Просмотр содержимого документа
«Конфликт деген эмне?»
Тема: Конфликттер жана анын чечүүнүн жолдору.
Конфликт ( лат . confliktus— карама-каршылык) — 1. Ал эки же андан көп жактын пикир келишпестигин, ойлорунун бирин-бирине төп келбегендигин билдирет. Аларды конфликтке түрткөн эң башкы күч болуп - бул алардын максат тарынын, кызыкчылык тарынын бири-бирине туура келбегендигин билдирет.
Англис сөздүгүндө «конфликт»: күрөшүү, кагылышуу, макул болбоо, кастык, оппозиция дегенди түшүндүрөт.
- Конфликттин себептери төмөндөгүлөр болушу мүмкүн
- Максаттары ар түрдүү; Маалыматтын жетишсиздиги; Төмөн деңгээлдеги жүрүм-турум маданияты; Ресурстардын жетишсиздиги.
- Максаттары ар түрдүү;
- Маалыматтын жетишсиздиги;
- Төмөн деңгээлдеги жүрүм-турум маданияты;
- Ресурстардын жетишсиздиги.
Конфликттин оң жактары:
Конфликттин терс жактары:
Конфликт көмүскөдө турган мамилени көрүүгө мүмкүнчүлүк берет
Ар түрдүү ооруларга алып келүүчү терс эмоциялар.
Конфликттерди чечүү муктаждыгы инсандын өнүгүшүнө алып келет
Мамиленин кыйын болушу
Конфликт – көнүп калган нерсеге болгон көз карашыңды кайра карап чыгууга түрткү берет
Адамдар арасындагы өздүк жана ишке байланыштуу мамиленин бузулушу, тартиптин төмөндөшү. Жалпысынан алганда социалдык - психологиялык климаттын начарлашы
Жеңгендер же жеңилгендерди душман катары көрүү
Ар бир тарап өздөрүнө башкаларды кошуп, кичинекей конфликт чоңго айланат
Конфликттерди ый, стресс коштойт
Конфликтти жөнгө салуу ыкмалары: Эмоционалдык кызуулукту басаңдатуу жана сүйлөшүү жөндөмдүүлүгү
- Сиздер билгендей эле конфликттерге негизинен «түрткү берген күч» терс (негативдүү) сезимдер – эмоциялар болуп саналат. Адамды акыл башкарбай, негативдүү эмоциялар башкарса, анда анын зыяны чоң болушу мүмкүн. Ошондуктан, конфликттерди жөнгө салууда эмоциянын күчөшүн төмөндөтүү биринчи маселе болуп саналат.
- Биринчиден, өзүңдөн баштоо керек-ошол абалга болгон өзүңдүн жүрүм- турумуңду жана мамилеңди өзгөртүүң керек.
- Конфликтти жөнгө салуудагы дагы бир ыкма - бул сүйлөшүү болуп саналат. Бирок конфликттүү абалда сүйлөшүү кыйын жана жагымсыз болот. Ошол кездеги чыныгы сезимдерди билдирүү жана айтуу биз үчүн кыйын болот жана
- биздин сезимибизди башкалар түшүнбөйт деп кыжырланабыз.
- Сүйлөшүү натыйжалуу болуш үчүн ачык болуш керек жана башкалар эмнени айтып жаткандыгын угуу керек. Конфликттер көбүнчө биз
- башкалардын ой-пикирин билебиз деген ойдо болгондо чыгат. Диалог аркылуу жай сүйлөшмөйүнчө биз өзүбүздүн сунуштарыбыз жаңылыш болгондугун түшүнө албайбыз.
- Мисалы, сүйлөбөө ар түрдүү абалды түшүндүрөт: ачууланууну,
- чарчагандыкты, нааразычылыкты, уялып кысылууну жана тамак ооругандыкты. Ал эмне үчүн унчукпай жаткандыгынын себебин андан сурап гана биле алабыз.
- Ошондуктан, конфликттер аз болуусу үчүн бири-бири менен сүйлөшүүнү үйрөнүү керек, көңүл коюп угууну жана ачык сүйлөөнү билүү керек.
- Эгерде, силер ушул эки ыкмага үйрөнсөңөр: өзүңөрдүн эмоцияңарды башкара билесиңер жана натыйжалуу сүйлөшө алсаңар, анда конфликттүү абалдан позитивдүү чыга аласыңар.
-
Суроолор
- Конфликт – бул… Конфликтти жөнгө салуу ыкмалары бар? Конфликтин оң жактары.... Конфликттин теср жактары.....
- Конфликт – бул…
- Конфликтти жөнгө салуу ыкмалары бар?
- Конфликтин оң жактары....
- Конфликттин теср жактары.....