Датасы:______________ 1-2-группа
Датасы: ______________ 3-группа
Датасы: _______________ 4-группа
Сабактын темасы: Компьютердин түзүлүшү. Системалык блок
Сабактын тиби: Жаны теманы өздөштүрүү сабагы; билимдерди бышыктоо,
билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк- Окуучулар компьютер жана анын тарыхы, компьютердин курамдары жана алардын аткарган кызматтары жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.
Өнүктүрүүчүлүк- Компьютердин азыркы информациялык коомдогу ордун билүүгө жана ар кандай иштерде компьютердин аппараттык жабдылыштары менен иштей билүүгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;
Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыкка, компьютердин жабдылыштарын аяр иштетүүгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.
Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Краткий самоучитель работы на
компьютере» Москва 2009 г,
Султанов М. «Компьютерди үйрөнөлү» Бишкек 2010-ж,
доска, маркер, буклет, суроолор, стикер, килей, маркер, скотч,
батман, түстүү кагаздар, www.iet.kg
Жабдылыштар: компьютер, плакаттар, картинкалар, проектор, слайд.
Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү, аңгемелешүү, жекече иштөө, жуп-жубу
менен иштөө методу;
Сабактын формасы: Ангемелешүү сабагы, өз алдынча иштөө сабагы
Предмет аралык байланыш: сүрөт, кыргыз тили, англис тили
Сабактын планы:
Уюштуруучулук.
Мотивация.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу- Саламдашуу, окуучулардын маанайын көтөрүү, окуучулардын көңүлүн, оюн сабакка буруу үчүн ар кандай жагымдуу сөздөрдү айтуу, окуучуларды журналга журналга белгилөө
Билимин кайталоо;
Жаны теманы түшүндүрүү;
Жаны темага байланыштуу суроолорго жооп берүү;
Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;
Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)
Компетенциялар/ Деңгээлдер | Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү |
Репродуктивдүү | Окуучу компьютердин аппараттык жабдылыштарынын аталышын айтып берет | Окуучулар компьютердин курамын талкуулашат, ой бөлүшөт | Окуучулар компьютердин аппараттык жабдылыштарын колдонууну үйрөнүшөт |
Продуктивдүү | Окуучулар компьютердин курамы жөнүндө көнүгүүлөрдү, оюндарды аткарышат | Окуучулар бири-биринен компьютердин аппараттык жабдылыштарынын аткарган кызматтарын үйрүнүшөт жана талкуулайт | Компьютердин аппараттык бөлүктөрүн классификациялайт |
Креативдүү | Окуучулар компьютердин негизги жана кошумча жабдылыштарын өз алдынча чогултушат | Окуучулар компьютердин жабдылыштары боюнча өз ойлорунан ыр саптарын жаратышат. | Окуучулар компьютердин курамдарын жеке жашоосунда иштетүүгө көнүгүшөт |
Билимин кайталоо:
Эмне үчүн компьютерди информация менен иштѳѳчү программалык башкарылуучу универсалдуу электрондук түзүлүш деп аташат?
-Компьютер универсалдык түзүлүш деп аталышынын себеби, анын кѳп
максаттар үчүн колдонушунда – адам аны түрдүү ишмердиктерде пайдаланып, ар кандай информацияларды иштетет, сактайт жана бере алат.
Компьютердин иштѳѳсүнүн программалык принциби деген эмне?
-Компьютер, анда орнотулган программалардын башкаруусу менен иштейт. Ошондуктан компьютер программалык башкарылуучу түзүлүш деп
аталат. Бул компьютердин иштешинин программалык принциби.
3. Компьютердик программа деген эмне?
4. Адам үчүн информация – бул ал ээ болгон билимдер (фактылар, эре-желер). Компьютер үчүн информация болуп эмне эсептелет?
5. Эң биринчи ПК качан, кайсы фирма тарабынан чыгарылган?
6. ПК кайсы фирманын программалары менен иштейт?
7.Компьютердин кандай түрлѳрү бар?
Жаңы материалды берүү.
Бул эмненин сүрөтү? (компьютердин аппараттык бөлүктөрүнүн сүрөттөрү бирден көрсөтүлөт.) Демек, балдар силер айткылачы бүгүнкү өтүлө турган темабыз кандай аталат? Балдар айтышат. Ооба бүгүнкү сабактын темасы «Компьютердин түзүлүшү. Системалык блок»
К
омпьютер аппараттык жабдылыш жана программалык жабдылыш деген эки тараптын биримдигинен түзүлөт. Силер менен бүгүн аппараттык жабдылышын карайбыз.
Компьютердин маанилүү бөлүгү бул- анын экраны. Компьютердин экраны дисплей же монитор деп аталат.
Компьютердин эӊ керектүү бөлүгү төрт бурчтук ящикченин ичинде жайгашкан – ал системалык блок деп аталат. Бул түзүлүш монитордун жанында турат.
Hard Ware- бул компьютердин аппараттык бөлүктөрү. Эгерде стол үстүндөгү компьютердин курамына көз жүгүртүп көрсөк, анда ал төрт гана бөлүктөн тургандыгын байкайбыз.
Д
исплей (монитор) бул текстик жана графикалык маалыматтарды көрсөтүп берүүчү түзүлүш.
Системалык блок- компьютердин негизги иш тетиктери орнотулган кутуча. Ал компьютердин бардык ишини башкарат.
Клавиатура- компьютерге символдорду, текстерди жана сандарды киргизүүчү түзүлүш.
Чычкан (мышь)- англис тилинин «mouse» сөзүнөн алынган, бизче которгондо «чычкан» деген маанини берет. Ал компьютерде иштөөнү бир кыйла женилдетет.
Бул түзүлүштөр компьютерге ар кандай стандарттагы интерфейс аркылуу компьютерге уланып, бир кошуунду түзүшөт.
Интерфейс – бул системага стандарт менен кошулуу, башкача айтканда разъёмдор менен кабелдердин, микросхемалар, стандарттык программалык коддор жана колдонуучу менен компьютердин ортосундагы байланыш.
Персонал компьютердин негизги бѳлүгү системдик блок. Анын ичинде тѳмѳнкүлѳр бар:
- энелик (башкы) плата – буга системдик блоктун бардык түзүлүштѳрү туташкан; энелик плата аркылуу түзүлүштѳр арасында информация алмашуу жүрѳт жана электр энергиясы менен жабдылат;
- борбордук процессор (CPU);
- оперативдик эс (RAM);
- катуу диск (HDD) – информацияны узакка сактоочу жылчыксыз тулкуга орнотулган магниттик диск; бул дискте компьютердин иштешин башкаруучу программалар жана колдонуучунун файлдары сакталып турат;
- CD, DVD(дисковод жана чогулткуч) оптикалык дисктерге жазуу/окуу түзүлүшү;
- энелик платага коюлуучу толуктагыч карталар:
а) видеокарта (Video Card) – монитор менен системдик блокту байланыштырууга арналган; мониторго сүрѳттѳлүштѳрдү берет жана мониторго берилүүчү сүрѳттѳлүштѳрдѳгү айрым эсептѳѳлѳрдү аткарат. Видеопроцессордук эстин кѳлѳмү канчалык чоң болсо видео сүрѳттѳлүштѳр ошончолук тез иштетилет;
б)добуш картасы(Sound Card) – колонкаларга берилүүчү добуштарды даярдоого жана микрофондон компьютерге добуш-тарды жазууга арналган;
в) түйүндүк карта (Lan Card) – компьютердик түйүндѳ компьютерлерди бири-бири менен байланыштырууга арналган;
г)азыктандыруу блогу– компьютердин иштѳѳсүнѳ зарыл болгон электр тогу менен камсыз кылуучу түзүлүш;
д) компьютердин порттору – системдик блокко сырткы түзүлүштѳрдү туташтырууга/ажыратууга арналат.
Жаны теманы бышыктоо үчүн слайд аркылуу тест берилет:
Ворд программасында компьютердин негизги бѳлүктѳрүнүн схемасын сызууну үйрѳнүшѳт.
Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, топтогон тегерекчелеринин санына жараша формативдик бааланат.
Үй тапшырма: «Компьютер жана анын курамы» боюнча кроссворд
даярдашат.
Жыйынтык.Сабакта жогорудагы көрсөтүлгөн максаттарга жеттим, окуучулар компьютердин жабдылышы туралуу толук маалымат алышты, сабакка активдүү катышышты. Сабак өз максатына жетти. (Сиз бул сабакта жогорудагы коюлган максаттарга жеттиңизби? Кандай артыкчылыктар/кемчиликтер болду?)
5