СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Компьютердин тузулушу жана иштеши

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сайттан алынды

Просмотр содержимого документа
«Компьютердин тузулушу жана иштеши»

Компьютердин түзүлүшү жана иштеши

Каалагандай компңютер төрт бөлүктөн турат: маалыматты киргизүү куралы, маалыматты

иштетүү куралы, маалыматты сактоо жана чыгаруу куралдары. Конструктивдүү түрдө бул

бөлүктөр бир корпуска чогултулган да болушу мүмкүн.

Персоналдык компьютердин негизги түзүлүштөрү:

 системалык блок,

 монитор,

 клавиатура,

 принтер,

 мыш

Системалык блокто компьютердин негизги элементтери жайгашкан (процессор,

графикалык плата, ток берүүчү блок, катуу диск, CD жана DVDни окуу жана жазуу куралдары,

компьютердин оперативдүү эс-тутум бөлүгү ж.б.).

Клавиатура — бул кнопкалар жана клавишалар топтому, алар кайсы бир куралды башкаруу

же маалыматты чыгарууга көмөк түзүшөт.

Монитор — колдонуучуга маалыматты көрүү мүмкүндүгүн берүү үчүн керектелүүчү

компьютердин бөлүгү

Принтер компьютердин негизги блогунда сакталып турган маалыматты басып чыгарууга

ылайыкташкан. Ал текст, графикалык сүрөттөлүш, таблица ж.б. болушу мүмкүн.

Мышь чакан курал, жогору жагында бир, эки же үч кнопкасы бар. Компьютер мыштын

кыймылына карап, курсор деп аталган атайын көрсөткүчтү монитордун экранында жылдырып

турат.

Сканер компьютерге графикалык сүрөттөлүштөрдү, мисалы кара/ак же түстүү

фотосүрөттөрүн киргизүү үчүн жасалган. Сканердин жардамы менен компьютерге китептин

сүрөтү бар бетин тексти менен киргизүүгө болот. Компьютер бул киргизилген маалыматты иштеп

чыгып, аны кадимки текстке айланта алат. Компьютерге мындан башка куралдарды да

туташтырууга болот, мисалы, санариптик камера, видео жана аудио маалымат куралдары,

webкамера.