Мугалим: Нуруева Жаңыл Болотовна
Сабактын темасы: Компьютердин аппараттык түзүлүшү.
Сабактын максаты:
1.Билим берүү максаты.
Компьютердин аппараттык түзүлүштөрү жана кызматтары жөнүдө түшүнүктөрүн жалпылоо жана жыйынтыктоо
2. Өнүктүрүүчүлүк максаты.
Аппараттык жабууларын практика жүзүндө көрүү менен компьтердин иштөө принцибин түшүүнүү , өз кесибинде колдонуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу. Алган билимдерин турмуш-тиричилигинде кеңири пайдалануу. Предметке кызыктыруу, креативдивдүү ойлоо логикасын өстүрүү.
3.Тарбиялык максаты.
ТК эрежесин сактап иштөөгө, шамдагайлыкка,тыкандыка, мулкко туура мамиле жасоого, топто иштоо эрежелерин үйрөтүү, бирин-бири сыйлоого тарбиялоо.
ОТК: Компьютер, проектор
Көрсөтмө курал: Слайд, сүрөттөр.
Сабактын методу: Түшүндүрүү, суроо –жооп .
Сабактын тиби: Жаңы материалдарды окуп-үйрөнүү, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн андандан ары өркүндөтүү.
Сабактын формасы: Аралаш.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу.
Саламатсынарбы кыздар. Бугун бизде ачык сабак. Сабакты баштардан мурун мен силерден бир суроонун жообун уккум келип жатат. «Силер кандай колледжде окугунар келет эле?» Бир соз менен айтканда ошол колледжге аныктама бергиле. Мисалы: Мен баардык студенттери жана бардык мугалимдери чынчыл болгон колледжде иштегим келет. Силерчи. (студенттер айтышат)
Келгиле озубуз ушундай колледжди , «Толлеранттуу-колледжди» курууга аракет кылалы. Бугунку кундон баштап биз бири-бирибизди сыйлайбыз, сылык болобуз, боорукер жана толлеранттуу болобуз б.а. сабырдуу болсок ошондо дуйно бизге жарыгыраак корунот, ал эми ар бир кунубуз кубанычтуу окуяларга бай болот.
Эми келгиле ушундай радугалуу нота менен отулгон теманы кайталоого отолу.
Информация жана аны өлчөө, бирдиктери, түрү, тиби, кабыл алуу жолдору, өлчөө ыкмалары жөнүндө.
Информацияны коддоо, эсептөө системасы, компьютерлердин өнүгүү тарыхы.
ЖКдин базалык бөлүгү жана кызматтары.
Компьютердик саббаттуулук. Тандап алган кесибиндеги информатиканын ролу.
Жаңы тема. (компьютердин аппараттык тузулушунун уландысы) Слайд корсотулот.
Клавиатура
Клавиатура – бул колдонуучудан маалыматтарды жана буйруктады киргизүү түзүлүшү.
ЖКде 101 – 103 баскычтуу Америка стандартындагы клавиатура колдонулат (QWERTY – «кверти»), алфавиттик-цифралык бөлүктүн үстүнкү сол катарда жайгашкан баскычтардын негизинде аталып калган.
Азыркы компьютерлер рыногунда эргономикалык клавиатуралар биринчи орунда турат. Эргономикалык клавиатуралардын ар кандай моделдери төмөнкүлөргө ээ:
V тамгасынын формасында жана ортосунда ажыратылган, бөлүктөрдүн ортосундагы бурчту өзүң каалагандай өзгөртүүгө болот;
алаканга жакшы таяныч, колду түз абалда кармайт;
сенсордук панель, манжанын кыймылы чычкандын (мышь) функциясын аткарат.
Кадимки клавиатура сүрөтө көрсөтүлгөн:
Баардык баскычтарды төмөнкү группаларга бөлүүгө болот: алфавиттик-цифралык блок; курсорду башкаруу баскычтары; атайын баскычтар; функционалдык баскычтар.
Алфавиттик-цифралык блок клавиатуранын борбордук бөлүгүн ээлейт. Мында тамгалуу-цифралык клавишаларда регистр түшүнүгү бар, б.а. аларды колдонуу режими. Эки жуп регистри бар: жогорку/ылдыйкы жана латын/орус. Жогорку регистрде баш тамгалар , ылдыйкыда – кичине тамгалар, жана ошондой эле клавишанын жогорку же ылдыйкы бөлүгүндө жайгашкан атайын цифралар жана символдор киргизилет. Орус регистринде кириллица тамгалары, ал эми латын регистринде – латын тамгалары киргизилет.
Курсорду башкаруу баскычтары:
↑, ↓, ←, →, – курсорду жылдыруу баскычтары: өйдө, ылдый, солго, оңго;
PgUp,PgDn – бир экрандык бетке өйдө/ылдый жылдыруу баскычтары;
Home, End – курсорду саптын башына жана аягына жылдыруу баскычтары;
Delete – курсордун оң жагындагы символду өчүрүү баскычы;
Insert – кою/алмаштыруу режимдерин тандоо баскычы: символдорду жылдыруу менен киргизүү (кою) жана символдорду алмаштыруу жолу менен киргизүү (алмаштыруу).
Атайын баскычтар – алфавиттик-цифралык баскычтардын группасынын айланасында жайгашкан:
Esс – команданы аткаруудан баш тартуу баскычы;
Enter – команданы киргизүү баскычы;
Shift – жогорку регистрдин баскычы;
Caps Lock – жогорку регистрди фиксациялоо баскычы;
Ctrl, Alt – башкаруу баскычтары;
Tab – табуляция баскычы, курсорду бир нече позицияга оңго жылдырат (курсор – кийинки символду киргизүү орунун көрсөткөн күйүп туруучу(|) белги;
Backspace – курсордон солду карай символду өчүрүүчү баскычы;
– башкы менюну чакыруу баскыч;
– контекстик менюну чакыруу баскыч;
Space – бош орун калтырууучу (пробел) баскычы;
Print Scrn – экрандагыны принтерге чыгарат;
Scroll Lock – кээ бир программаларда курсорду бир орунда фиксациялоо жана баардык документти барактоо үчүн колдонулат.
Pause (Break) – программаны убактылуу токтотуучу баскыч
Функционалдык баскычтар – F1–F12. Ар кандай атайын аракеттерге негизделген. Ар кайсы программа үчүн алар өзүнчө мааниге ээ. Мисалы, көпчүлүк программаларда жардам алуу үчүн F1 баскычы колдонулат, ал эми программадан чыгуу үчүн – F10 баскычы.
Оң жакта жайгашкан кичине цифралык клавиатура эки режимде колдонулат – сандарды киргизүү жана курсорду башкаруу. Бир режимден экинчи режимге өтүү Num Lock баскычынын жардамы менен аткарылат.
Системалык блокко кирген түзүлүштөр
Микропроцессор
Микропроцессор – бул ЖКдин бардык блокторун башкарган, арифметикалык жана логикалык операцияларды аткарган борбордук түзүлүшү.
Микропроцессор чоң интегралдык (ЧИС) схема же өтө чоң интегралдык схема (ӨЧИС) түрүндө аткарылган.
Интегралдык схема – процессордун баардык функцияларын аткаруучу схемалар жайгашкан төрт бурчтук формасындагы аянты бир нече миллиметр квадрат болгон криссталдык кремнийдин жука пластинкасы.
Intel Xeon 5140 процессору | Intel Pentium 4 процессору |
Микропроцессордун курамына төмөнкүлөр кирет:
башкаруу түзүлүшү, компьютердин калган блокторуна башкаруу сигналдарын берет;
арифметикалык-логикалык түзүлүш, сан жана тамга түрүндөгү информациялардын үстүнөн арифметикалык-логикалык операцияларды аткарат;
Микропроцессордук эс. Информацияны аз убакытка сактоо үчүн кызмат кылат;
ЖКдин башка түзүлүштөрү менен байланышты камсыз кылган микропроцессордун интерфейстик системасы.
Микропроцессор компьютер аркылуу кабыл алынган кийинки команданы эсептейт, аны анализдейт жана аткарат жана ошондой эле керек болсо, команданы керектүү түзүлүшкө жиберет.
Микропроцессордун мүнөздөмөсү:
Жыштык – 1 секунда ичинде микропроцессор аткарган элементардык операциялардын саны. Гигарец (Ггц), Мегагерц (Мгц) менен өлчөнөт. Азыркы компьютерлер үчүн – 2.0Ггц, 2.2Ггц, 2.4Ггц.
Разряддулук – бир убакта иштелип чыккан биттердин саны (16-разряддуу, 32-разряддуу).
Эс
Азыркы компьютерлер көп ар түрдүү эстеп калуучу түзүлүштөргө ээ, алар өзүнүн колдонулушу, убактылуу мүнөздөмөлөрү, сактаган информациялардын көлөмү боюнча бири-биринен айырмаланышат. Ички жана сырткы эс болуп бөлүнөт.
Ички эс
Ички эске оперативдүү эс, турактуу эс жана кэш-эс эс кирет.
Оперативдүү эс (ОЭКТ, англ. RAM, Random Access Memory) – бул аткарылуучу маалыматтарды жана программаларды жазууга, эсептөөгө, сактоого негизделген тез эстеп калуучу түзүлүш.
Оперативдүү эстин микросхемалары энергияга көз каранды экендигин унутпашыбыз керек, б.а. ток булагын өчүргөндө компьютердин оперативдүү эсинде сакталган информация өчөт. Эгерде жыйынтыкты көп убака чейин сактоого туура келсе, анда сырткы эстеп калуучу түзүлүштүн бирин колдонобуз.
Оперативдүү эс жогорку ылдамдыкта иштейт бирок аз көлөмгө ээ. Азыркы компьютерлерде эстин көлөмү 0,5–8 Гбайтты түзөт.
Турактуу эс (ТЭКТ, англ. ROM, Read Only Memory – окулууга гана мүмкүн болгон эс) – ток булагынан көз каранды эмес, өзгөртүүнү талап кылбаган маалыматтарды сактоо үчүн колдонулат.
Турактуу эсте даярдоочу – ишкана жазган информация сакталган, ал узак убакыт өзгөрүүсүз калыш керек. Турактуу эс негизги системалык программаларды камтыйт, алар компьютерди күйгүзгөндө автоматтык түрдө жүктөлөт. Бул программалар компьютердин иштешин жана операциондук системанын биринчи жүктөлүшүн текшерет.
Компьютер турактуу эстен программаларды аткара жана окуй алат, бирок ал аларды өзгөртө албайт жана жаңы нерсе кошо албайт. Турактуу эс информацияны окууга арналган. Турактуу эстин бул касиетин дайыма колдонулуучу англисче аталышы түшүндүрөт ROM (Read Only Memory – окуу үчүн эс).
Кэш-эс
Компьютердин иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, азыркы компьютер эстин дагы бир түрү – кэш-эсти колдонот.
Кэш-эс убактылуу эстеп калуучу түзүлүш же буфер болуп эсептелет.
Ал микропроцессор менен RAM дын, RAM жана сырткы жыйноочулардын ортосунда маалыматтарды алмашууда колдонулат. Мисалы, кэш-эсти колдонуу катуу дискке кайрылуунун санын азайтат, анткени анда информациянын иштетүү процессинде керектелүүчү маалыматтар сакталган.
Кэш-эстин эки түрү бар: ички (8ден 64 Кбайтка чейин) – процессордун ичинде жайгашкан жана сырткы (256Кбайттан 1Мбайтка чейин) системалык платада жайгаштырылыт.
Сырткы эс
Компьютердин сырткы эсинин курамына төмөнкүлөр кирет: катуу магниттик диске жыйноочу (КМДЖ); ийилчээк магнитик диске жыйноочу (ИМДЖ); компакт-диске жыйноочу;
Ийилчээк магнитик диске жыйноочу
Ийилчээк, дискета (англ. floppy disk) – анча чоң эмес көлөмдөгү информацияларды сактоочу түзүлүш, коргоочу катмары бар жука пластикалык диск. Маалыматтарды бир компьютерден экинчи компьютерге көчүрүү үчүн жана программалык жабдылышты таркатуу үчүн колдонулат.
Дискеталарда 360 Килобайттан 2,88 Мегабайтка чейин информацияларды сактоого болот.
Азыркы убакта төмөнкү мүнөздөмөгө ээ болгон дискеталар көбүрөөк тараган: диаметри 3,5 дюйм(89мм), көлөмү 1,44 Мбайт, жолчолордун саны – 80, жолочодогу секторлордун саны – 18.
Дискета ийилчээк магниттик дисктердин жыйнагычына жайгаштырылат (англ. floppy – disk drive), автоматтык түрдө белгиленет, андан кийин чогултуучу механизм айлануу жыштыгы 360 – 1мин болгондой айланат. Дискета ага кайрылгында гана айланат.
Жыйноочу процессор менен ийилчээк дисктердин контроллери аркылуу байланышкан.
Катуу магнитик дискеттерде жыйноочулар
Катуу диск Samsung SP 2514N
Катуу магнитик дискеттерде жыйноочулар (англ. HDD – Hard Disk Drive) же винчестер – бул чоң көлөмдөгү эстеп калуучу түзүлүш, информацияны – программаларды жана берилиштерди дайыма сактоо үчүн колдонулат.
Компакт-дисктерде жыйноочу
Компакт-диск диаметри 12см жана калыңдыгы 1,2мм болгон жука полимерден турат. Бир тарабы лак менен корголгон жука алюминий катмары менен жабылган.
Компакт-диск менен иштөө үчүн компьютерге CD-ROM жыйноочусун кошуу керек (CD-ROM Drive), мында компакт-дисктер кадимки проигрывателдегидей алмаштырылат. CD-ROM чогулткучу көпчөлүк убакта проигрыватель CD-ROM же привод CD-ROM деп аташат.
Контроллерлер же адаптерлер
Ар бир сырткы түзүлүш үчүн (клавиатура, сырткы эс ж.б.) компьютерде аларды башкаруучу электрондук схема бар. Бул схема контроллер же адаптер деп аталат. Баардык контроллерлер жана адаптерлер микропроцессор жана системалык шина аркылуу эс менен аракет кылышат.
Системалык шина
Системалык шина компьютердин баардык компонентеринин ортосунда информация алмашууну уюштурууга арналган. ЖКдин баардык негизги блоктору системалык шинага тутуаштырылган. Борбордук процессор менен компьютердин башка электрондук компонентеринин ортосунда байланышты камсыз кылуу системалык шинанын негизги функциясы. Бул шинанын өткөргүчтөрү менен маалыматтарды алардын адрестерин жана о.э башкы информацияны берүү аткарылат. Бул үчүн үч группа бөлүнгөн.
Процессордин тибиндегидей ситемалык шинанын тибинен компьютер менен информацияны иштетүү ылдамдыгы көз аранды. Системалык шинаны мүнөздөөчүлөргө жыштык жана байланыш каналынын разряддулугу кирет. Биринчи персоналдык компьютерлердин системалык шинасы 8 бит информацияны гана бере алчу. Компьютерлердин өнүгүшү 16 – биттик шиналардын түзүлүшүнө алып келди, андан кийин системалык шинанын разряддулугу 32 жана 64 битке чейин чоңойду. Шинанын разряддулугунун өсүшү информация алмашуунун ылдамдыгын чоңойтту, адресстик шинанын разряддынын өсүшү оперативдүү эстин көлөмүнүн чоң болушун камсыз кылат.
Кеңейтүү платалары жана слоталары
Азыркы персоналдык компьютерлердин ачык архитектуралык түзүлүш принцибин камсыз кылат. Плата коюлуучу түйүн слот деп аталат. Системалык платада слоттун болушу жеке компьютерди модификациялоого мүмкүн болгон түзүлүш катары кароого мүмкүнчүлүк берет. Кеңейүү платасында ар кандай микросхемалар орнотулган, алар системалык блоктон тышкары кандайдыр бир түзүлүштү башкарууга арналган. кеңейүү платасынын түйүнү кабелдин жардамы менен аны системалык блоктун сыртында жайгашкан түзүлүш менен байланыштырат. «кеңейүү платасы» терминдин синонимии катарында көбүнчө «карта», «адаптер» сөздөрүн колдонулат. Көбүрөөк тараган кеңейүү платаларына видеокарта, сеттик адаптерлер, үн карталары жана ички модем кирет.
ЖКдин кошумча түзүлүштөрү
Көрсөткүч түзүлүштөр
Манипуляторлор – компьютердин экранында курсорду башкаруу үчүн колдонулган атайын түзүлүштөр.
Чычкан (мышь) – манипулятор, столдун үстүндө жылдыруудан компьютердин экранында чычкандын көрсөткүчү жылат. Азыркы программалардын көпчүлүгү чычкан менен иштөөгө негизделген.
Трекбол – койгучта шар формасындагы манипулятор. Шарикти жылдыруу менен экранда курсорду жылдырууга болот. Колдонучу колу менен шарикти айлантат, анны менен курсор жылат. Чычкандан айырмаланып трекболго компьютердин жанынан бош орун кереги жок, анны машинанын корпусуна коюга болот.
Джойстик – бул ручка – стержень, кыймылдуу туткасын оңго – солго, астына жана артка жантайтуу менен курсор башкарылат. Көбүнчө компьютердик оюндарда колдонулат.
Сенсордук панель – жакындоону сезүүчү панель. Сенсордук панель ноутбуктардын клавиатурасында болот.
Microsoft Optical Mouse мышь | Logitech джойстик |
Басып чыгаруу түзүлүштөрү
Принтерлер – басып чыгаруучу түзүлүш. Информацияны барака чыгарууга арналган түзүлүш. Прнтерлердин төмөнкү түрлөрү бар:
Матрицалык принтерлер 80 – жылдары кеңири тараган принтерлер болгон. Алардын басып чыгаруу сапаты начар, иштөөдө катуу үн чыгарат жана түстүү басып чыгарууда колдонулбайт. Бул принтерлер арзан жана анда баракты басып чыгаруу арзанга турат. Матрицалык принтерлерде басып чыгаруу принциби печатточу машинкага окшош. Басып чыгаруу ылдамдыгы 1-2 мин.б.
Сыялык принтерлер. Матрицалык принтерлерден айырмасы, аз үн чыгарып иштейт, жакшыраак сапатка ээ анан эң арзан түстүү басып чыгарууну камсыз кылат, бирок матрицалык принтерлерге караганда кымбат. Түстүү сыялык принтерлер жайылтылган. Түстүү сыялык принтерлер негизги төрт түстүн – ачык – көк, пурпурный, сары жана кара сыяларды аралаштырып түстөрдү түзөт. Басып чыгаруу ылдамдыгы 15-100сек.б.
Лазердик принтерлер. Эң жакшы сапаттагы басып чыгарууну камсыз кылат. Сөрүттөлүштү алуу үчүн бул принтерлерде ксегрография принциби колдонулат: сүрөттөлүш кагазга электрдик түрдө тонердин бөлүкчөлөрү жабышкан атайын барабандан көчүрүлөт. Сүрөттөлүш айланып жаткан селен барабанда лазердин шооласы менен пайда болот. Лазердик принтерлер эң жогорку басып чыгаруу ылдамдыгына ээ, бирок өтө кымбат. Басып чыгаруу ылдамдыгы 5-15 сек.б.
Принтер компьютер менен кабель аркылуу байланышкан, бир учу принтердин уясына ал эми кийинкиси компьютердин принтер портуна коюлат. Порт – бул компьютердин процессорун сырткы түзүлүштөр менен байланыштырууга боло турган түйүн.
Cтруйный принтер HP DeskJet D2360 | Лазердик принтер HP LaserJet 1080 |
Плоттер (графопостроитель) – Плоттер(графопостроитель) – графиктерди, сүрөттөрдү же диаграммаларды компьютердин башкаруусу алдында чийүүчү түзүлүш. Плоттерлерди татаал конструктордук чиймелерди, архитектуралык пландарды, географикалык жана метеорологикалык карталарды, иш схемаларын алуу үчүн колдонушат. Плоттерлер жогорку сапаттагы, түстүү документтерди иштеп чыгарууда колдонула жана сүрөтчүлөр, дизайнерлер, инженерлер үчүн алмаштыргыс басып чыгаруучу түзүлүш.
Киргизүү түзүлүшү
Сканер – графикалык жана тексттик информацияны компьютерге окуучу түзүлүш. Сканерлер столдун үстүндөгү, (ручной)кол менен иштөөчү , түссүз жана түстүү болот. Кол сканерлерин сүрөттөлүштүн үстүнөн кол менен жылдыруу керек. Сканерлер бири – биринен кабыл алган түстөрүнүн саны менен айырмаланышат. Атайын программанын жардамы менен компьютер сканерден өтүп жаткан сүрөттүн символдорун окуйт.
Epson сканер | HP ScanJet 4370 сканер |
Графикалык планшеттер (дигитайзерлер) – мында планшеттин үстүндө атайын калемди жылдыруу менен, графикалык информацияны, сүрөттөлүштөрдү кол менен киргизүүгө арналган. Стол үстүндө жайгашкан жука панель – планшет, жана атайын инструмент – калем колдонулат, мунун жардамы менен планшете позиция көрсөтүлөт. Калемди планшеттин үстүндө жылдырууда жакын жайгашкан чекиттерде анын координаталары пайда болот, андан кийин алар компьютерде керектелүүчү өлчөм бирдиктерине айланат.
Graphire 3 планшет | Graphire 4 планшет |
Телевизиондук тюнер – компьютердин экранында TV сүрөттөлүштү алууга мүмкүнчүлүк берген түзүлүш. Төмөнкү функциялары бар: – телевизиондук сигналды кабыл алуу; – сырткы түзүлүштөрдөн видео сүрөттөлүштөрдү кабыл алуу; – аралыктан башкаруу.
DVB-ресивер – спутниктен келген сигналдарды иштетет.
Байланыш жана коммуникация түзүлүштөрү
Модем – башка компьютерлер менен телефон түйүнү аркылуу информация алмашуу түзүлүшү.
Компьютер иштеткен цифралык сигналдарды түздөн – түз телефон түйүнү аркылуу берүүгө болбойт, анткени ал адам тилин – үзгүлтүксүз үн сигналдарын берүүгө арналган. Модем цифралык сигналдарды аналогдук сигналдарга айландырат, бул процесс модуляциялоо деп аталат, тескерисинче айлантуу демодуляциялоо. Мындан түзүлүштүн аты келип чыккан: модем – модулятор/демодулятор.
Конструктивдик аткарылышы боюнча модем орнотулган (электрондук плата түрүндө) жана сырткы (өзүнчө түзүлүш катары) болуп бөлүнөт.
Модемдер берилиштерди берүү ылдамдыгы боюнча айырмаланат (1200, 2400, 9600 ж.б бод, 1бод = бит секундада)
Ички модем | Сырткы модем |
Факс – модем – модемдин мүмкүнчүлүктөрү жана факсималдык кабарлар менен алмашуу үчүн каражаттарды бириктирген түзүлүш.
Сеттик адаптер – компьютерди локалдык түйүнгө кошуу үчүн негизделген.
Сеттик адаптер D – link DFE – 520TX
Берилиштерди сактоо түзүлүштөрү
Флэш-диск – берилиштерди энергияга көз карандысыз флэш-эстин негизинде сактоо үчүн түзүлүш.кичинекей өлчөмгө ээ Жана USB порту аркылуу кошулат. Алардын көлөмү 128 Мбтан жогору.
Флэш-диск Sandisk Cruzer Titatium 512 Мб
Сабакты бышыктоо:
«Эмне жоголду» оюну менен сабагыбызды улантсак.
Компьтердин болукторун суротторун столдун устуно коюп эки командадан эки студент чыгып бири-бирине катышат жана кайсы тузулуш жетбей калганын табыш керек. (Суроттор чыгарылат)
Карточкалар
1. Эмне ашыкча
а)
б)
в)
г)
2. Ашыкчасын танда
а)
б)
в)
г)
д)
3. информацияны киргизуучу тузулушту белгиле:
а) б)
в) г)
д) е)
ж) з)
и) к)
7. тузулуштордун аттарын жаз.
а) б)
в) г)
д) е)
ж) з)
и) к)
Берилгендерден компьютер топто.
Пактикалык болугу: системалык блоктун болукторун компьютерден корсотушот 2 под группа бири-бирине.
Уйго тапшырма:
https://youtu.be/tAyLo1V2P2I
ребус тузуу
Баалоо. жыйынтыктоо