СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компьютердин информацияны сактоочу түзүлүштөрү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Компьютердин информацияны сактоочу түзүлүштөрү

Просмотр содержимого документа
«Компьютердин информацияны сактоочу түзүлүштөрү»

Датасы:______________ 1-2-3-группа

Датасы: ______________ 4-5-группа

Датасы: ______________ 6-7-группа


Сабактын темасы: Компьютердин информацияны сактоочу түзүлүштөрү

Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,

билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар компьютерге информацияны сактоочу түзүлүштөр жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- Компьютердин азыркы информациялык коомдогу ордун билүүгө жана ар кандай иштерде компьютердин аппараттык жабдылыштары менен иштей билүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка, компьютердин жабдылыштарын аяр иштетүүгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Краткий самоучитель работы на

компьютере» Москва 2009 г. доска, маркер,

Жабдылыштар: компьютер, плакаттар, картинкалар,

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү, аңгемелешүү

Сабактын формасы: лекция сабагы

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили, сүрөт

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо;

  2. Жаны теманы түшүндүрүү;

  • Компьютердик эс, туруктуу эс, оперативдүү эс, кэштик эс, тышкы эс жөнүндө маалымат алышат.

  1. Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;

  2. Логикалык оюндар

  3. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  4. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу компьютерге информацияны сактоочу түзүлүштөрүнүн аталыштарын айтып берет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар информацияны сактоочу түзүлүштөрүн колдонууну үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар аталган тема боюнча көнүгүүлөрдү, оюндарды аткарышат

Окуучулар бири-биринен теманы үйрөнүшөт жана айырмачылыктарын талкуулайт

Компьютердин түзүлүштөрүн классификациялайт


Креативдүү

Окуучулар информацияны сактоочу түзүлүштөрүн айырмалай алышат

Окуучулар информацияны сактоочу түзүлүштөрүнүн сүрөттөрүн тартышат

Окуучулар информацияны сактоочу түзүлүштөрүн жеке жашоосунда иштетүүгө көнүгүшөт


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Компьютердин информацияны чыгаруучу түзүлүштөрү кайсылар?

  2. Принтер деген эмне?

  3. Монитор деген эмне?

  4. Проектор эмне үчүн колдонулат?

  5. Колонка кандай кызмат аткарат?

  6. Наушник эмне үчүн керектелет?

  7. Принтер кайсы учурда колдонулат?

  8. ПКди кайсы фирма чыгарган?

  9. Компьютердин кандай түзүлүштөрү бар?

  1. Жаңы материалды берүү.

Компьютердеги эс- маалыматты сактайт. Эс эки түргө бөлүнөт. Ички эс жана тышкы эс болуп. Ички эс өз ара үчкө бөлүнөт.

  • Дайыма сактоочу эс

  • Оперативдүү эс

  • Кэштик эс

Дайыма сактоочу эс- компьютер ток булагына кошулгандан тартып биринчи эсептөөнү башкаруучу эс.

Оперативдүү эс- компьютер иштеп турганда маалыматтарды убактылуу сактап туруучу эс. Азыркы компьютерлердин оперативдүү эсинин көлөмү 1 Гига байттан жогору. Оперативдүү эстин түрлөрү: SIMM, DIMM, DDR,RIM колдонулуп келет. Булар энелик платага жайгаштырылат.

Кэштик эс- компьютердеги программалардын ылдамдыгын жогорулатып, маалыматтарды тез аткаруучу эс. Интель Пентиум процессорлуу компьютерлерде кэш эс экиге бөлүнөт.

1) Системалык эс- жүктөлгөн операциялык система жана программалар сакталган эс.

2) Негизги эс- командаларды жана маалыматтарды сактоочу эс. Кэш эс көлөмү жагынан кичине болгону менен иштөө ылдамдыгы эӊ жогору. Англис тилинен которгондо КЭШ (cache)-кошумча, (запас) дегенди түшүндүргөн, тез ылдамдыктагы буфердик байланыш.

Тышкы ЭСке төмөнкүлөр кирет:

Виенчестер, дисктер (CD, DVD), флэш карталар, катуу дисктер кирет. Бул түзүлүштөр компьютердин сыртында маалыматты сактайт.

Компьютердин эс тутуму (эстин микросхемалары жана ка-туу диск) маалыматты сактоо үчүн кызмат кылат.Компьютердин иштѳѳсү үчүн керектелүүчү бардык маалы-маттар жана программалар анын оперативдик эс тутумда жайгаштырылган. Процессор оперативдик эс тутумунда жайгашкан маалыматка ѳтѳ тез кайрыла алат. Электрдик импульстар формасындагы информациялар компьютер иштеп турганда гана оперативдик эс тутумда сакталат. Ток булагынан ажыратылгандан кийин оперативдик эс тутумдагы бардык информация жоголот. Информацияны узак мѳѳнѳткѳ сактоо үчүн катуу диск –узак мѳѳнѳттүү эс түзмѳгү колдонулат

  1. Жаны теманы бышыктоо:

Компьютерге отуруп 3-тапшырманы аткарышат, маалыматтарды компьютердин эсине сактоонун жолдорун үйрөнүшөт. Тышкы эске маалымат сактоону үйрөнүшөт.

Үйгө тапшырма: окуп келүү

Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, берилген суроолорго туура жооп берип, оригиналдуу

суроолорду берүүсүнө, оюнга көнүл бөлүүсүнө жараша суммативдик бааланат.