№35 Ж.Чаргынов атындагы орто мектеби
Ачык сабак
Сабактын темасы: Компьютердик тармак
Информатика предметинин мугалими Чаргынов Баатырбек Алыбекович
2023-жыл
Сабактын темасы: Компьютердик тармак 9-класс
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,
билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар Компьютердик туйун жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- мисалдарды келтирүү менен, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка, абакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: Мокешов Ж, Эсенкулов У. «Компьютерные сети и интернет
мультимедиа» Бишкек 2008
Жабдылыштар: доска, маркер, сүрөттөр
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,
Сабактын формасы: лекция сабагы
Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө
Бүгүнкү сабакта биз
Өткөн теманы кайталоо;
Жаны тема
Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
Репродуктивдүү | Түйүн жөнүндө маалымат алышат | Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар компьютердик түйүндү түшүнүшөт |
Продуктивдүү | Окуучулар аталган тема боюнча мисалдарды келтиришет | Окуучулар бири-биринен мисал келтирүүнү угуп, үйрөнүшөт, талкуулайт | Компьютердик түйүнгө туташууну үйрөнүшөт |
Креативдүү | Компьютердик түйүнгө керектелген технологиялык жабдыктар менен таанышат | | Окуучулар өз алдынча компьютердик түйүндү билишет |
Билимин актуалдаштыруу:
Вирус деген эмне?
Компьютердик вирус деген эмне?
Компьютердик вирусту эн алгач ким жана качан түзгөн?
Компьютердик вирусту компьютерден кантип аныктай алабыз?
Вирустан кантип сактанабыз?
Эмне үчүн компьютердик вирустук программаны ойлоп чыгарган?
Антивирус деген эмне?
Кандай антивирустук программаларды билесинер?
Жаны тема:
Компьютердик тармак (англ. Computer network) - байланыш жабдуулары менен программдык жабдык аркылуу туташтырылган компьютерлердин тобу айтылат. Эки же андан көп тармак бир-бири менен туташтырылса, анда аны интернет (кичине арип менен) деп аташат. Интернет (чоң арип менен) термини маалыматтарга жана кызматтарга жетүүгө мүмкүндүк берген дүйнө жүзүндөгү байланышкан тармактардын тобун баяндоо үчүн колдонулат. Интернет берилиштерди алып пакет деп аталган өзүнчө бөлүктөргө бөлөт жана пакеттерди компьютер жете турган даректин ээсине оптималдуу маршрут менен жиберет. Берилиш болуп, электрондук дарек билдирүүсү, файлдар, документтер эсептелет. Ар бир пакет берилишти жана жиберилүүчү орундун дарегин, белгиленген орунга кайталап жиберүүдө пайдаланылган маалыматтар удаалаштыгын камтыйт.Байланыш-катыш тармагы (Network-Сеть) деп берилиштерди, маалыматтарды, жабдууларды жана програмдык жабдыктарды бөлүшүү үчүн бйланыш каналдарын пайдаланган терминалдар, компьютерлер жана башка жабдуулар жыйындысы аталат. Тармактар компьютерлер аралыгына карата жергиликтүү (локалдык) жана кеңири аймактык (глобалдык) болуп экиге бөлүнөт.
Тармактын төмөнкүдөй түрлөрү бар, аймактык берилиши боюнча
Локалдык тармак (Local area network, LAN) – адатта бир имаратта жайгашат жана башка мекемеге тиешелүү. Локалдык тутум компьютерлерди, принтерлерди, сканерлерди, белги берүү тутумдарын (кайтаруу, өрт өчүрүү) бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан сырткары, мындай тармакта диск мейкиндигине, файлдарга, корпоративдик маалымат базасына биргелешип кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
С
ервер (server) – локалдык тармактагы корпоративдик файлдар, маалымат базасы, электрондук почта, принтерлер, факстар, модемдер сыяктуу ресурстарына кирүү мүмкүнчүлүгү бөлүнгөн атайын орнотулган компьютер. server -тейлөөчү түзүлүш деп которулат.
Аймактык тармак- (мисалы: Шаарлардын компьютерлеринин байланышы)
Региондук тармак- мисалы: областык өлкө компьютерлеринин байланышы.
Глобалдык компьютердик тармак (телекоммуникациялык тармак) – Глобалдуу тармак (wide area network, WAN) – бири-биринен географиялык жактан алыс абалда жайгашкан: ар кайсы шаарлардагы, аймактардагы жана өлкөлөрдөгү компьтерлерди бириктирет.
Глобалдык тармактардын масштабдары чектелбейт. Белгилүү аймактан баштап бүтуүл дүйнөнү камтыйт. Дүйнөлүк интернет тармагынын каркасы – кубаттуулугу күчтүү хост-компьютерлерден турат. Алар күнү-түнү тынымсыз маалымат алмашууну камсыздайт. Хост-компьютерлер телефон, оптикалык була, кабель жана зымсыз (спутник) каналдар менен өз ара байланышта болот. Host-кожоюн дегенди билдирет.
Тармактын 2 түрү бар:
Коммуникациялык тармак- маалыматтарды берүү үчүн багытталган,
Информациялык тармак- маалыматтарды сактоо үчүн багытталган.
Тармак информациялык системадан турат:
Информациялык системанын курамы:
Байланыш каналы катары сигналдарды берүүчү жолчолорду, же каражатты түшүнөбүз.
Байланыш каналынын физикалык каражаттарына төмөнкүлөр кирет: (тармакка байланышуунун жлдору)
Архитектура-бул тармактагы жумушчу станциянын өз ара байланышын, курамын жана өз ара аракеттенүү функцияларын аныктоочу концепция.
Негизинен архитектуранын 3 түрүн бөлүп карашат:
Терминал-башкы компьютер архитектурасы
Бир рангалуу архитектура
Клиент-сервер архитектурасы.
Компьютерлерди бири-бириге туташтыруунун максаты-бир кыйла кубаттуу компьютерлердин ресурстарын комплекстүү пайдалануу, информация алмашуу болуп саналат.
Бышыктоо: өтүлгөн тема боюнча мага суроо барбы?
Тармак эки же андан көп компьютерлерден турат. Бул бири-бири менен байланышкан компьютерлердин эӊ кубаттуусу- сервер, ал эми калгандары клиент болушат.
Бардык маалыматтар серверде жайгашат. Клиент колдонулуучу берген суроолорду байланыш каналы аркылуусерверге ташыйт.
Тармакка компьютерлерди бириктирүүнүн кандай жолдорун билдинер?
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу
суроолорду берүүсүнө, практикалык ишти аткаруусуна жараша оозеки
бааланат.
Уйго тапшырма: отулгон теманы окуп келуу.