Просмотр содержимого документа
«Компьютердик вирустар жана антивирусттук программалар»
Сабактын темасы:
Компьютердик вирустар жана антивирустук программалар
Сабактын максаты:
Компьютердик вирустарды, антивирустук программаларды таанып билишет, аларды классификациялашат. Антивирустук каражаттарды орнотуп, пайдалануу сиситемасын аныктайт.
Вирус деген сөз – бул латын тилинен которгондо «жугуштуу» же « уу» деген маанини билдирет.Б ул компьютердин эстеп калуучу түзүлүштөрүнүн дисктеринде сакталган, башка программаларга кирүүгө жөндөмдүү, машиналык код менен жазылган чакан программа
Компьютеридик вирус түзүү идеясы фантаст-жазуу Т.Ж.Райнга тиешелүү дешет. Ал АКШда 1977-жылы жарыкка чыккан китептеринин биринде кыска убакыт ичинде 7000 компьютерди иштен чыгарган эпидемияны сүрөттөп жазган.
ПАССИВДҮҮ
АКТИВДҮҮ
Вирустун жашоосун шарттуу түрдө эки фазага бөлсө болот:
Пассивдүү стадия- иш жүзүндө өзүн көрсөтпөй, колдонуучуларга байкалбаска аракет кылат. Вирус бул стадияда башкарууну, компьютердин башка дискиндеги системалык же колдонмо программаларды таап, аларга кирип алат. Ал эми вирус жуккан системаларды бузуу үчүн активдүү аракеттердин стадиясын вирус чабуулу деп аташат
8
Жүктөлүүчү сектор вирусу
Трояндын аты вирусу
Макро вирустар
Файл вирусу
Вирустун типтери
- Жүктөлүүчү сектор вирусу компьютердик системаны иштетүүчү баштапкы жүктөө програмасына жугат. Вирус жукканда жүктөөчү программа ишетилгенде, андагы вирус компьютердин эсине жазылып калат. Ал жерден компьютерге орнотулган флоппи дисктеринин ар бирине жуга берет .
- Трояндык (Грек элинин мифи)- вирусу кадимки програмга окшош, ал програмдын ичинде жашырынгандай түрдө иштелип чыгат. Тексттерди иштетүү сыяктуу колдонмолор пайдаланылган макро буйруктарда макро вирустардын коддору жашырынат .
- Файл вирусу- файлдарга зиянын тийгизет. Эгерде вирус жуккан файл башка компьютердик системага жиберилсе же ага кайрылса, анда вирус башка системага таралат (жугат).
- Макро буйруктардан жуккан вирусту документ ачылганда макро вирус эске жүктөлөт жана андан башка програмдарга жугат. Көп учурда макро вирустар шаблондордун бөлүгү түрүндө иштелип чыгат жана түзүлүп жаткан документ шаблонду колдонгондо жугат.
Компьютердик вирустардан сатануу үчүн атайан антивирустук программалар иштелип чыккан. Антивирустук программалар- атайын вирустарды жок кылуу үчүн чыгарылган программалар. Алардын милдети вирустарды аныктоо, вируска чалдыккан программаларды кандай деңгээлде жана канчалык зыян келтиргенин аныктап, зыян келтиргендерди азайтуу болуп эсептелет.
Вируска каршы программалар:
Детекторлор
Ревизордук
Күзөтчү
Программа детектор -вируска чалдыккан файлды табып, вирустун түрүн аныктайт. Кээ бир программалык детекторлор файлдагы вирустарды анализдеп жана көбүнчө жаңы белгисиз программалык детекторго табат. Бул программа өзүнө белгилүү болгон вирустарды гана зыяндаштырат
Ревизордук программлар файлдын түзүлүшүн эстетип турат, акыркы иштөөдө анын түзүлүшүн салыштырат. Эгерде өзгөрүүлөр болсо иштетүүчүгө кабар берет. Программадагы ревизор зыяндаштырылган файлды же дискти айыктырат. Вирустардын бардык түрлөрүн жок кылат
Күзөтчү программалар же фильтирлер оперативдик эске убактылуу жайгашат. Эгерде вирустардын тобу болсо колдонуучуга кабар берет. Мындан тышкары көпчүлүк күзөтчү программалар аракеттенип жатканды кармайт. Күзөтчү программаларды көптөгөн вирустун түрлөрүн аныктоого жана вирус зыяндаштырууга үлгүрө электе колдонсо болот
Вирустан кантип сактанабыз?
- Антивирустук программа орнотуу
- Компьютерди (түзүлүштү) системалуу түрдө текшерип туруу
- Антивирустун базасын жаңыртып туруу
- Келген маалыматтарды текшерип анан ачуу
- Word жана Excel документтердеги макростордун жүктөлүүсүнө чек кою ;
- Браузердеги жогорулатылган коопсуздук кызматын колдонуу
- Маалыматтарды маал маалы менен архивдеп туруу
- Эллектрондук почтадан кыстарылып келген файлдарды ачпоо керек. Зарыл болсо антивирустук прорамма менен текшерип туруп ачуу
Көңүл бурганыздар үчүн чооң ракмат!