын таблицасын мисал катары келтиребиз. Кагазга чыгарып алып колдонгула!
Просмотр содержимого документа
«Колом деген эмне?»